Кыргыз-тажик чек арасында акимдер жолугушту
Баткен районунун акимчилиги “Азаттык” радиосуна 16-майда кабарлагандай, аким Учкунбек Жоробаев Ак-Сай айыл аймагынын Тумба жерлигинде Тажикстандын Исфара районунун акими Баховадин Баходурзода жетектеген топ менен жолугушту. Ага эки мамлекеттин күч түзүмдөрүнүн, Кадастр мамлекеттик мекемесинин, Суу чарба башкармалыгынын өкүлдөрү жана чектеш айыл аймактардын башчылары катышты. Тараптар чек ара, укуктук тартип, сугат, чарба иштери жана күндөлүк тиричиликте болуп жаткан маселелерди талкуулашкан. Чек... Читать дальше...