Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Кыргыз-тажик чек ара окуясы боюнча айыпталып жаткандар маселеси каралат

0
Кыргыз-тажик чек ара окуясы боюнча айыпталып жаткандар маселеси каралат

Кыргыз-тажик чек араcындагы 2019-жылдагы окуяга байланыштуу айыпталып жаткандар маселеси эки өлкөнүн Башкы прокуратураларынын жана Улуттук коопсуздук комитеттеринин деңгээлинде каралганы жатканын бүгүн, 20-майда Жогорку Кеңеште тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Депутат Нурлан Ражабалиев чек арадагы 2019-жылдагы окуя боюнча Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда быйыл февралда кармалган Баткен районунун тургуну дароо бошотулганын, бирок ошол эле иш боюнча тизмеде 17 кыргызстандык бар экенин айтты:

“Ушундай багытта 10го жакын кылмыш иши бар экен. Ал тизмеге киргендердин жалпы саны 150гө жакын – айыл өкмөтүн жетектегендер, айылдын деңгээлиндеги лидерлер. Алар катышканбы, эмне болгон, иш козгоп, бир топ кыйынчылыктарга дуушар кылып жатат биздин жарандарды. Алар ошол эле Орусияга бара албай жатат. Ошондой тизмелерди жокко чыгарсак”.

Азизбек Мадмаров бул багытта иш жүрүп жатканын билдирип, “канчалык деңгээлде чын экенин билүү маанилүү болууда” деди жана тажик тараптан түшүнүү бар экенин белгиледи:

“17 жаран, 150 жаран деген маалымат бизде да бар. Тилекке каршы, апрель окуяларынан кийин тажик тарап менен сүйлөшүү бир топ солгундаган. Бирок жакында эле Тажикстандын элчиси Тышкы иштер министрлигиндеги жолугушууда “Биз бардык маселелерди Башкы прокуратура, Тышкы иштер министрлиги деңгээлинде караганга даярбыз деп сөз берди”.

Министрдин орун басары Тажикстанга дайындалган жаңы элчи Эрлан Абдылдаевдин алдына да ушул жана тажик абактарындагы 11 кыргызстандык боюнча маселе негизги милдет катары коюлуп жатканын кошумчалады.

2019-жылы июлда кыргыз-тажик чек арасында, Ак-Сай айылынын аймагында чыккан чырдан эки тараптан 20 чакты адам жараат алып, бир тажик жараны каза болгон.

2021-жылы Бишкектин өтүнүчү менен Тажикстандын бир нече жараны чек арадагы чыр-чатакка катышкан деген шек менен Орусияда кармалган. Бирок орус бийлиги аларды Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып, бошоткон. Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандыктар да Тажикстанга өткөрүлбөй, коё берилген.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кеткен. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаган. Эки тарапта тең ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн.

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев Тажикстандын абактарында бүгүнкү күндө 13 кыргызстандык бар экенин, алардын экөө эркинен өмүрүнүн аягына чейин ажыратылганын быйыл 6-апрелде Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айткан. (RK)





Губернаторы России
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз





Москва

Курсант из Владивостока растрогал любимую девушку во время праздничного шествия


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин назвал самые популярные у москвичей услуги и сервисы mos.ru



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Илья Лагутенко

Макс Покровский рассказал о жизни Лагутенко в период молчания




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Суперкамбэк определил нового лидера чемпионата Алипа

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

Независимый фантастический триллер из девяностых


Елена Рыбакина

Казахстан узнал еще одну печальную новость после сюрприза Рыбакиной



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России