Окуу жылы 8-июнда аяктайт, мамлекеттик экзамендер 11-июнда башталат
Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү мекемелеринде окуу жылы качан аяктары жана бүтүрүүчү класстардын мамлекеттик экзамендери качан өтөрү тууралуу маалымат берди.
Мекеменин маалыматына караганда, окуу жылы 8-июнда жыйынтыкталат, “Акыркы коңгуроо” майрамы 9-июнда өтөт.
Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы окуу процесси кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү жалпы билим берүү мекемелеринде 9-класстар үчүн 11-22-июнда, 11-класстар үчүн 11-23-июнда уюштурулат.
Алар математика, эне тили, кыргыз тили, Кыргызстандын тарыхы сабактарынан экзамен тапшырышат.
Жылда тогузунчу жана он биринчи класстарды Кыргызстан боюнча 150 миңдей улан-кыз аяктайт. (RK)