Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 23.02.2022

Украин кризиси: Москванын максаты эмне?

Azattyk.org 

Орусия Украинанын чыгышына аскер киргизүүнү чечти. Кыргыз президенти Москванын соңку чечими боюнча үн катты. Батыштын санкциялары Орусияны токтото алабы? Путиндин Украина жана мурдагы советтик республикалар тууралуу соңку риторикасы Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан үчүн кандай сигнал берет?

Евробиримдик орусиялык 351 депутатка санкция салды

Azattyk.org 

23-февралда Европа Биримдиги Орусиянын өздөрүн  “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялап алган аймактардын “көз карандысыздыгын” таануусуна жооп катары санкциялар пакетин кабыл алды. Биримдиктин катчылыгынын сайтында жазылгандай, санкцияга аталган аймактарды таануу тууралуу президент Владимир Путиндин кайрылуусуна добуш берген Орусиянын Мамлекеттик думасынын 351 депутатына жана жогорку даражалуу 27  аткаминер илинди.  Алардын ичинде өкмөт мүчөлөрү, аскердик кызматкерлер, бизнесмендер жана башкалар бар. Читать дальше...

БУУнун баш катчысы: орус аскерлери Донбасста тынчтык орнотпойт

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш өзүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактардагы жагдай геноцид деген аныктамага туура келбей турганын билдирди. Ошол себептүү БУУ Донбасстын аймагына кирген орусиялык аскерлерди тынчтык орнотуучу күчтөр катары санабай турганын маалымдады. БУУнун сайтына жарыяланган Гутерриштин билдирүүсүндө Орусия Федерациясынын жикчил “республикалардын” көз карандысыздыгын таануу аракети Украинанын аймактык бүтүндүгүн жана суверенитетин бузары... Читать дальше...



Казакстан: Масимовдун дагы бир орун басары кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин мурдагы орун басары Марат Осипов кармалып, камакка алынды. Анын бөгөт чарасын сот 23-февралда карап, чечим кабыл алганын аталган комитет кабарлады. Осиповго кандай айып тагылып жатканы белгисиз. Ал  Улуттук коопсуздук комитетин Карим Масимов башкарып турган учурда анын орун басары болгон. Масимов өзү жана  дагы башка эки орун басары Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожин да камакта. Алар январдын башындагы тополоңдон кийин эле кызматтан алынган. Читать дальше...

Ноокатта иске ууланып үч киши каза болду

Azattyk.org 

Оштун Ноокат районунда үч киши өздөрү жашаган үйдө иске ууланып көз жумду. Окуя 21-февралга караган түнү Көк-Бел айылында болгонун Ош облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлап, алар ошол кыштактын тургундары экенин билдиришти. Алардын сөөгү эки күн үйдө жатып калган. 22-февралда саат 21:00 чамасында милицияга белгилүү болгон. Көз жумгандардын бири 63 жаштагы эркек, экинчиси 62 жаштагы аял, үчүнчүсү 9 жаштагы бала. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы аларга күч колдонулбаганын далилдеген. Читать дальше...

Ливан үч мечиттеги террордук чабуулдун алдын алганын кабарлады

Azattyk.org 

Ливандын бийлиги “Ислам мамлекети” террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) Бейрут шаарынын жакасындагы шиит мечиттеринде жанкечтилердин үч жардыруусунун алдын алганын кабарлады. Өлкөнүн ички иштер министри Бассам Мавлави 23-январда кабарлагандай, жоочулар палестиналык жаштарды өзүнө тартып, курга байланган жардыруучу заттар менен терракттарды уюштурууга даярданышкан. Укук коргоо органдары аларды аныктап, жок кылышкан.  “Ислам мамлекети” террордук тобунун жоочулары акыркы жылдары Жакынкы... Читать дальше...

Кыргыз-казак чек арасы: Кезек күткөн машинелер көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл бекетинде Казакстандын аймагына кирүү үчүн кезек күткөн автоунаалардын саны көбөйүп, беш чакырымга чейин тизилип турушат. Бир тобу тийиштүү уруксат кагаздарын даярдабай барып алгандар. Ибрагим Паншаров Бишкектин түндүк тарабындагы айланма жолдо Токмок шаары тараптан келип кезекте турат. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрмө бекетинде анын кезеги тез дегенде бир суткада жетчүдөй. “Москвага жүк тартып жөнөдүм. “Ак-Тилек” өткөрмө бекетине чейин алты чакырымдай жерде кезекте турам.

Москва Украинадагы элчилерин эвакуациялап жатканын билдирди

Azattyk.org 

Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу расмий Киев украиналыктарды орус жергесинен тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу чакырык Украинанын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды. Украин бийлиги Орусия менен дипломатиялык мамилелерди толук үзүп, чек арасын жабышы мүмкүндүгүн билдирүүдө. Бул боюнча мыйзам долбоору Жогорку Радага киргизилди. Өз кезегинде Орусия Украинанын Киев шаарындагы элчилигинин, Одесса, Львов, Харьков шаарларындагы консулдуктарынын кызматкерлерин алып чыгып кетип жатканын кабарлады. Читать дальше...



Медициналык окуу жайларды текшерүү 15-мартта аяктайт

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрилигинде түзүлгөн атайын комиссия өлкөдөгү медициналык окуу жайларды 15-мартка чейин текшерип, жыйынтык чыгарат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады. Окуу жайларды текшерүү боюнча министрдин буйругу 21-февралда чыкты. Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев саламаттык сактоо тармагын “реформалоонун” кийинки этабы - өлкөдөгү талапка жооп бербеген медициналык институттарды, факультеттерди лицензиясынан ажыратуу деп билдирген. Ал Кыргызстанда жалпы медициналык 24 билим берүүчү окуу жай бар экенин... Читать дальше...

Казак чек арачылары кармап кеткен студентке сот өкүмү чыкты

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасынан казак чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык студент Сыймык Өмүрбек уулуна Казакстанга беш жылга кирүүгө тыюу салынган жаза берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. ТИМ тараткан маалыматка ылайык, 23-февралда Алматы облусундагы Райымбек райондук сотунда кыргыз жараны Сыймык Өмүрбек уулунун соту өттү. Сот Өмүрбек уулуна айыппул жана Казакстандын аймагына беш жылга кирүүгө тыюу салган чечим чыгарды. ТИМ учурда ал сот залынан бошотулуп, жакында Кыргызстанга алып келинерин билдирди.

Доор кезген уруу: алдыда кандай тагдыр?

Azattyk.org 

Үркөр, үркөр – үч жылдыз, Үркүп кайда барасың? Элдик ырдан. Ооганстандын Вахан өтмөк өрөөнүндө жашаган кыргыздар жөнүндө белгилүү документалист-кинорежиссёр Жаңыл Жусупжандын чоң экранга чыга элек, аты да коюла элек тасмасын жабык көрсөтүүдөн кийинки ойлорумду бөлүшөйүн деп чечтим. (Les prisonniers de Wakhan / “Ваханга камалгандар”  -  ооган кыргыздары жөнүндө алгачкы толук метраждуу тасманын ​операторлору Кристиан Ленонг жана Жаңыл Жусупжан, кураштырган Седрик Ларвуар, продюсер “Синедок фильмз/Чагалдак продакшн”). Читать дальше...

Эрдоган Түркия Армения менен чек арасын ачууга даяр экенин айтты

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Армения менен карым-катышын жакшыртуу маселесин кайрадан кайталап, Анкара коңшусу менен чек арасын ачууга жана дипломатиялык мамилесин жандантууга даяр экенин маалымдады. Бул тууралуу ал 23-февралда журналисттерге билдирди. “Эгер Армения эки өлкөнүн ортосундагы мамилени нормалдаштыруу боюнча атайын элчилер баштаган процессти улантууга кызыкдар болсо, биз да эшигибизди жаппайбыз”,-деди Эрдоган. Тирешип жаткан эки тараптын өкүлдөрү 14-январда Москвада сүйлөшүүнүн биринчи раундун башташкан. Читать дальше...

Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду

Azattyk.org 

Москванын Донбасстагы жикчил “республикаларды” таануу аракетине байланыштуу АКШнын, Улуу Британиянын жана Евробиримдиктин мүчөлөрүнөн артынан дагы бир нече мамлекеттер Орусияга санкцияларын күчөтөрүн жарыялашты. Австралия шаршемби күнү Кошмо Штаттардын жана британ өкмөтүнүн билдирүүлөрүн колдоп, алар да орус банктарына санкция саларын жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин сегиз мүчөсүнө өлкөгө кирүүсүнө чектөө коёрун маалымдады. Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисон муну потенциалдуу санкциялардын биринчи бөлүгү деп атады. Читать дальше...

"Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташыган машинелердин кезеги жоюла элек

Azattyk.org 

Кыргызстандын “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайынын башчысы Муктарбек Мамбетакунов чек арадагы жүк ташуучу автоунаалардын кезеги жоюла электигин билдирди. Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу жүк ташуучу машинелердин көбөйгөндүгүнө байланыштуу тыгын пайда болду. Учурда 200дөй машине турат. “Азыркы учурда көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстан тараптан тыгын пайда болду. Биз кадимки шартта иштеп жатабыз. Мурда канча машине өтүп жатса, азыр деле ошондой өтүп жатат. Кандайдыр бир атайын өзгөртүүлөр киргизилген жок. Читать дальше...

Турак жай кооперативдери Улуттук банктын билдирүүсүнө жооп берди

Azattyk.org 

Төрт турак жай кооперативи Улуттук банктын алардын ишмердигинде каржылык пирамиданын белгилери бар деген билдирүүсүнө жооп кайтарды. Электрондук почта аркылуу таратылган билдирүүдө “Ихсан”, “АИС “Хоум”, Best Way жана “Келечек” турак жай кооперативдеринин аттары жазылган. Анда “жарандар банк системасындагы жана мамлекеттик турак жай программаларынан ипотекалык насыяларды ала албагандан улам турак жай кооперативдерине биригип жатышканы” айтылат. Билдирүү ээлери “мамлекет кооперативдер кыймылын... Читать дальше...

Өзбекстан Казакстанда кармалган жарандары боюнча Нур-Султанга нота жөнөттү

Azattyk.org 

Өзбекстандын Нур-Султандагы элчилиги Казакстанда кармалган өзбек жарандарына байланыштуу казак Тышкы иштер министрлигине нота жөнөттү. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Юсуп Кабулжанов билдирди. Анда кармалган өзбекстандыктар тууралуу толук маалымат берүү талап кылынат. Алардын кайсы жерде камалганын, кармалышынын себеби суралган. Өзбек тарап өз адистерин алар менен жолуктурууну өтүнгөн. Мунун алдында Казакстандагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова... Читать дальше...

Украинанын президенти резервдеги аскерлерди чакыртты

Azattyk.org 

Орусиянын аскерлерин Донбасстын аймагына киргизүү чечиминин фонунда Украинанын президенти Владимир Зеленский куралдуу күчтөрдүн резервдеги жоокерлерин чакыруу тууралуу жарлыкка кол койду. “Бизге украин армиясын жана башка аскердик түзүмдөрдү ыкчам түрдө толуктообуз зарыл болуп турат. Башкы командачы катары мен резервдеги жоокерлерди кайсы бир мөөнөткө чакырттым. Кеп ыкчам резервде турган жарандар жөнүндө гана болуп жатканын белгилеп коёюн”,-деп келтирилет Зеленскийдин сөзү президенттин сайтында. Читать дальше...

БУУ Кыргызстанга качкындар укугун коргоону жакшыртууга көмөктөшөт

Azattyk.org 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча агенттигинин Борбор Азиядагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер менен жолукту. Мекеменин басма сөз кызматы тараптар анда Кыргызстанга качып келүүгө аргасыз болгон, баш калка издеген жарандарга жардам берүүнү жакшыртуу, өз ара кызматташуу маселелерин талкуулаганын билдирди. Ошондой эле  БУУнун агенттиги качкындарга, башпаанек издегендерге укуктук жардам берүүнү жакшыртуу үчүн аталган... Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Пушной

Кировчанин обыграл телеведущего Александра Пушного и получил деньги





Rss.plus
Пулково

Из Петербурга в Москву. Эксперты вступились за аэропорт Пулково




Жители Химок отметили Вербное воскресенье

Общественная организация «Живем в Новой Москве» сформирует программу развития территорий в новых границах

Новые кассы для покупки билетов на речные прогулки открыли на причале «Китай-город»

Самую красивую девушку округа выбрали в Луховицах




Ошто журналисттер коркутуу боюнча милицияга кайрылды

Azattyk.org 

Ош шаарындагы “Т-Медиа” редакциясы аларга болгон коркутуу боюнча милицияга кайрылды. Журналисттердин айтканына караганда, белгисиз адам телефон чалып,  опузалап коркуткан. Медиа эксперттер муну журналисттердин кесиптик ишмердиги менен байланыштырып жатышат. Милиция териштирүү иштерин баштады. Оштогу «Т-Медиа» редакциясынын башкы продюсери Асанбек Пазыл коркуткан телефон чалуу 19-февралда болгонун «Азаттыкка» билдирди.  Бейтааныш ал адам буга чейин иштеп кеткен жетекчилердин ысымдарын атап, басылманын ишин жактырбай турганын айткан. Читать дальше...

Индия Ооганстанга 50 миң тонна буудай бере турган болду

Azattyk.org 

Индия Ооганстанга берчү гуманитардык жардамын өткөрүү үчүн көп жылдан бери каршылашып келген Пакистан менен келишимге жетишти. Индиянын Тышкы иштер министрлиги 23-февралда 2500 тонна буудайды жүктөгөн 50 оор жүк ташуучу транспорт Пакистанга киргенин, андан ары Ооганстанга барарын маалымдады. Индия бийлиги жалпы жонунан 50 миң тонна буудай жөнөтүлөрүн көздөп жатат. Биринчи автоунааларды чек арадан кирүүсүнө арналган аземде Ооганстандын Индиядагы элчиси Фарид Мамундзай бул аракет үчүн ыраазычылык билдирип... Читать дальше...

Күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине кезектеги генерал наамдары ыйгарылды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 23-февралда күч түзүмдөрүнүн башчыларына кезектеги генерал наамдарын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду. Ага ылайык, ички иштер министри Улан Ниязбеков менен коргоо министри Бактыбек Бекболотовго генерал-лейтенант наамы берилди. Ички иштер министринин орун басарлары Нурбек Абдиев менен Октябрь Урмамбетов, коргоо министринин орун басары Акылбек Ибраев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы Жумгалбек Шабданбеков, Коргоо министрлигинин... Читать дальше...

Өкмөт айрым азык-түлүктөрдү кошумча нарк салыгынан бошотууну сунуштады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин сайтындагы коомдук талкууга коюлган токтом долбоорунун негиздемесинде азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана өлкөда товардын баасын турукташтырууга багытталганы жазылган. Токтом долбоору кабыл алынса төмөнкү товарларды ташып келүүдө кошумча нарк салыгы убактылуу алынбайт. Алар кум шекер, кант камышы, өсүмдүк майы, инкубация үчүн тоок жумурткасы, арпа, балыктын жана мал-жандыктардын айрым тоютунун түрлөрү. Товардын түрлөрү жана убактылуу жеңилдиктин мөөнөтү боюнча кенен маалыматты бул жактан окуңуз. Читать дальше...

Путин Батыштан Крымды “Орусияныкы” деп таанууну талап кылды

Azattyk.org 

Орус президенти Владимир Путин Украина менен  конфликтти биротоло чечүү үчүн Батыш өлкөлөрү жана Киев өзү Крымды “Орусиянын бир бөлүгү” катары таанышы керектигин айтты. Бул тууралуу пикирин ал 22-февралдын кечинде Москвадагы басма сөз жыйынында билдирди. Ал буга кошумча коңшу өлкө НАТОго кошулуудан баш тартышы керектигин, толук куралсызданышы зарылдыгын белгиледи. Донбасстагы жикчилдерге байланыштуу сөзүндө Владимир Путин алардын азыр ээлеп турган жерин эмес, Луганск жана Донецк облустарынын... Читать дальше...

Байден Орусиянын жикчилдерге байланыштуу чечимдерин айыптады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Украинадагы кырдаалга байланыштуу жаңы билдирүү жасап, Орусиянын Донбасстагы жикчил “республикаларды” таануу аракетин кескин айыптады. Ал муну орус аскерлеринин коңшу өлкөнүн аймагына бастырып кирүүсү катары баалады. 22-февралдагы билдирүүсүндө Байден Путиндин жетекчилиги менен Орусия дагы башка украин аймактарын басып алууну көздөп жатканын айтты. Кошмо Штаттардын башчысы Москвага 2014-жылы Крымды аннексиялап алганда салынган санкциялардан да катаал чаралар кабыл алынарын эскертти. Читать дальше...



Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Анастасия Волочкова

«Это будет для вас сюрприз и фурор!»: Анастасия Волочкова взяла с собой на Мальдивы свадебное платье




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

Мирра Андреева установила новый рекорд на турнирах WTA-1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Город контрастов. Как в Баку зарабатывают на «Бриллиантовой руке»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России