Теңчиликти туу туткан кайрылман үй-бүлө
Давран Асраров жана Муниса Алибаева Өзбекстандан көчүп келген этникалык кыргыздар. Алар азыр төрт баланы тарбиялап жатышат. Үй-бүлө жашаган Чүйдүн Виноградное айылында эки жылдан бери этникалык кыргыздарга гендердик теңчилик боюнча окуулар өткөрүлүп келет. Анда Давран жана Муниса "Мыкты үй-бүлө" сынагын утуп алган.