Украин премьери орус күчтөрү Чернобыл АЭСин басып алганын кабарлады
Чернобыл атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагы толугу менен Орусиянын оккупациялык күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал атайын басма сөз жыйынында билдирди. “Айыгышкан кармашка карабай Чернобыл аянтчасын биз көзөмөлдөн чыгарып жибердик. Мурдагы атомдук электр станциясындагы объектилер, конфайнмент жана өзөктүк калдыктарды сактоочу жайлардын абалы белгисиз. Орусиялыктардын бул багыттагы эч бир маңызсыз чабуулдарынан кийин, ЧАЭСтин коопсуздугу жөнүндө кеп кылуу кыйын. Читать дальше...