Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Кечиккен инсулин, кыйналган бейтаптар

0
Кечиккен инсулин, кыйналган бейтаптар

Кант диабети менен ооруган адамдарга зарыл болгон курамында инсулин бар “Протафан” аттуу дары Кыргызстанга июндан эрте келбейт. Бейтаптар март айынан бери бул дары жок экенин айтууда.

"Мамлекет акысыз бермек, бирок азырынча жок болууда"

33 жаштагы Айдар 15 жашынан бери экинчи типтеги кант диабети менен алышып келет. Ал буга чейин мамлекеттен акысыз инсулин алып дарыланып турган. Март айынан бери дарыны Казакстандан айына 7-8 миң сомго буйуртма берип сатып алууда. Өзү сыяктуу ооруган бейтаптардын көбү инсулинге жетпей, дозаны азайтып жатышканын айтып, мамлекет кепилдеген акысыз дары азыр абдан тартыш дейт.

“Менде азырынча дары бар, сатып алып жатам. Бишкекте дарыны бекер бербей калбадыбы. Мен деле башкалардай "Протафан" дарысын алышым керек. Мамлекет аны бизге акысыз бериши керек эле, азырынча жок. Экинчи типтеги кант диабети менен ооругандардын баары ушул дарыга муктаж. Аны ичпесек болбойт, айла жок, башка өлкөлөрдөн буйрутма берип сатып алып жатабыз. Мен 1,5 айга эки куту дарыны Казакстандан буйуртма берип алдырам. Бир кутусу төрт миң сомдун айланасында, сегиз миң сомго чейин каражат кетип жатат”.

Инсулин – кант диабети менен ооруган адамга күнүнө бир нече ирет сайылчу дары. Инсулин менен глюкоза канда тең салмактуу болушу керек. Себеби инсулин кандагы глюкозаны клеткаларга ташыган негизги гормон болуп саналат. Кант диабети менен ооруган адамдарга инсулин гормонун сайбаса, организми тамакты сиңире албай калат.

Кант диабетинин биринчи тибинде бейтаптарга дароо инсулин сайылбаса, уйку без иштебей калат. Экинчи типтеги диабетте адамдын организминде инсулин табигый жол менен аз убакыт эле чыгат. Ушундан улам убагында инсулин албаса, бейтаптын канынын курамындагы шекер жогорулап, абалы начарлайт, ички органдары иштебей, тез эле өлүмгө учурашы ыктымал.

"Балдарга берилген инсулин да тартыш болууда"

Кыргызстанда жылдан жылга кант диабетине чалдыккандар көбөйүүдө. Арасында 18ге чыга элек балдар да бар.

Кызы кант диабети менен ооруган Нурхан Жумабаева Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы төрайымы. Ал азыр оорулуу балдар арасында абал кыйындап жатканын айтат.

“Экинчи типтеги кант диабети менен ооругандардын баары "Протафан" менен "Актрапид" деген дарыны биздин Республикалык эндокринологиялык диспансерден акысыз алышат. Бирок бул эки дары тең бизде 5-6 айдан бери жок. Жаңылбасам, март айынан ушул күнгө чейин "Протафан" деген инсулинди издеп жүрүшөт. Казакстандан сатып алышат. Бишкектеги бир нече дарыканада да кымбат баада сатылып жатыптыр, алар кантип өлкөгө алып келишкени мага табышмак. Эптеп сатып алышып, колдонуп жүрүшөт. Акыркы күндөрү балдарга берилген инсулин да тартыш болууда. Мен кечээ эле кызыма инсулин алганы барсам, бир айга эле төрт даана берип, "ушул дозаны жеткиргиле" деп коюшту. Башка ата-энелерге бериле турган дозаларды да сурасам бербей коюшту”.

25-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго өлкөдө инсулиндин запасы бүтүп бара жатканын, үч айга созулган тендердин дарысы келгиче инсулин тартыштыгы келип чыгарын маалымдап, расмий кат менен кайрылган. Ал катта өкмөт дары келгиче убактылуу дефицитти жаап туруу үчүн инсулинди четтен алып келүүнү менчик дарыканаларга уруксат берүүнү сунуштаган.

Инсулин июндан эрте келбейт

Ал арада Саламаттыкты сактоо министрилигинин штаттан тышкаркы башкы эндокринологу Наталья Добрынина тендер маселеси чечилгенин, инсулиндин жаңы партиясы жакында келерин билдирди.

“Жалпы суммасы 192 миллион сомдук инсулин дарысын алуу үчүн тендер аягына чыкты. Азыр экинчи типтеги кант диабети менен ооругандарга зарыл болгон “Протафан” дарысы жок болуп жатат. Анын ордуна таблетка түрүндөгү инсулиндин дозасын азыраак кылып берип жатабыз. Биринчи типтеги кант диабети менен каттоодо тургандарга запастагы инсулин берилүүдө. 8-июнга чейин дары келип калат деп үмүттөнүп жатабыз”.

Саламаттыкты сактоо министрлиги ар бир алты ай сайын инсулин сатып алуу боюнча тендер өткөрөт. Кыргызстандын диабет жана эндокринологиялык ассоциациясы быйыл бул тендер кечиккендиктен айрыкча аймактагы бейтаптар кыйналып жатканын билдирди.

Биримдиктин президенти Светлана Мамутова инсулин тартыштыгына министрлик түздөн-түз жооптуу дейт.

"Инсулин чыгарган фармкомпанияларда ашыкча дары болбойт. Бүгүн акча алып барып эле ала калгыдай оңой дары эмес. Тендер өтүп, акча бөлүнгөндөн кийин үч айда бизге жеткидей дары жасап беришет. Биз министрликке ушундан улам тендерди батыраак өткөргүлө деп айтып эле келебиз. Болбой эле ушинтип кечигип жатканы өкүнүчтүү, процессти түшүнбөгөндөр отурабы, билбейм. Азыр эми инсулиндин акыркы запасын бейтаптарга аз дозада бөлүп берип жатышат. Бир флакондо миң даана болот. Аны көпкө чейин чоюп колдонушу керек. Бул адамдын саламаттыгына зыян. Кандагы шекердин көлөмү көтөрүлөт, шекер көтөрүлгөн сайын органдар жакшы иштей албай кыйналат".

“Кант диабети” тууралуу мыйзамга ылайык, өлкөдө инсулиндин запасы жарым жылга жеткидей турушу зарыл. Мамлекет кепилдеген программага ылайык, инсулин бейтаптарга акысыз берилет. Адистер акыркы жылдары ооруга чалдыккан жылдан жылга көбөйүп бара жатканын айтышууда.

Кыргызстан инсулинди Дания, Британия сыяктуу Европадагы сапаты тастыкталган ири фармкомпаниялардан сатып алат. 2021-жылдагы эсеп боюнча кант диабети менен каттоого алынгандар 72 миңден ашкан.





Губернаторы России
Москва

Собянин поздравил Мишустина с назначением на должность премьер-министра РФ





Москва

В театре «Модерн» состоялась премьера моноспектакля «Исповедь счастливой женщины. Эдит Пиаф»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Услугами и сервисами mos.ru москвичи воспользовались 4 миллиарда раз



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Владимир Брилёв: «Концерт, посвященный Великой Победе, стал доброй традицией для творческого объединения «Хрустальное соZVездие».




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Спартак" и "Краснодар" объявили стартовые составы на матч чемпионата России

В столице на фестивале «Московская весна» на Коптевском бульваре проходят спортивные конкурсы

Калужане выиграли 8 медалей на всероссийских соревнованиях по пауэрлифтингу


WTA

Анастасия Потапова вышла во второй круг турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Андрей Воробьев: каждая встреча с ветераном ВОВ — целая история жизни



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России