Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 07.02.2022

"Кытай Кыргызстандагы бизнестин абалына тынчсызданат"

Azattyk.org 

Кытайды Кыргызстандагы ишкерчилик чөйрөнүн абалы жана саясий туруксуздук тынчсыздандырат. Мындай пикирин кыргыз-кытай алакасына көз салып келе жаткан илимпоз, Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги академиясынын улук изилдөөчүсү Нива Яу “Азаттыкка” маегинде билдирди.   Ал эки өлкөнүн ортосундагы ири долбоорлордун ишке ашпай жатышын да ушул жагдай менен байланыштырды жана Бээжин Кыргызстандын коопсуздук тармагына эмне үчүн каражат салып жатканын түшүндүрдү. - Нива, Борбор Азиянын... Читать дальше...

Иран менен сүйлөшүүлөр Венада 8-февралда уланат

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Иран менен өзөктүк келишимди жандандыруу сүйлөшүүлөрү 8-февралда Венада башталарын билдирди. Шаркет төрагалык кылган сүйлөшүүлөргө Тегеран жана дүйнөлүк державалардын өкүлдөрү катышууда. Кезектеги айлампа 28-январда токтоп, дипломаттар кеңешүүгө өз өлкөлөрүнө тарап кеткен. 2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак. Читать дальше...

Алия Назарбаеванын дагы бир компаниясы ишин токтотту

Azattyk.org 

Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу сот башталды. Ысык-Көлдө саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин уулуна таандык коттеждерде өрт чыгып, 300 чарчы метр эс алуучу жай толук күйүп кетти. Казакстандын темир жол компаниясы Нурсултан Назарбаевдин кичүү кызы Алияга таандык ишкана менен келишимин токтотту.



Беларуста "Азаттыктын" мурдагы фото кабарчысы 13 күнгө камалды

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус редакциясынын мурдагы кызматкери, фотокабарчы Владь Хрыдзин 13 күнгө камалды. Ага “полицияга баш ийбөө” айыбы тагылды. Хрыдзин күнөөсү жоктугун айтууда. Судья фотографты өткөн аптада үйүн тинтүүгө барган тартип коргоочуларды киргизбей койгондугу үчүн айыптуу деп тапты. Анын батирин “массалык башаламандык” уюштуруу ишинин алкагында тинтишмек. Жакындары Хрыдзин алар менен байланышка 4-февралда чыкпай калганын, үйүнөн ноутбугу менен фотоаппараты жок болуп чыкканын кабарлашкан. Читать дальше...

Орусияда коронавируска чалдыккандар азаюуда

Azattyk.org 

Орусияда акыркы үч жумада биринчи жолу коронавируска чалдыккандар жогорку чекке жеткен жок. Расмий маалыматка караганда, 6-февралда аннексияланган Крымды эске алганда инфекцияланган 172 миң киши катталды. Алдынкы күнү 180 миң киши катталган. Бир суткада ооруканага түшкөндөр да, илдеттен каза болгондор да азайды. COVID-19 оорусуна чалдыккандар өзгөчө борбор шаар Москвада ылдам азаюуда. "Омикрон" вариантына байланышкан эпидемиянын жаңы толкуну ал жакта башка региондорго караганда эрте башталган. "Омикрон" тезирек жугат... Читать дальше...

Чек арада эне-бала тарткан азап

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек аранын тактала электигине байланыштуу жаңжалдар бат-бат катталып турат. Адатта чек ара чырында эркектер айылда калып, аялдар балдары менен эвакуация болот. Адистер чек ара чырлары өзгөчө аялдардын жана балдардын психологиясына таасир этип, алар стресске кабыларын белгилешет. “Данисте” Баткендин айылдарын кыдырып, убактылуу көчүп-конуп жүргөн үй-бүлөлөрдүн турмушун тартып келди.

Бейшеналиев vs Жумабеков: тирешти атайын комиссия иликтей баштады

Azattyk.org 

Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна байланыштуу маселени атайын комиссия иликтейт. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматы билдирди. Өткөн аптада саламаттык сактоо министрлиги аталган борбордун ордуна Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы түзүлгөнүн билдирген. Мекемени жетектеп келген Сабырбек Жумабеков бул маселеге президент чекит кое турганын айтууда.  Президенттин чечимин күткөн тиреш Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги травматология... Читать дальше...

Кыргызстандык футболчу "Галатасарайдын" негизги курамына кирди

Azattyk.org 

Түркиянын "Галатасарай" футбол клубунун жаштар командасында ойногон кыргызстандык Бекназ Алмазбеков 7-февралда клубдун негизги курама командасы менен машыга баштады. Бул тууралуу футбол клубдун расмий "Инстаграм" баракчасы маалымат таратты. Ошондой эле 16 жаштагы кыргызстандык футболчу Түркиянын суперлигасында бул апта "Галатасарай" - "Кайсериспор" командаларынын беттешүүсүндө ойнору айтылууда. "Галатасарай" футбол клубунун жаштар командасында ойногон Бекназ Алмазбеков Түркияга 2019-жылы келген. Читать дальше...



Азербайжан туткундагы сегиз армян жоокерин бошотту

Azattyk.org 

Азербайжан армениялык сегиз жоокерди бошотту. Бакунун расмий өкүлү бул кадамга “гуманитардык принциптерге” таянып барышканын 7-февралда билдирди. Аскерлер былтыр чек арадагы кагылышуулар маалында туткундалган. Азат кылынып, Ереванга өткөрүлгөндөр үчүн Франция учак жөнөткөнүн президент Эммануэл Макрон "Твиттердеги" баракчасында жазды. Буга чейин азери бийлиги былтыр 16-ноябрдагы кагылышууда алардын жети жоокери курман болгонун маалымдаган. Армения ошондо алты жоокери окко учканын, 30дан көбү туткундалганын билдирген. Читать дальше...

Алматы акимин дайындоого каршы митинг

Azattyk.org 

Өткөн ишембиде Алматыда кандуу калабадан бери биринчи жолу уруксат берилген митинг өттү. Анда жаңы калаа башчы дайындоого каршы чыгып, шаар мэрлерин түз шайлоо талабы коюлду. Ошондой эле кан төгүүнүн чыныгы күнөөкөрлөрүн табуу жана эскертүүсүз ок атуу буйругунун кесепеттерин иликтөө демилгеси да көтөрүлдү. Бул арада Казакстандын соту Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Даулет Ергожинди камакка алууга санкция берди. "Жаңы акимди эл кабыл алгысы келбей турат” Алматыда... Читать дальше...

Бээжин: Уйгур спортчусуна жүктөлгөн миссия сынга кабылды

Azattyk.org 

Этникалык уйгур тектүү чаңгычы Динигеер Йиламуцзян Бээжинде өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарында байгелүү орунду албаганы менен, эң көп талкууланган спортчулардын катарына кирди. Бээжин Олимпиадасы "Кытайдын Шинжаң аймагындагы мусулман азчылыктарына кысым көрсөтүлүп жатат" деген дооматтар жана Батыштын сыны күчөгөн шартта өтүүдө. АКШ, Улуу Британия, Канада, Эстония, Жапония жана Австралия Кышкы Олимпиада оюндарына дипломатиялык бойкот жарыялап, Бээжинге расмий делегациясын жөнөтүүдөн баш тартышкан. Читать дальше...

Кунарда кар көчкүдөн бери дегенде 15 киши каза тапты

Azattyk.org 

Ооганстандын Кунар провинциясында кар көчкүнүн астында калган кеминде 15 кишинин сөөгүн алып чыгышты. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, көчкүнүн алдында 20дан көп киши калган. "Азаттыктын" ооган кызматы өлкөнүн бир топ аймактарында калың кар жааганын, кээ бир кан жолдор буулуп калганын кабарлады. Кунардын маалымат жана маданият департаментинин жетекчиси Мавлави Нажибулла кар кече кечинде көчкөнүн, жаратылыш кырсыгынан жакындарын кар туткунунан алып чыгуу аракетин көргөн жергиликтүү тургундар жабыркаганын Германиянын кабар агенттигине айтып берди. Читать дальше...

Коомдук ишмер Шералы Назаркуловдун көз жумганына 20 жыл болду

Azattyk.org 

2002-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык кармап жатып кайтыш болгон Шералы Назаркулов 7-февралда эскерилди. Бишкектеги иш-чарага маркумдун жакындары жана Акыйкатчынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков катышты. Расмий бийликтен өкүлдөр барган жок. Эскерүү иш-чарасы Назаркулов узак мөөнөттүү ачкачылык акциясына отурган жерде - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин имаратынын жанындагы аянтчада жыл сайын өткөрүлүп келет. Читать дальше...

Ара-Көлгө арбалган эс алуучулар

Azattyk.org 

Ара-Көл Кочкордун борборунан 30 чакырымдай алыстыкта, Чолпон айылынан ары жайгашкан. Кышкысын толугу менен тоңот. Муздун калыңдыгы 60 см.

АКШ: Путин Украинага жакын арада кол салышы мүмкүн

Azattyk.org 

Дүйнө лидерлери Украинанын тегерегиндеги кырдаалды жайгаруунун дипломатиялык жолун издөөнү улантышууда. 7-февралда Франциянын президенти Эммануэл Макрон Москвага барып, Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугат. Ал эми Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШ президенти Жо Байденге жолугуу үчүн Вашингтонго сапар алды. Америка Орусия Украинага жакын арада кол салышы мүмкүн экенин эскертип жатат. Жарандык коргонуу боюнча машыгуулар Украинанын башкалаасы Киевден анча алыс эмес жердеги токойлордун... Читать дальше...

Медет Садыркуловдун өлүмү: шектүүгө бир нече айып коюлду

Azattyk.org 

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековго Кылмыш жаза кодексинин (2021-жылдагы редакциясы боюнча) бир нече беренеси менен айып тагылды. Прокурордун айыптоо актысы боюнча, Сапарбековго Кылмыш жаза кодексинин 40-беренеси “Кылмышты аткаруучу”, 122-беренеси “Адам өлтүрүү”, 165-беренеси “Адамды уурдоо”, 207-беренеси “Каракчылык”, 262-беренеси “Кылмыштуу коомдоштукту түзүү же ага катышуу”, 211-беренеси “Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу”... Читать дальше...

Бажы кызматы алтымыштай машиненин ээсин издейт (тизме)

Azattyk.org 

Мамлекеттик бажы кызматы Сокулук районундагы “РИОМ Авто” машине базарынын аймагындагы кампада турган 57 автоунаанын ээсин издейт. Маалыматка караганда, ал транспорт каражаттары бажылык тариздөөдөн өткөн эмес жана узак мөөнөттөн бери турат. Ал автоунаалардын тизмесин бул жактан көрүңүз. Бажы кызматы транспорт каражаттары 14-февралга чейин бажы тариздөөдөн өткөрүлбөсө мамлекеттин менчигине алуу үчүн сотко кайрылаарын эскертет. 2020-жылы 1-январдан тарта Евразия Экономикалык Биримдигинен (ЕАЭБ)... Читать дальше...

Бээжин-2022: орусиялыктар дагы бир алтын медал жеңди

Azattyk.org 

Бээжин Олимпиадасында орусиялык спортчулар көркөм муз тебүү боюнча командалык жарышта алтын медал утушту. Экинчи орунду АКШнын, үчүнчүнү Япониянын спортчулары алды. Алар алтынды мелдештин биринчи күнү эле камсыздашкан. 15 жаштагы Камила Валиева төрт жолу чимирилип секирген көнүгүүнү Олимпиадада кыз-келиндер арасында биринчи болуп аткарган спортчу катары тарыхка кирип калды. Ал бул сезондо бир да жолу утула элек. Орусиялык команда Бээжинде былтыр Токиодогудай эле Орусиянын Олимпиада комитетинин желеги астында мелдешип жатат. Читать дальше...

Травматология борборунун айланасындагы талашты атайын комиссия иликтей баштады

Azattyk.org 

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий борборунун айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жакын арада анын жыйынтыгы белгилүү болору кабарланды. 4-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбордун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошотконун жарыялаган. Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирген. Саламаттык сактоо министрлиги мындай чечимди мыйзамдын негизинде борборду жоюп... Читать дальше...


Музыкальные новости
Денис Мацуев

Мацуев — о московском дерби: Бездарное зрелище. Уснул на 15-й минуте





Rss.plus
Александр Шохин

Было бы сесть предложено // Александр Шохин с почестями принял на своем съезде Владимира Путина




Захарова назвала дезинформацией заявление США о нежелании России и КНР реформ ООН

Более 14 тысяч школьников Ступино приняло участие в Дне добрых дел

Более тысячи человек посетили субботник у реки в Химках

В Новочебоксарске бывший бомж годами помогает алкоголикам и нуждающимся: "Я был не нужным человеком"




АКШ элчиси адам укуктарына байланыштуу Кытайды сынга алды

Azattyk.org 

АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Кытай Олимпиада отун күйгүзүүгө уйгур улутундагы атлетти тандоо менен коомчулуктун көңүлүн адам укуктарын бузуулардан "алагды кылууну көздөйт" деп билдирди. Томас-Гринфилддин айтымында, “уйгурлар кыйноолорго туш болууда, алардын укуктары тебеленүүдө”. Элчи 6-январда CNN телеканалынын эфиринде Вашингтон “Кытайда адамзатка каршы кылмыш жасалып жатканын айтып келатканын” билдирип, АКШ бул ойду карманарын кошумчалады. Кытай бийлиги Шинжаң аймагында уйгурларды жана башка мусулман азчылыктарды басмырлап... Читать дальше...

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланды

Azattyk.org 

Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу 7-февралда Бишкекте өткөн маалымат жыйында Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков билдирди. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына караганда, 2021-жылы өлкөдө 4 миңден ашуун бала оор абалда жашаганы аныкталган. Аларга жардам көрсөтүлгөн. Азыр 1500дөй баланын маселеси чечиле элек. Акыйкатчы институнунун билдирүүсүндө, өткөн жылы укук коргоо органдарына балдардын зомбулукка кабылганы жөнүндө 417 арыз түшсө... Читать дальше...

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоону сунуштады

Azattyk.org 

Кыргызстан Кытайга электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөө сунушун берди, кытай тарап аны карап көрүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин биргелешкен билдирүүсүндө айтылат. Анда аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы темир жолдорун куруу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу маанилүү экени жазылган. Тараптар бул долбоорду илгерилетүү үчүн аракеттерди көрүшөт. Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпинди... Читать дальше...

Медет Садыркуловдун өлүмүнө байланыштуу соттук иш башталды

Azattyk.org 

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда 7-февралда президенттик аппараттын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө шек саналып жаткан Санжар Сапарбековдун соттук иши башталды. Сотко жабырлануучу тараптан - Медет Садыркуловдун жубайы Айнагүл Садыркулова жана аны менен кошо өлтүрүлгөн эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко менен айдоочу Кубат Сулаймановдун жакындары катышууда. Ишти Аламүдүн райондук сотунун судьясы Бакыт Касымалиев карап жатат. Сотто 25-январда иш боюнча алдын ала угуу өткөнү белгилүү болду. Читать дальше...

Сот Даулет Ергожинди камакка алууга уруксат берди

Azattyk.org 

Казакстандын соту Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Даулет Ергожинди камакка алууга санкция берди. Бул тууралуу 7-февралда жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты. Ергожин бул кызматты 2016-жылдын ноябрынан бери аркалап, ушул жылдын январында иштен алынган. Жыл башында өлкөнүн түндүгүндө тутанган нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылып, айрым жерлерде башаламандыктар кан төгүү менен коштолгон. 6-январда Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчиси, тунгуч... Читать дальше...

Сокулукта сабалган бала Бишкектеги ооруканага которулду

Azattyk.org 

Сокулукта сабалган 1 жаш 8 айлык Егор Бишкектин №3 балдар ооруканасына которулду. Бул тууралуу Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. “Ишембиде дарыгерлер баланын абалын орто оор деп маалымат беришкен. Ал жакта дарыланууга апасы, атасы жана кызыкдар тараптардан тоскоолдук жаралып жаткандыктан, Бишкек шаардык №3 балдар ооруканасына которуу жөнүндө сунуш бергенбиз. Ошол сунуш орундалды. Бул баланын саламаттыгын жана укуктарын коргоодо тоскоолдуктар болуп жатат”. Читать дальше...



Москва

Весенние субботники прошли на предприятиях «Московского» филиала ООО «ЛокоТех-Сервис»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Алла Пугачёва

Гитарист Пугачевой Левшин рассказал о проблемах со здоровьем у певицы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


WTA

Мирра Андреева замыкает год // 16-летняя российская теннисистка успешно стартовала на крупном турнире WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Опубликован список запрещенных вещей на Параде Победы



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России