Жаңы ыкма менен кулпунай өстүрүп, миллионер болгон ишкер
Орусияда 10 жыл мигрант болуп жүргөн Алишер Кадыркулов 2015-жылы мекенине кайтып, ишкердикке бел байлаган. Көп кыйынчылыкка дуушар болгонуна карабай, Европадан кулпунай өстүрүүнүн жаңы технологияларын үйрөнүп келген. Азыр 500дөн ашуун ишкерге кулпунай өстүрүүнүн сырын үйрөтүп жатат.