Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 01.03.2022

Путин Орусиядан 10 миң доллардан көп акча алып чыгууга тыюу салды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин 10 миң доллардан ашык накталай акчаны өлкөдөн алып чыгууга тыюу салды. Мындай жарлык 1-мартта Кремлдин сайтына жарыяланды. Ага ылайык, бул чектөө 2-марттан тарта күчүнө кирет. Буга чейин өлкөдөн 10 миң доллардан ашык каражат алып чыгуу үчүн декларация жараянынан өтүү жетиштүү болчу. Путиндин жарлыгына ылайык, «дос эмес өлкөлөрдүн» жарандарына жана алар көзөмөлдөгөн түзүмдөргө баалуу кагаздарды жана кыймылсыз-мүлктү сатууга же сатып алууга да тыюу салынат. Ошондой... Читать дальше...

Орусия “Дождь” каналынын жана “Эхо Москвы” радиосунун сайтын жапты

Azattyk.org 

Роскомнадзор Орусиядагы “Дождь” телеканалынын жана “Эхо Москвы” радиосунун интернет сайттарына бөгөт койду. Анын алдында Орусиянын Башкы прокуратурасы орус армиясынын Украинадагы аракеттери тууралуу “жалган маалыматты жарыялады” деген негиз менен аталган сайттарды жабууну талап кылган. “Эхо Москвы” радиосунун башкы редактору Алексей Венедиктов орус бийлигинин чечимин “саясий өңүтү бар цензура” деп мүнөздөп, радио ага каршы сотко кайрыла турганын билдирди. Азыр “Дождь” телеканалы жана “Эхо Москвы”... Читать дальше...

Европарламент Украинага ЕБге кирүүгө талапкер өлкө макамын берди

Azattyk.org 

Европарламент 1-мартта Украинанын Европа Биримдигине кирүү тууралуу арызын карап, Еврокомиссиянын институттарына аны талапкер өлкө катары сунуштоо резолюциясын кабыл алды. Документ милдеттүү макамга ээ эмес, сунуштама болуп эсептелет. Евробиримдиктеги сегиз өлкөнүн өкүлдөрү жыйында Украинаны уюмдун мүчөлүгүнө шашылыш процедура менен кароо чакырыгын жасашты. Мунун алдында жыйында Украинанын президенти Владимир Зеленский видео байланыш аркылуу билдирүү жасады. Зеленский өз сөзүндө Харьков шаарын шейшемби күнкү ракеталык аткылоо жөнүндө айтып... Читать дальше...



Саймаитинин өлүмү: Стамбулда үч киши өмүр бою абакка кесилди

Azattyk.org 

Cтамбулда киши колдуу болгон уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектүү үч киши өмүр бою эркинен ажыратылды. 28-февралда Стамбул шаардык Кылмыш-жаза соту уйгур тектүү ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шектелип кармалган жети жаранга өкүм чыгарды. Бул тууралуу 1-мартта түркиялык "Демирөрен" кабар агенттиги көлөмдүү макала жарыялады. Макалада айтылгандай, сот айыпталуучу Абдулла Энвер, Хусейн Ахметалиев жана Самер Барготту "Мамлекеттин биримдигин жана өлкөнүн бүтүндүгүн бузган" деген... Читать дальше...

Украин кризиси: Европа коргонууга аргасыз

Azattyk.org 

Орусиянын Украинага кол салуусу Евробиримдиктин тынчтыкты жактаган саясатын кайра карап чыгууга аргасыз кылды. Бул тууралуу айткан шаркеттин тышкы саясат боюнча жогорку комиссары Жозеп Боррел Путиндин Орусиянын өзөктүк күчтөрдү күжүрмөн даярдыкка келтирүү буйругун Европадагы коопсуздукка коркунуч катары кабыл алды. Буга чейин пацифисттик доктринадан улам согушкан тараптарга оор аскер курал-жарактарын берүүдөн карманып келген Евробиримдиктин бир топ өлкөлөрү саясатын кайра карап, Украинага истребителдерди... Читать дальше...

Орусия күчтөрү Киевде телемунарага сокку урду

Azattyk.org 

Орусиянын аба күчтөрү Украинанын Киев шаарындагы телемунарага сокку урду. Бул тууралуу Украинанын Ички иштер министрлиги кабарлады. Атылган октор телеберүү сигналдарын жөнөтүүчү аппаратка тийди. Телеканалдар иштебей калды. Жакын арада резервдик каналдар аркылуу берилери айтылды. Киевдин 385 метрлик бийиктикке ээ телемунарасы 110 радиуска чейин телесигнал таратат. Мында теле жана радио берүүлөрдөн сырткары башка байланыш каражаттары, анын ичинде полиция кызматынын жана энергетикалык кызматтардын байланыштары да тейленчү. Читать дальше...

Украинадагы согуш: Кыргызстан тобокелчиликтерди кантип алдын алат?

Azattyk.org 

Украинадагы согуш, Батыштын Орусияга санкциясынын кесепети Кыргызстанга сезиле баштады. Дагы көпкө сезилет көрүнөт. Валюта базарында олку-солкулук байкалып, баалар өсөрү болжолдонууда. Муну белгилеген президент Садыр Жапаров өлкөдө баа кымбаттап, улуттук валюта катуу басымга кабылышы мүмкүн экенин эскертти. Өкмөт мындай кырдаалда антикризистик чараларды иштеп чыгып, калкка кырдаалдан чыгуунун бир нече жолун сунуштады. Кыргыз экономикасына кыйын жана түз таасири тийип жаткан өнөктөштөрдөгү согуш... Читать дальше...

"Орусия-Украина согушу күчөсө, кесепети көп өлкөгө тийет"

Azattyk.org 

Орусия -Украина согушу күчөп, сүйлөшүүлөр жыйынтык бербесе, дүйнөдө системалар өзгөрүп, анын кесепети көп өлкөлөр үчүн оор болот. Кыргызстан тобокелчиликтерди алдын алуу үчүн атайын программаларды иштеп чыгышы керек. Мындай пикирин коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди.



Зеленский Кыргызстандагы элчисин кеңешүүгө чакырды

Azattyk.org 

Беларустун чек арасындагы 65 чакырым узундукка созулган орус аскердик техникаларынын колоннасы Украинанын Киев шаарына бет алды. Украинанын экинчи чоң шаары Харьков орус армиясынын соккусуна дуушар болуп, ондогон адамдар курман болду. Стамбул шаардык соту Айеркен Саймаитинин өлүмүнө шек саналып кармалган 7 кишиге өкүм чыгарды. Улуттук банк эсептик ченди 10 пайызга чейин жогорулатты. Өлкөнүн негизги банкы 2022-жылы инфляциянын орточо деңгээлин 12 пайыз менен кармап туруш керек деп эсептейт.

Орусия Украинанын 1300дөн ашуун аскердик объектисин жок кылганын маалымдады

Azattyk.org 

Орусиянын куралдуу күчтөрү алты күндүк чабуулдарынын жүрүшүндө Украинанын 1325 аскердик объектисин иштен чыгарганын билдирди. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Москвадагы атайын брифингде маалымдады. Ал мындан сырткары Украинанын 395 танк жана башка чопкутталган аскердик техникасы, 59 ракета атуучу системасы, 179 талаа артиллериясы жана миномёттору жок кылынганын кабарлады. Игорь Конашенков акыркы позицияларда орус армиясы украин аскерлеринин Азов деңизине чыгуу жолун бууганын... Читать дальше...

Зеленский Европарламентти Украинанын ЕБге кирүүсүн колдоп берүүгө үндөдү

Azattyk.org 

Европарламент 1-мартта Орусиянын Украинанага карата куралдуу кол салуусун жана Украинанын Европа Биримдигине кирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Украинанын президенти Владимир Зеленский анда видео байланыш аркылуу билдирүү жасады. Зеленский өз сөзүндө Харьков шаарын шейшемби күнкү ракеталык аткылоо жөнүндө айтып, жайкын тургундардын, анын ичинде балдардын курмандыгы жөнүндө кеп кылды. Ал украиналыктар орусиялык агрессияга каршы туруп, миңдеген курмандыктардын негизинде гана Евробиримдиктеги өлкөлөрдү... Читать дальше...

Орусиянын аскер кербени Киевге жакындады

Azattyk.org 

Украинанын экинчи ири шаары Харьков орус армиясынын соккусуна кабылды. Андан онго чукул адам курман болгону кабарланууда. Орус аскерлери өлкө түштүгүндөгү Херсон шаарынын жака-белине блок-постторду орноткону да маалым болду. Ошондой эле орус аскер кербени баш калаа Киевге жакындаганын спутниктен алынган сүрөттөр ырастайт.  Харьковдогу аткылоо, 70 украин аскеринин өлүмү Харьков шаарынын тургундары тарткан видеолордон орус армиясынын соккусунан облустук администрация жана көп кабатуу үйлөр жабыркаганын көрүүгө болот. Читать дальше...

Казакбаев Орусия менен Украинаны "диалог үчүн жаңы формат издөөгө" чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстан Орусия менен Украинаны "натыйжалуу диалог үчүн жаңы форматтарды издөөгө" чакырат. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 28-февралда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы иштер министрлеринин С5+1 форматында онлайн жолугушуусунда билдирди. Жолугушууда Украинадагы кырдаал талкууланган. Министрликтин маалыматына караганда, Казакбаев Кыргызстан Украинадагы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсыздануу менен көз салып жатканын, кыргыз эли орус жана украиндер менен тарыхый достук мамиледе экенин айткан. Читать дальше...

Ач айкырыкты токтотуп, агартууга басым кылалы

Azattyk.org 

Теги ливандык француз жазуучусу Амин Маалуф Жакынкы Чыгыш чөлкөмүндө жашаган адамдарды төмөндөгүчө сыпаттаган экен: "Бардык нерсеге сарсанаа болот, бирок иш-аракет кылбайт". Жазуучу бул сөзү менен өзү жашаган чөлкөмдө узак убакыт бою дээрлик окшош саясий, коомдук маанидеги маселелер кайталанса деле, мындан сабак чыгарып, өзгөрүүгө багыт албаган, натыйжада ондогон жылдар өтсө да, дээрлик ордунда калган коомун сүрөттөгөн экен. Бул аныктама биздин коомго да тиешелүүдөй. Төмөндө ошого анализ кылып көрөлү. Читать дальше...

Зеленский Харьковдогу аткылоодон кийин Орусияны “террор-мамлекет” деп атады

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-мартта экинчи жолу видео кайрылуу таратып, орус аскердик күчтөрү Харьков шаарына интенсивдүү аткылоого дуушар болгонун билдирди. Ал Харьков шаары реактивдүү жана канаттуу ракеталык аткылоолорго кабылып жатканын айтып, муну ачыктан-ачык жасалып жаткан "террор" деп атады. Зеленский ага барып жаткан Орусияны “террор-мамлекет” деп атап, аны “эч ким эч качан кечире албай турганын” кошумчалады. 28-февралда жана 1-мартта Орусиянын авиациялык күчтөрү Украинанын Харьков шаарын бомбалады. Читать дальше...

Президент алтын алуу үчүн кезекке тургандар көбөйгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров алтын сатып алууга чакырыгынан кийин Улуттук банкта алтын сатып алууну каалаган жарандардын кезеги көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. "Мен кечээ кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, акчасы барларга акчаңарды алтын менен сактагыла, жүздөгөн жылдар бою алтын өз кунун жоготпойт дедим эле. Бүгүндөн баштап Улуттук банкта алтын сатып алууга кезекке тургандар көбөйдү. Туура кыласыздар, чет өлкөлүк банктарда же үйдө кагаз акча менен сактагандан көрө... Читать дальше...

Жанарбек Акаев "Альянс" фракциясынын лидери болуп шайланды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын лидери болуп Жанарбек Акаев шайланды. 1-мартта фракция мүчөлөрү анын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Мурда Акаев жетектеген Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы кызматына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги сунушталды. Бул сунуш 2-марттагы жалпы жыйынга чыгарылат.   "Альянс" фракциясынын буга чейинки лидери Алтынбек Сулайманов 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Оң рулдуу автоунааларга уруксат берүү талабы күчөдү

Azattyk.org 

Кыргызстанга оң рулдуу автоунааларды алып кирип, каттоого жана колдонууга уруксат берүү демилгеси кайра көтөрүлүүдө. Парламентте мурда салынган тыюуну алып салуу сунушталып, мыйзам долбоорлору демилгеленип жатат. Жарандык демилгелүү кыймылдар элдин муктаждыгын эске алууга чакырууда. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул демилгеге караманча каршы позицияны карманып турат. Жарандык коомдун талабы Активист Эртай Искаков оң рулдуу унааларды Кыргызстанга киргизүүгө уруксат берүү талабы... Читать дальше...

Москвада кыргыз жараны Тажикстандын өтүнүчү менен кармалды

Azattyk.org 

Москванын полициясы Тажикстандын суроо-талабы менен Замирбек Досматов аттуу кыргыз жаранын кармады. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери ал 23-февралда кармалганын ырастады. Досматовго карата козголгон кылмыш иши бурмаланганын, коюлган айып негизсиз экенин тастыктаган документтер даярдалып жатканын билдирди. Кыргыз жараны чек арадагы жаңжалга байланыштуу кармалганы айтылууда. Элчилик тактаган маалыматтарга караганда, Тажикстандын кайрылуусунда көрсөтүлгөн окуялар учурунда Досматов Орусияда болгону аныкталган. Читать дальше...


Музыкальные новости
Ирина Серегина

Сотрудники Росгвардии Московской области написали «Диктант Победы»





Rss.plus
Выставка

Выставка работ победителей фотоконкурса «Созвездия "Семья"»




Против лидера группы «Автоспорт» Ванюкова возбудили дело о дискредитации ВС РФ

«Метриум»: В отделке новостроек делюкс-класса доминирует классический стиль

Русские на Пхукете: Александр Кустов и «Банное Братство» устроили вечеринку на катамаране с моделями

Гимназию имени Подольских курсантов отремонтируют в Климовске




Украина Кыргызстан менен Грузиядагы элчилерин кеңешүүгө чакыртып алды

Azattyk.org 

Украина Кыргызстан менен Грузиянын соңку кырдаал боюнча позицияларына байланыштуу Бишкектеги жана Тбилисидеги элчилерин кеңешүүгө чакыртып алды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 1-марттагы видео кайрылуусунда билдирди. Буга чейин Грузиянын бийлиги Орусияга каршы Батыш салган санкцияларды колдобой турганын билдирген. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Кыргыз президентинин сайты президенттер жөн гана соңку кырдаалды талкуулаганын кабарласа... Читать дальше...

Европада Russia Today жана Sputnik басылмаларынын YouTube каналдары жабылды

Azattyk.org 

Google компаниясы Орусиянын мамлекеттик казынасынан каржыланган Russia Today жана Sputnik маалымат каражаттарынын YouTube порталындагы каналдарын Европа аудиториясы үчүн жапты. Мындай чечимге Европа Биримдигинин аталган медиаларга карата киргизген санкциясы себеп болду. Москванын Украинага карата чабуулуна байланыштуу Батыштагы бир нече мамлекет Russia Today телеканалын чагылдырууну да токтоткон. Мунун алдында америкалык Meta компаниясы Russia Today жана Sputnik каражаттарынын Facebook жана Instagram... Читать дальше...

Зеленский Украинага көмөктөшкүсү келген чет элдиктерге визасыз режим ачты

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский коргонуунун интернационал легионуна кошулууну каалаган чет элдиктер үчүн убактылуу визасыз режим ачуу тууралуу жарлыкка кол койду. Жарлык 1-марттан тартып күчүнө кирди. Легионго "агрессор өлкө" деп саналган мамлекеттен башкалардын жарандары келип кошулса болот. Аларга курал-жарак берилет жана украин армиясынын катарында Орусиянын аскерлерине каршы согушат. Зеленский 27-февралда Украинанын аймактык бүтүндүгүн коргоо үчүн жаңы интернационал легиону түзүлгөнүн кабарлаган. Читать дальше...

Украинадан эвакуацияланган жарандар Венгрияга жетти

Azattyk.org 

Украинадан Венгрияга эвакуацияланган кыргызстандык 112 жаран чек арага жетти. Бул тууралуу Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов "Азаттыкка" билдирди. Элчинин айтымында, айрым жарандар каттоосуз 90 күн жүрүү эрежесин бузгандыктан маселе жараткан. Аны элчиликтин кызматкерлери жеринде чечип жатканы кабарланды.  Венгрияга эвакуацияланып бараткан 112 жарандын үчөө жолдон багытын өзгөртүүнү чечип, өз алдынча Польшага кетишкен. 28-февралда Украинанын борбору Киевден 112 кыргызстандык, арасында 34 бала Венгрияга чыгып кеткен. Читать дальше...

Жуманазарова менен Акматалиев дүйнөлүк рейтингде алдыга чыгышты

Azattyk.org 

Кыргызстандын күрөш балбандары Эрназар Акматалиев менен Мээрим Жуманазарова Дүйнөлүк күрөш биримдиги уюмунун версиясынын рейтингинде биринчи орунга чыгышты. Жаңы рейтинг Түркиянын Стамбул шаарында февралдын соңунда өткөн Yasar Dogu мелдешинин жыйынтыгынан кийин түзүлдү. Акматалиев бул мелдеште байге албай калган. Бирок буга чейинки көрсөткүчтөрүн кошуп эсептегенде 45520 упай топтоп, 70 килограммга чейинки салмакта дүйнөдөгү мыкты балбан деп табылды. Жуманазарова Yasar Dogu мелдешинде 68 килограммга чейинки салмакта күрөшүп... Читать дальше...

Жогорку Кеңеш комитети КТРКнын макамын өзгөртүү сунушун жактырды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети 1-марттагы жыйынында Коомдук телерадиоберүү корпорациясын “улуттук” кылып өзгөртүү жөнүндө мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Документ эми парламенттин кароосуна чыгарылат. Өкмөт сунуштап жаткан долбоорго ылайык, буга чейин КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми башкы директорду дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот. Корпорациянын курамы боюнча жаңы норма кирип... Читать дальше...



Москва

Улан-Удэнский ЛВРЗ подвел производственные итоги первого квартала 2024 года


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Филипп Киркоров

Киркоров оштрафован на 6 тыс. рублей за неуплату другого штрафа




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Александр Градский

В Москве семью композитора Градского обязали убрать его машины с парковки концертного зала



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России