Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 18.02.2022

Путин менен Лукашенко Орусияда жолукту

Azattyk.org 

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен Орусиянын президенти Владимир Путин Москвада жолугушту. Бул тууралуу эки өлкөнүн лидерлеринин сайттары маалымдады. Сүйлөшүү эки саатка созулуп, андан кийин алар биргелешкен билдирүү жасашты. Анда алар коопсуздук боюнча кызматташуу темасын талкуулап, соңку биргелешкен макулдашуу кайсы бир тарапка чабуул жасоо максатында эмес, коргонуу максатында өтүп жатканын айтышты. Путин өз сөзүндө учурда Украинанын чыгышында кырдаал курчуп жатканын белгилеп... Читать дальше...

Москва соту Навальныйдын инисин камакка алуу чечимин чыгарды

Azattyk.org 

Москва соту орусиялык оппозицинер Алексей Навальныйдын бир тууганы Олег Навальныйдын шарттуу түрдө кесилген бөгөт чарасын өзгөртүп, аны өзгөчө режимдеги абакта бир жылга камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги жазды. Бөгөт чараны өзгөртүү өтүнүчүн жазык аткаруу инспекциясы келтирген. Мекеме муну кенже Навальный аларга катталып туруу үчүн келбей калганын себеп катары көрсөткөн. Анын алдында ага издөө жарыялашкан болчу. Федералдык жаза аткаруу кызматы Олег Навальный өлкөдөн чыгып кеткен деп билдирүүдө. Читать дальше...

Кыргызстан мигранттар боюнча Орусияга нота жөнөттү

Azattyk.org 

Кыргызстан мигранттарды түйшүккө салган миграциялык жаңы эрежелерге байланыштуу Орусияга нота жөнөттү. Кыргызстандын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын макамын өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоору иштелип чыкты. Ооганстан Тажикстан менен Өзбекстанга жакын аймагына 10 миң аскер жөнөткөнүн жарыялады.



АКШ Польшага 250 танк сата турган болду

Azattyk.org 

АКШнын аткаруу бийлиги Польшага 6 млрд. долларлык курал-жарак жана аскердик техникаларды, алардын ичинде Abrams үлгүсүндөгү 250 танк сатуу тууралуу макулдашуу кабыл алды. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 18-февралда Варшавадагы сапары учурунда кабарлады. Макулдашууну эми конгресс да жактырышы керек. Андагы эки партия тең Польшага ылым санагандыктан документ толук бекилет деп күтүлүүдө. Остин өз билдирүүсүндө Украинанын тегерегинде топтолуп жаткан орус аскерлери тууралуу кеп кылып... Читать дальше...

Кыргызстанда чыккан автобус, КамАЗ, электробус

Azattyk.org 

Кыргызстанда алгачкы ирет автобус кураштырылып, мамлекет 10 автобус сатып алмай болду. "Азаттык+" бул ирет Кыргызстанда жасалган алгачкы автобусту, электробусту, жүк ташуучу унааларды жана оор өнөр жайдын потенциалын көрсөтөт.

Орусиянын жикчилдерди колдогон оюну

Azattyk.org 

Донбасста орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардан артиллериялык аткылоолор күч алды. Муну Киев Украинаны согушту биринчи болуп баштап жиберүүгө түрткөн чагым деп атады. Донбасстагы согуштук аракеттердин күч алышы Орусия жикчилдерди көз карандысыз аймак катары тааныганга аракеттене баштаган учурга туура келди. Батыш муну Орусиянын чыңалууну дипломатиялык жол менен чечүүнү көздөбөй, карама-каршылыкты күчөтүүгө багытталган аракети катары айыптады. Аткылоолордун күчөшүнүн себеби Украинанын... Читать дальше...

Дагы бир журналисттин суракка чакырылышы суроо жаратты

Azattyk.org 

Журналист Семетей Талас уулу УКМКга сурак берип чыкты. Атайын кызматтын маалыматында, ал экстремисттик материалдарды таратуу беренеси боюнча көрсөтмө берген. Эркин журналист Семетей Талас уулун 18-февралда түшкө маал УКМКнын кызматкерлери үйүнөн алып кеткен. Бул тууралуу анын жакындары айтып чыгышты. Маалыматка ылайык, укук коргоо кызматкерлери журналисттин үйүн тинтип, андан кийин аны жана ага таандык бир нече китепти алып кетишкен. Бул ишке күбө болгон журналисттин кайненеси Динара Тургуналиева окуяны төмөнкүчө баяндады... Читать дальше...

“Донецк Элдик Республикасынын” башчысы жарандар Орусияга эвакуацияланып жатканын айтты

Azattyk.org 

Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” башчысы Денис Пушилин коопсуздукка байланыштуу аймактын жашоочулары Орусиянын Ростов облусуна жапырт эвакуацияланып жатканын маалымдады. Бул тууралуу ал Телеграмдагы баракчасында жазды. Пушилин коңшу өлкөнүн жетекчилиги менен калкты убактылуу жайгаштыра туруу макулдашуусу кабыл алынганын, биринчи кезекте аялдар, балдар жана кары-картаңдар чыгарылып жатканын айтты. Акыркы эки күндө Украин аскерлери жана Донбасстагы жикчилдер бири-бирин ок чыгарууга айыпташкан. Читать дальше...



Парламент төрагасынын басма сөз катчысы болуп Эркинбек Каимов дайындалды

Azattyk.org 

Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Парламенттин расмий сайтына 18-февралда жарыяланган маалыматка караганда, Каимов журналистика тармагында кесиптик чоң тажрыйбага ээ. Буга чейин ал парламенттик аппараттын, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматтарын жетектеп иштеген. Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеген. Мамлекеттик телерадиоканалда түрдүү программалардын автору жана алып баруучусу болгон. Жогорку Кеңештин төрагасы... Читать дальше...

Ош: Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы жана орун басары иштен четтетилишти

Azattyk.org 

Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Ашимжан Семетеев менен орун басары Канышай Имарова кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу мэриянын маалымат катчысы Азамат Жээнбеков «Азаттыкка» бүгүн 18-февралда билдирди. Анын айтымында, Семетеев кызматтан Ош шаардык прокуратурасы жүргүзүп жаткан тергөө аяктаганга чейин шаар башчысы Алмаз Мамбетовдун буйругу менен убактылуу четтетилди. Анын кызматтык милдеттерин убактылуу аткаруу башкармалыктын жерди ижарага берүү бөлүмүнүн башчысы Эмил Туленбаевге жүктөлдү. Читать дальше...

Жапаров: Тышкы карызды кайтаруу менин президенттик мөөнөтүмө туш келди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров бүгүн 18-февралда өлкөнүн тышкы карызы боюнча билдирүү жасады. “Фейсбуктагы” жеке баракчасындагы бул билдирүүдө мамлекет башчысы Эгемендик алгандан бери Кыргызстандын топтолгон карызы 5 миллиард долларга жакындаганын, кайра кайтаруу мөөнөтү анын президенттик мезгилине туш келип отурганын белгиледи. “Эч маселе жок, толук төлөп беребиз. Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук” деген Жапаров быйылкы жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумма ... Читать дальше...

Казакстандагы тополоңдо жети жаш балага ок тийгени маалым болду

Azattyk.org 

Казакстандагы январдын башындагы тополоңдордо жети жаш балага ок тийип, ар кандай деңгээлде жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бауыржан Жусипов 18-февралдагы басма сөз жыйынында “Азаттыктын” казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, наристелердин төртөө Алматы шаарында, экөө Алматы облусунда жана бирөө Жамбыл облусунда жабыркаган. Ал мындан сырткары Алматы облусунда кош бойлуу аял көздөн жаш агызуучу нерседен жаракат алганын кошумчалады. Читать дальше...

Бийлик КТРКга "улуттук" макамын кайтаргысы келет

Azattyk.org 

Министрлер кабинети "Улуттук телерадиокорпорациясы тууралуу" мыйзам долбоорун жактырып, аны Жогорку Кеңешке жөнөттү. Анда коомдук биринчи каналга "улуттук" деген макам берүү каралган жана башкы директорун президент дайындайт деген жобо бар. Былтыр президент Садыр Жапаров Коомдук канал Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн гана кызыкчылыгын көздөп калганын айткан. Айрым медиа эксперттер башкы каналдын "улуттук" деген макамын кайра калыбына келтирүү аракетин сындап келет. "Улуттук телерадиокорпорациясы... Читать дальше...

Улуттук банк күмөндүү турак жай кооперативдери активдешкенин билдирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарга турак жай кооперативи сыяктуу күмөндүү уюмдар активдешкенин эскертти. Башкы банк учурда маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда ушундай институттардын жарнамалары көбөйгөнүн белгилейт. "Көпчүлүк учурларда кардарларга сатып алынган мүлктүн (кыймылсыз мүлк, унаалар ж.б.) наркынын 10-50% төлөө сунушталат. Калган сумманы кезеги келген кардарга (адатта 3 айдан 9 айга чейин) уюм кошуп, мүлктү алып берет. Эреже катары каржылоо иш-аракеттери башка кардарлардын акчалай салымдарынын эсебинен ишке ашат"... Читать дальше...

Орусия өзөктүк курал менен машыгуу өткөрө турганын жарыялады

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги президент Владимир Путиндин жетекчилигинин астында 19-февралда өзөктүк курал менен машыгуу өткөрө турганын жарыялады. Бул тууралуу мекеменин 18-февралдагы билдирүүсүндө маалымдалды. Аскердик иш-чарада баллистикалык жана канаттуу ракеталар атылат. Окутууларга Түштүк жана Түндүк аскердик округдарынын жана Кара деңиз флотунун аскерлери катышат. Машыгуунун алкагында аскердик башкармалыктардын, экипаждардын даярдыктары жана өзөктүк (ядролук) стратегиялык куралдардын мүмкүнчүлүктөрү сыналат. Читать дальше...

Пакистанда телепродюсерди атып кетишти

Azattyk.org 

18-февралда Пакистандын Карачи шаарында белгисиз жарандар Атар Матин аттуу телепродюсерди атып кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн полициясы кабарлады. 45 жаштагы медиа кызматкер Samaa деп аталган менчик маалымат телеканалында иштечү. Балдарын мектепке алып барып, кайтып келаткан учурда ага мотоциклчен адамдар ок чыгарышкан. Атар Матин окуя болгон жерде каза тапкан. Полициянын маалыматына караганда, күбөлөрдүн бир бөлүгү Матиндин машинеси менен кол салган кишилердин мотоциклин сүзүп алып чатак чыкканын айтса... Читать дальше...

Көчкү алдында калгандардын жакындары издөө ишине нааразы

Azattyk.org 

Жалал-Абадда кар астында калган 24 жаштагы Адилет Көккөзовдун жакындары издөө иштери жүрбөй жатканын айтып, "Азаттык" радиосуна кайрылышты. Алар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жардам болбой, жергиликтүү тургундар төрт суткадан бери өздөрү издеп жатканын айтышууда. "Көчкү 14-февралда жүргөн, ошондон бери эч ким барган жок. Азыр эл казып, эл эле кыймылдап жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам болгон жок. Министрлик менен сүйлөшкөндө аскерлер барат деп айткан, бирок барган жок. Читать дальше...

Таласта 13 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды

Azattyk.org 

Таластын Манас районунда 13 жаштагы кыз кош бойлуу экени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-февралда облустук ооруканын башчысынын орун басары Нургүл Момбекова "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, кош бойлуу кыз облустук ооруканага 16-февралда жаткырылган. Текшерүү учурунда анын 27 апталык боюнда бар экени аныкталган. Мындан сырткары, бейтап кичине кезинен эле талманын (эпилепсиянын) оор түрүнө чалдыкканы белгилүү болгон. "Бейтап ден соолугуна байланыштуу ичиндеги баланы убагына жетип төрөй албайт. Читать дальше...

ИИМ алдына жол кырсыктарын 50% азайтуу талабы коюлганы эскертилди

Azattyk.org 

Жол кырсыктары боюнча көрсөткүчтү 50% азайтуу талабы аткарылышы керек экенин бүгүн 18-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) коллегиясынын жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эскертти. Өкмөт башчы жол коопсуздугун камсыз кылуу милициянын негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, автомектептерге лицензия берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа үзүрүн бериши керектигин айтты. Буга чейин лицензияны Билим берүү жана илим министрлиги менен “Унаа” мамлекеттик ишканасы берчү. Читать дальше...


Музыкальные новости
НОПРИЗ

Уральские проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023





Rss.plus
Николай Патрушев

Патрушев заявил, что нелегальная миграция связана с угрозами терроризма




«Пришло время жить на своей земле»

В Королеве стартовал сезон фонтанов

Опубликован список запрещенных вещей на Параде Победы

Шестой ежегодный «Диктант Победы» прошел в чеховской гимназии № 2




Британия Орусиянын Донбасстагы жикчилдерди таануу аракетин айыптады

Azattyk.org 

Британия Орусиянын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган жикчилерди өз алдынча мамлекет катары таануу аракетин кескин айыптап чыкты. Британ тышкы иштер министри Лиз Трасстын билдирүүсүндө мындай аракет Минск келишимине каршы келерин жана ал диалогдун бүткөнүн, конфронтациянын башталышын түшүндүрөрү белгиленет. 15-февралда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" ("ДНР" жана "ЛНР")... Читать дальше...

Машиненин айнегин караңгылатуу боюнча жумушчу топ түзүлдү

Azattyk.org 

Автоунаалардын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн шарттарын иштеп чыгуу жана анын баасын аныктоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Жогорку Кеңеш 9-февралда Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Читать дальше...

Билл Гейтс Пакистанда балдардын шал оорусу жакында жок кылынарын маалымдады

Azattyk.org 

Microsoft компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири Билл Гейтс Пакистандагы полиомиелит (балдардын шал оорусу) илдетине каршы күрөшүү жакшы жемишин берип жатканын, өлкөдө бул вирус жакынкы жылдары толук жок кылынарын маалымдады. Бул тууралуу ал аталган өлкөнүн борбору Исламабадга жасаган иш-сапары учурунда айтты. Билл Гейтс менен анын мурдагы аялы Мелинда Гейтс дүйнө өкмөттөрү жана эл аралык уюмдар тарабынан ишке ашырылган Полиомиелитти жок кылуу боюнча дүйнөлүк демилге фондуна каржылык жардам көрсөтүп келет. Читать дальше...

Венгрияда кылмыш торуна илинген кыргыз жараны

Azattyk.org 

Венгрияда Кыргызстандын, Украинанын жана Молдованын жарандары "мыйзамсыз мигранттарды ташууга" шек саналып кармалды. Мажар полициясы билдиргендей, алар сириялык жана ооганстандык жарандарды Батыш Европаны көздөй ташып баратканда колго түшүрүлгөн. Венгриянын полициясы январь айында мыйзамсыз мигранттарды ташып бараткан кыргызстандык, украиналык жана молдовалык үч айдоочу кармалганын 8-февралда билдирди. Маалыматка ылайык, 7-январдан 8-январга караган түнү Венгриянын түштүгүндөгү Сербия менен чектеш... Читать дальше...

Түркия Кыргызстанга аскердик техника берди

Azattyk.org 

Түркия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө байланыш каражаттарын, автоунаа техникаларын жана башка жабдууларды берди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Техникаларды кабыл алуу иш-чарасына коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиев, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, Улуттук гвардиянын командачылыгы жана өздүк курамы катышты. Усубалиев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз... Читать дальше...

Казакстанда коомдук ишмерлер Нур-Султанды Астана аталышына кайтарууну талап кылышты

Azattyk.org 

Казакстандагы коомдук ишмерлер тобу "Ел болашағы" ("Өлкө келечеги") деп аталган кайрылуу кабыл алып, бийликтен саясий реформаларды талап кылышты. “Биз, ар кайсы тармактарда иштеген, бирок өлкөдөгү соңку кырдаалга кабатыр болгон Казакстандын жарандары ушул кайрылуубуз менен жалпы коомчулукка жана өлкө жетекчилигине республиканын келечегин куруу тууралуу көз карашыбызды жеткиргибиз келет”, - деп айтылат анда. Кайрылууда январдагы окуялар баяндалып, ага “катуу жана адилетсиз автократиялык режим” себеп болгону... Читать дальше...



Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Красноярцы и Джиган рассмешили Артемия Лебедева и вышли в финал «Звезд»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

Ramon Cardenas aims to cement his contender status agains Jesus Ramirez Rubio tonight



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России