Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 27.02.2022

Евробиримдик RT жана «Спутник» медиаларына тыюу салат

Azattyk.org 

Евробиримдик Орусиянын мамлекеттик RT (Russia Today) жана Sputnik маалымат каражаттарына шаркет аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салат. Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен билдиргендей, бул каналдар «Кремлдин медиа-машиналары» катары саналат жана Евробиримдик алардын «зыяндуу жалган маалыматтарынын Европада жайылышына» тыюу салуу аракеттерин көрүп жатат. -Бул маалымат каражаттары «Путинди актап, биримдиктин ынтымагын бүлүндүрүүгө багыталлган жалган информациясын жайылталбай калат-деди сказала фон дер Ляйен 27-февралда.

Кайра шайлоодо Сурабалдиева менен Муртазалиев жеңди

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо жыйынтыкталды. БШКнын маалыматына караганда, добушканалар кечки саат 8.00дө жабылды. Автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыкты. Талапкери көп, шайлоочусу аз жараян Биринчи май округунда шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип түшүп, баштапкы жыйынтык боюнча Элвира Сурабалдиева 9 209 (46,09%) добуш алды. Читать дальше...

Беларус: референдумдун жүрүшүндө 100дөн ашуун адам кармалды

Azattyk.org 

Беларуста Александр Лукашенконун бийлигин бекемдөөгө жол ача турган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдумдун жүрүшүндө 100дөн ашуун адам кармалды. Бул тууралуу жекшемби күнү "Вясна" укук коргоо уюму билдирди. Маалыматка ылайык, кармалгандардын көпчүлүгү Украинага тилектештик билдиргендер. Милиция тынч акциялардын катышуучуларын кармап кеткен учурлар Минск, Гродно, Витебск, Лиде сыяктуу бир нече шаарда катталды. Буга чейин беларус оппозициясынын бозгундагы лидери Светлана Тихановская жарандарды добушканалардын айланасына топтолуп... Читать дальше...



Москва Украинада орус аскерлери курман болгонун мойнуна алды

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы согуштун төртүнчү күнүндө гана орус аскерлеринин арасында жоготуу бар экенин мойнуна алды. Бирок курман болгон жоокерлердин так санын атаган жок. Министрликтин мындай мүнөздөгү билдирүүсүн Орусиядагы мамлекеттик "РИА Новости" жаңылыктар агенттиги 27-февралда жарыялады. "Орусиялык аскер кызматкерлери "атайын аскердик операциянын" тапшырмаларын аткарууда кайратын жана баатырдыгын көрсөтүп жатышат. Тилекке каршы курман болгон жана жаракат алган жолдоштор бар", - деп айтылат билдирүүдө. Читать дальше...

Евробиримдик орус учактары үчүн аба мейкиндигин толук жабат

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Москванын Украинага кол салганына байланыштуу орусиялык аба компанияларга жана жеке менчик учактарга өз аба мейкиндигин толук жаба турган болду. Бул тууралуу Еврокомиссиянын президенти Урсула фон дер Ляйен 27-февралда кечке маал билдирди. Мындай чечим шаркеттин тышкы иштер министрлеринин Брюсселдеги жыйынынан кийин кабыл алынды. "Биз Евробиримдиктин аба мейкиндигин орустар үчүн жаап жатабыз. Мындай чектөө Орусия кожоюндук кылган, Орусияда катталган жана Орусия көзөмөлдөгөн учактарга тиешелүү болот деп сунуштап жатабыз. Читать дальше...

"Шайлоодо 20дан ашык мыйзам бузуу катталды"

Azattyk.org 

Шайлоолорго байкоо салган «Жалпы иш» коомдук уюму 27-февралда өткөн Бишкектин Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо  120 добуш берүү бекеттеринин 70ке жакынына өз байкоочуларын койгон. Жалпы 21 мыйзам бузууну каттаган.  "Жалпы иш" коомдук уюмунун байкоосу тууралуу уюмдун юристи Тариэл Алиев “Азаттыкка” айтып берди. - Сиздердин байкоо боюнча добуш берүүлөр кандай жүрдү?   - Биздин байкоо боюнча добуш берүүгө шайлоочулардын катышуусу кыйла төмөн болду. Биздин уюм коомдук байкоочуларын... Читать дальше...

Орусиянын Украинадагы чабуулунан дүйнөдөгү эң чоң учак талкаланды

Azattyk.org 

Украинанын "Антонов" аэродромунда орус күчтөрүнүн чабуулунан улам "Мрия" аттуу Ан-225 үлгүсүндөгү дүйнөдөгү эң чоң учак талкаланды. Бул маалыматты украин бийлиги жана "Укроборонпром" мамлекеттик концерни 27-февралда ырастады. Маалыматка ылайык, жападан-жалгыз үлгүдөгү жүк ташуучу учак Киевдин жанындагы Гостомель шаарчасынын чекесиндеги аэродромдо атайын кампада токтоп турган. Орусиянын чабуулу башталгандан бери бул аэродром үчүн айыгышкан салгылашуу жүрүп жаткан. Айрым маалымат каражаттары... Читать дальше...

Европанын шаарларында Украинаны колдогон акциялар өтүүдө

Azattyk.org 

Европанын бир катар шаарларында Украинага тилектештик билдирген жана Орусиядан согушту токтотууну талап кылган акциялар өтүп жатат. Жекшембиде Германиянын баш калаасы Берлинде чогулган миңдеген адамдардын көбү "Согушту токтот! Путинди токтот!", "Украинадан колуңду тарт!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Ушундай эле акциялар Лондондо, Копенгагенде, Прагада, Стамбулда, Римде жана Подгорицада өттү. Беларустун бир катар шаарларында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдумга келген... Читать дальше...



Батыштагы 20дай өлкө орус учактарына аба мейкиндигин жапты

Azattyk.org 

Европада Орусиянын учактарына аба мейкиндигин жапкан өлкөлөрдүн саны 20га чукулдады. Дем алыш күнү мындай чечимин Канада, Белгия жана Германия сыяктуу бир нече мамлекет жарыялады. "Белгия бардык орусиялык аба компанияларына өз аба мейкиндигин жабууну чечти. Биздин Европанын асманы ачык. Ал ырайымсыз чабуулду көздөгөндөр үчүн эмес, элди бириктиргендер үчүн ачык", - деп билдирди 27-февралда Белгиянын премьер-министри Александр Де Кро. Орусия менен 1300 чакырымдай чек арасы бар Финляндиянын транспорт... Читать дальше...

Свердлов округунда 31%, Биринчи май округунда 17,67% шайлоочу добуш берди

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралда өткөн кайра шайлоодо шайлоочулардын катышуусу солгун болду. Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтындагы маалыматка ылайык, Биринчи май округунда шайлоочулардын 17, 67%, Свердлов округунда 31, 02% добуш берди. Эки округда 28-ноябрда өткөн шайлоодо баарына каршы добуш бергендер көп болгон. Бул жолу Биринчи май округунда 4.67%, Свердлов округунда 2.35% шайлоочу баарына каршы добуш берди. БШКнын маалыматына караганда, добушканалар... Читать дальше...

Орусияда согушту айыптап чыккан жүздөгөн адам кармалды

Azattyk.org 

27-февралда Орусиянын Москва, Санкт-Петербург жана Самара сыяктуу бир катар шаарларында Украинадагы согушту айыптап акцияга чыккан жүздөгөн жарандар кармалды. Бул тууралуу Орусиядагы демонстрацияларга көз салып келе жаткан "ОВД-Инфо" укук коргоо уюму билдирди. Маалыматка ылайык, согушка каршы акциялар жекшемби күнү Орусиянын 32 шаарында өттү жана кеминде 460 орус жараны кармалды. Орусиянын шаарларында төрт күндөн бери Украинага тилектештик билдирген жана орус армиясынан согушту токтотууну талап кылган жүрүштөр өтүп жатат. Читать дальше...

Кайра шайлоо: Сурабалдиева менен Муртазалиев алдыга чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралдагы кайра шайлоо жыйынтыкталды. БШКнын маалыматына караганда, добушканалар кечки саат 8.00дө жабылды. Автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча Биринчи май округунда Элвира Сурабалдиева, Свердлов шайлоо округунда Абдурахманхажи Муртазалиев алдыга чыкты. Биринчи май округунда шайлоо тилкелеринен 100% маалымат келип түштү. Баштапкы жыйынтык боюнча Сурабалдиева 46,09% добуш алды. Экинчи орунда талапкер Нурбек Тотонов 17,73% менен баратат. Читать дальше...

Путин Орусиянын өзөктүк күчтөрүн өзгөчө режимге өткөрүүнү буюрду

Azattyk.org 

Президент Владимир Путин Орусиянын ядролук ооздуктоочу күчтөрүн өзгөчө режимдеги нөөмөткө өткөрүү буйругун берди. Ал мындай чечимин 27-февралда Орусиянын жогорку расмий жетекчилери менен жолугушуусунда жарыялады. "Силер көргөндөй, Батыш мамлекеттери биздин өлкөгө каршы экономика тармагында достукка жатпаган аракеттерге гана баруу менен чектелген жок. Мен баары билген мыйзамсыз санкцияларды айтып жатам. Бирок НАТО өлкөлөрүндөгү жогорку кызматтагы адамдар биздин мамлекетке каршы агрессивдүү сөздөргө жол берип жатат. Читать дальше...

Зеленский: украин-беларус чегинде орус тарап менен сүйлөшүү өтөт

Azattyk.org 

Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү украин-беларус чек арасында, Припять дарыясына жакын жерде өтөт. Бул тууралуу 27-февралда Украинанын президенти Владимир Зеленский "Фейсбук", "Телеграм" аркылуу билдирди. Ал мындай мындай чечим Беларусту узак жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко менен телефон сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынганын айтты. "Александр Лукашенко украин делегациясынын сапары, сүйлөшүүлөрү жана артка кайтып келиши маалында Беларустун аймагында жайгашкан бардык учактар... Читать дальше...

Кайра шайлоо: мыйзам бузууларга байланыштуу тогуз арыз түштү

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) 27-февралда Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округундагы кайра шайлоодо эреже бузуулар боюнча тогуз арыз түштү. Бул тууралуу Боршайкомдун төрагасынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди. Анын ичинен добуш сатып алуу боюнча алты, үгүт эрежелерин бузууга байланыштуу бир, добуш берүүнүн купуялуугун бузуу тууралуу да бир факты иликтенип жатат. Добуш сатып алуу боюнча бир арыз артка чакыртып алынды. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын бөлүм... Читать дальше...

Харьковдогу айыгышкан салгылашуу, бейажал өлгөндөр

Azattyk.org 

Орус күчтөрү Украинанын экинчи ири шаары Харьковго киргени кабарланды. 27-февралдын таңында баш калаа Киевдин айрым райондорунда катуу жарылуу болду. Президент Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин, бирок мындай диалог Беларустун аймагында өтпөшү керектигин айтты. Согуштун төртүнчү күнү Орус чек арасынан 30 чакырымдай гана алыстыкта жайгашкан Харьков шаары айыгышкан салгылашуунун чордонуна айланды. Интернетте жарыяланган видеолордон Орусиянын аскердик техникасы Украинанын түндүк-чыгышындагы бул шаарга кирип жатканын... Читать дальше...

Харьковдогу айыгышкан салгылашуу, бейажал өмүрү кыйылгандар

Azattyk.org 

Орус күчтөрү Украинанын экинчи ири шаары Харьковго киргени кабарланды. 27-февралдын таңында баш калаа Киевдин айрым райондорунда катуу жарылуу болду. Президент Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрүнө даяр экенин, бирок мындай диалог Беларустун аймагында өтпөшү керектигин айтты.

Бишкектеги кайра шайлоодо 40 миңден ашык адам добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 18.00го карата добуш бергендер тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, жалпысынан 40 970 адам (18,65%) добуш берүүгө келди. Шайлоочулар Свердлов округунда активдүү болууда, тактап айтканда 25 441 адам (23.88%) добуш берди. Биринчи май окуругундагы добушканаларга 15 529 (13.75%) шайлоочу келди. Азырынча добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу маалымдала элек. №27 Биринчи... Читать дальше...


Музыкальные новости
Серёга

«Вспомните фильмы, на которых они росли»: рэпер Серега допустил негативное влияние кино на Пугачеву





Rss.plus
ЦСКА

Росгвардия обеспечила правопорядок во время футбольного матча «ЦСКА» - «Спартак» в Москве




"Цена взлетит в небо": эксперт объяснил, что стоит заранее купить россиянам

Московская канатная дорога на майские праздники изменит свой режим работы

Коммунальные службы Подмосковья устранили более 20 подтоплений

В Тверской области мужчину травмировал поезд




Харьков Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө экени айтылды

Azattyk.org 

Харьков шаары Украинанын куралдуу күчтөрүнүн көзөмөлүндө. Бул тууралуу Харьков облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы Олег Синегубов "Телеграм" баракчасына жазды. Ал Украинанын куралдуу күчтөрү, улуттук полиция жана террордук коргонуу кызматтары “шаарды орус аскерлеринен толук тазалоону” жүргүзүп жатканын айтты. "Орус душмандар толугу менен моралдык жактан талкаланды. Харьковдо машинелерин жолдун ортосуна таштап, 5-10 адамдан турган топтор украин аскерлерине багынып берип жатышат. Украинанын... Читать дальше...

Украина Орусияга каршы Эл аралык сотко кайрылды

Azattyk.org 

Украина Орусияга каршы Бириккен Улуттар Уюмунун Эл аралык сотуна кайрылды. Бул тууралуу украин президенти Владимир Зеленский 27-февралда билдирди. "Агрессияны актоо максатында "геноцид" түшүнүгүн бурмалаганы үчүн Орусияны жоопко тартууну талап кылабыз. Соттон Орусияга аскердик аракеттерин тез арада токтотууга буйрук берүүнү жана соттук териштирүүнү кийинки аптада баштоону өтүнөбүз", - деп айтылат Зеленскийдин Твиттердеги билдирүүсүндө. Анын алдында украин президенти Орусиянын армиясы Украинада... Читать дальше...

Бишкектеги кайра шайлоо: добуш берүү солгун

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май жана Свердлов шайлоо округдарында кайра добуш берүү өтүп жатат. Бир мандаттуу бул эки округдан 25тен 50 талапкер ат салышып, алар 219 миң шайлоочунун элегинен өтүш керек. Бирок кайра шайлоодо добуш берген жарандардын активдүүлүгү начар болуп жатат. Мындай көрүнүштү үгүт иштеринин начар жүргөндүгү жана көпчүлүк колдогон талапкердин жоктугу менен байланыштырып жатышат.

Орусиянын аскерлери Харьковго киргени кабарланды

Azattyk.org 

Орусиянын аскерлери Харьковго киргени кабарланды. Бул тууралуу Украинадагы УНИАН маалымат агенттиги Харьков облусунун башчысы Олег Синегубовго шилтеме кылып жазды. Орусиянын Коргоо министрлиги бул маалыматты ырастай элек. Социалдык тармактарда орусиялык аскерлер Харьковго киргени тартылган деген видеолор тарай баштады.

Бишкектин эки округунда шайлоочулардын 15,39% добуш берди

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 16.00го карата добуш бергендер тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, жалпысынан 33 812 адам (15,39%) добуш берүүгө келди. Шайлоочулар Свердлов округунда активдүү болууда, тактап айтканда 21 202 адам (19.90%) добуш берди. Биринчи май окуругундагы добушканаларга 12 610 (11.15%) шайлоочу келди. Азырынча добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу маалымдала элек. №27 Биринчи... Читать дальше...

Ысык-Көлдө асыл тукум мал баккандар көбөйдү

Azattyk.org 

Ысык-Көлдө жергиликтүү фермерлер сандан сапатка өтүп жатат. Алар “Арашан” тукумундагы койдун башын көбөйтүп, 180-200 кг. салмакка жеткен кочкорлорду багууда. Быйыл чабандар чогулуп, сынак уюштуруп, 500дөй кочкорду алып келишкен. Сынактын жеңүүчүлөрү эми Казакстанда март айынын этегинде өтө турган эл аралык көргөзмөгө жолдомо алат. Фермерлерди 10 миң долларлык баш байге кызыктырып жатат.



Москва

«Семь-Я» экономического будущего России – в МИЦ «Известия» обсудили перспективы отечественного бизнеса


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пётр Чайковский

В Клину состоится праздничная программа в честь дня рождения Чайковского




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России