Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 02.02.2022

Чек ара көйгөйү качан чечилет?

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жөнгө салып, аны тактоо үчүн учурда эмнелерге көңүл буруу керек? Бул суроолорду "Эксперттер талдайт" берүүсүндө талкууладык. Программага Коопсуздук кеңешинин катчысы, генерал Марат Иманкулов, Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуз комитетинин төрагасы Жанар Акаев, экс-депутат, саясатчы Улукбек Кочкоров жана тышкы иштер министринин мурдагы орун басары, дипломат Бактыгүл Каламбекова катышты.

Германияда RT каналынын немис тилиндеги берүүлөрүнө тыюу салынды

Azattyk.org 

Германиянын маалымат каражаттарды тескеген агенттиги немис тилинде чыккан RT DE каналынын берүүлөрүнө тыюу салды. Мурда Russia Today деп аталган орусиялык мамлекеттик телеканалдын лицензиясы жок болгону үчүн ушундай чечим кабыл алынганын мекеме билдирди. Маалыматка караганда, эми алар спутник, интернет жана мобилдик тиркеме аркылуу чыга алышпайт. RT бул чечимди сотто талашарын, Москвадагы студиядан немис тилиндеги берүүлөрдү даярдоону уланта беришерин "Телеграм-каналына" жазды. Канал немис тилинде... Читать дальше...

Батыштын Москвага жообу деген купуя каттын көчүрмөсү жарыяланды

Azattyk.org 

Испаниянын El Pais гезити АКШ жана НАТО Москвага жолдогон купуя документтин көчүрмөсү колуна тийгенин билдирип, аны сайтына басып чыгарды. "Батыш Орусиянын коопсуздук кепилдиктери тууралуу талабына кайтарган жооп кат" делген текстте “НАТО коргонууну көздөгөн альянс экени, Орусияга коркунуч жаратпаганы” айтылган. Фотокөчүрмөгө караганда, Вашингтон орток кызыкчылыкка дал келген коопсуздук маселелерине тиешелүү келишимди Москва менен талкуулоого даярдыгын билдирген. Орусия Украина менен чек арасына... Читать дальше...



Жанар Акаев саясатчыларды чек ара маселесинен упай топтобоого чакырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев чек ара маселесинде коомчулукту, саясатчыларды бир пикирде болууга чакырды. Ал мындай оюн "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышкан учурда билдирди. "Протокол азыр эч кандай күчкө ээ эмес. Күчүнө кирбейт. Ал жерде бардык талаштуу тилкелер такталып бүткөнгө чейин деп так жазылып турат. Бирок ошондон кийин дагы эл каршы чыкса, ратификация деген бар. Саясатчыларга айтат элем, элди тукуруп, "Лейлек анклавда калат" деп кыйкыргандар элге күйгөн болуп, калганыбыз кошуна мамлекетке күйөт белек? Читать дальше...

Украина-Орусия кризиси: Британия арачы түштү

Azattyk.org 

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен Орусиянын президенти Владимир Путин 2-февралда Украинанын айланасындагы чыңалууну басаңдатуу жолдорун телефондон талкуулайт. Мунун алдында Жонсон украин лидери менен жолуккан. Москва Украинанын НАТОго кошулушуна каршы болуп, орус-украин чек арасына 100 миңдей аскерин топтогон. Батыш аны "чабуул жасоого даярданууда" деп айыптап келет. Лондон менен Киевдин позициясы Борис Жонсон менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсү алгач 31-январга белгиленип, кийин 1-февралга жылдырылган. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш №39 протоколду талкуулады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берди. Мунун алдында бир катар депутаттар УКМК жетекчиси №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө бериши керектигин талап кылышкан. Аталган протокол коомчулукта ар кандай түкшүмөл суроолорду жаратууда. Жыйындан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, аталган протокол үч пункттан турарын... Читать дальше...

Мамдуманын депутаты укук коргоочуну ачык коркутканы сынга кабылды

Azattyk.org 

Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаты Адам Делимханов укук коргоочу, Кыйноолорго каршы комитеттин мурдагы адвокаты Абубакар Янгулбаевдин үй-бүлө мүчөлөрүн "мууздап саларын" айтты. Анын чечен тилиндеги кайрылуусу "Инстаграмга" түз чыкты. Депутат анын сөзүн орусчага которгон кишилердин да көзүн тазаларын айтып коркуткан. Мамлекеттик думадагы айрым эл өкүлдөрү Делимхановдун коркутууларын Башкы прокуратура текшериши керектигин айтышууда.  Ибрагим жана Абубакар Янгулбаевдер, атасы, отставкадагы... Читать дальше...

Тополоң курмандыгы: Жазыксыз окко учкан Ерназар

Azattyk.org 

Алматыда кандуу январь окуялары маалында камалгандардан 11 киши "ден соолугуна байланыштуу" 1-февралда эркиндикке чыкты. Бирок аларга карата тергөө уланууда. Ал арада шаардык прокуратуранын алдында камактагы жакындарын бошотууну талап кылып чыккандардын аягы суюла элек. HRW казак бийлигин кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдү дыкат иликтеп, январда кармалган активисттерди басмырлоону токтотууга чакырды. Бийлик каза болгондордун аты-жөнүн ушул күнгө чейин жарыялай элек. Мал караганы чыкканда окко учкан... Читать дальше...



Ооганстанда Ariana TV телеканалынын эки журналисти абактан бошотулду

Azattyk.org 

Ооганстанда “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган)  Ariana TV менчик телеканалынын эки журналистин бошотту. Бул тууралуу каналдын жетекчиси "Твиттерге" жазды. Варис Хасрат менен Аслам Эжабды белгисиз себептер менен 31-январда жумушунун жанынан куралчан согушкерлер кармап кетишкен. "Талибандын" расмий өкүлдөрү журналисттердин кармалганы тууралуу маалымат берген эмес. Хасрат көп жылдан бери саясий бөлүмдө иштейт, Эжаб экономикалык темаларды чагылдырат. Алар кармалардын алдында телеберүүгө... Читать дальше...

Сот бийлигин колго алган эки юристтин таржымалы

Azattyk.org 

Парламент 2-февралдагы сессиясында Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин карап, экөөнү тең жактырды. Алардын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. Мунун алдында парламент Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырган эле. Базарбеков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, сот системасын... Читать дальше...

Жаныш Рустенбеков Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан алынды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Жаныш Рустенбековду Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматынан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койду. Президенттин администрациясы бул чечимге байланыштуу түшүндүрмө тараткан жок. Соңку кездери кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардан улам Рустенбековдун дарегине сын-доомат көп айтыла баштаган. Ал кызматка 2018-жылдын аягында дайындалган. Былтыр сентябрь айында Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси кызматына парламенттин мурдагы депутаты... Читать дальше...

Шаирбек Ташиев мандатына байланыштуу бир-эки күндө чечим кабыл аларын айтты (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев мандатын тапшыруу боюнча бир-эки күндө чечим кабыл аларын 2-февралда "Азаттыкка" билдирди. "Азыр шайлоочулар менен кеңешип жатам. Бир-эки күндүн ичинде маалымат беребиз. Агамдын (Камчыбек Ташиев - ред.)тарбиясын алгам, анын кеңешин, шайлоочулардын өтүнүчүн эске алуу менен чечим кабыл алабыз", - деди ал.   Буга чейин Temirov LIVE Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган. Читать дальше...

COVID-19: Норвегияда чектөөлөр алынды

Azattyk.org 

Норвегия COVID-19га каршы чектөөлөрдү алып салган скандинавиялык экинчи өлкө болуп калды. "Омикрон" жайылып жатканы менен ооруканаларга түшкөндөр, оор бейтаптар анча көбөйгөн жок. Норвегияда калктын басымдуу бөлүгү – 91% толук эмделген. Премьер-министр Йонас Гар Стор "вирус менен жашоого туура келерин" билдирди. 1-февралда Дания беткап тагынып жүрүү, коомдук жайларга тесттин жыйынтыгы же вакцинация документи менен кирүү өңдүү бардык эпидемиолгиялык чектөөлөрдү алып салган. Шенгендин сыртынан... Читать дальше...

Парламент Базарбеков менен Өскөнбаевдин талапкерлигин колдоду

Azattyk.org 

Парламент 2-февралдагы сессиясында Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбековдун, Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин карап, экөөнү тең жактырды. Алардын талапкерлигин президент Садыр Жапаров сунуштаган. Бүгүнкү жыйында депутаттар Нургүл Бакированын Жогорку соттун төрайымы, Карыбек Дүйшеевдин Конституциялык палатанын төрагасы кызматынан өз эрки менен кетүү тууралуу арыздарын канааттандырган. Замирбек Базарбеков жыйында Садыр Жапаровго 2016-жылдан кийин адвокат болгонун билдирди. Читать дальше...

Президент Нургүл Бакирова менен Карыбек Дүйшеевди кызматтан бошотту

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированы, ал эми Конституциялык палатанын жетекчиси Карыбек Дүйшеевди өздөрүнүн арызынын негизинде иштен алды. Анын алдында Жогорку Кеңеш аларды бошотууга макулдук берген. Президент Бакированын ордуна Замирбек Базарбековду, Конституциялык соттун төрагасы кызматына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Алардын талапкерлигин Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында карап жатат. Замирбек Базарбеков 2016-жылдан кийин Садыр Жапаровдун адвокаты болгон. Читать дальше...

Тажик мигранттарынын лидери Орусиядан экстрадиция болду

Azattyk.org 

Тажик бийлиги Орусиядагы мигранттардын лидери Амироддин Аловатшоев мекенине экстрадицияланганын моюнга алды. Башкы прокурор Юсуф Рахмон 2-февралда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйында билдиргендей, мигрант Тажикстандын өтүнүчү менен мекенине кайтарылган. Ал экстрадиция өтүнүчү кылмыш ишинин алкагында келтирилгенин кошумчалап, анын чоо-жайын айткан жок. Аловатшоевдин Тоолуу Бадахшанда жашаган үй-бүлөсү 11-январдан бери андан кабар жоктугун айтып келишкен. Жергиликтүү айрым маалымат каражаттары аны Орусияда “уурдап” кетишкенин... Читать дальше...

Борбор Азиядагы энергетикалык абалдын криптовалютага таасири

Azattyk.org 

Борбор Азия энергошакекчесиндеги авария чөлкөмдөгү криптовалюта өндүрүшүнүн келечегинен күмөн жаратты. Санариптик акча чыгарууда дүйнөдө алдыңкы орундарга жеткен Казакстан майнингге электр энергиясын берүүнү убактылуу токтотту. Өзбекстан бир-эки жылдан бери майнерлерге шарт түзүү аракеттерин жандантса, Кыргызстан менен Тажикстанда энергия дефицитинен улам аталган өндүрүш өрүш ала албай турат. Мурдараак эң чоң өндүрүүчү Кытайда криптомайнингге чектөө коюлгандан улам көп майнерлер Орусияга жана Борбор Азияга көчүп келишкен эле. Читать дальше...

Акылбек Жапаров Талды-Булак Сол жээк кенине барды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенине барды. Өкмөттүн расмий сайты жазгандай, сапардын жүрүшүндө Жапаров тоо-кен комбинатынын башкаруу борбору, кенди казып алуу технологиясы менен таанышкан. Маалыматта жергиликтүү бийлик органдарына кенди иштеткен компанияга кызматкерлерди ишке алуу боюнча даттануу түшүп жатканы айтылат. "Кызматка алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда таза жана ачык-айкын жүргүзүлүшү шарт", - деген Жапаров. Читать дальше...


Музыкальные новости
Вячеслав Бутусов

Удачные выходные в Воронеже: Вячеслав Бутусов, выставка «Агитпоезд» и экскурсия «Мир! Труд! Май!»





Rss.plus
Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Посол Армении в ЕС не увидел угроз для РФ в сближении Еревана и Брюсселя

Синоптик Шувалов рассказал о погоде в майские праздники

Кадыров готовится к бегству из Чечни - СМИ

Пешеходные дорожки обновят по ФКГС в сквере Иконникова в Сормове




Базарбеков: оппозиция, журналисттерге каршы сот жараяндары токтошу керек

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлигин карап жатат. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, сот системасын реформалоого байланыштуу ой-пикири менен бөлүштү. "Адегенде мыйзамдардын үстөмдүгүн орнотуу керек. Бизде мыйзамдардын үстөмдүгү орнобосо соттук-укуктук адилетсиздикти жоюу тууралуу сөз кылуу дагы кыйын болуп калат. Экинчиси, саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге жана жада калса... Читать дальше...

Баткенде өзгөчө макам бериле турган айылдардын тизмеси толукталды

Azattyk.org 

Баткенде чек аралаш аймактардагы өзгөчө макам берүү пландалып жаткан айылдардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу 2-февралда “Азаттык” радиосуна президенттин Баткендеги чек аралаш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаков билдирди. Анын айтымында, тизмеге буга чейинки 62 айылдан тышкары 89 айылды киргизүү сунушталууда: “Биз азыр Министрлер кабинетине карап чыгуу боюнча сунуштарыбызды берип жатабыз. Сунуш катары 62 айылдан тышкары 89 айылдын тизмесин берип жатабыз. Читать дальше...

Сот терроризм үчүн соттолгон Брейвикти мөөнөтүнөн эрте бошотуудан баш тартты

Azattyk.org 

Норвегия соту терроризм үчүн соттолгон Андерс Брейвикти мөөнөтүнөн мурун абактан бошотуудан баш тартты. Жергиликтүү агенттиктер кабарлагандай, сот "ал коомго аралашып жашай албайт, кайрадан кылмышка барууга аракет кылышы мүмкүн" деген чечим чыгарды. Брейвик 2012-жылы 21 жылга түрмөгө кесилген. Ал Ослонун борборунда жардыруу уюштуруп, шаардын четиндеги жаштардын лагеринде туш келди ок ачкан. Теракттарда 77 кишинин өмүрү кыйылган. Абактагы мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин ага эрте бошотуу боюнча сотко кайрылуу укугу берилген. Читать дальше...

Ташиев журналисттер кабылган аңдуу, шантаж тууралуу дооматты четке какты

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Болот Темиров жана анын командасындагы адамдардын артынан аңдуулар, шантаж тууралуу атайын иликтөөнү окубаганын билдирди. Мындай мыйзамсыз иштерге атайын кызматтын өкүлдөрү аралашкан деген маалыматтарды четке какты. "УКМК Темиров боюнча эч кандай маалымат тараткан жок, маалыматы жок, ал ишти тергеген жок. Ал иш ИИМде. Мен иликтөөнү окуган жокмун". Бул иликтөөнү "Азаттык” радиосу, OCCRP жана Kloop медиасы биргелешип даярдаган. Читать дальше...

Парламент саясий демилгелерди Назарбаев менен макулдашуу нормасын жоюуну колдоду

Azattyk.org 

Казакстандын парламенти тышкы жана ички маселелердеги демилгелерди тунгуч президент Нурсултан Назарбаев менен макулдашып туруш керек деген норманы жойгон түзөтүүлөрдү жактырды. Тиешелүү сунушту өткөн аптада жогорку палата - сенат киргизген. Экс-президенттин Коопсуздук кеңешиндеги жана Казакстан элдеринин ассамбелясындагы түбөлүк төрагалык кылуу укугу да жоюлду. Тиешелүү өзгөртүүлөр тууралуу документ президенттин кол коюсуна жөнөтүлмөкчү. Назарбаев 2019-жылы мамлекет башчылыктан кеткенден кийин... Читать дальше...

Саясатчы Жеңиш Молдокматов үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Октябрь окуяларына байланыштуу айыпталып, камакта жаткан саясатчылар Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязовдун баш коргоо чарасын 2-февралда карады. Сот чечими менен Жеңиш Молдокматов үй камагына чыгарылды, Асанов менен Ниязов абакта калды. Бул тууралуу Молдокматовдун жардамчысы Эрлан Бекчоро уулу билдирди. Саясатчы сот залынан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди. "Түрмөдө отурганыма 271 күн болду. Ушул күнгө чейин колдоп турган элиме, колдоочуларыма, өзгөчө журналисттерге рахмат айтам. Читать дальше...



Москва

Что можно отметить в этот день


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Rammstein

В Калининградской области отказались отменять трибьют-концерт Rammstein




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Полина Михайлова

Россиянка Полина Михайлова стала чемпионкой Франции по настольному теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Минск

Это - война: литовские беспилотники попытались атаковать Минск



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России