Украинанын өкмөттүк сайттары хакердик чабуулга кабылды
Украинада Коргоо министрлиги баштаган бир катар өкмөттүк мекемелердин жана банктардын сайттары киберчабуулга (DDoS) кабылды. Бул тууралуу Украинанын өкмөтү 15-февралда билдирди. Коргоо министрлиги Твиттерге жазгандай, мекеменин сайтына хакерлер кыска убакыттын ичинде өтө көп жолу кирүүгө аракет кылышты жана учурда веб-сайттын ишин калыбына келтирүү иши жүрүп жатат. "Associated Press" жаңылыктар агенттиги маалымдагандай, хакердик чабуулга Украинадагы кеминде 10 веб-сайт туш болду. Алардын арасында Украинанын Тышкы иштер министрлигинин... Читать дальше...