Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 23.03.2022

"Чехтер орус армиясынын агрессиясын унута элек"

Azattyk.org 

Чехиянын бийлиги 300 миңден көп украиналык качкынды кабыл алганын билдирди. Чех премьер-министри дүйнө лидерлеринин арасынан биринчилерден болуп согуш жүрүп жаткан Киевге барып кайтты. Чыгыш Европанын чордонунда орун алган өлкө куралдуу жаңжалдын жайылып кетишинен чочулайбы? Согуштан улам русофобиянын күчөп кетүү коркунучу канчалык жогору? Биздин суроолорубузга Масарык университетинин политология кафедрасынын профессору Мирослав Мареш жооп берди. - Сөзүбүздү STEM социологиялык уюмунун соңку сурамжылоосунан баштасак. Читать дальше...

Байден менен Столтенберг Орусия химиялык курал колдонушу ыктымалдыгын эскертти

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден Орусия Украинага каршы химиялык курал колдонуу мүмкүндүгүн экинчи жолу эскертти. “Менимче, ушундай коркунуч пайда болду”,- деди ал 23-мартта Вашингтондо журналисттерге жооп берип жатып. Байден бир күн мурда жасаган билдирүүсүндө да орус армиясынын Украинадагы ийгиликсиз аракеттеринен улам Орусиянын президенти Владимир Путин эмне кыларын билбей, бурчка такалгандай абалга келгенин, ошол себептүү ал “химиялык же биологиялык курал колдонушу ыктымалдыгын” айткан. НАТОнун... Читать дальше...

Иран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү аяктап калганын маалымдады

Azattyk.org 

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдуллахиян Тегерандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк державалар менен болгон сүйлөшүү аягына чыгып калганын маалымдады. “Эгер АКШ жөндүү аракеттерге барса, биз өзөктүк келишим боюнча биргелешкен комиссияга кирген тышкы иштер министрлери Венада чогулуп, макулдашуунун акыркы толуктоолорун кабыл алууга даярбыз”,-деди ал 23-мартта Дамасктагы сапарындагы басма сөз жыйында. Жаңы келишим боюнча Венадагы сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталганы менен тараптар бир пикирге келе албай жатат. Читать дальше...



Путин газды рубль менен сатууну тапшырды

Azattyk.org 

Орусиянын президенти Владимир Путин “дос эмес өлкөлөргө” газды экспорттоодо төлөмдү доллар менен эмес, рубль менен алууну тапшырды. Бул боюнча буйрукту ал Борбордук банкка жана өкмөткө берди. “Интерфакс” агенттиги кабарлагандай, газга рубль менен төлөө операцияларынын тартиби бир аптанын ичинде аныкталып чыгат. Украинага кол салгандан кийинки санкцияларга жооп катары Орусиянын өкмөтү 7-мартта "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесин түзгөн. Ага Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Канада, АКШ, Жапония, Швейцария... Читать дальше...

Мариуполдо 100 миңдей киши курчоодо калды

Azattyk.org 

Украинанын Мариупол шаарынын 100 миңдей тургуну курчоодо турат. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский 22-мартта билдирди. Кыргызстан быйыл Кумтөр алтын кенинен 500 миллион доллар киреше табууну көздөп жатат. Украинада каза болгон теги кыргызстандык 20 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү Кыргызстанга келе элек.

Беларус Украинанын Бресттеги консулдугун жапты

Azattyk.org 

Беларустун бийлиги Брест шаарында жайгашкан украин консулдугун жаап, ал жерде жана Минскидеги элчиликте иштеген дипломаттардын бир бөлүгүн өлкөдөн чыгарарын жарыялады. Бул тууралуу БелТА маалымат агенттиги кабарлады. “Украинанын Беларустагы элчилиги 1+4 форматында гана иштей алат. Башкача айтканда бир элчи жана төрт кызматкер калса болот”,- деди 23-мартта Беларустун Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Анатолий Глаз. Мекеме өкүлү буга Украинанын дипломаттарынын “достукка жатпаган аракеттери”... Читать дальше...

Рахматулла Эгембердиев “Ыйман” фондунун директору болуп шайланды

Azattyk.org 

Мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиев “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун директору болуп шайланды. Фонддун байкоочу кеңеши кабыл алган чечимге ылайык, Самаган Мырзаибраимов төрага кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган уюмдан кабарлашты. "Ыйман" фонду 2014-жылдын башында, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен мамлекеттин дин саясатын жүргүзүүгө көмөк көрсөтө турган уюм катары уюштурулуп, имамдарга колдоо көрсөтүү максатында стипендия бериле баштаган. Бул аралыкта мекеме ондогон китептерди чыгарды... Читать дальше...



Bloomberg: Путиндин өкүлү Анатолий Чубайс Орусиядан чыгып кетти

Azattyk.org 

Орусиянын "Роснано" мамлекеттик корпорациясынын мурдагы башчысы,  экс-вице-премьер-министр, акыркы жылдары президент Владимир Путиндин климат боюнча эл аралык уюмдардагы өкүлү болуп иштеп келаткан Анатолий Чубайс өлкөдөн чыгып кетти. Бул тууралуу Bloomberg маалымат агенттиги жогорку бийликтеги эки булагына таянуу менен маалымдады. Чубайстын кызматтан кеткенин Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги да жазды. Forbes журналы Чубайска телефон аркылуу байланышкан, журналисттер андан өлкөдөн чыгып кеткени... Читать дальше...

Журналисттердин Этикалык кодекси өзгөрдү

Azattyk.org 

Кыргызстандагы жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссиянын курамы жаңыланып, журналисттердин Этикалык кодексине толуктоолор киргизилди.   Комиссиянын чечими юридикалык күчкө ээ болбогону менен ушуга чейин айрым нааразы болгон тараптардын ишин сотко жеткирбей, ич ара чечишип алуусуна шарт түзүп берди. Ал эми акыркы жылдары социалдык тармактардын журналистикадагы орду арткандыктан кодекске кошумча түзөтүүлөрдү киргизүүгө туура келди. Комиссиянын жаңы курамы Жалпыга маалымдоо... Читать дальше...

Президент эл каттоого даярдык көрүү маселесин талкуулады

Azattyk.org 

Президент  Садыр Жапаров бүгүн, 23-мартта Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө мекеменин учурдагы ишмердүүлүгү жана 2022-жылы Кыргызстандын калкын жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү маселеси талкууланды. Мамлекет башчы алдыдагы жараяндын масштабын жана маанисин белгилегенин президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал коронавирустук пандемия шартында жараяндын бардык катышуучуларынын коопсуздугун жана кыргызстандыктардын... Читать дальше...

Сот Мелис Аспековду жети жылга абакка кести

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Мелис Аспековду айыптуу деп таап, жети жылга абакка кести. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы кабарлады. Мунун алдында Аспеков соттук жараяндагы акыркы сөзүн айтып, күнөөсү далилденбегенин, "саясий негизде иш козголгонун" билдирген. Сот айыпкерди жабырлануучулардын пайдасына 23 млн. 429 миң сом чыгымды өндүрүп берүүгө милдеттендирди. Аспеков 2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон. 2021-жылдын... Читать дальше...

Бишкекте гемодиализ алган бейтаптар митингге чыгышты

Azattyk.org 

Бишкекте ар кайсы аймактан келип дарыланып жаткан, гемодиализге муктаж 50дөй бейтап мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясынын алдында акцияга чыгышты. 22-марттагы акцияда алар бейтаптар үчүн менчик ооруканаларга бөлгөн каражаттын суммасын көбөйтүүнү жана гемодиализ үчүн тендер жарыялабоону талап кылышты. Бул тууралуу бейтаптардын бири Айнара Какиева "Азаттыкка" кабарлады. "Бизде кайсы мекемеден алганга тандообуз болуш керек. Экинчиден, биздин гемодиализ үчүн алган процедурабызга Медициналык камсыздандыруу... Читать дальше...

Ошто Учкун айылынын тургундары коопсуз жайга көчүрүлдү

Azattyk.org 

Оштун Кара-Суу районундагы Учкун айылынын тургундагы туруксуз аба ырайынан улам коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Мекеме тараткан видеодо онго жакын чатырларда жергиликтүү тургундар жашап жатканын көрүүгө болот. ӨКМ айылдын канча тургуну көчүрүлгөнүн тактаган жок. Кыргызстандын аймактарында эки жумадан бери жамгыр, кар жаап жатат. ӨКМ берген маалымат боюнча өлкөдө төрт миңдей үй-бүлө жер көчкү, сел коркунучу бар аймактарда жашайт. Буга чейин... Читать дальше...

Талибдер кыздарды окутуу чечиминен кайтты

Azattyk.org 

Ооганстанда "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтү секелек кыздарга мектепке барууга тыюу салынганын жарыялады. Буга чейин талибдер жети айдан бери жабык турган мектептерди 23-марттан тарта ачып, кыздардын билим алуусуна шарт түзүүгө убада берген. "Талибан" өкмөтүнүн Билим берүү министрлиги өткөн аптада бардык окуучуларга, анын ичинде кыздарга 23-марттан тарта мектепке барууга уруксат берилерин айткан. Министрликтин басма сөз катчысы 22-мартта социалдык тармактарда видео жарыялап, анда окуучуларды куттуктаган эле. Читать дальше...

Зеленский Жапониядан Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү суранды

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-мартта Жапониянын парламентинде видео байланыш аркылуу билдирүү жасап, Москванын агрессиясына санкция менен жооп кайтарганы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал санкцияларды дагы кеңейтип, Орусия менен соода-сатыкка толук чектөө киргизүүнү өтүндү. Зеленский буга чейин АКШнын Конгрессинде, Германиянын Бундестагында, Израилдин Кнессетинде билдирүү жасап, Орусияга каршы санкцияларды күчөтүүнү суранган. Мындан сырткары эл аралык уюмдардын жана бирикмелердин платформаларында... Читать дальше...

“Талибан” кыздардын мектепке келүүсүнө кайрадан тыюу салды

Azattyk.org 

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы 23-мартта кыздар үчүн эшиги ачылган орто мектептерди бир нече сааттан кийин эле кайра жапты. Талибдер түзгөн өкмөттөгү Билим берүү министрлиги өткөн аптада бардык окуучулар үчүн, анын ичинде кыздар үчүн мектептер 23-мартта ачыларын маалымдаган. Бир нече айдан бери жогорку класстарда окуган кыздар үчүн мектептер жабылган болчу. 22-мартта министрлик бардык окуучуларды сабакка келүүгө чакырган видео тараткан. Бир күндөн кийин мекеме кайрадан билдирүү таратып... Читать дальше...

“Балыкчы-Кочкор” темир жолун курууга даярдык башталды

Azattyk.org 

“Балыкчы-Кочкор” темир жолунун курулушун баштоо үчүн маршруттун баштапкы тилкесинде жер казуу, шагыл толтуруу иштери жүрүп,  темир, бетон төшөлүп жатат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасы маалымдады. “Долбоор биринчи кезекте күз-кыш мезгилинде Бишкек шаарын жана Жылуулук борборун көмүр менен камсыз кылууда Кара-Кече кенинен көмүр ташуу үчүн эң арзан жол”, - деп айтылат билдирүүдө. “Балыкчы - Кочкор - Кара-Кече” долбоорунун биринчи этабында узундугу 63 чакырым болгон “Балыкчы - Кочкор” темир жолун куруу пландалган. Читать дальше...

Бишкектеги №47 колония бузулуп, соттолгондор башка абактарга которулат

Azattyk.org 

Бишкектин четинде жайгашкан № 47 колония толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которулат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 23-мартта атайын жыйын болуп, анда эскирген мекемени жоюу маселеси каралды. Анда абактагы медициналык, турак жай жана башка имараттарды көчүрүү жана аймакка жаңы имараттарды куруу боюнча чечим кабыл алынды. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Ивлеева

Блогера Ивлееву оштрафовали на 50 тыс рублей за дискредитацию российской армии





Rss.plus
ЦБ

Частота страховых случаев по ОСАГО для такси в 6,6 раза выше, чем по полисам на другие легковые машины – ЦБ РФ




Песков назвал возможное изъятие активов России гвоздем в гроб западной системы

Матвиенко: Парламентская ассамблея Совета Европы — пустая и никчемная структура

Жители и гости Петербурга могут отправиться на водные прогулки на теплоходах

Городские службы Москвы перевели на усиленный режим работы до 12 мая




Башкы прокуратура: Исаковдун Баткендеги видеосу боюнча текшерүү жүрүп жатат

Azattyk.org 

Башкы прокуратура журналист Ыдырыс Исаковдун Ютуб каналына чыккан видеодогу Баткендин Лейлек районундагы менчиктештирилген мүлктөр боюнча текшерүү жүрүп жатканын маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы иш башкы прокурор Курманбек Зулушевдин көзөмөлүндө экенин билдирди. Ыдырыс Исаков Лейлек районундагы Арка, Жаңы-Жер айылдарындагы менчикке өтүп кеткен имараттар жөнүндө үч видео жарыялады. Исаков “Азаттыкка” ал видеолор жөнүндө буларды айтты. “Эптеп формалдуу кагаздарды жасап, сатып алышкан. Эми ошону коргоп калууга азыркы айыл жетекчилери... Читать дальше...

Дүйнөдөгү эң чоң яхта Путинге таандыкпы?

Azattyk.org 

Орус оппозициясынын абактагы лидери Алексей Навальныйдын командасы жарыялаган баяндамада Владимир Путинге таандык экени айтылган 700 миллион долларлык яхта тууралуу сөз болду. Ал эми Түркияга сүзүп барган Роман Абрамовичтин супер яхталарына украин спортчулары нааразылык билдирип чыгышты.  "Шахерезада" Путинге таандыкпы? Алексей Навальныйдын командасы жаңы иликтөөсүндө узундугу 140 метрлик "Шехерезада" деп аталган супер яхта тууралуу баяндайт. Маалыматка караганда, кеме 2020-жылы Германияда жасалган. Читать дальше...

Польша Орусиянын 45 дипломатын өлкөдөн чыгарууну сунуштады

Azattyk.org 

Польшанын Чалгын кызматы Тышкы иштер министрлигине кайрылып, Орусиянын 45 дипломатын "тыңчылык иштерге тиешеси бар" деп, өлкөдөн чыгарууну өтүндү. Бул тууралуу чалгын кызматынын расмий өкүлү Станислав Зарын 23-мартта кабарлады. “Ички коопсуздук боюнча агенттик дипломатиялык ишмердүүлүктү жамынып, Польшанын аймагында чалгын иштерин жүргүзүп келген 45 адамдын тизмесин түздү”,-деди Зарын журналисттерге. Буга байланыштуу Орусиянын Польшадагы элчилиги министрликке чакыртылды. Чечим жолугушуудан кийин жарыяланат. Читать дальше...

S-LINE турак жай кооперативинин жетекчиси үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Ош шаардык сотунун чечими менен каржылык алдамчылыкка шектелген S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Бактыбек Аалиев үй камагына чыгарылды. Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы сот отуруму 22-мартта болгонун “Азаттыкка” маалымдады. “Сот Бактыбек Аалиевге анча оор эмес кылмыш ишине байланыштуу үй камагына чыгарган. Андан сырткары Аалиевдин үй-мүлкү камакка алынды”, - деди. 16-мартта S-LINE коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси Алиев Ошто адамдарга үй алып берүүнү убада кылып... Читать дальше...

Мамлекеттик телеканалдардын жетекчилиги айлык маселеси чечилип жатканын билдирди

Azattyk.org 

Мамлекеттик "Пирамида" жана "Бешинчи канал" телеканалдарынын кызматкерлери социалдык тармактарга үч айдан бери айлык албай иштеп жатканын жазып, Министрлер кабинетине кайрылышты. Бул маселе боюнча "Бешинчи каналдын" жетекчиси Алтынбек Бектуров "Азаттык" радиосуна комментарий берип, маселе чечилип жатканын билдирди. "Каржы маселеси өз процедурасы менен кетип жатат. Мыйзам чегинде. Буюрса, жакынкы убакытта бул маселе чечилет деген ишеничтебиз. Кайдыгер карап, сыртын салган эч ким жок. Маселе Министрлер кабинетинин көзөмөлүндө турат. Читать дальше...

Улуттук банк бир айда 413 млн. сомдук алтын куймасын сатты

Azattyk.org 

Улуттук банк 28-февралдан тартып 22-мартка чейинки аралыкта 413,3 млн. сомго 63 килограмм алтын куймасын сатты. Бул тууралуу аталган банктын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, алтындын бардык куймаларына суроо-талап болууда. Ушул тапта Улуттук банк 1, 2, 5, 10, 31.1035 жана 100 граммдык алтын куймаларын сатып жатат. Алтын куймасынын кору күн сайын толукталууда. Президент Садыр Жапаров 28-февралда кайрылуу жасап, чет элдик валюталарды сатып алып жаткан кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырган. Читать дальше...



Москва

«Семь-Я» экономического будущего России – в МИЦ «Известия» обсудили перспективы отечественного бизнеса


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

"Новосибирск, бро, за всё прости": концерт Басты на "Сибирь-Арене" собрал аншлаг




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике


WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Городские службы Москвы перевели на усиленный режим работы до 12 мая



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России