Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 10.02.2022

Таразда Кыргызстандын эки жараны камакта жатат

Azattyk.org 

10-февралда Кыргызстандын Акыйкатчы институту, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү Казакстандын Тараз шаарында камакта жаткан кыргыз жарандарынан кабар алышты.  Таразда эки кыргызстандык камакта экени белгилүү болду.  Колуна ок тийген Талгат Кыргыз жараны Талгат Темиркан уулу коңшу Казакстандын Тараз шаарында убактылуу кармоочу жайда жатканына бир нече күн болду. Январдагы окуяларга катышкан деген шек менен аны казак полициясы кармап, кайра бошоткон. Бирок 28-январда Казакстандын... Читать дальше...

Тажикстанда ооган качкындары үчүн лагер курулат

Azattyk.org 

Тажикстандын Хатлон облусунда оогандык качкындар үчүн атайын лагер курулат. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн бийлиги 9-февралда билдирди. Ооганстандан качып киргендер ушул лагерге жайгаштырылмакчы. Жакын арада эл аралык коомчулуктун колдоосу менен бир нече лагер курулары маалым болду. Буга чейин Тажикстанда оогандык качкындар үчүн лагер курууга жетимиш гектар жер бөлүнгөн. Талибдер Кабулда бийликти басып алгандан бери Тажикстанга кирген качкындардын саны өскөн. Расмий маалыматка ылайык, учурда кошуна... Читать дальше...

Активист Мирлан Ураимов эки айга камалды

Azattyk.org 

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү, активист Мирлан Ураимов УКМКнын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды. Мындай өкүмдү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарганын анын жактоочусу Жыргалбек Бабаев "Азаттыкка" билдирди. Бүгүн, 10-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин имаратынын жанында Ураимовдун бошотулушун талап кылган акция өткөн.  УКМК Ураимовду 8-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” беренеси менен айыптап кармаган. Читать дальше...



Криптовалюта: байып кетүүнүн жолубу же азгырыкпы?

Azattyk.org 

Кытайда криптовалюта өндүрүүгө тыюу салынгандан кийин Казакстан биткоин жасоодо экинчи орунга чыкты. Кыргызстанда болсо электр энергиясынын тартыштыгынан улам санариптик акчаны майнинг кылгандар чектелип турушат. Ал ортодо криптовалюта алып-саткан кыргызстандыктар арбып жатат. Мунун артында кандай пайда, кандай тобокелчиликтер бар? Алданып калбаш үчүн эмнелерди эске алыш керек? “Биз жана Дүйнө” программасында криптовалютаны майнинг кылуунун жана аны менен иштөөнүн күңгөй-тескейи талданды.

Араванда “Йакын-Инкар” кыймылынын сегиз мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгы Араван районунда Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган “Йакын-Инкар” диний экстремисттик кыймылынын сегиз мүчөсү январь айында кармалганын билдирди. Облустук милицинын маалыматына ылайык, алар Араван районунун тургундарына үгүт-насаат иштерин жүргүзүп жүрүшкөн. Шектүүлөр “Йакын-Инкар” кыймылынын идеологияларын жайылтканы үчүн буга чейин Бишкектин Октябрь райондук соту тарабынан сот жообуна тартылганы белгилүү болду. Кармалгандардын кичүүсү 21, улуусу 53 жашта. Читать дальше...

Пакистанда мугалим жаратканга акаарат келтирди деп өмүр бою кесилди

Azattyk.org 

Пакистандагы сот хинди улутундагы мугалимди жаратканга акаарат келтирди деген айып менен өмүр бою абакка кести жана 300 доллар төлөөгө милдеттендирди. Наутан Лал 2019-жылдын сентябрында кармалган. Анын алдында тараган видеодо окуучулар мугалим Мухамед пайгамбарга акаарат сөздөрдү айткан деп күнөөлөшкөн. Ошондон кийин жергиликтүү молдо полицияга арызданган. Лалдын тууганы "Машал" радиосуна айтып бергендей, анын күнөөсүн тастыктай турган күбөлөр жок. Анын айтымында, хинди жамааты мусулмандар үстөмдүк кылган аймакта коркутууларга туш болушат. Читать дальше...

Викрам Рузахунов Алматыда кыйноого кабылганын билдирди

Azattyk.org 

Казакстанда январь окуяларында кармалып, кийин мекенине жеткирилген пианист Викрам Рузахунов коңшу өлкөдө кыйноого кабылганын билдирди. Ал Instagram баракчасына 10-февралда “Казакстанда журналисттерге атайын уюштурулган маекти бербесем, кайда экенимди эч ким билбей калмак” деп жазды. “Мен журналисттерге (Казакстанда-ред.) менин айткандарыма эч ким ишенбей турганын жана Кыргызстанда жумушум бар экенин айтсам, алар укпай коюшту. Жүздөгөн негизсиз камалган, бейкүнөө адамдардын ичинен мени тандап, сценарийди жаттатып... Читать дальше...

Рузахунов Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыкты

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровго “чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Казакстандагы Январь окуялары учурунда кармалып, кийин коё берилген кыргызстандык пианист Викрам Рузахунов ошол күндөрү Алматыда күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыкты. Улуу Британия менен Орусиянын башкы дипломаттары украин кризисин талкуулашты. Британия эгер Москва Украинага кол салса кесепеттери болуп көрбөгөндөй жаман болоорун эскертти.



УКМК: Ошто санэпидкөзөмөлдүн директору кармалды

Azattyk.org 

Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө мекемесинин директору (“О.С.М.”) 9-февралда Кылмыш-жаза кодексинин “Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесине шек саналып кармалды. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун жана Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн кызмат адамдары жеке пайданы көздөп контролдук-көзөмөлдөө милдеттерин так аткарган эмес. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Читать дальше...

Жонсон: Европа ондогон жылдардан берки олуттуу кризиске кептелди

Azattyk.org 

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Орусиянын украин чегине аскерлерин тартышы Европаны ондогон жылдардан берки олуттуу кризиске кириптер кылганын билдирди. Өкмөт башчы Брюсселде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен биргелешкен басма сөз жыйын өткөрүп жаткан чакта британ тышкы иштер министри Лиз Трасс Москвада орусиялык кесиптеши менен сүйлөшүү жүргүздү. Европалык лидерлер жана дипломаттар украин-орус чек арасындагы чыңалууну басаңдатуу аракетин көрүп келатышат. Жонсон кризис эң кооптуу чекке жеткенин эскертип... Читать дальше...

Украина-Орусия кризиси: Москвадагы жолугушуу, Беларустагы машыгуу

Azattyk.org 

Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс 10-февралда Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Бул арада Беларуста Орусия менен биргелешкен машыгуу башталды. Батыш өлкөлөрү Украинанын чек арасына жакын 100 миңдей орус аскерлеринин топтолушунан кооптонуп жатат. Трасс менен Лавровдун кездешүүсү Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кездешүүсүнүн киришүү бөлүгүн жергиликтүү басылмалар түз чагылдырышты. Лавров анда эки... Читать дальше...

Маданият кызматкерлери турак жайга байланыштуу президентке кайрылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 10-февралда турак жайы жок, мамлекеттик маданий мекемелерде эмгектенген кызматкерлер президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасашты. Бишкекте маалымат жыйын өткөргөндөрдүн арасында Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында эмгектенген өнөр адамдары бар. Алар 5000 сомдон 10 000 сомго чейин айлык аларын, үйгө жетпей батир жана жатаканаларда жылдап жашоого аргасыз экенин айтып чыгышты. Читать дальше...

Украинанын омбудсмени крым татарларын кармоону айыптады

Azattyk.org 

Украинанын Омбудсмени Людмила Денисова крым татарларынын 4 активистин кармоону айыптады. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы аннексияланган жарым аралда Ансар Османов, Эрнест Сейитосманов, Марлен Мустафаев жана Аметхан Абдуляповду 9-февралда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун ишмердигин уюштурган деген айып менен кармаган. Ошол эле күнү алар 7-апрелге чейин камакка алынган. Денисова эл аралык коомчулукту “баскынчы режимдин мыйзамсыз аракетине реакция кылууга, Орусиянын убактылуу оккупацияланган аймакта... Читать дальше...

Жейрендер жер кыртышын сактайт

Azattyk.org 

Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун кызматкери Аскар Давлетбаковдун демилгеси менен Ысык-Көлдүн тескей тарабына Өзбекстандын Бухара облусунан жейрендер жеткирилди. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен келген 15 жейрен азыр Тоң районунда атайын корукта багылууда. Бул сейрек жаныбар "Кызыл китепке" киргизилген.

Украина Орусиянын Кара деңиздеги машыгуусуна нааразы

Azattyk.org 

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын машыгуу өткөрүү шылтоосу менен Кара жана Азов деңиздеринин бир бөлүгүн, Керч кысыгын тосуу чечимине нааразылыгын билдирди. Билдирүүдө айтылгандай, суудагы жолдордун ири бөлүгү соода кемелери үчүн жабык болмокчу. Бул өз кезегинде Украинанын портторуна залакасын тийгизерин билдирген министрлик,  Орусиянын аракетин “гибриддик согуштун бир бөлүгү” деп атады. Буга чейин Black Sea News басылмасы 13-19-февраль күндөрү кемелер үчүн жабык болчу аймактын картасын чыгарган. Читать дальше...

Сахнадан түшпөгөн "Ханума"

Azattyk.org 

Соңку жылдары коомдо кызуу талкууланган гендердик маселе, аялзатын басмырлоо, зомбулук сыяктуу терс көрүнүштү Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык драма театры өткөн доордун 80-жылдары Авксентий Цагарелинин "Ханума" музыкалык комедиясы аркылуу көтөрүп чыккан эле. Спектаклде окуя Грузиянын Тбилиси шаарындагы Авлабар районунда Ханума аттуу шуулдаган шайдоот аял менен Кабатонун бири-бирине жуучулук эрегишүүсү жана карыя канзаада Вано Патиашвилиге жаш колукту алып беребиз деген кызыктуу окуясы камтылып... Читать дальше...

Кыргызстанда 61 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт

Azattyk.org 

Кыргызстанда учурда 61 өлкөнүн жарандарына визасыз режим иштейт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 2021-жылдагы тышкы саясий ишмердигинин негизги жыйынтыктары жөнүндөгү маалыматта айтылат. Кыргызстан 2021-жылы 60 күндүк визасыз режимге уруксат берген өлкөлөрдүн санын дагы толуктаган. Ага Албания, Болгария, Вьетнам, Израил, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика мамлекеттери кирген. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алышат. Кыргызстандын... Читать дальше...

Мадумаров: Мага “Чыккынчылык" беренеси менен иш козголду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Бул тууралуу ал 10-февралда “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып айтты. Мунун алдында парламентте депутатты жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган. Читать дальше...

Жапаровдун өкмөтүнүн жүз күнү

Azattyk.org 

Жаңы Конституцияга ылайык, биринчи дайындалган Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун иштеп жатканына 8-февралда 100 күн болду. Өкмөт экономикалык өнүгүүгө түрткү берүү үчүн дымактуу реформаларды убада кылган. Программалык максаттарын турмушка ашырууда кандай иштер жасалып жатат? “Экономикалык ийгиликтердин алгоритми – бул улуттук биримдик, эрк, жарандык жогорку жоопкерчилик жана күжүрмөн эмгек. Өлкөнү мындан ары карай өнүктүрө турган төрт факторго көңүл бурабыз. Биринчи, капиталга болгон жеткиликтүүлүк. Читать дальше...


Музыкальные новости
Певица

Певица Ольга Бузова прошла плановый осмотр в больнице





Rss.plus
Росгвардия

Генерал-полковник Алексей Воробьев высоко оценил подготовку кинологов Росгвардии к предстоящим соревнованиям по профессиональному многоборью




Стасу Михайлову исполнилось 55

Понедельник начинается в субботу. Выпуск 2

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week

В Мытищах молодые пожарно‑спасательные команды проверили свои навыки




Өкмөт электр станция кургандарга жеңилдик берүүнү көздөп жатат

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте энергетика маселеси талкууланган жыйында Кыргызстанда чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдик каралганын билдирди. “Салык кодексинде күндүн нуру же ГЭСтерге алып келе турчу жабдыктарга бардык салыктарды алып салдык. 15 жылга чейин жеңилдик берип жатабыз. Кура тургандар болсо электрди сатып алалы деп жатабыз. Сатып алганда дагы сом менен эмес, эгерде инвесторуңар же насыяңар доллар менен болсо, анда биз доллар менен... Читать дальше...

Мадумаров өзүнө “чыккынчылык" беренеси менен иш козголгонун айтты

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Мадумаров “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, муну “жүз пайыз саясий иш” деп атады. Депутатты жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган. Мыйзамга ылайык... Читать дальше...

Казак чек арачылары кармап кеткен студенттин маселеси көтөрүлдү

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасынан казак чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык студенттин маселеси парламентте бүгүн,  10-февралда да көтөрүлдү. Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев бул боюнча бир ай мурда протоколдук тапшырма берилгенин, азыркыга чейин натыйжа болбой жатканын айтты: “Бүгүн да протоколдук тапшырма берели. Ошол инибизди ата-энесинин колуна кайтарып, мамлекеттик деңгээлде чечип берсек болот эле”. 22 жаштагы Сыймык Өмүрбек уулу 10-январда кармалган. Апасы Чынара Тамаева окуя Ысык-Көл... Читать дальше...

Башкы прокуратура Мадумаровду жоопко тартууга уруксат сурады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган. Мыйзамга ылайык, башкы көзөмөлдөөчү органдан кайсы бир депутатты жоопко тартууга уруксат алуу тууралуу өтүнүч келип түшсө, Жогорку Кеңеш 48 сааттын ичинде жыйынга чогулуп, депутаттык комиссия түзүлүшү керек. Читать дальше...

Депутат Түлөбаев Мадумаровдун иши боюнча президентке кайрылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев президент Садыр Жапаровдон чек ара протоколу боюнча маселе көтөрбөөнү суранды.  Түлөбаев 10-февралда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат  Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат берүү тууралуу Башкы прокуратуранын өтүнүчү талкууланган жыйында сүйлөп жатып, өткөндөн сабак алууга чакырды. “Талант Турдумаматович,  сиз дагы куугунтук көргөнсүз, Исхак Абсаматович дагы куугунтук көргөн, ажобуз дагы, Камчыбек Кыдыршаевич абакта жаткан. Мындан сабак алабызбы? Читать дальше...

Элчилик: Орусиядагы дүкөнчүнүн өлүмүнө кыргыз жарандарынын тиешеси жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва облусундагы "Пяторочка" дүкөнүнүн сатуучусунун тонолушуна жана киши колдуу болушуна кыргыз жарандарынын тиешеси тууралуу маалыматтарды жокко чыгарды. Анда "элчилик жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн жана социалдык тармактардын колдонуучуларын такталбаган маалыматтарды таратпоого жана расмий маалыматка гана таянууга чакырат", деп айтылат. Мунун алдында айрым бир басылмалар кандуу окуя 9-февраль күнү аталган облустагы Истра шаарында болгонун, кылмышка... Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Денис Мацуев

Денис Мацуев выступит на фестивале "Владивостокские сезоны" в рамках ВЭФ-2024




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


Елена Рыбакина

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Huawei представила IDS на 26-м Всемирном энергетическом конгрессе



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России