ЖМК: АКШ Путинге санкция салышы мүмкүн
Комшо Штаттардагы бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) Вашингтон орус президенти Владимир Путинге санкция салышы мүмкүндүгүн билдирүүдө. New York Times гезити жазгандай, АКШ мындай чечимди жума күнү жарыялашы мүмкүн. CNN телеканалы өз булактарына таянып билдиргендей, “кара тизмеге” Орусиянын Путинден башка жогорку расмий жетекчилери да киргизилиши ыктымал. Эгер америкалык маалымат каражаттары жазгандар ырасталса, анда Путин Украинага кол салууга байланыштуу АКШ санкция салган Орусиянын эң жогорку расмий жетекчиси болуп калат. Читать дальше...