Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 09.02.2022

Сот көз карандысыз боло алабы?

Azattyk.org 

Кыргызстанда сот реформасы боюнча маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Буга Жогорку сот жана Конституциялык палатынын төрагаларынын алмашып, соттун көз карандысыздыгы тууралуу убадалары себеп болду. Ар президент бийликке келгенде убада кылган соттук реформа ишке ашып жатабы? Үч ыңкылаптын башкы себептеринин бири делген соттордун көз карандысыз иштешине шарт түзүлдүбү?

Бишкекте ЖМКга каршы акция өттү

Azattyk.org 

9-февралда "Кактус медиа" жана “Клооп” басылмаларынын алдында акция өттү. Чогулгандар Тажикстандын Asia Plus интернет порталындагы жаңылыкты жарыялаганы үчүн "Кактус медианы" жоопко тартууну талап кылышты.

Жалал-Абадда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ун таратылууда

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаарында аз камсыз болгон 2,5 миңге чукул үй-бүлөгө бир мүшөктөн ун берилди. Бул тууралуу "Азаттыкка" шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. 8-февралдан баштап Жалал-Абад, Сузак жана Базар-Коргон районуна ун ташылып баштаган. Базар-Коргонго 34 тонна жеткирилди. Калган райондорго да жакынкы күндөрү жөнөтүлөт. Бекер берилип жаткан ун Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн. Ун эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлдөрү тарабынан аныкталып... Читать дальше...



Бишкектеги акция. "Медиа Полиси" уюмунун кайрылуусу

Azattyk.org 

9-февралда "Кактус медиа" жана “Клооп” басылмаларынын алдында акция өттү. Чогулгандар Тажикстандын Asia Plus интернет порталындагы жаңылыкты жарыялаганы үчүн "Кактус медианы" жоопко тартууну талап кылышты. "Медиа Полиси" институту көз карандысыз маалымат каражаттарын медиа мейкиндиктен сүрүп чыгуу аракети болуп жатканын билдирип, бийликке кайрылды. "Кактус медиа" менен “Клооп” басылмасынын алдында өткөн акцияга он чакты адам катышты. Буга чейин 28-январда дагы басылманын алдында акция өткөн. Читать дальше...

Жаңы-Өзөндө дагы бир компаниянын жумушчулары иш таштады

Azattyk.org 

9-февралда Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында «Бургылау» мунай-сервис компаниясынын жумушчулары иш таштады. Алар компания жетекчилерине ашыкча саат иштегендиги үчүн акы төлөө, иш шарттарын жакшыртуу жана башка бир катар талаптарды коюшту. Айрым маалыматтарга караганда, акцияга 400-500дөй киши чогулду. Компанияда 2 миңдей киши эмгектенет. Жумушчулар шаршембиде алар менен директор юристтердин коштоосунда жолукканын, иш таштоону токтотууга көндүрүүгө аракеттенгенин айтып беришти. Жумушчулар аларды коркутуу аракети болгон деп эсептешет. Читать дальше...

Зулушев: адамды тыңшоого сот санкция бериш керек

Azattyk.org 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев соттун санкциясы жок жарандарды тыңшоого жана видеого тартууга каршы экенин маалымат жыйында билдирди. "Фейсбукта" бийликти сындап комментарий жазган активист камакка алынды. «Хьюман Райтс Вотч» укук коргоо уюму Казакстанды январь окуяларын иликтөөгө эл аралык эксперттерди кошууга чакырды.

Бээжин 2022: орусиялык спортчунун кызытма тести күмөн жаратты

Azattyk.org 

Бээжин Олимпиадасында көркөм муз тебүү боюнча командалык жарышта байгелүү орун алган спортчуларга медаль тапшыруу аземинин мөөнөтү дагы жылып калды. Маалыматтарга караганда, чемпион болгон орусиялыктардан алынган кызытма тестинин жыйынтыгы күмөн жаратууда. Ал анализ оюндар баштала электе алынган. Бирок атлеттин аты-жөнү айтылган жок. Салтанаттын жылып калганын Эл аралык Олимпиада комитети да тастыктады. Орусиянын Көркөм муз тебүү федерациясы комментарий берүүдөн баш тартты. Кызытма жаңжалынан... Читать дальше...

Зулушев жеке жашоо тууралуу видео текшерилип жатканын билдирди

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-февралда басма сөз жыйынын өткөргөн башкы прокурор Курманбек Зулушев Temirov Live каналынын кызматкеринин жеке жашоосуна байланыштуу видеонун коомчулукка жарыяланып кетишин Бишкек шаардык прокуратурасы текшерип жатканын айтты. Журналист Болот Темировдун Республикалык наркология борборунда текшерилип жаткан видеосун таркатуу боюнча эки милиция кызматкери жазаланганын билдирди. "Жарандардын жеке жашоосун аңдууну туура эмес деп эсептейм. Күнөөлүүлөр жоопко тартылат деп ойлойм", - деди Зулушев. Читать дальше...



Иранда дагы бир келин мыкаачылык менен өлтүрүлдү

Azattyk.org 

Ирандын Хузестан провинциясында жаш келиндин башын алган окуя дүрбөлөң түшүрдү. Зомбулуктун жана эрте никенин курмандыгы болгон Мона  17 жашта, анын үч жаштагы уулу бар.  Бул жагдай ирандык аялдарга карата зомбулук маселесин талкууга чыгарды. Күйөөсү аялынын кесилген башын көтөрүп, көчөдө жүргөн үрөй учурган видео интернетке тарады. Иранда үй-бүлөнүн ар-намысы үчүн “абийир өлүмү” мыйзам жол берген түшүнүк. Укук коргоочулар адам өлтүрүүгө жол ачкан мындай көрүнүштөрдү айыптап келишет. Намысын... Читать дальше...

"Айкөркөмдү октон сактап кала албадым"

Azattyk.org 

"Хьюман Райтс Вотч" укук коргоо уюму казак бийлигин январь окуялары маалында адам укуктарынын одоно бузулушун иликтөөгө эл аралык эксперттерди кошууга чакырды. Мамлекеттик катчы Ерлан Карин каргаша күндөрү тынч демонстранттарга каршы ок атылганын четке какты. Жыл башындагы тоз-тополоңдо коңшу мамлекетте кеминде 227 адам каза болгон. Миңдеген адам кармалган. Кыргызстандын Акыйкатчысы Тараз шаарында эки кыргызстандык камакта экендиги тууралуу маалымат бардыгын билдирди. Алардын бири январь калабасында кармалган. Читать дальше...

Опера жана балет театрына Алмазбек Истамбаев директор болуп дайындалды

Azattyk.org 

Абдылас Малдыбаев атындагы кыргыз улуттук опера жана балет театрына башкы директор болуп Алмазбек Истамбаев дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 9-февралда Истамбаевди театрдын жамаатына министр Азамат Жаманкулов тааныштырды. Жаңы директор 2000-жылдан 2019-жылга чейин опера жана балет театрынын алдыңкы опера солисти болуп иштеген. 2017-2020- жылдар аралыгында кыргыз мамлекеттик академиялык симфониялык оркестринин директору... Читать дальше...

Ураимовдун камалышы, сөз эркиндигинин абалы

Azattyk.org 

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоого” шек саналып камалды. Атайын кызмат буга анын социалдык тармактарда жазган билдирүүсү негиз болгонун билдирди. Соңку окуя сөз, ой эркиндиги, саясий куугунтук тууралуу талкууну кайра козгоду. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Мирлан Ураимов 8-февралда кармалып, тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Анын кармалышы социалдык тармактардагы билдирүүлөрү менен байланыштуу экенин бышыктады. Муну... Читать дальше...

Чет жактагы мигранттардын расмий эсеби 1 миллион 118 миңге жетти

Azattyk.org 

Соңку расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны өлкөдөн сырткары жактарда иштеп жүрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди. "Орусияда 1 миллион 63, Казакстанда 30 миңге чукул, Түркияда 20 миң, АКШ менен Араб өлкөлөрүндө 10 миң, Германия, Канада жана Италияда алты миң, Түштүк Кореяда беш миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Читать дальше...

Элдик дипломатия: кыргыз-тажик аксакалдары кездешти

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик аксакалдары чек арадагы майда чыр-чатакты чечүү үчүн биргелешкен демилгечи топ түзмөй болду. Алар элдик дипломатияны ишке салып, ынтымакты бекемдөө аракетин көрөрүн айтууда. Кыргыз-тажик чек арасындагы 27-январда болгон куралдуу жаңжалдан кийин милициянын демилгеси менен эки тараптагы чектеш айылдардын аксакалдары жолуккан. Ага Кыргызстандын Баткен облусунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Тажикстандын Согд облусунун Чорку жамаатынын айылдарынын аксакалдары катышкан эле. Читать дальше...

ЖК айнек караңгылатууга уруксат берүү долбоорун биринчи окууда колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш 9-февралда Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Документке 77 депутат “макул”, алты эл өкүлү “каршы” добуш берди. Мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап жатат. Ал кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деп болжоп жатат. Читать дальше...

Депутат оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берүүнү сунуштады

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова 9-февралдагы парламенттин отурумунда өлкөгө оң рулдуу унааларды киргизүүгө уруксат берүү зарылдыгын айтты. Анын айтымында, жол кырсыктарынын дээрлик 60%и оң рулдуу машинелердин айынан эмес, жолдо жүрүү эрежелерин билбегенден улам болууда. "Азыркы тапта Жапониядан машине сатып алууга мүмкүнчүлүк жок. Ушундан улам алар үчүнчү өлкөлөрдөн алууга мажбур. Армения, Абхазия, Грузиядан машинелер келип жатканын баарыңар билесиңер. Алардын сапаты айтпаса деле белгилүү. Читать дальше...

Бишкекте эстелик орнотууну чектөө сунушталууда

Azattyk.org 

"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси шаардын борбордук бөлүгүнө айкел, мемориалдык такта сыяктуу эстеликтерди орнотууну чектөөнү сунуштап жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. "Шаардын борборунда белгилүү адамдардын айкелдери өтө көп болуп кетти. Алардын баарын батыруу, тазалоо жана карап, оңдоп турган атайын мекеме жок. Албетте, коомго эмгеги сиңген адамдардын атын даңазалоо маанилүү, бирок азыр орун калбай калды. Азыркы тапта коомдук уюмдар, жеке адамдар кимдир бирөөнүн атын түбөлүк калтырууну көздөп... Читать дальше...

Венада Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр жанданды

Azattyk.org 

АКШ менен Ирандын Венадагы тикелей эмес сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы башталды. Тегерандын атомдук программасы боюнча 2015-жылкы келишимди жандандыруу талкуусуна Британия, Кытай, Франция, Германия, Иран, Орусия жана Кошмо Штаттар катышууда. Дипломатиялык булактардын бири AFP агенттигине айтып бергендей, делегациялар Австриянын башкалаасына 8-февралда барышты. Венадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 28-январда токтоп, дипломаттар кеңешүүгө өз өлкөлөрүнө тарап кеткен. 2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай... Читать дальше...

Бейшеналиев: Тез жардам ооруканасында жаңы жетекчи иштеп жатат

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Клиникалык тез жардам ооруканасына жаңы дайындалган башкы дарыгер Дамир Дүйшөновду президент Садыр Жапаров менен жолуктурганын билдирди. Бул тууралуу ал 9-февралда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында айтты. Анын сөзү боюнча, Дамир Дүйшөнов Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн мурдагы Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борборунда 14 жыл иштеген. “Ал балага айтсам (Дамир Дүйшөновго-ред.) “мен Сабырбек Жумабеков менен жакшымын. Читать дальше...


Музыкальные новости
Владимир Высоцкий

Что Золотухин рассказывал про некрасивые тайны Таганки и почему Высоцкий его не простил





Rss.plus
Владимир Путин

«Есть ответы на вопросы бизнеса»: Хуснуллин об итогах встречи с Путиным на РСПП




В Москве неизвестные подожгли спасательный вертолет К-31

Москва выступает за контакты Баку и Еревана для скорейшего подписания договора - Песков

Из-за ливня в Москве возможны задержки наземного транспорта и изменения его маршрутов

В Перми встретили Знамя Победы, которое едет через всю страну




Кадр саясатындагы инсандын орду: медицина реформаланабы же?..

Azattyk.org 

Бишкектеги травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун деректири академик Сабырбек Жумабековдун кызматтан алынып, аталган борбордун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүлүүсү коомдо карама-каршы пикирлердин кагылышуусуна себеп болду. Эки жаатты мынчалык катуу тирешүүгө жеткирбей койсо болот беле? Эми бул чатактан кандай сабак алабыз? Улуттук медицина мындан ары өнүгүү жолуна түшөбү же?.. "Башты бийик көтөрүш керек!" Таанымал журналист Абдывахаб Мониев "Фейсбуктагы"... Читать дальше...

Парламентте 60тай кызматкер кыскартылганы жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаттарынын жардамчысы жана бирден кеңешчиси болот. Мындай чечим 9-февралда парламенттин аппаратынын түзүмүн караган жабык жыйында кабыл алынганын “Ынтымак” фракциясынын мүчөсү Балбак Түлөбаев билдирди. Анын “Азаттыкка” айтканына караганда, парламентте 60тын тегерегиндеги кызматкер кыскартылып жатат. “Дастан Бекешевге гана кошумча дагы бир жардамчы жана кызматтык автоунаа берилет. Калгандарында жок”, - деди Түлөбаев. Мамлекет башчы Садыр Жапаров былтыр 2-декабрда Жогорку... Читать дальше...

"Ысык-Көл" аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 9-февралда "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда жаңы күтүү залы ачылды. 372 чарчы метр имараттын курулушу былтыр октябрь айында башталган. Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады. Ачылыш аземине Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев... Читать дальше...

Акыйкатчы: Таразда эки кыргыз жараны кармалганы тууралуу маалымат бар

Azattyk.org 

Кыргызстандын Акыйкатчы институту Казакстандын Тараз шаарында эки кыргыз жараны кармалганы тууралуу маалымат бар экенин билдирди. Алар - Талгат Темиркан уулу Казакстандагы январь окуялары боюнча жана Руслан Иманкулов чек араны мыйзамсыз өткөн деген шек менен кармалган. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады. 10-февралда алардын ишине байланыштуу Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Тараз шаарында Казакстандын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Элвира Азимова менен жолугат. Читать дальше...

Депутаттар парламенттин аппаратынын түзүмүн жабык карап жатат

Azattyk.org 

9-февралдагы сессияда депутаттар парламенттин аппаратынын түзүмүн жабык карап жатат. Маселени жабык кароону “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Надира Нарматова сунуштады. Аны 75 депутат колдоп, бирөө каршы болду. Спикер Талант Мамытов бул маселе чарбалык иш экенин айтты. Президент Садыр Жапаров былтыр, 2-декабрда Жогорку Кеңештин жана президенттин Иш башкармалыгын бириктирген. Өлкө башчынын жарлыгы бюджеттин чыгымын азайтуу менен байланыштырылган. VII чакырылыш ишин баштагандан кийин... Читать дальше...

Рамзан Кадыровду кызматтан кетирүү үчүн кол топтолууда

Azattyk.org 

Орусияда оппозициячыл саясатчы Илья Яшин Change.org сайтында Чечен республикасынын башчысы Рамзан Кадыровдун кызматтан кетишин талап кылып, кол топтой баштады. Петицияны бир нече сааттын аралыгында эле 150 миңден ашуун киши колдоду. Яшин петициядан кийин жарыялаган видеокайрылуусунда Рамзан Кадыров Орусиянын мыйзамдарын одоно бузуп, ага сын айткандардын баарын “өлтүрөм” деп коркутуп жатканын айыптап, ага укуктук негизде баа берип, чара көрүүгө чакырды. Яшин: Кадыров орус мыйзамдарын уруп-ойнобой... Читать дальше...



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Песня

Вывод Песни, Альбома, Клипа в ТОП Музыкальных Чартов – iTunes, Apple Music, Youtube Music, Яндекс.Музыка, ВК и Boom, Spotify.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

В Московской области прошел чемпионат Центрального округа Росгвардии по стрельбе из боевого ручного стрелкового оружия

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


Елена Рыбакина

Камбэком обернулся матч вундеркинда из России перед стартом Еленой Рыбакиной в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России