Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 05.02.2022

Кытайда “кезек күткөн” Борбор Азия лидерлери

Azattyk.org 

Кытайга бири калбай барган Борбор Азия лидерлери, АКШнын бул чөлкөмгө карата стратегиясын жаңылоо чакырыгы жана Түркиянын Өзбекстандагы “жеңиши”. Соңку бир апта ичинде Борбор Азия тууралуу эл аралык басылмалар жазган макалаларга учкай токтолобуз. 4-февралда Eurasianet басылмасы “Борбор Азия лидерлери Бээжинде Си менен жолугууга кезек күтөт” деген макаласын жарыялады. Анда чөлкөмдөгү беш мамлекеттин лидерлеринин бири калбай Кытайдын баш калаасындагы Олимпиада оюндарынын ачылышына келгени айтылган. Читать дальше...

Кайра шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясынан маалымдагандай, бүгүн 5-февралга карата Бишкек шаарындагы Биринчи май жана Сверлов райондук бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин депутаттыгына 53 талапкер катталды. Жалпы 72 кишиден арыз келип түшкөн. Алардын 58и эркек, 14ү аял. 14 талапкер катталуу тууралуу арызын кайра алды. Беш талапкердин документтери толук болбогондон улам каттоодон четтетилди. Биринчи май райондук №27 шайлоо округунан 27, Свердлов райондук №29 округдан 26 талапкер катталды. Шайлоонун үгүт иштери 7-февралда башталат. Читать дальше...

Эрдоганга коронавирустун жаңы штаммы жукканы кабарланды

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жана жубайы Эмине Эрдогандын ПЧР-тести коронавирустун "омикрон" штаммы жукканын көрсөткөнүн Твиттерден кабарлады.    67 жаштагы Эрдогандын саламаттыгы учурда туруктуу экени кабарланды. Түрк президентинин Киевге расмий сапары 4-февралда аяктаган. Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-февралда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 111 157 кишиге жетти. 248 бейтап вирустан көз жумду. Бул пандемия башталгандан бери эң жогорку көрсөткүч. Читать дальше...



Чүй: балыктардын табышмактуу кырылышы

Azattyk.org 

Январь айынын башында Токмок шаарынын тегерегиндеги көлмөлөрдө форел балыгы жапырт кырылганы маалым болгон. Балык чарба департаменти билдиргендей, 10-январда жүргүзүлгөн лабораториялык изилдөөлөр балыктар бир клеткалуу митеден өлгөнүн аныктаган. Департамент Ысык-Ата жана Чүй райондорундагы көлмөлөрдө багылган балыкты сатууга жана экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Айрым адистер илдеттин чыгышына көлмөлөрдүн булганышы себеп болгонун айтышууда. Бул окуя Кыргызстандагы балык чарбаларынын көлмөлөрү... Читать дальше...

Садыр Жапаров Бээжинде бир катар лидерлерге жолукту

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-февралда Пекинде Борбор Азиянын лидерлери менен жолукту. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады. Кышкы Олимпиада - 2022 оюндарынын ачылышына Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев да барган. Кытай лидери Си Цзинпин өлкө лидерлерин кабыл алды. Садыр Жапаров Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы жана Польшанын президенти менен да жолукту. Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндары 4-февралда ачылды. Читать дальше...

Аба ырайы: Аймактарда кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет кабарлагандай, 6-7-8-февраль күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. 6-февралда күндүз көпчүлүк аймакта жаан карга айланат. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден, күндүз шамал батыштан согот. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 0...-5, күндүз 3…8; Талас облусунда түнкүсүн -1...-6, күндүз 2…7; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…+5, күндүз 4…9; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11... Читать дальше...

Кытай жибекти коңшуларынан сатып алат

Azattyk.org 

Кытайга сырттан экспорттолгон жибек жана жибек өнүмдөрүнүн төрттөн үч бөлүгү коңшу Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан барат. Расмий маалыматтарга караганда, Кытай өзбек жибегин сатып алуучулардын сап башында турат. 2021-жылы Кытай Өзбекстандан 38 млн. доллардык жибек алган. Бул жалпы экспорттун 43% түзөт. Экинчи орунда 16,2 млн. долларга жибек сатуу менен Кыргызстан, үчүнчү орунда 12,6 млн. доллар менен Тажикстан турат. 2021-жылы Өзбекстандын жибегин дүйнөнүн 18 өлкөсү Вьетнам, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери... Читать дальше...



"Мемориал" Орусиянын Жогорку сотуна кайрылды

Azattyk.org 

Эл аралык тарыхый-агартуучу "Мемориал" уюму Орусиянын Жогорку сотуна уюмду жоюу боюнча чечимди токтотуу арызы менен кайрылды. Арыз Жогорку сотто 28-февралда каралат. Бул тууралуу "Мемориал" уюмунун расмий сайтына маалымат чыкты. Уюмдун юристтери Адам укуктары боюнча Европа соту Орусиядан “Мемориал” уюмун жабуу тууралуу соттук чечимдерди аткарууну токтото турууну талап кылганын жүйө келтирүүдө. Орусиянын Башкы прокуратурасы уюм чет өлкөлүк агенттин функциясын аткаргандыгы тууралуу маалыматты жаап-жашырып келген деп Жогорку сотко кайрылган.

Кышкы Олимпиада: жасалма кар жана чектөөлөр

Azattyk.org 

4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды.

Кыргыз медицинасы: Катардын акчасы кармашка себеппи?

Azattyk.org 

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлдү. Бирок анын айланасындагы талаш-тартыш токтой элек. Жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамааты кабыл албай жатканы айтылды. Бул маселе "кызыкчылыгына каршы келген чечимдерге моюн толгоп, кээ бир тармактагы жетекчилер көптөн бери башкарган медициналык мекемелерди энчилеп алган өнөкөт бар" деген талкууну күн тартибине чыгарды. Сиңирген эмгегин, топтогон аброюн колко кылгандын айынан жетекчилер ондогон жылдар бою ордунан козголбой... Читать дальше...

Алматыда акимдерди шайлоо жолу менен тандоону талап кылган митинг өтүүдө

Azattyk.org 

Казакстандын Алматы шаарындагы Илимдер академиясынын аянтында тынчтык митинги өтүүдө. Жүздөн ашык адам шаардагы акимдерди дайындоону ачык шайлоо менен ишке ашырууну талап кылып жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады. Митинг - январдагы кандуу кагылшуудан кийинки алгачкы элдин чогулуусу. Митинг өтүп жаткан жерди полиция курчоого алды. Анын уюштуруучуларынын бири Айгерим Тлеужан ким кааласа бул митингде өз оюн айтууга эркин экенин жарыялады. Чогулгандар акимдерди президент эмес, эл өзү шайласын деген талап коюп жатышат. Читать дальше...

Министрлик: Травматология борборун жоюу мыйзам чегинде ишке ашууда

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев Бишкектеги Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборун таркатуу мыйзам чегинде ишке ашып жатканын, министрликтин бул буйругун борбордун директору Сабырбек Жумабеков да жакшы билерин "Азаттыкка" маалымдады. "Борборду түзүү тууралуу буйрук 2004-жылы чыккан. Ошондо эле бир катар мыйзам бузуулар менен борбор түзүлгөн. Эми анын ордуна травматология жаатында илим изилдөө борборун кайра түзүү же аны ооруканага айлантуу маселесин өкмөт чечери жаңы мыйзамда көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Сокулукта сабалган балага барды

Azattyk.org 

Президенттин балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова бүгүн, 5-февралда зордук-зомбулукка кабылып, Сокулуктагы жалпы медициналык практика борборуна жаткырылган баладан кабар алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Рысбекова менен чогуу ооруканага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова, Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаев, Сокулук райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери барышты. Читать дальше...

Исфана жана Баткенге учак каттамдарын көбөйтүү сунушталды

Azattyk.org 

Бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ынтымак" фракциялары Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө. Эки фракция бул чогулуштун жыйынтыгында Жогорку Кеңешке токтом сунуштамай болду. Ага ылайык депутаттар аймакка инвестиция тартуу үчүн өкмөттүк кепилдикти кайра карап чыгуу, курулушу бүтпөй турган облустагы 33 социалдык объектини бүтүрүү, айланма жолдорду куруу менен Баткен, Исфана шаарларына жумасына бир жолу эмес, бир нече ирет учуучу рейстерди уюштуруу сунуштарын берүүнү макулдашты. Читать дальше...

Садыр Жапаров Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 4-февралда Бээжинде башталган Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылыш аземине катышты. Иш-чара «Куш уясы» деп аталган Бээжин улуттук стадионунда өттү. Ачылыш аземдеги парадда кыргызстандык лыжачы Максим Гордеев катышып, стадиондо өлкөнүн туусун көтөрүп өттү. Президент Садыр Жапаров Кытайда иш сапары менен жүрөт. 4-февралда Бээжин шаарында Кышкы Олимпиада-2022 оюндарынын ачылышы өттү. Кытайдын борбору Олимпиаданын кышкы жана жайкы оюндарын өткөргөн биринчи шаар болуп калды. Читать дальше...

Абактагы жана үй камагына чыккан оппозициялык саясатчылар

Azattyk.org 

Бийликти сындап жүрүп, ар кандай беренелер менен камалаган саясатчылардын көпчүлүгү бошотулуп, үй камагына чыгарылды. Оппозициялык лидерлердин бири Өмүрбек Текебаев Германияга элчи кызматына дайындалды. Саясий айдыңдагы мындай жүрүштөр бийлик менен оппозициянын ортосундагы диалог түзүлгөнүнөн кабар береби? Өлкөдөгү оппозициянын абалы кандай? 2021-жылы ноябрь айыларында бийликти күч менен басып алууга шек саналып кармалган ошол кездеги парламент депутаты Бакыт Жетигенов баш болгон Бекназар Купешов... Читать дальше...

Коронавирустан үч адам көз жумду, 162 жаңы учур катталды

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин 5-февралдагы маалыматына караганда, вирустан үч киши каза болду. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2899 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 162 ​адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 199 326 болду. Бир күндө 385 ​адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 913 адам жатат, дагы 3609 ​бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 190 368 ​кишиге жетти. (BCh)

Сокулукта эки жаштагы баланы сабоого шектүү адам кармалды

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы Сокулук районунда эки жаштагы баланы сабады деп шек саналган жаран бүгүн, 5-февралда кармалганын билдирди. "Баланы уруп-сабоого шектүү катары анын ата-энесине иш берген 1987-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Наристенин апасынын айтымында, алар шектүүгө карыз болуп калышкан. Шектүү Сокулук районунда фермерлик менен алектенет. Тергөө иштери уланып, керектүү экспертизалар дайындалды", - деп билдирди Чүй облустук... Читать дальше...

Парламенттин эки фракциясы Лейлекте көчмө жыйын өткөрүүдө

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин "Ишеним" жана "Ынтымак" фракциялары Баткен облусунун Лейлек районунун Исфана шаарында көчмө жыйын өткөрүүдө. Жыйында Баткен облусунун өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзамдын аткарылышы, өткөн жылдын апрель айынын соңундагы куралдуу жаңжалдан кийин кайра калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү талкууланып жатат. Бул тууралуу "Азаттыктын" аймактагы кабарчысы жеринен билдирди. Чогулган депутаттар Ош-Исфана жолунун Ноокат участогунун курулушу, Бишкек - Исфана аба каттамы баштаган алты маселени карашууда. Читать дальше...



Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Булат Окуджава

Калужские школьники выступили на фестивале в честь Булата Окуджавы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований


Даниил Медведев

Медведев рассказал, что у него не получилось в первом сете матча с Арнальди в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

Крымские проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России