Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 17.02.2022

АКШ Москвадан украин кризиси боюнча сунушка жооп алды

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Орусия-Украина кризисин чечүү боюнча берген сунуштамасына Москвадан жооп алганын ырастады. Бул тууралуу ал 17-февралда Ак үйдөн чыгып баратып айтты жана жоопту окуй элек болгондуктан, комментарийлей албай турганын айтты. Байден ага карабай Орусиянын Украинага кол салуу коркунучу дале сакталып турганын белгилеп, дипломатиялык чечимдер үчүн эшик дале ачык экенине токтолду. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун берген сунуштарына жоопту АКШнын Москвадагы элчиси... Читать дальше...

Допинг чырына кабылган спортчу Валиева 4-орунду алды

Azattyk.org 

Бээжиндеги кышкы Олимпиада оюндарында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеш 17-февралда жыйынтыкталды. Анда алтын медалды орусиялык Анна Щербакова жана күмүш медалды анын мекендеши Александра Трусова алды. Коло медалга жапониялык Каори Сакамото ээледи. Допинг чырына кабылган башка бир орусиялык спортчу Камила Валиева жыйынтыктоочу бөлүктө каталарга жол берип, 4-орунду алып калды. Бийлеп жаткан маалда анын көзүнөн жаш чыгып кетти. Эл аралык олимпиада комитети эгер Валиева алдыңкы үчтүккө кирсе... Читать дальше...

Кыргызстан Орусияга миграциялык жаңы эрежелерге байланыштуу нота жөнөттү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине 17-февралда нота жөнөтүп, жаңы миграциялык эрежелер алкагында текшерүүдөн өтүүдө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жарандары үчүн өзүнчө коридор ачып берүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди. Мындай коридорлорду медициналык текшерүүдөн, дактилоскопиялык каттоодон өткөрүүчү мекемелерде, анын ичинде “Сахарово” миграциялык борборунда ачууга көмөктөшүү өтүнүчү айтылды. Читать дальше...



Аида Касымалиева: ЖККУ коопсуздук боюнча негизги уюмдардын бири боло алды

Azattyk.org 

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) Евразия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негизги эл аралык уюмдардын бири боло алганын Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмундагы (БУУ) туруктуу өкүлү Аида Касымалиева билдиргенин 17-февралда Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Касымалиева 16-февралда БУУнун Коопсуздук кеңешинин БУУ жана ЖККУ кызматташтыгы боюнча жыйынына катышты. Өз сөзүндө ал Ооганстандагы кырдаалды жана Казакстандагы соңку окуяларды эске... Читать дальше...

Ысык-Көлдө форель кантип көбөйөт?

Azattyk.org 

Кыргызстандагы жападан жалгыз балык өстүрүү заводу быйыл Ысык-Көлгө сига-лудога балыгынын 8 миллион жана Ысык-Көл форелинин 330 миң чабагын коё берет. Тоң районунда 30 гектарды ээлеп турган балык өстүрүү жайы совет мезгилинде Ысык-Көлдүн эндемикалык балыктарынын санын сактап калуу үчүн иштеп келген. Эл аралык долбоорлордун колдоосу менен иштеп келаткан балык чарбасына “Азаттыктын” журналисттери барып келди.

Оң рулдуу машинелерге уруксат берүү сунушталды

Azattyk.org 

Былтыр Тажикстандын Согд облусунда эле чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген айып менен 39 кыргызстандык соттолгон. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды ташып келүүгө убактылуу уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгышты. Январь калабасында кармалгандар кыйноого кабылганы боюнча Казакстандын башкы прокуратурасына 360дан ашуун арыз түштү. Алардын катарында музыкант Викрам Рузахунов да бар.

Хаменеи Иран атомдук энергия өндүрүүнү каалап жатканын айтты

Azattyk.org 

Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи Тегеран өзөктүк курал чыгарууну эмес, атомдук энергия өндүрүүнү каалап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал 17-февралда мамлекеттик телеканалдар аркылуу өзөктүк курал тууралуу дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөргө комментарий берген учурда айтты. Мунун алдында Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив ле Дриан Ирандын өзөктүк программасын сактап калуу боюнча дүйнөлүк державалар менен Тегерандын сүйлөшүүсү чечүүчү этапка келгенин маалымдаган. Министр... Читать дальше...

Айзаданын өлүмү: Сотко ашпаган иш, жабыркагандардын нааразылыгы

Azattyk.org 

Адам уурдоонун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты милиция кызматкерлерине “Шалаакылык” беренеси менен козголгон кылмыш иши сотко ашпай жатканын билдирүүдө. Анын айтымында, иш тергелбей токтоп турат. Укук коргоо органдары кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшү тууралуу маалымат бере элек. Былтыр апрелде Бишкектин көчөсүнөн күч менен уурдалып, аёосуз өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын апасынын адвокаты Нурбек Токтакуновдун айтымында, кыздын өлүмүнө жол берген милиция кызматкерлери боюнча кылмыш иши де-факто токтоп калды. Читать дальше...



Орусия аскерлерин артка кайтарып жатканын үчүнчү жолу кабарлады

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын чек арасына жакын аймакта машыгуу өткөрүп жаткан аскерлери мурдагы ордуна кайтып жатканын дагы кабарлады. Министрликтин маалыматында айтылгандай, Батыш аскердик округундагы бөлүктөр Курск облусунан Нижегородск облусуна кайтты, Түштүк аскердик округдун аскерлери Крымдан чыгып, Чеченстан менен Дагестанга жетти. Анда айтылгандай, Беларуста жүргөн аскерлер машыгуу бүткөндөн кийин мурдагы дислокациясына барышат. Орусиянын Коргоо министрлиги аскерлери мурдагы... Читать дальше...

АКШ: Орусия чек арадагы аскерлерин азайткан жок

Azattyk.org 

Ак үй Кремл аскерлерин чыгарбай эле, тескерисинче, кайра Украинанын чек арасында кубаттуулугун арттырып жатканын билдирди. Батыш өлкөлөрү буга байланыштуу чыңалуу күчөп, Орусиянын кошунасына кол салуу коркунучу жоюлбай турганын белгилешти. АКШ орусиялык аскерлер азайбай эле көбөйүп жатканын байкады АКШ менен НАТО 17-февралда буга чейин айткан билдирүүсүнө карабастан Орусиянын Украина менен чектешкен аймактардан аскерлерин чыгарып кетүүсү байкала электигин жарыялашты. Буга байланыштуу Орусиянын... Читать дальше...

№2 Төрөт үйүнүн короосундагы жеке клиниканын ижара келишими токтотулду

Azattyk.org 

Бишкектеги №2 Клиникалык төрөт үйүнүн короосундагы жеке клиника менен түзүлгөн ижара келишими токтотулганын бүгүн 17-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы министр Алымкадыр Бейшеналиевдин айткандарына таянып маалымдагандай, Бишкек шаардык мэриясы көп профилдүү «КАМЭК» клиникасы менен имарат ижарасы боюнча түзгөн келишимин токтотту. Министр Бейшеналиев бүгүн Бишкектеги №6 ооруканада да болуп, бул мекеменин “Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясы” жеке... Читать дальше...

Пенсияга эрте чыгуу укугун жоюу пландалууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда пенсияга жеңилдетилген шартта эрте чыгуу укугун алып салуу пландалып жатканы бүгүн 17-февралда Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун бюджетинин талкуусунда айтылды. Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнара Жуматаева мекеме мындай популярдуу эмес чарага барууга аргасыз болуп жатканын билдирди: “Ар бир экинчи пенсионер пенсияга жеңилдетилген шарт менен чыгып жатат. Бүгүнкү пенсионерлердин 40% - жеңилдик алуучулар. 13 жыл, 8 жыл эрте пенсияга чыгып алгандар бар. Иштеп да, пенсия да алып жаткандар бар. Читать дальше...

“Манас” театрына улуттук деген макам берилди

Azattyk.org 

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик “Манас” театрына “улуттук” деген макам ыйгарылды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, жарлык материалдык эмес маданий баалуулуктарды, оозеки чыгармачылыкты өркүндөтүү максатында кабыл алынды. Мындан ары аталган мамлекеттик мекеме Кыргыз улуттук  "Манас"  театры  деп аталат. Театрды Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги каржылайт. (КЕ)

Тажикстанда ондогон кыргыз жараны соттолду

Azattyk.org 

2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолду. Камакка алынгандардын Кыргызстандагы туугандары парламентке кайрылып, жардам сурашкан. Мамлекеттик органдар бул жаатта иш кылдат жүрүп жатканын билдиргени менен эки өлкөнүн сууп кеткен мамилесинен улам жарандарды өткөрүп алуу мүшкүл болууда.  Тажикстандын Жерге-Тал аймагынан үйлөнгөн кыргызстандык Айбек Махмудов 2021-жылдын апрелинен бери кошуна өлкөдө абакта жатат. 35 жаштагы Айбек келинчегин... Читать дальше...

Соцфонд: Пенсионерлердин жарымы төмөнкү чектен аз акча алышат

Azattyk.org 

Кыргызстанда бүгүнкү күндө пенсионерлердин жарымы жашоо минимумунан төмөн өлчөмдө пенсия алат. Бул тууралуу бүгүн 17-февралда Жогорку Кеңеште Социалдык фонддун бюджети талкууланып жатканда айтылды. Жашоо минимуму өлкөдө 5800 сом деп аныкталган. Мындай өлчөмгө жетпеген акча алгандар 348 миң пенсионер. Жыйынга катышып жаткан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 2023-жылдын 1-январынан тартып бардык пенсионерлерди жашоо минимумунун деңгээлине жеткирүү пландалып жатканын билдирди. Читать дальше...

Гаагада ооганстандык мурдагы абак кызматкеринин соту башталды

Azattyk.org 

Нидерланддын борбору Гааганын сотунда 76 жаштагы ооганстандык мурдагы абак кызматкеринин үстүнөн сот башталды. “Абдул Р.” деп аталган шектүү Кабулдагы эң ири Пул-э-Чархи түрмөсүнүн башчысы катары андагы жарандарды соттун чечими жок кармоо, кыйноо жана жазалоо иштеринин башында турган деп айыпталууда. Муну үчүн аны 20 жылга чейин эркинен ажыратуу суралып жатат. Шектүү аны башка киши менен адаштырып жатышканын, коюлуп жаткан айыптардын баарын мойнуна албай турганын айтты. Нидерланддын прокуратурасы ал алдап жатканын... Читать дальше...

Украина Луганскидеги бала бакчага чабуул болгонун жарыялады

Azattyk.org 

Украинанын Бириккен күчтөрүнүн операциясы мекемеси Луганск аймагындагы өздөрү көзөмөлдөгөн жердеги бала бакчага чабуул болгонун жарыялады. Андан эки адам жабыркаган, бакчанын мугалимдери жана тарбиялануучулары коопсуз жайга эвакуацияланды. Мерт болгондор жок. Бириккен күчтөрдүн операциясынын “Фейсбук” баракчасында дубалдары ураган бакчанын сүрөттөрү жарыяланды. Октор сабак болуп жаткан музыкалык бөлмөгө тийген. Окуя болгон жерде Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын адистери иштеп жатат. Читать дальше...

Баткен: такталбаган чек ара, кыйналган эл

Azattyk.org 

15-февралда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча топографиялык жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу аяктады. Бул жолу иш Баткен районундагы коңшу мамлекет менен чектеш аймактарда жүрдү. Эки өлкөнүн чек арасынан дагы 370 чакырымдай тактала элек. Ал бөлүктөр негизинен калктуу конуштар, талаштуу участокторго таандык. Сүйлөшүүгө кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев баштаган делегация катышты. Министрлер кабинетинин басма... Читать дальше...

Алмазбек Бейшеналиев билим берүү министри болуп дайындалды

Azattyk.org 

Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. Алмазбек Бейшеналиев кайрадан Билим берүү жана илим министрлигинин башына барганы 14-февралда белгилүү болгон. Жаңы жетекчини жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тааныштырган. Кечээ, 16-февралда Жогорку Кеңеш Бейшеналиевди министр кызматына дайындоого макулдук берген. Бейшеналиев 41 жашта. Ал 2017-2018-жылдары өкмөт аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт боюнча бөлүмүн башкарган. Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта





Rss.plus
Анфиса Чехова

Отец из Панамы, школьная любовь и любимая еда: Елена Борщёва раскрыла все тайны на шоу ТВ-3 «Вкусно с Анфисой Чеховой»




Выяснились настораживающие подробности о клинике Хайдарова: Приговор вынес Арбитражный суд

Минобороны: силы ПВО сбили 20 беспилотников ВСУ за ночь

Брата 12-го фигуранта дела о теракте в "Крокусе" арестовывали за хулиганство

Авиакомпанию S7 оштрафовали на 30 тысяч рублей за нарушение прав пассажиров




Кыргызстан Рузахуновдун кыйноого кабылышы боюнча кылмыш ишин козгоду

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Ленин райондук прокуратурасы Казакстанда Январь окуяларына байланыштуу кармалып, кийин кое берилген музыкант Викрам Рузахуновдун кыйноого кабылганы боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов өзүнүн "Фейсбук" баракчасына жазды. "Бул - Кыргызстан өз чегинен тышкы жерлерде жарандарын коргоого жана калкалоого кепилдик берет деген берене иштей баштаганын көрсөтөт. Бул - казак бийлиги Викрамды кыйнагандарды жоопко тартпаса, биздин бийлик таап, жоопкерчиликке тартышы керек дегенди билдирет. Читать дальше...

Өзбекстандын президенти калкка 350 миң кой-эчки таратууну буйруду

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев он күндүн ичинде калкка 350 миң кой-эчкини кооперативдик негизде таратып берүүнү буйруду. Бул тууралуу мамлекет башчы өлкөдөгү мал чарбачылыкты өнүктүрүү боюнча жыйында жарыялаганын “Азаттыктын” өзбек кызматы жазды. Президент бул үчүн бюджеттен 100 миллион доллар бөлүнөрүн маалымдады. Облус жана райондордун жетекчилери бир аптада 67 ири кой жана эчки фермаларын уюштурушу керек. Бул тармакка жылына 150 миңдей адам тартылары кабарланды. Мирзиёев мурдараак калкка тоок... Читать дальше...

Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы

Azattyk.org 

2022-жылы адабият, искусство жана архитектура тармагындагы ишмерлерге Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу күтүлүүдө. Бул боюнча социалдык тармактардагы талкуулар эки-үч ай мурун эле кызуу башталган. Кыргызстанда көп жылдан бери эле мамлекеттик сыйлыктар боюнча кайчы пикирлер айтылып келет.

Бразилиянын президенти Москвага барды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Бразилиянын президенти Жаир Болсонару Москвада жолугушту. Анда эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгы талкууланды. Жолугушууда Путин эки өлкө ар кандай тармактарда кызматташып келгенин, саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштар дагы күчөтүлөрүн маалымдады. Болсонару Бразилия “Росатом” энергетикалык компаниясы менен кичи өзөктүк реакторлорду куруу боюнча кызматташууга кызыкдар экенин билдирди. Алар ошондой эле коргонуу багытында кызматташууну да сөз кылышты. Читать дальше...

Кара-Сууда логистикалык борбор курулат

Azattyk.org 

Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев  17-февралда Жоош айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушкан учурда билдирди. Анын айтымында, индустриялык-логистикалык борборду Кашкар-Кыштак айылында 5 гектар жерге куруу пландалууда. Ишкана үч этап менен курулуп, негизги багыты тигүү өндүрүшү болот. Чийки пахта буласын кабыл алып, токулган кийимдерди өндүрүп чыгат. Жер трансформация болуп 49 жылга ижарага берилген. Ушул жылдын 14-январында инвестициялык сынак өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлду. Читать дальше...

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр чечүүчү чекке келди

Azattyk.org 

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ив ле Дриан Ирандын өзөктүк программасын сактап калуу боюнча дүйнөлүк державалар менен Тегерандын сүйлөшүүсү чечүүчү этапка келгенин маалымдады. Министр муну үчүн Ирандын бийлигине бир нече күн убакыт берилгенин, алар тандоону тез арада жасашы керектигин кошумчалады. “Биз иш жүзүндө ашууга жеттик. Маселе аптага созулбайт, күндөрдүн гана иши калды. Ирандыктардан саясий чечим кабыл алуу талап кылынат. Алар жакынкы күндөрү же өтө чоң кризисти жаратышат, же бардык... Читать дальше...



Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт «Стихи войны и мира. Баллада о своих»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


WTA

Мирра Андреева установила новый рекорд на турнирах WTA-1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Блогер Асхаб Тамаев попал в аварию около «Москвы-Сити»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России