Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 21.02.2022

Путин Донецк менен Луганск жикчил "республикаларын" тааныды

Azattyk.org 

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинынан тегерегиндеги кырдаал боюнча видео кайрылуу жасап, бул өлкөнүн чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялады. Бир сааттык кайрылуусунда ал Украина Минск келишимдерин аткарбай, бул аймактардагы калкты аткылоону улантып жатканын айтты. "Ушуга байланыштуу мурдатан бышып калган чечимди - “Донецк Элдик Республикасынын” жана “Луганск... Читать дальше...

Милиция кызматкеринин киши колдуу өлүмү, сот чечимине нааразылык

Azattyk.org 

Туура бир жыл мурда Алайда киши колдуу болгон милициянын 32 жаштагы лейтенанты Нурланбек Эркуловдун туугандары  соттун чечимине нааразы болууда. Алар өткөн аптада маалымат жыйын өткөрүп, кармалган үч кишинин экөө гана соттолуп, үчүнчүсү эркиндикте жүргөнүн айтып чыгышты. Милиция иш мыйзамдуу тергелип, сотко ашканын белгилеп жатат. Милиция кызматкеринин өлүмүнө шектелип жаткан Илгиз Черикчиев менен Бектурсун Салимжан уулу ар бири 15 жылдан соттолгон.  Өкүмдү Ош шаардык соту 14-февралда чыгарды. “Аталган эки жаран тергөөдө коюлган берене... Читать дальше...

Украинанын чек арасына топтолгон орус күчтөрү (Сүрөт баян)

Azattyk.org 

Maxar Technologies компаниясы спутниктен тартылган акыркы сүрөттөрдү жарыялады. Анда Орусия Белгороддун түндүк-батышында жана Солоти менен Валуйки аймагына жакын жерде чопкутталган техника менен аскерлерди чогултуп жатканын көрүүгө болот.



Украина Коопсуздук кеңештин чукул жыйынын чакырууну өтүндү

Azattyk.org 

Украина 21-февралда Орусиянын кол салуу коркунучун талкуулоо үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, чукул отурум өткөрүүнү өтүндү. Бул тууралуу украин тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба билдирип, президент Владимир Зеленскийдин тапшырмасы менен өзү ар кайсы мамлекеттерге расмий түрдө кайрылганын маалымдады. БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүндө кайрылуусунда Украина 1994-жылы өзөктүк куралдан баш тартуу аракети үчүн кепилденген коопсуздукту камсыздоону суранган. Читать дальше...

Казакстанда Январь окуялары боюнча 52 адам соттолду

Azattyk.org 

Ушул убакка чейин Январь окуялары боюнча 107 иш айыптоо корутундусу менен иликтенип бүтүп, 52 адам соттолду. Бул тууралуу 21-февралда Казакстандын Ички иштер министрлигинин Тергөө департаментинин башчысы Санжар Адилов атайын брифингде билдирди. Соттолгондордун 39унун эркиндиги чектелди, 13 адам камалды. Мындан сырткары ушул эле иштердин алкагында сот  34 айыпталуучунун бөгөт чарасын карап жатат. Адилов кабарлагандай, учурда ички иштер органдары 2729 кылмыш ишин иликтеп жатышат. Алар боюнча 250 адам кармалган. Читать дальше...

Орусиянын Коопсуздук кеңеши Донбассты мамлекет катары таануу маселесин карады

Azattyk.org 

21-февралда Орусиянын Коопсуздук кеңеши президент Владимир Путиндин төрагалыгы астында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн таануу маселесин карады. Жыйынды Путин өзү ачып, аталган аймактарда окуянын башталышына баа берди. Ал “Минск макулдашуусунун алкагында Донбасстагы кырдаал боюнча сүйлөшүү мындан ары уланарынан үмүт жок” деп айтты. Президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Дмитрий Козак “Киев Минск келишимин сактабай... Читать дальше...

Министрлер кабинети ишкерликтин 13 түрүн ККМден бошотууну сунуштады

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин сайтында соода-сатык, кызмат көрсөтүүдөгү көзөмөл-кассалык машинелерди колдонуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Анда ишкерликтин бул түрлөрүн ККМ аппаратынан бошотуу каралган. Алар: 1) баалуу кагаздарды сатуу; 2) лотерея билеттерин сатуу; 3) шаардагы коомдук транспорттун билетин жана талондорду сатуу; 4) жүргүнчү самалет жана поезддерде тамак-аш сатуу; 5) жеке кызмат көрсөтүү (бала багуучу, үй кызматкери, бакча жумушчусу жана малчы жалдоо); 6)... Читать дальше...

Мигранттардын абалы, депутаттардын талабы

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча тармактык комитети Орусиядагы мигранттарга жаралган тоскоолдуктар боюнча өкмөттүн маалыматын укту. Мигранттарга карата шарттардын катаалданышы ушул күндөрү спикер баштаган парламенттик делегациянын Москвага сапары учурунда дагы көтөрүлдү. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине мүчө болгону менен Орусиядагы мигранттарга жеңилдик берилбей жатканын айрым депутаттар айтып чыгышты. Кээ бири биримдиктен чыгуу маселесин көтөрө турган учур келгенин белгилешти. Читать дальше...



Машакаты көп маалымат мыйзамы

Azattyk.org 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар иштери министрлиги “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды аткаруу жолдорун иштеп чыкты. Ага ылайык, Санариптик өнүктүрүү министрлиги аркылуу кайсы сайтты жаап койсо болот. Жарандык коомдун, эл аралык коомчулуктун сын-дооматына карабай кол коюлган мыйзамдын иштеп кетиши башында эле күмөн жараткан. "Ак сөз" подкастында ушул теманы талдайбыз.

Михаил Саакашвили кайрадан ачкачылык жарыялады

Azattyk.org 

Грузиянын абакта жаткан мурдагы президенти Михаил Саакашвили кайрадан ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал дүйшөмбү күнү Тбилисидеги соттук отурумда билдирип, өзүнүн укуктары бузулуп жатканына каршы акция экенин маалымдады. Саакашвили бир нече айдан бери ага дарыгерди киргизбей жатышканын, өзүн кабыл алуу үчүн Европадан жана АКШдан келген невролог менен невропатологдор менен жолугуша албай жатканын даттанды. Ал тиешелүү консилиум өткөрүлүп, медициналык жардам көрсөтүлүшүн талап кылды. Михаил... Читать дальше...

Той-аш өткөрүүдө чектөөлөр кириши мүмкүн

Azattyk.org 

Мугалимдердин айлыгын жана пенсиясын көбөйтүү Жогорку Кеңеште көтөрүлдү. 30-40 жыл иштеп пенсияга чыккан мугалимдер айына 8-9 миң сом алышууда. Украинанын чыгышында атышуу кескин көбөйдү. Украин кризисин талкуулоо үчүн АКШнын жана Орусиянын президенттери жолугууга макул экенин билдиришти. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага сапарынын алкагында кыргызстандык мигранттардын түйшүгүн жеңилдетүү үчүн Бишкекте Орусиянын миграциялык борборун ачууну сунуштады. Быйыл Орусияда миграциялык эрежелер катуулап... Читать дальше...

Украинанын чыгышында кырдаал курчуду

Azattyk.org 

Украинанын чыгышында соңку күндөрү атышуу кескин көбөйдү. Айрым тургундар Орусиянын аймагына эвакуацияланууда. Ал ортодо АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путин бетме-бет жолугууга алдын ала макул болушту. Эки лидер кайда жана качан кезигери азырынча белгисиз. Украинанын чыгышында соңку күндөрү атышуулар кескин көбөйдү. Жергиликтүү тургундарды жикчил аймактын бийлиги Орусиянын Ростов, Волгоград, Пенза жана Саратов облустарына көчүрүп жатат. Аталган аймактардын баарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Читать дальше...

Ысык-Көлдө балык көбөйтүүнү көздөгөндөр

Azattyk.org 

Тоң районундагы балыктын икрасын иргеп, тандап өстүргөн ишкана быйыл 8 миллион сига менен 300 миңден ашуун форелдин чабагын көлгө чыгарууну пландап жатат. Эки жылда кыргыздын беш музыкалык аспабын үйрөнүп алган англиялык Самуэл Жорж эми дастанчылык өнөрү боюнча билим алууда.

Евробиримдиктин министри Босния-Герцеговина экиге бөлүнүп калышы мүмкүндүгүн эскертти

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы өкүлү Жозеп Боррел блоктун тышкы иштер министрлеринин отурумунда Босния жана Герцеговина бөлүнүп калышы мүмкүндүгүн эскертип, мунун алдын алуу үчүн ыкчам чараларды көрүүгө чакырды. “Босния жана Герцеговинадагы улутчулдар менен жикчилдердин үнү улам күчөп баратат жана керек болсо өлкөнүн стабилдүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө коркунуч жаратат. Ошондуктан Босния жана Герцеговинадагы бул динамиканы токтотуу жана өлкө экиге бөлүнүп калышын алдын алуу үчүн министрлер чукул чечимдерди кабыл алышы керек”... Читать дальше...

Мадмаров: ЕАЭКтен Орусиядагы миграциялык мыйзам тоскоолдук эмес деген жооп келди

Azattyk.org 

Кыргызстан Евразия экономикалык комиссиясына (ЕАЭК) Экономика министрлигинин атынан Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар Евразия экономикалык биримдигиндеги (ЕАЭБ) тоскоолдук деген кат жөнөткөн. Тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров ЕАЭКтен "тоскоолдук эмес" деген жооп келгенин билдирди. “Евразия экономикалык биримдигинин алкагында тоскоолдук деген кат берилген. Ал жактан тоскоолдукка кирбейт деген түшүндүрмөсү менен кат келди”, - деди Мадмаров. Тышкы иштер министринин... Читать дальше...

Тажикстанда соттолгон Айбектин беш баласы кыйналды

Azattyk.org 

Өткөн жылы Тажикстандын Согд облусунда эле 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолду. Ал эми башка аймактарында кармалып, жоопкерчиликке тартылгандар тууралуу так маалымат жок. Кармалгандардын жакындары парламенттен тартып, бийлик өкүлдөрүнө чейин кайрылып жардам сурашкан. Эки өлкөнүн сууп кеткен мамилесинен улам Кыргызстан жарандарын өткөрүп алууда көйгөй жаралууда.

Чек ара: Согд аймагында 39 кыргыз жараны соттолду

Azattyk.org 

Өткөн жылы Тажикстандын Согд облусунда эле 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолду. Ал эми башка аймактарында кармалып, жоопкерчиликке тартылгандар тууралуу так маалымат жок. Кармалгандардын жакындары парламенттен тартып, бийлик өкүлдөрүнө чейин кайрылып жардам сурашкан. Эки өлкөнүн сууп кеткен мамилесинен улам Кыргызстан жарандарын өткөрүп алууда көйгөй жаралууда.

Орусия Украинадан аткылоо болгонун кабарлады, Киев четке какты

Azattyk.org 

Орусиянын Федералдык чалгын башкармалыгы – ФСБ дүйшөмбү күнү Ростов облусундагы чек ара башкармалыгынын кызмат өтөө пунктуна Украинадан атылган артиллериялык ок тийгенин кабарлады. Мекеменин Коомчулук менен байланышуу борборунун маалыматында, объекти орус-украин чек ара сызыгынан 150 метрдей аралыкта жайгашкан. Окуядан жабыркагандар жок. ФСБ ок атуу болгон жердин видеосун да жарыялады. Окуя саат канчада, кайсы жерде болгону так айтылган эмес. ФСБнын маалыматы экинчи булактардан ырасталган жок. Читать дальше...

Депутат Чолпон-Атада саркынды суунун көлгө куюлуп кетүү коркунучун айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Максатбек Сарыбагышев Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы саркынды сууну чыпкалоочу жайдын абалы начар экенин билдирди. Эл өкүлү Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында саркынды суу топтолуучу жай жарактан чыгып, көлгө агып кетүү коркунучун эскертти. Сарыбагышев шаардын саркынды суусу жакшы тазаланбастан айрым айылдарга кетип жатканын айтты. “Ошол жерден чыккан суу топтолуп туруп эле элге кетип жатат. Кара-Ой айылынын үстүнө кетип жатат. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Ивлеева

Блогера Ивлееву оштрафовали на 50 тыс рублей за дискредитацию российской армии





Rss.plus
Шапка

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)




Лотерея, мастер-классы и шоу. В Москве пройдет фестиваль «Пасхальный дар»

«Автомобили-утопленники» из зон паводков начинают «всплывать» в регионах России

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья

Михаил Кокляев провёл разминку для гостей выставки «Россия»




Аба ырайы: Ош менен Баткендин тоолуу аймактарында кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызстанда 22-февралда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Ош менен Баткен облустарынын тоолуу аймактарында кар жаашы мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши ыктымал. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 9…14; Таласта түнкүсүн -3...+2, күндүз 8…13; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн 0…+5, күндүз 11…16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7; Нарын облусунда түнкүсүн -12…-17... Читать дальше...

"Улуу көчмөндөр мурасы": баштапкы капитал бир млрд. сомго жеткирилет

Azattyk.org 

Финансы министрлиги быйыл "Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин баштапкы капиталы бир миллиард сомго чейин жеткирилерин билдирди.  Ага ылайык, аталган министрлик бул мамлекеттик компаниянын түзүүчүлөрүнүн бири болот. Президент Садыр Жапаров 16-февралда “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингдин ишмердүүлүгүнө байланыштуу кеңешме өткөргөн. Анда мамлекеттик компания кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорду ишке ашыруу планын жарыялаган. Читать дальше...

Володин менен Мамытов миграция маселесин талкуулады

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик Думасынын спикери Вячеслав Володин менен Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 21-февралда Москвада жолукту. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы анда Мамытов Орусиядагы жаңы миграциялык эрежелерге байланыштуу маселе көтөргөнүн билдирди.  "Биз жумуш менен камсыз кылуу, Орусиянын аймагына кирүү үчүн керектүү жол-жоболордон өтүү үчүн кыргыз тараптын көмөгү менен Кыргызстанда Орусиянын миграциялык борборун ачуунун максаттуулугун карап көрүүнү өтүнөбүз",-деди Мамытов.  ... Читать дальше...

Ошто сот кызматкерлерине мыйзамсыз камоо боюнча иш козголду

Azattyk.org 

Ош облусунун прокуратурасында Кылмыш-жаза кодексинин 191-беренеси (“Мыйзамсыз камакка алуу же камакта кармоо”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады. “Ош облустук сотунун жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз жана негизсиз аракеттеринен улам, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 59-беренесинин талабы одоно  бузулуп, “И.Б.” аттуу адам 4 күн мыйзамсыз камакта кармалган”, - деп айтылат маалыматта. Башкы көзөмөл органы... Читать дальше...

Казакстанда мурдагы коргоо министри кармалды

Azattyk.org 

Казакстандын мурдагы коргоо министри Мурат Бектанов кармалды. Бул тууралуу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын сайтында жарыяланды. Анда айтылгандай, прокуратура быйыл январдагы окуялар учурунда Бектенов кызматта туруп, эч кандай аракет кылган эмес деген негизде 19-февралда кылмыш ишин козгогон. Ал 20-февралда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Калган маалыматтар “тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу ачыкталган эмес”. Мурат Бектанов Казакстандын Коргоо министрлигин 2021-жылдын августунан бери жетектеп келген. Читать дальше...

Орусияда Навальныйдын экинчи иши боюнча сот отуруму уланды

Azattyk.org 

21-февралда Орусиянын Владимир облусунун Покров шаарында оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга коюлган жаңы айып боюнча сот отуруму уланды. Ишти Москванын Лефортовский райондук соту көчө жыйында тергеп жатат. Соттук иш 15-февралда башталган. 45 жаштагы Навальный ишмердиги токтотулган Коррупцияга каршы күрөшүү фонду аркылуу "акчанын изин жашырган" жана "Москвада судьяга акаарат келтирген" деп айыпталып жатат. Дүйшөмбү күнкү отурумда Навальныйдын жаңы адвокаты Евгения Соломатованын ишти таанышуусу менен башталды. Читать дальше...



Москва

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

НОПРИЗ

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России