"Мыйзамсыз камалганым үчүн сотко кайрылам"
Сотко акаарат келтирди деген негиз менен беш күнгө камалып чыккан адвокат Нурбек Токтакунов ички иштер бөлүмүндө убактылуу кармоочу жай түзүү тууралуу өкмөт башчынын №55 токтомун жокко чыгарууга аракет кыла турганын "Азаттыкка" курган маегинде билдирди. - Нурбек мырза, камакта беш күн отуруп чыктыңыз. Укук коргоочу, адвокаттык ишмердигиңиз учурунда канчанчы жолу камалдыңыз? - Биринчи жолу камалдым. Буга чейин 2009-жылы Бишкекте нааразылык акциясында милиция кармап кетип, бир нече сааттан кийин коё берген. Читать дальше...