Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Новости за 08.02.2022

Медицина тармагын реформалоо аракети өзүн актайбы?

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Тез жардам клиникалык борборуна айландыруу демилгесинен чыккан чыр медицина тармагындагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды. Саламаттык сактоо тармагынын бүгүнкү абалы кандай? Тармакты реформалоо боюнча бийликтин кезектеги аракети өзүн актайбы? Канткенде кыргыз медицинасы ден соолуктун заманбап сакчысына айланат? “Азаттык” бүгүн ушул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издейт.

Орусиянын согуштук кемелери Кара деңизге бет алды

Azattyk.org 

Орусия алты согуш кемеси машыгууга катышуу үчүн Жер Ортолук деңизинен Кара деңизге бет алганын билдирди. Бул маалымат Орусия Украинага кол салышы мүмкүн деген кооптонуу кучөп, чыңалуу басаңдабай жаткан чакта тарады. 8-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги кемелер Босфор кысыгынан "пландалгандай" өткөнүн маалымдады. Түрк деңиз аскерлигиндеги булактар орус кемелери өлкөнүн аймагынан 8-9-февралда сүзүп өтөрүн билдиришти. Москва кошуна өлкөгө чабуул кое турган болсо, НАТОнун мүчөсү болгон Түркия мыйзам... Читать дальше...

Азис Суракматовдун кылмыш иши кыскартылды

Azattyk.org 

Кыргызстанда экологиялык уюмдардын мүчөлөрү жана активисттер өлкөдө атомдук электр станциясын курууга каршы кол топтой баштады. Президент Садыр Жапаров базар кыдырып, сатуучуларга ККМ аппараттары тууралуу маалымат берди. УКМК тууралуу мыйзамды өзгөртүү сунушталууда. Анда атайын кызмат уруксаты жок эле өз алдынча камерага видео тартып, тыңшоочу аппараттарды кеңири колдонууну көздөйт. Киевде украин президенти Владимир Зеленский менен Франциянын лидери Эммануэл Макрон жолукту.



Макрон Москва менен Киевди кепке келтиреби?

Azattyk.org 

Дүйнө лидерлери Украинанын айланасындагы кризисти чечүүнүн дипломатиялык жолдорун издеп жатышат. Франциянын президенти Эммануэл Макрон Киевде украин лидери Владимир Зеленский менен жолукту. Бир күн мурда ал Москвада орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшкөн. Ал эми Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШда президент Жо Байден менен жолугушту.  "Кырдаалдын курчушун алдын алдык" Француз лидери Киевге барары менен журналисттерге кырдаалдын мындан аркы чыңалуусун алдын алганын билдирди. "Менин максатым - оюнду токтотуп... Читать дальше...

Макрон: Украинанын айланасындагы кырдаал курчубайт

Azattyk.org 

Киевде Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Украин мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин сүйлөшүүсү жүрүп жатат. Алдыңкы күнү Макрон Москвада президент Владимир Путин менен беш сааттык сүйлөшүүдө украин-орус чек арасындагы абал талкууланган. Француз президенти “конкреттүү коопсузлук кепилдиктерин” сунуш кылганын билдирди. Анын айтымында, орус лидери ошол багытта иш алып барууга даярдыгын, Украинадагы стабилдүүлүктү жана аймактык бүтүндүгүн сактоо каалоосун ортого салды. Франциянын президенти... Читать дальше...

Аялдан чыккан алгачкы композитор келбес жайга кетти

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу 8-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Жылдыз Малдыбаева Кыргызстанда аялдардан чыккан алгачкы композитор эле. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги наамдарын да алган, “Даңк” медалынын ээси. Өмүр жолу Ал 1946-жылы 6-июлда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. П. Шубин атындагы музыкалык мектепти жана Муратаалы Күрөңкеев... Читать дальше...

УКМК тууралуу мыйзамга сунушталган өзгөртүү, депутаттардын кооптонуусу

Azattyk.org 

Парламенттин тармактык комитети Улуттук коопсуздук органдарынын ишине байланыштуу беш мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоп, жалпы палатанын кароосуна жөнөттү.  Атайын кызматтын ишин жөнгө салган мыйзам долбоору комитетте кызуу талкуу жаратып, депутаттар сунушталган айрым өзгөртүүлөргө кооптонуусун билдиришти. Тармактык комитеттин депутаттары экинчи окууда мыйзам долбоорлорун жарандык коомдун катышуусу менен иштеп чыга турган болушту. Министрлер кабинети атайын кызматтын ишин жөнгө салган “Улуттук коопсуздук органдары”... Читать дальше...

Бишкекте "Түндүк" райондук электр тармагы ишке берилди

Azattyk.org 

Бишкек шаарында 8-февралда жаңы “Түндүк” райондук электр тармагы ишке берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Анын курулушу 2021-жылдын октябрында башталып, үч айда бүткөрүлгөн. "Түндүк" райондук электр тармагынын курулушу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун эсебинен жүргүзүлдү. Ал Ден Сяопин, Фучик, Жибек-Жолу проспектиси, Профсоюзный көчөлөрү чектешкен жерди жана Түндүк айланма жолунун аймагын тейлейт. Андан тышкары Достук... Читать дальше...



Кыйын күндө үн каткан кыргыз-казак төкмөлөрү

Azattyk.org 

Казакстандык төкмө акын Сыягүл Бирлесбек Кыргызстанда январь айынын соңунда маңзат колдонууга шек саналып кармалып, үй камагына чыккан Болот Назаровду жана ушундай эле айыптар тагылган иликтөөчү журналист Болот Темировду колдоп ырдап чыгып, кыргыз коомчулугуна таанылды. Буга чейин кыргыздын айрым акындары да Казакстандагы январдагы кандуу окуяларда казак элин колдоп ырдаган. "Саяш акын" Кайрылуу ырында казак акыны Сыягүл Бирлесбек кызы Болот Темиров менен Болот Назаровдун күч менен кармалышын сындап... Читать дальше...

Белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева дүйнөдөн кайтты

Azattyk.org 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 8-февралда билдирди. Маркумдун санаалаштары анын коронавирустан каза болгонун маалымдашты.  Жылдыз Малдыбаева Кыргызстанда аялдардан чыккан алгачкы композиторлордун бири. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги наамдарын да алган, “Даңк” медалынын ээси. Ал 1946- жылы 6-июлда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн. Читать дальше...

Клиникалык тез жардам ооруканасын Дамир Дүйшөнов башкарат

Azattyk.org 

Клиникалык тез жардам ооруканасын башкы дарыгер Дамир Дүйшөнов жетектейт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеме документ иштери даяр болгонго чейин директордун милдетин аткаруучу болуп буга чейин Гулия Кожокматова дайындалганын билдирди. Бирок Травматология жана ортопедия илимий борборунун аты өзгөртүлүп, Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп иштей турганына байланыштуу директорлук кызмат жоюлган. 4-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Травматология жана... Читать дальше...

Макрон дипломатиялык аракеттердин алкагында Киевге барды

Azattyk.org 

Франциянын президенти Эммануэл Макрон шаттл дипломатиясын улантып, 8-февралда Киевге барды. Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленский менен кездешүүдө орус-украин чек арасындагы кырдаал талкууланмакчы. Алдыңкы күнү Макрон Москвада президент Владимир Путин менен беш сааттык сүйлөшүүдө “конкреттүү коопсуздук кепилдиктерин” сунуш кылганын билдирди. Анын айтымында, орус лидери ошол багытта иш алып барууга даярдыгын, Украинадагы стабилдүүлүктү жана аймактык бүтүндүгүн сактоо каалоосун ортого салды. Читать дальше...

Бишкекти сүйгөн, космосту тарткан сүрөтчү

Azattyk.org 

Бишкекте америкалык сүрөтчү Рафаэл Варгас-Суарестин көргөзмөсү ачылды. Ал инсталляция, дубал сүрөттөрү, коомдук арт объектилери, живопись, чийүү, текстиль иштери сыяктуу эмгектери менен белгилүү болгон заманбап сүрөтчү. Варгас-Суарестин чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү адаттан тыш, абстрактуу көркөм сүрөттөрдү жараткандыгында. Варгас-Суарес акыркы жети жылдан бери сүрөтчү Нью-Йоркто жана Бишкекте жашап, иштеп келет.

Асановдун сотунда мурдагы министрди мажбурлап алып келүү сунушталды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту 8-февралда Кой-Таш окуясы боюнча ишти кароону улантты. Бул тууралуу иш боюнча айыпталып жаткан ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун жактоочусу Таалайгүл Токтакунова “Азаттык” радиосуна билдирди. Ал сотто мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди күбө катары мажбурлап алып келүүнү сунуштады. Токтакунова Асановдун ишинде Жунушалиев негизги күбө экенин белгилеп жатат: “Кашкар Жунушалиев келбей жатат. Мен мажбурлап алып келүүнү сунуштадым. Читать дальше...

Казак прокуратурасы: январдагы митингдерди айрым күчтөр пайдаланган

Azattyk.org 

Казакстандын Башкы прокуратурасы 7-февралдагы брифингде январдагы окуяларда “тынч митингдерди кээ бир күчтөр пайдаланып кеткенин” жана “күч түзүмдөрүнүн айрым жетекчилери атайын бөлүктөргө атайлап тоскоолдук жаратканын” билдирди. Прокуратуранын бөлүм башчысы Ризабек Ожаровдун айтымында, Казакстан “гибриддик чабуулга туш болду”, ошол күчтөр “аракеттерин координациялап жүргүзгөн жана алар кыянат иштерине кылмыш чөйрөсүн тарткан". Брифингде Алматы жана Жамбыл облусунда полиция кызматкерлери курал-жарак... Читать дальше...

Телефон аткезчилиги: казынага 5 млрд. сом түшпөй калды

Azattyk.org 

Телефон аткезчилигинен улам Кыргызстандын бюджетине жылына 5 млрд. сомдой каражат түшпөй жатканын адистер айтып чыгышты.  Мобилдик каражаттарды идентификациялоо же IMEI-коддорду каттоо системасын киргизген мыйзам кабыл алынганы менен анын механизмдерин иштеп чыгуу кечеңдеп жатат. Телефонду аткезчилик менен ташууга бөгөт койгон мыйзам ушул жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген, ага президент былтыр октябрда кол койгон. Ал арада "жеке маалымат ачыкталып кетет" деп кооптонгондор да жок эмес. Мыйзамдын механизмдери... Читать дальше...

Ысык-Көлгө жейрендер кайтып келди

Azattyk.org 

Өткөн жылдын сентябрь айында Кыргызстан Өзбекстандан жейрен алып келүү жөнүндө келишим түзүп, октябрь айында келишим ишке ашты.

Президент эки базарды кыдырып, ККМ аппараттары тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 8-февралда Бишкектеги “Дордой”  жана “Ош" базарына барып, ишкерлерге контролдук-кассалык аппаратты (ККМ) ишке киргизүү максатын түшүндүрдү. Президент соодагерлердин ККМди киргизүүнү эмне үчүн колдобой жаткандыгы тууралуу пикирлерин угуп, буга түшүндүрүү иштеринин жетишсиздиги себеп болгонун айтты. “Ата мекендик экономиканын 40% көмүскөдө калганын айтып, аны ал жактан алып чыгып, ошол эле учурда кичи жана орто бизнес жабыркабасын деп жатабыз. Эгер мурда ККМди ишкер өзү сатып алышы керек болсо... Читать дальше...

“ИМ” тобунун лидерин табууга 10 миллион доллар сый акы жарыяланды

Azattyk.org 

АКШ “Ислам мамлекети” радикал уюмунун Ооганстандагы лидери жашырынган жер тууралуу маалымат үчүн 10 миллион доллар сый акы убада кылды. Мамлекеттик департамент былтыр 26-августта Кабул аэропортунда болгон жардырууга жооптуу адамдарды табууга көмөктөшкөндөргө да 10 миллион доллар берилерин билдирди. Кол салууда бери дегенде 173 киши каза тапкан, арасында америкалык 13 аскер бар болчу. Жардыруу үчүн “Ислам мамлекети-Хорасан” экстремисттик уюмунун Ооганстандагы бөлүмү жоопкерчилик алган. АКШ уюмдун башчысы Санаулла Гафари экенин аныктаган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Антонина Арталевская

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week





Rss.plus
2ГИС

Каршеринг BelkaCar и картографический сервис 2ГИС запустили серию совместных маршрутов




«Деньги обесценятся уже точно»: эксперт назвал сроки обвала сбережений

Исполнилось 100 лет со дня рождения Донатаса Баниониса

Воробьев сообщил об открытии подстанции скорой помощи в Ногинске

«Оставляют на работе часть души и сердца»: краснодарских медиков поздравили с профессиональным праздником




Орусияда мигранттарга укуктук жардам берген ишеним телефону ишке кирди

Azattyk.org 

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги оор кырдаалга туш болгон аялдар жана балдарга укуктук жардам көрсөтүү максатында ишеним телефондору иштей баштаганын билдирди. Маалыматка караганда,  +7 (996) 665-76-88 (WhatsApp дагы) номурундагы ишеним телефону күнү-түнү иштейт. Бүгүнкү күндө миллиондон ашуун кыргызстандык чет жакта эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда иштейт. Расмий маалыматтарда ушул тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашары айтылган. (TSh)

Кыргызстан Өзбекстандан электр жарыгын алып бүттү

Azattyk.org 

Кыргызстан Өзбекстандан товар алмашуу жолу менен 700 миллион кВт/саат электр жарыгын алып бүттү. Ал эми Казакстандан алына турган 900 миллион кВт/саат электр жарыгынын 120 миллион кВт/сааты гана калды. Ал ушул тапта да берилип жатат. Бул тууралуу 8-февралда парламенттин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Таалайбек Ибраев билдирди. Анын сөзүнө караганда, Кыргызстан Түркмөнстандан да 2 миллиард 800 миллион кВт/саат токту импорт кылып жатат. Читать дальше...

Айнек караңгылатууга уруксат алуунун төлөмү 30-50 миң сом болушу мүмкүн

Azattyk.org 

Кыргызстанда автомашиненин каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүүчү мыйзам долбоору жактырылса, анын акысы 1 жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин 8-февралдагы жыйынында билдирди. ДепутаттарКыргызстанда айнектерин акы төлөп караңгылатууга уруксат берүү сунушталган долбоорду талкуулап жатышат. Министр Амангелдиевдин маалыматына караганда... Читать дальше...

Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр уланат

Azattyk.org 

Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишимди жандандыруу сүйлөшүүлөрү шейшембиде Венада уланганы жатат. АКШ Тегеран менен макулдашууга жетишүү мүмкүн, бирок бул жаатта тезирээк чара көрүү зарыл деп эсептейт. Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү 7-февралда Иран атомдук программасын алга жылдырып жатканын, бир нече жуманын ичинде мунаса табылбаса, баштапкы келишимге кайтуу Вашингтон үчүн мүмкүн болбой каларын билдирди. Венадагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 28-январда токтоп, дипломаттар кеңешүүгө өз өлкөлөрүнө тарап кеткен. Читать дальше...

Карыбеков: Сууга ысырап мамиле кризиске алып келди

Azattyk.org 

Кыргызстанда быйыл кар аз жаап, кыш жылуу болду. Былтыр Токтогул суу сактагычына суу аз чогулгандыктан өлкө энергетикалык кризисти баштан кечирүүдө. Экологдор мөңгүлөрдүн бат эрип баратканын айтып коңгуроо какса, дыйкандар алдыдагы сугат мезгилине кабатыр. Мындай татаал кырдаалда Кыргызстан кандай иш-аракеттерди жасашы керек? Үстү-үстүнө үйүлгөн тобокелдиктерди жоюунун жана көйгөйдү чечүүнүн кандай жолдору бар? "Азаттык" Борбор Азиядагы суу пайдалануу жана суу-энергетикалык ресурстары маселелерин... Читать дальше...

Өзбек-казак чек арасынан курал алып кирүү аракети болгону кабарланды

Azattyk.org 

Ташкент жана Фергана облустарында өзбек бажычылары мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары алып кирүүнү көздөгөндөрдү колго түшүрүштү.  Бул тууралуу Өзбекстандын Бажы комитети билдирип,  окуя качан болгонун тактаган жок. Маалыматка караганда, Казакстан менен чек ара бекетинде менчик машинеден бир тапанча, газ тапанчасы жана пневматикалык куралдын октору табылган. Дагы бир бажы бекетинде текшерилген автоунаада пневматикалык тапанча менен 243 даана ок-дары катылган болуп чыкты. Фергана аэропортунда жүргүнчүнүн... Читать дальше...



Москва

Что можно отметить в этот день


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил работников скорой помощи с профессиональным праздником



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

НОПРИЗ

Удмуртский проект победил в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России