Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Май
2022

Новости за 30.05.2022

ЖАМУда жүздөн ашуун өзбекстандык студент окуудан чыгарылды

Azattyk.org 

Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Медициналык факультетинде жүздөн ашуун өзбекстандык студент окуудан чыгарылды. Жетекчилик буга алардын сабакты көп калтырганын жүйө келтирүүдө. Студенттер жана айрым окутуучулар муну коррупциялык кадам деп, “жең ичинен акча бергендер кайра окууга кабыл алынып жатканын” билдиришти. Факультеттин деканы Гүлбара Ташиева муну куру доомат деп, жүз академиялык сабакты калтыргандар эрежеге ылайык окуудан чыгарылганын “Азаттыкка” 30-майда айтты.   Жалал-Абад мамлекеттик... Читать дальше...

Президент Жапаров Ширшовго схема түзүүгө жол берилбей турганын айтты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү төрт ири ишкана эмне себептен Санариптик өнүгүү министрлигине өткөрүлгөнүн “Кабар” маалымат агенттиги менен болгон маегинде түшүндүрдү. 30-майда жарыяланган маекте мамлекет башчы “Ширшовду кабыл алып, ал билген маалыматты алып жатамбы, демек, кыргыз элинин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн керек” деп билдирди. Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү үч жыл бою ишке ашыра албай койгонун, анын себеби “баары чачыранды болгондугунда” экенин, төрт ишкананы... Читать дальше...

Ноокатта өспүрүм кыз өз жанын кыйды

Azattyk.org 

Ош облусунун Ноокат районунда 7-класста окуган кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, окуя 23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагында болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, өспүрүм "Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам",- деген мааниде кат жазып калтырып, өзү жашаган үйдө жанын кыйган. Учурда окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат. Кыргызстанда... Читать дальше...



Каныбек Туманбаев президенттин иш башкаруучусу болуп дайындалды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Тилек Батырканов президенттин иш башкаруучусу кызматынан бошотулду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы 30-майда кабарлагандай, бул кызматка Каныбек Туманбаев дайындалды. Тилек Батырканов буга чейин "Азаттыкка" маек куруп, президенттик администрациянын жаңы имаратына алмашыла турган 16 гектар жер Бишкектин түштүк тарабындагы “Ынтымак” паркынын маңдайынан бериле турганы расмий ырастаган. Каныбек Туманбаевдин аты Инвестициялар боюнча улуттук... Читать дальше...

“Камбар-Ата-1”: Негиздеме түзүүгө Өзбекстан жана Казакстан да катышууда

Azattyk.org 

Бүгүн 30-майда президент Садыр Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСинин Техникалык-экономикалык негиздемеси Өзбекстан жана Казакстандын катышуусу менен иштелип жатканын «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде билдирди. Мамлекет башчысы Кыргызстан аталган ГЭСти өз күчү менен кура аларын, бирок көп убакыт жана көп каражат кетерин, быйыл плотина курулчу жерге чейинки жолду Кыргызстан өзү кура баштарын, ал эми ГЭСти курууга Өзбекстан менен Казакстан кошуларын билдирип жатышканын айтты: “Азыр үч тараптын... Читать дальше...

Орусия тышкы карыздарын рубль менен төлөй турганын айтты

Azattyk.org 

Орусия тышкы карыздарын рубль менен төлөй турганын жарыялады. Бул тууралуу өлкөнүн финансы министри Антон Силуанов "Ведомости" гезитине билдирип, аны газдын төлөмүн рубль менен алып жаткан механизмге окшоштурду. “Газ үчүн акы алуу кандай жүрүп жатат? Алар бизге валютаны которушат, бул жерде ал рублге алмаштырылат жана ошондон кийин төлөнөт. Евробонддорду төлөө дагы куду ушундай аткарылат, болгону тескери жүрөт”,-деди Силуанов. Өзү каалаган валютаны алуу үчүн карыз берген инвестор орусиялык банкта... Читать дальше...

Акыйкатчы институту мектептердеги коопсуздук боюнча текшерүү жүргүзөт

Azattyk.org 

Акыйкатчы институту Кыргызстандагы мектептерде коопсуздуктун сакталышы боюнча масштабдуу мониторинг жүргүзөт. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова 30-майдагы маалымат жыйында билдиргендей, мындай текшерүү буга чейин дагы болуп, бирок ал жалпы абалды чагылдырбай калган. Купуя сурамжылоодо мектептердеги рэкетчилик, коопсуздук боюнча абал оор экени белгилүү болгон. Абдрахматова Сузактагы окуучунун сабалышы боюнча ишке прокуратура менен үй-бүлө жана баланы коргоо боюнча иштеген органдардын аралашуусун талап кыларын белгиледи. Читать дальше...

Кызматтан алынган бөлүм башчылар президентке кайрылды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин кызматтан алынган бөлүм башчылары президентке, Министрлер кабинетине, Башкы прокуратурага кайрылды. Алар буга чейинки кайрылуудан кийин түзүлгөн өкмөттүк комиссия ишин жыйынтыктай электигин, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин аракети мыйзамсыз болгонун айтууда. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 27-майда аталган мекеменин Юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеевди, Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматованы жана Өндүрүштүк иш бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Ибраеваны иштен алган. Читать дальше...



Европадагы кыргызстандыктар Кымыз фестивалына чогулду

Azattyk.org 

29-майда 200дөй кыргызстандык Германиянын Хейделберг шаарына жакын жайгашкан кыштактардын бирине Кымыз фестивалына чогулду. Иш-чарага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев да катышты. Фестивалдын негизги максаты Европадагы кыргызстандыктар ортосундагы ынтымакты бекемдөө, алардын арасында жаңы байланыштарды түзүү экенин уюштуруучулар белгилешти. Европанын бир нече өлкөлөрүнөн чогулган кыргызстандыктар кымыз жасаган немис фермердин чарбасында чогулду. Кымыз фестивалы бул жерде ушуну менен экинчи жолу уюштурулууда. Читать дальше...

Кой-Таш окуясы боюнча сотто айыптоо актысы угузулду

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн 30-майда прокуратура Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо актысын жарыялады. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди. Айып Кылмыш-жаза кодексинин он чакты беренесинин негизинде тагылып жатканан маалымдаган жактоочу “Айыптоо актысы 2 жыл 9 айдан кийин окулду” деп кошумчалады. Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу иш боюнча колго түшүрүү... Читать дальше...

Өкмөт үйүнүн алдында ККМге каршы акция өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн 30-майда Өкмөт үйүнүн алдында ишкерлердин көзөмөл-кассалык аппарат (ККМ) колдонууга каршы акциясы өтүп жатат. Алар колуна “ККМге каршыбыз”, “Счет-фактурага каршыбыз”, “Патент калсын” деген жазууларды кармап турушат. "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, акцияга жүздөй адам катышууда.  Салык боюнча жаңы мыйзамга ылайык, өлкө аймагындагы соода-сатык, жумуш аткаруу, тейлөө субъектилери накталай жана накталай эмес эсептешүүдө милдеттүү түрдө ККМ колдонушу керек. Мындай талап 1-августтан тартып коюла баштайт. Читать дальше...

Кеминде жана Токмокто окуучулар мушташып, ооруканага түштү

Azattyk.org 

Кеминде эки мектептин окуучулары мушташып, ар кандай жараат алган бир өспүрүм ооруканага түштү. Бул маалыматты Чүй облустук милициясы "Азаттыкка" ырастады. Маалыматка караганда, окуя 27-майда болгон. Ушул күнү милицияга денесинен ар кандай жараат алган 15 жаштагы бала ооруканага кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн. Баланын апасы сабаган балдарды аныктап, чара көрүүнү өтүнүп, милицияга арыз жазды. Чүй облустук милициясынын дагы бир маалыматына караганда, 26-майда Токмок шаарындагы мектептин 8-9-класстын окуучуларынын ортосунда чыр чыгып... Читать дальше...

Апасын коргоп камалган балага жаңы адвокат берилди

Azattyk.org 

Үй-бүлөсүн коргоп мас адамга кол көтөрдү деп шектелип жаткан өспүрүм баланы бүгүн, 30-майдан тартып Юстиция министрлиги бекитип берген, балдар укугун жактоо боюнча тажрыйбасы бар адвокат коргойт. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова билдирди. “Окуя болгон жерге барып, өспүрүмдүн апасынын өз оозунан болгондун баарын уктук. Юстиция министри Аяз Баетов дагы бир ирет иш жеке көзөмөлүндө экенин ырастады”, - деди Абдрахматова. Акыйткатчы өспүрүмдүн камакка алынышын одоно мыйзам бузуу деп атоодо. Читать дальше...

Бишкекте Борбор Азиядагы климаттын өзгөрүшү талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн, 30-майда Бишкекте "Борбордук Азиядагы туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшү" аталган аймактык долбоордун башталгыч жыйыны өтөт. Долбоор Кыргызстанда, Тажикстанда жана Өзбекстанда, Фергана өрөөнүндө климаттын туруктуулугун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүгө багытталган. Анда жергиликтүү, улуттук жана аймактык деңгээлдеги кызыкдар тараптардын климаттын туруксуздугу жана анын тобокелдиктери жөнүндөгү билимин жогорулатууга басым жасалат. Ошондой эле ресурстарды башкарууга көмөктөшүү, алдын алуу... Читать дальше...

Сот Next TV директорунун тергөө абагындагы мөөнөтүн бир айга узартты

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 29-майда Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөмбиевдин бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Бул тууралуу саясатчы Равшан Жээнбеков өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Анын тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу тууралуу сотко Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) тергөөчүсү өтүнүч келтирген. Март айынын башында аталган медиага карата Жазык кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну)... Читать дальше...

Жалал-Абаддагы жарылуудан жабыркаган үч адамдын абалы оор

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарындагы темирди кайра иштетүүчү заводдун меши жарылып, жети адам жараат алды. Алардын үчөөнүн абалы оор. Облустук клиникалык ооруканасынын башчысы Кумар Ботокараев алар учурда жандандыруу бөлүмүндө жатканын билдирди. Анын айтымында, ооруканага кайрылгандардын төртөө биринчи медициналык жардам алып, үйлөрүнө чыгып кетишкен. Ал эми абалы оор деп баалангандардын денелеринин 40, 80 жана 90 пайызы күйгөнү айтылды.  Азырынча кырсыктын себептери жана зыяны тактала элек. Жалал-Абад шаарындагы... Читать дальше...

Байден жубайы менен Техастагы куралдуу кол салуу болгон мектепке барды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден жубайы менен 24-майда башталгыч мектепте ок атуудан каза болгон 19 окуучу менен эки мугалимди эскерүү үчүн Техас штатындагы Ювалд шаарына барды.  Алар жекшемби күнү башталгыч мектептеги мемориалга зыярат кылып, гүлчамбар коюп, шам жагышты. АКШ лидеринин эл алдында сүйлөөсү пландалган эмес. Бир күн мурун Байден Делавэр университетинде кайрылуу жасаган.  "Биз күчтүү жана бекем болушубуз керек. Биз трагедияларга тыюу сала албай турганыбызды билем. Бирок биз Американы коопсуз кыла алабыз", - деди Байден. Читать дальше...

Москвада "Спартактын" ондогон күйөрманы кармалганы кабарланды

Azattyk.org 

Жекшембиде Москвада полиция жана Росгвардиянын кызматкерлери "Спартак" футбол клубунун 50дөй күйөрманын кармады. Бул тууралуу ТАСС агенттигине тартип коргоо органдарындагы булактары билдирген. "Спартак" фанаттары коомдук тартипти бузганы үчүн кармалган.  Ички иштер министрлигинин шаардык башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кармалгандар тууралуу маалымат түшө электигин тактады. Baza Telegram каналы күйөрмандар клубдун жеңишин фейерверк жана петардалар менен кызуу майрамдашканын белгилейт. ... Читать дальше...



Москва

Курсант из Владивостока растрогал любимую девушку во время праздничного шествия


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин назвал самые популярные у москвичей услуги и сервисы mos.ru



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Вдова Окуджавы извинилась за программу концерта, из которой исключили Урганта




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России

ЦСКА обыграл «Зенит» в Санкт-Петербурге впервые за 13 лет

Суперкамбэк определил нового лидера чемпионата Алипа


WTA

Саснович вышла в третий раунд турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Гол Чалова с пенальти принес ЦСКА победу над "Зенитом" в чемпионате России



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России