Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 03.02.2022

Эрдоган менен Зеленский Москва-Киев ортосундагы кырдаалды талкуулады

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-февралда Киевге барды. Ал украин лидери Владимир Зеленский менен Москва-Киев ортосундагы кырдаалды талкуулады. "Мен мурда эле белгилегендей, Түркия эки мамлекеттин ортосундагы кризиске чекит коюу үчүн баардыгын кылууга даяр. Биз кубануу менен лидерлердин деңгээлинде же техникалык делегациялардын деңгээлинде жыйын өткөрүп бере аларыбызды бүгүнкү сүйлөшүүдө да билдирдим",-деди Эрдоган. Эрдоганга чейин Киевге НАТОго мүчө Британия, Польша жана Нидерланддын лидерлери келип кетишкен. Читать дальше...

Казак бийлиги кыйноо фактыларын иликтөөгө даяр экенин билдирди

Azattyk.org 

Казакстан бийлиги январдагы окуяларда ашыкча күч колдонулган болушу мүмкүн экенин мойнуна алып, кыйноолор жана негизсиз кармалгандар тууралуу фактыларды иликтөөгө даяр экенин билдирди. 3-февралда Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, "Казакстан негизсиз кармалгандар, кыйноого кабылгандар жана ашыкча күч колдонуу боюнча окуяларды айыптайт" деп жазылган. Арыздардын баарын тергөө органдары иликтеп жатканы белгиленет. Министрлик Башкы прокуратуранын маалыматына таянып, ушул тапта "тергөө жүргүзүүдө... Читать дальше...

Сотто Орхан Инанды өзүнө тагылган айыптарды четке какты

Azattyk.org 

3-февралда Түркиянын башкалаасы Анкарада Кыргызстандын жарандыгын алган теги түркиялык Орхан Инандынын кезектеги соту өттү. Бул тууралуу "Сабах" басылмасы билдирди. Сотто Орхан Инанды ушул жашка чейин эч кандай мыйзамсыз иш-аракеттерге барбаганын айткан. Ошондой эле ал Кыргызстанга "Сапат" билим берүү мекемелеринде иштөө үчүн барганын, 2001-жылдан бери бул мекемелердин директорлор кеңешинин төрагалыгын аркалаганын билдирген.  Орхан Инанды Түркиядагы төңкөрүш аракетин айыптап, аны жасагандар жазаланышы керектигин айтты деп жазды басылма. Читать дальше...



Орусия Берлинге жооп кылып "Немис толкунун" жаба турганын билдирди

Azattyk.org 

Орусия Берлинге жооп катары "Немис толкуну" (Deutsche Welle) медиасын жабарын билдирди. Бир күн мурун Германия бийлиги Кремл көзөмөлдөгөн RT DE (мурдагы Russia Today) телеканалынын берүүлөрүнө тыюу салган. Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө, DWнын өлкө ичиндеги баардык кызматкерлеринин аккредитациясы жокко чыгарылары жана аталган медианын көрсөтүүлөрүнө өлкө аймагында тыюу салына турганы айтылды. Бул немис компаниясына каршы кабыл алынган чаралардын биринчи баскычы экени баса белгиленген. Читать дальше...

Өзбекстанда "Тик-Токко" бөгөт коюу сунушталды

Azattyk.org 

Өзбекстандын "Адолат" партиясы TikTok социалдык тармагына бөгөт коюуну сунуштады. Партиянын активисттери мындай демилге "жаштарды элге жат көрүнүштөрдөн жана көз караштардан коргоо максатын" көздөгөнүн айтууда. "Жакында эле болгон жагымсыз окуяны эске алуу менен керек болсо биз интернетте пайдадан дагы зыяны көбүрөөк мобилдик тиркемелерди толугу менен өчүрүп салышыбыз зарыл",-деп жазылат партиянын билдирүүсүндө. Мурдараак TikTok социалдык тармагында улгайган кишини башка тээп качып кеткен өспүрүмдүн видеосу жайылган. Читать дальше...

Министрликтин реформасы: Бейшеналиев менен Жумабековдун тиреши

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков бири-биринин ишмердүүлүгүн сындап чыгышты. Жумабеков министрге жооп берди Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди "жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат" деп айыптады. Ал 3-февралда журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп, президентке кайрылды. Читать дальше...

Кыргыз-түрк достук ооруканасын кыргыз тарап башкарат

Azattyk.org 

Бишкектеги кыргыз-түрк достук ооруканасын башкаруу кыргыз тарапка берилгенин Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Ооруканага жаңы жетекчи болуп Осмонали Масалиев дайындалды.  Буга чейин Бишкек шаарында курулган оорукананы Кыргызстан менен Түркия үч жыл чогуу башкара турганы айтылган. 2016-жылдын июнь айында курула баштаган оорукана 2017-жылы аяктап, иштей баштамак. Бирок ар кандай себептер менен толук ачылган эмес. Ал өз кезегинде бир топ нааразылык жараткан. 2020-жылы... Читать дальше...

Орусиянын опузасы, Украинанын убарасы

Azattyk.org 

Батыш менен Орусиянын тиреши күч алды. Украинанын чек арасынын жанында жүз миңден ашуун орус аскери топтолуп турат. Орусия “НАТО Украинадан, Борбор Азиядан оолак турушу керек” деп катуу талап коюуда. Москва эмнени көздөйт? Бул маселеде Кыргызстандын позициясы кандай?



Байден "ИМ" террордук тобунун лидери жок кылынганын билдирди

Azattyk.org 

АКШ президенти Жо Байден "Ислам мамлекети" террордук тобунун лидери Ибрагим аль-Хашими аль-Кураши Сириядагы атайын операциянын жүрүшүндө жок кылынганын билдирди. Байден 3-февралда жасаган билдирүүсүндө, операция Сириянын түндүк-батышында жүргүзүлгөнүн жана ага катышкан америкалык аскерлер ийгиликтүү кайтканын кошумчалады. Буга чейин Пентагон рейд жүргүзүлгөнүн кабарлаган. Associated press маалымат агенттиги окуянын күбөлөрүнө таянып, эки саатка созулган операция маалында 13 киши, анын ичинде алты бала, төрт аял каза болгонун жазды. Читать дальше...

Оппозициялык саясатчылар камактан чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту “бийликти күч менен басып алууга” шек саналып, камакта жаткан саясатчы Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевди үй камагына чыгарды. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун тиреши курчуду. АКШ Европага үч миңдей аскерин жөнөтөт. Өткөн аптада Пентагон сегиз жарым миң жоокер Европага аттануу үчүн “күжүрмөн даярдыкта” турганын билдирген.

Качкындардын өлүмү. Түркия менен Грекия бири-бирин айыптады

Azattyk.org 

Түркиялык куткаруучулар Грекия менен чек арага жакын жерде сууктан тоңуп өлгөн он тогуз мигранттын сөөгүн тапты. Анкара бул окуяга Грекияны күнөөлөп, "алсыз жана ырайымсыз" деп сыпаттаган. Ал эми Афины "мындай билдирүү негизсиз" деп жооп кайтарды.  Түркиянын батышындагы Эдирне аймагынын жергиликтүү бийлиги 2-февралда Түркиядан Грекияга мыйзамсыз өтүп бараткан 24 иммигрант кайра артка жөнөтүлүп, чек арада 19у тоңуп каза болгонун "Твиттерден" кабарлады. Алгач түрк чек арачылары тогуз качкындын сөөгүн тапкан. Читать дальше...

Украина-Орусия кризиси: АКШ Европага аскер жөнөтөт

Azattyk.org 

Украин-орус чек арасындагы чыңалууга байланыштуу АКШ өз аскерлерин Европадагы өнөктөштөрүнө жөнөтө турган болду. Батыш Орусия Украинага жакын арада чабуул жасашы мүмкүн деп кооптонууда. Москва муну төгүндөгөнү менен украин чегине жакын топтолгон 100 миңдей аскерин артка кайтара элек. Ал тургай Беларус менен чогуу машыгуу баштаганы турат. АКШнын жүрүшү Кошмо Штаттар үч миңдей жоокерин Европага жөнөтөрүн Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби 2-февралда маалымдады. Алардын эки миңи Польша жана Германияга барат. Читать дальше...

Бектурганов: Кыргызстан COVID-19дун төртүнчү толкунунун чегинен өттү

Azattyk.org 

Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов коронавирус жуккан учурлар, ооруканага жаткырылган бейтаптардын санына карап өлкө вирустун төртүнчү толкунунан чегинен өттү деп айтса болорун маалымдады. Жыйында Кыргызстандын аймагына келген жарандардан ПЧР-тест талап кылуу эрежесин алып салуу жагы да каралды. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакынкы күндөрү өлкөдө карантин чаралары жеңилдей баштарын билдирди. Читать дальше...

"Немономиф": Окумуштуулар изилдеген маңкуртчулук

Azattyk.org 

Кыргызстанда жарык көрүп жаткан "Немономиф" журналынын үчүнчү саны маңкуртчулук темасына арналды. Басылма “Эсимде” изилдөө аянтчасы тарабынан кыргыз жана орус тилдеринде басылып чыгып, Борбор Азия чөлкөмүндөгү тарыхый изилдөөлөр, маданият жана тил маселелери боюнча макалаларды жарыялап жатат. Журнал коомчулукка кеңири тарай элек. Ошондуктан биз журнал жана анда көтөрүлгөн темалар тууралуу учкай кеп кылабыз. Эмне үчүн “Немономиф”? Журналдын түзүүчүлөрүнүн бири, тарыхчы Гүлзат Алагөз кызы анын кызыктуу аталышын мындайча чечмеледи... Читать дальше...

Кыргызстан Тажикстандын студенттер тууралуу дооматын четке какты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларда тажикстандык студенттерге "атайлап тоскоолдук жасалып жатат" деген дооматты негизсиз деп билдирди. Мекеме берген маалыматта "эгер студент келишимде каралган шарттарды толук аткарбаса, башкача айтканда, контракттык төлөмдөн же академиялык карызы болсо окуу жай сөзсүз түрдө карыздары жоюлмайынча анын документтерин бере албайт. Бул Тажикстандын жарандарына эле эмес, Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү жалпы талап. Андан башка жасалма тоскоолдуктар жок" деп айтылат. Читать дальше...

Столтенберг: Москва Беларуска заманбап курал-жарак жөнөттү

Azattyk.org 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг 3-февралда Брюсселде өткөн маалымат жыйында Москва Беларуска 30 миңдей аскер жана заманбап курал жөнөткөнүн билдирди.  Анын айтымында, Беларуска орус тараптан СУ-35 истребителдерин, «Искандер» ракеталык комплекстерди, С-400 зениттик-ракеталык комплекстерди жиберди. НАТОнун баш катчысы орус агрессиясы олуттуу кесепеттерге туш болорун дагы бир ирет эскертти. Орусия менен Беларус аскердик машыгуу өткөрөрүн январь айында жарыялаган, бирок канча аскер жана техника жөнөткөнүн тактаган эмес. Читать дальше...

Бийликти басып алууга айыпталган Курсан Асанов үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту бийликти күч менен басып алууга шек саналып кармалган ички иштер министринин мурдагы орун басары, экс-депутат Курсан Асановдун бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарды. Асанов менен кошо президенттик шайлоо маалында Алмаз Сарыбаев дагы камалган. Анын алдында экөөнүн телефондон сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Камалгандар аны "фейк" деп аташкан. ИИМ Курсан Асанов “башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп... Читать дальше...

“Чек арада каза болгон уулум көгүчкөн болуп кайтып келгендей...”

Azattyk.org 

Баткендин Көк-Таш айылынын тургуну Жалил Каработоевдин баласы бир жыл мурун чек арадагы жаңжалда каза болгон. Анын сөөгү жерге берилгенден кийин үйүнө жалгыз көгүчкөн учуп келип, баласын жоготкон атанын жанынан чыкпайт. Жалил Каработоев үйүн байырлаган канаттууну баласынан келген белги деп билет.

"Эл ынтымагы" уюмунун бийликти басып алууга айыпталган мүчөлөрү бошотулду

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен кармалган Бекназар Купешов менен Нурбек Калекеевди 2-февралда эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 2021-жылы парламенттик шайлоонун алдында, 26-ноябрда "бийликти күч менен басып алууга даярданган" деген шек менен 15 адам кармалганын маалымдаган. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Бакытбек Жетигенов... Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

«Это будет для вас сюрприз и фурор!»: Анастасия Волочкова взяла с собой на Мальдивы свадебное платье





Rss.plus
Спартак

«Спартак» набрал больше всех очков в играх с командами из верхней половины таблицы РПЛ




Полиция проверит задержки возврата денег клиентам криптобиржи Beribit

Понедельник начинается в субботу. Выпуск 2

Российский дзюдоист Башаев завоевал бронзу чемпионата Европы

Обвиняемый в даче взятки замминистру обороны Иванову Фомин обжаловал свой арест




Грекияга Түркия аркылуу өтүүнү көздөгөн 19 мигрант тоңуп өлдү

Azattyk.org 

Түркиялык куткаруучулар Грекия менен чек арага жакын жерде сууктан тоңуп өлгөн 19 мигранттын сөөгүн 2-февралда тапты. Өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу грекиялык чек арачыларды "мигранттарды өткөрбөй, алардын бут кийимдерин чечип алып кайра артка жиберген" деп айыптады. Министр "Твиттерге" жазган билдирүүсүндө, мигранттар кайсы мамлекеттен экенин жазган эмес. Грекиянын Миграция министри дароо жооп кайтарып, түрк бийлигинин маалыматын "жалган, чагым" деп атады. Анын айтымында, мигранттар чек арага жеткиче эле тоңуп калышкан. Читать дальше...

Пакистанда аскер базаларга болгон чабуулдан 20дай адам көз жумду

Azattyk.org 

Пакистандын ички иштер министри Рашид Ахмад 3-февралда билдиргендей, Белужистан провинциясындагы эки аскер базасына кол салуу болгон. Анда төрт аскер жана 15 козголоңчу көз жумган. Чабуул үчүн "Белужистан боштондук армиясы" деп аталган жикчил топ жоопкерчилик алды. Өткөн жумада аталган топ Гвадар портунун жанындагы аскердик бекетке кол салып, он жоокер көз жумган. Премьер-министр Имран Хан аскерлер "баатырларча курман болгонун" билдирди. Белужистанда партизандар кошуундары өкмөткө каршы ондогон жылдардан бери акцияларды уюштуруп келишет. Читать дальше...

Владимир Кличко украин армиясына кошулду

Azattyk.org 

Бокс боюнча мурдагы чемпион Владимир Кличко Киевди коргоо бригадасына запастагы аскер каттары катталды. Ал азыркы кырдаалда мекенин коргоого милдеттүү экенин билдирди. «Мекеним геосаясий кыйынчылыктарга туш болуп жатканын көрүп, бул жакка келбей кое албадым. Ошондуктан шаардын жана өлкөнүн коргоо бригадасына катталдым»,-деди Кличко 2-февралда. Владимирди агасы, Киев шаарынын мэри Виталий Кличко да колдоп, ошентсе да Орусия менен Украина ортосундагы кризистин дипломатиялык жол менен чечилиши туура болорун кошумчалады. Читать дальше...

Байден менен Макрон Украина кризисин талкуулады

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден жана Франциянын лидери Эммануэл Макрон 2-февралда Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулашты. Эки лидер эгер Орусия Украинага бастырып кирсе, Москвага каршы санкция киргизүү маселесин сүйлөштү. Бул тууралуу Ак үй билдирди. Макрон жакын арада Владимир Путин менен сүйлөшөрүн айтты. Орус лидери менен жакын арада Германиянын канцлери Олаф Шольц да жолугарын ZDF телеканалына берген маегинде билдирди. Шольц Москвага качан барарын тактаган жок. Буга чейин Британиянын... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-тажик чек арасында 27-январда болгон окуя боюнча Тажикстандын парламентине кайрылуу жолдоду.  Аны 3-февралдагы парламент отурумунда депутат Камила Талиева окуду. "Эки тараптуу жана көп тараптуу келишимдерге, ынтымак, коңшулаштык жана өз ара колдоочулук мамилеге каршы келген кезектеги чек ара жаңжалына олуттуу тынчсыздануубузду билдиребиз. Боордош элдин ортосунда адам жоготууларына жана карапайым калктын азап чегүүсүнө алып келүүчү чек ара жаңжалдары болбошу керек", - деп айтылат кайрылууда. Читать дальше...

Салык кызматы Аскар Сыдыковду "негизсиз дооматтан" карманууга чакырды

Azattyk.org 

Экономика жана финансы министрлигине караштуу Салык кызматы Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыковду "курулай дооматтан карманууга жана коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого" чакырды. Мекеме тараткан маалыматка караганда, "Аскар Сыдыковдун салык кызматкерлери ишкерлерден ар ай сайын пара талап кылат" деген сөздөрү чындыкка дал келбейт. Салык кызматынын башкы аппаратынын жогоруда айтылган фактылар тууралуу маалыматы жок. "Кайрылуу, арыз-доомат түшкөн учурда ар бирине тиешелүү чара көрүлөт", - деп билдирди. Читать дальше...



Москва

Что можно отметить в этот день


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

"Новосибирск, бро, за всё прости": концерт Басты на "Сибирь-Арене" собрал аншлаг




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


WTA

Азаренко проиграла в 1/16 финала турнира WTA-1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России