Чек ара кызматы аткезчилик боюнча тараган тасмага түшүндүрмө берди
Жалал-Абад облусунун чек ара аймагында бир топ киши мүшөктөрдү чек арадан көтөрүп өтүп жаткан тасма боюнча Чек ара кызматы 13-майда “Азаттык” радиосуна түшүндүрмө берди. Маалыматка ылайык, аткезчилик жол менен жүк ташып жаткандар тууралуу тасма 2022-жылдын 5-апрелинде тартылган. Чек ара кызматкерлери Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Мамай участкасында Өзбекстандан Кыргызстанга мүшөктөрдө селитра алып өтүп жаткан өзбекстандык эки жаранды аныктаган. “Чек ара отрядын көргөн жарандар селитра салынган каптарды таштап... Читать дальше...