БУУ: Украинадан 150 миң качкын чыкты
Украинадагы соңку окуяларга байланыштуу өлкө аймагынан 150 миңдей киши чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди билдирди. Анын айтымында, качкындардын жарымы Польшага келди. Калгандары Молдовада, Румынияда, Словакияда жана Европанын башка өлкөлөрүндө башпаанек табышты. Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды. Читать дальше...