"Бешкемпирдеги" уяң кыз ажарлуу актрисага айланды
2000-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун театр жана кино факультетинин актердук бөлүмүнө кабыл алуу сынагы жүрүп жаткан. Жыйырма чакты улан-кыз сынакка катышканы келди. Арасынан шыңга бойлуу, кыймылы олдоксон кыз көзгө урунду. Анын кыймылынан айылда чөп чаап, картошка сугарып, уй саап, кара жумушка бышканын көрүүгө болот эле. Кепке тартсам, өтө эле тартынчаак, уяң экен. Бакырайган көздөрүн ачып-жуумп отурат. - Аты-жөнүң? - Албина Имашева. - Кайдан келдиң? - Ысык-Көлдөн... - Монолог... Читать дальше...