Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 21.03.2022

Орусияда бийлик "Фейсбукту" “экстремисттик” деп тапты

Azattyk.org 

Москванын Тверь райондук сотунун судьясы Ольга Солопова америкалык Meta компаниясына каршы укук коргоо органдарынын доосун карап, аны “экстремисттик” деп тапты. Бул тууралуу чечимди судья 21-мартта кабыл алды. Соттун чечимине ылайык, корпорация ээлик кылган Facebook менен Instagram тармактары Орусияда толук бөгөттөлөт. Орусияда Facebook 4-марттан баштап, Instagram 14-марттан баштап жабылган эле. Сот чечиминин WhatsApp мессенжерине тиешеси жок. Мунун алдында Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ)... Читать дальше...

Концлагерде аман калган карыя Орусиянын бомбасынан мерт болду

Azattyk.org 

Орусиянын аскер күчтөрүнүн Украинанын Харьков шаарындагы бомбалоосунан улам Экинчи дүйнөлүк согушта концентрациялык лагерлерден аман чыккан, 96 жаштагы Борис Романченко каза болду. Бул тууралуу Бухенвальд мемориалдык комплексинин администрациясы анын небересине таянуу менен билдирди. 18-мартта Романченконун батири жайгашкан көп кабаттуу үйгө бомба тийген. Романченко 1942-жылы фашисттердин колуна түшүп калып, алгач Германиянын Бухенвальд концлагерине камалган. Кийинки үч жылда Пенемюнде, Дора-Миттельбау... Читать дальше...

Мирзиёев менен Путин Украинадагы согуштук кырдаалды талкуулады

Azattyk.org 

21-мартта Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы кабарлап, сүйлөшүү Ташкенттин демилгеси менен болгонун билдирди. Анда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде саясий, соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактардагы өнөктөштүктү өркүндөтүү тууралуу сөз болду. Мындан сырткары Украинадагы кырдаал да талкууланды. “Владимир Путин Донбасстагы республикаларды коргоо боюнча атайын аскердик операциянын жүрүшү тууралуу маалымат берди. Читать дальше...



Франкфурт: топ тээп, чер жазган мекендештер

Azattyk.org 

19-мартта Франкфурт-на-Майне шаарында Нооруз майрамын утурлай Европада жашаган мекендештер футболдук мелдешке жана салтанаттуу кечеге чогулду. Көчмө кубок үчүн турнирге Германиядан, Чехиядан, Польшадан, Литвадан, Даниядан 20 команда катышты. Футболдон тышкары айымдар волейбол ойноп, жигиттер аркан тартышты. Иш-чарага жаңы кызматка киришкен Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев катышып, чогулгандарды куттуктады. Кечинде мекендештер дасторкон үстүндө концерт көрүп, чер жазышты.

Мариуполдо көчөгө көмүлгөн сөөктөр

Azattyk.org 

Азов деңизинин жээгинде турган Мариупол шаарынын тургундары өлгөндөрдүн сөөктөрүн үйлөрдүн жанына эле жерге берүүгө аргасыз. Дээрлик жарым айдан бери орус армиясынын курчоосунда турган шаарда абал өтө оор. Согушка чейин 400 миңдей калк жашаган бул шаарда азык-түлүк жана таза суу тартыш.

Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын кызматташтыгы талкууланууда

Azattyk.org 

Кыргызстан Сауд Арабиясы менен соода-экономикалык кызматташтыкка, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн арттырууга өзгөчө көңүл бурат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн 21-мартта Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан бин Абдулла Ал Саудду кабыл алганда айтты. Сауд Арабиясынын министри Бишкекке эки күндүк расмий сапар менен 20-мартта келген. Президент Сауд өнүктүрүү фондунун өзгөчө ролун белгилеп, анын айыл чарбасы, саламаттык сактоо жана жол инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлорун мисал келтирди. Читать дальше...

"Талибан" Ноорузду расмий майрамдардын катарынан чийди

Azattyk.org 

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы Нооруз майрамы мамлекеттик деңгээлде белгиленбей турганын жарыялады. Ал эми Human Rights Watch уюму "Талибан" өкмөтү ооган кыздарынын окуусуна шарт түзүүгө убада бергенин эскертип, өлкөдөгү билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү көрсөткөн баяндамаcын жарыялады. Ооганстанда Нооруз расмий майрамдалбайт "Талибан" түзгөн ооган өкмөтүнүн Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мохаммад Юнус Сыдыки "Рейтер" агенттигине "талибдер Ноорузду майрам деп тааныганын... Читать дальше...

Баткендеги Нооруз майрамы, президенттин убадасы

Azattyk.org 

Нооруз майрамына карата президент катышкан негизги салтанат быйыл Баткен жергесинде өттү. Президент Садыр Жапаров Баткенде Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чарада сүйлөп жатып, аймактагы чек ара меселесин чечүүнү убада кылды. Мамлекет башчы чек ара маселесин кийинки муунга калтырбай чечүү зарылдыгын белгиледи. “Буга чейин чечилбей, бийликтен бийликке кала берген көйгөйлүү чек ара маселесинде чыр-чатактар куралдуу жаңжалга айланып, кейиштүү окуялар да болуп кетти. Майрам күнү айтылбай турган сөз эле, бирок бул - ачуу чындык. Читать дальше...



ФСБ Орусияда Meta компаниясына толук тыюу салууну талап кылды

Azattyk.org 

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБ сотто Facebook, Instagram социалдык түйүндөрүнө жана WhatsApp мессенджерине ээлик кылган Meta корпорациясынын ишмердүүлүгүнө толук тыюу салууну талап кылды. ФСБ өкүлү мындай талапты Москванын Тверь райондук сотундагы отурумда билдирип, компаниянын ишмердүүлүгү Орусияга жана анын Куралдуу күчтөрүнө каршы багытталганын жүйө келтирди. Прокуратура мурдараак Meta компаниясын "экстремисттик уюм" деп атап, америкалык компаниянын жабылышын соттук отурумда да жактаган. Читать дальше...

Кечирүү же өч алуу. Илим кайсы бирин жактайт?

Azattyk.org 

Башка бирөөнүн мамилесинен, иш-аракетинен жапа чеккен адам терс сезимдерден арылып, кайра гумандашуусу үчүн таарынткан адамды кечириши керекпи же өч алышы шартпы? Окумуштуулар бул эки аракеттин ар бирине илимий түшүндүрмө беришти. Изилдөө эмне жөнүндө? "Адам жана социалдык психология" илимий журналына Питтсбург университетинин психологу Карина Шумандын изилдөөсү жарыяланды. Бул жөнүндө илимий журналга шилтеме жасоо менен Forbes басылмасы жазды. "Виктимизацияга кабылгандан кийин өзүңдү регуманизациялоо... Читать дальше...

Мариупол багынган жок, Киевге сокку урулду

Azattyk.org 

Украинанын курчоодо турган Мариупол шаары орус күчтөрүнө багынып берүүдөн баш тартты. Дүйшөмбүгө караган түнү орус армиясы Украинанын баш калаасы Киев баштаган айрым аймактарга сокку урууну улантты. Дээрлик жарым айдан бери орус күчтөрүнүн курчоосунда турган Мариупол шаарында абал оор. Согушка чейин 400 миңдей адам жашаган бул шаарда азык-түлүк жана таза суу тартыш. Соңку бир нече күндөн бери көчөлөрдө атышуулар уланып жатат. Reuters жаңылыктар агенттиги жарыялаган видеолордон капкара болуп өрттөнгөн имараттарды... Читать дальше...

Евробиримдик Орусияга жаңы санкцияларды караштырып жатат

Azattyk.org 

Европа Биримдигинин мүчөлөрү – 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана коргоо министрлери 21-мартта Брюсселде чогулду. Мекемеден кабарлашкандай, алар Орусиянын Украинага кол салганы үчүн Москвага жаңы санкцияларды салуу маселесин карап жатышат. Буга чейин Reuters маалымат агенттиги Евробиримдик Орусиянын мунайына тыюу салууну мерчемдеп жатканын жазган. Айрым дипломаттар бул боюнча уюмга мүчө өлкөлөр бир пикирге келе албай жатканын билдиришти. Министрлердин жолугушуусунан кийин Евробиримдикке жана НАТОго мүчө мамлекеттердин саммити... Читать дальше...

Көкбөрү: "Нооруз" турнирин Жогорку лигада "Ынтымак" жеңди (видео)

Azattyk.org 

Нооруз майрамына арналган көкбөрү боюнча республикалык мелдеште Жогорку лигада Таластын "Ынтымак" командасы жеңишке жетти. Финалдык оюнда таластыктар Чүйдүн "Сары-Өзөн" командасын 4:1 эсебинде жеңди. Оюн бүгүн, 21-мартта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өттү. КӨК БӨРҮ | Ынтымак - Сары-Өзөн | Жогорку лига. ФИНАЛ   Бул лигада алты команда ат салышты. 3-орунду "Достук", 4-орунду "Ала-Тоо", 5-орунду "Мурас", 6-орунду "Көк-Жал" командасы алды. "Нооруз" турниринде Жогорку лиганын оюндарынан сырткары 40 жаштагылар арасында... Читать дальше...

Нооруз - көктөм майрамы

Azattyk.org 

Кыргызстандын бардык аймактарында Нооруз майрамы белгиленип, салтанаттуу иш-чаралар өтүп жатат. Жыл сайын майрамга карата негизги иш-чаралар адатта Бишкекте болуп келген. Быйыл өлкө жетекчилиги катышкан негизги салтанаттуу иш-чаралар Баткен жергесинде өтүүдө.

Нооруз-2022: Кыргызстан өнөктөштөрүнүн куттуктоолорун кабыл алууда

Azattyk.org 

Бүгүнкү Нооруз майрамына карата Кыргызстанды чет өлкөлөрдүн лидерлери куттуктоодо. Президенттик сайттагы маалыматка караганда, куттуктоо каттары Казакстандын азыркы жана мурдагы президенттери Касым-Жоомарт Токаев менен Нурсултан Назарбаевден,  Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдон, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондон,  Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевден,  Азербайжандын президенти Илхам Алиевден, Кытайдын төрагасы Си Цзинпинден,  АКШ президенти Жо Байденден, Сауд Арабиясынын... Читать дальше...

Кытайда 133 жүргүнчү бараткан учак кулады

Azattyk.org 

Бүгүн, 21-мартта Кытайдын түштүк жагында China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы кулады. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеканалы кабарлады. Учакта 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар экени маалымдалды. Баштапкы кабарларга ылайык, ал Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Окуя болгон жерде өрт чыккан, ал жакка куткаруучулар чыгып кетти. Борт Куньмин шаарынан Гуанчжоу шаарына бараткан. Flightradar24 порталындагы онлайн маалыматтарда көрүнүп тургандай... Читать дальше...

Франция Орусиянын Борбордук банкынын 22 млрд. евросун камакка алды

Azattyk.org 

Франциянын бийлиги Москвага каршы салынган санкциялардын алкагында Орусиянын Борбордук банкынын 22 млрд. долларлык активин жана орусиялык бизнесмендердин 850 млн. евролук мүлкүн камакка алды. Бул тууралуу Франциянын финансы министри Брюно Ле Мэр жергиликтүү медиаларга берген интервьюсунда билдирди. Орус олигархтарынын мүлкүн аныктоо иштерин аталган министрликтин алдындагы атайын түзүлгөн топ алып барууда. Алар ишин мындан ары дагы улантары айтылды.  Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ жана... Читать дальше...

“Талибан” эки миңдей сотту кызматтан алды

Azattyk.org 

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы бийликти колуна алгандан бери өлкөдөгү 34 провинциянын бардыгында дээрлик 2 миңдей сотту кызматтан бошотуп, ордуна башка кызматкерлери алды. Бул тууралуу мурдагы соттордон түзүлгөн топ жекшембиде атайын басма сөз жыйынында кабарлады. Иштен алынган сот кызматкерлери аларды кызмат ордуна кайтаруу жана алты айлык маянасын төлөп берүү талабы менен соттук мекемелерге доо-арыз жазды. “Азаттыктын” ооган кызматына берген комментарийинде экс-судьялардын... Читать дальше...

Украинанын бийлиги Мариуполду берүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Украинанын бийлиги өлкөнүн Мариупол шаарынан чыгып кетүү тууралуу Орусия койгон талабынан баш тартып, калааны коргоо аракеттерин улантууда. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук билдирди. Мурдараак Киев Мариупол шаарын орус аскерлери бир канча күндөн бери аткылап, дээрлик тыптыйпыл кылып салышканын кабарлаган. Орусиянын бийлиги дүйшөмбү күнү алгач украин аскерлерин, андан кийин жайкын тургундардын чыгып кетишин талап кылган. Учурда орусиялык күчтөр шаарды камалап турат. Верещук билдиргендей... Читать дальше...


Музыкальные новости
Александр Розенбаум

Александр Розенбаум рассказал о дополнительном источнике дохода: "Не бомжовые заведения"





Rss.plus
НОПРИЗ

Подмосковные проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023




ЕС призвал РФ пересмотреть решение о передаче активов Ariston и Bosh "Газпрому"

Силовики задержали вместе с 12-м фигурантом дела «Крокуса» Курбоновым его брата

Проект мирового масштаба: как модернизация БАМа изменит страну

The Telegraph сообщила о планах Британии создать собственные ракеты к 2030 году




Өзгөндө көмүр шахтасында кытайлык үч жумушчу каза болду

Azattyk.org 

Өзгөндө көмүр шахтасында үч кытай жараны каза болгонун бүгүн 21-мартта “Азаттык” радиосуна Ош облустук милициясынан кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, кырсык 20-мартка караган түнү Салам-Алик айыл аймагына караштуу Кара-Дөбө айылында болгон. "АБКЕ" деп аталган ишкананын шахтасында оор салмактагы көмүр аралаш таш кулап, көмүр казып жаткан 49 жана 51 жаштагы кытайлык үч жумушчуну басып калган. Каза болгондордун сөөгүн чогуу иштеген жумушчулар өз алдынча алып чыгарып, милицияга өткөрүп беришкен. Читать дальше...

Украина: майнапсыз сүйлөшүүлөр, талкаланган Мариупол

Azattyk.org 

Украин бийлиги Мариупол шаары Орусиянын аскерлери тарабынан таптакыр талкаланганын билдирип, муну “террор” деп баалады. Москва болсо, согушта "гипер ылдамдыкка ээ ракетасын колдонгонун" маалымдады. Тараптарды сүйлөшүүгө чакырган өлкөлөрдүн аракетинен майнап чыга элек. Мариупол жана үндөн ылдам ракета Расмий Киевдин билдиришинче, орус аскерлери бастырып кирген аймактардын дээрлик бардык багыттары боюнча аткылоосун улантууда. Борбордон сырткары Харьков, Николаев, Мариупол шаарлары катуу соккуга кабылып жатат. Читать дальше...

22-марттын аба ырайы

Azattyk.org 

22-мартта түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, кар жаайт. Күндүз Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Ысык-Көл облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, кар, Чүй, Баткен облустарынын тоолорунда кар жаайт. Чүй, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин  жетет. Читать дальше...

Акылбек Жапаров: Кумтөрдү иштетип кете алганыбыз чоң ишенич жаратты

Azattyk.org 

Кумтөр алтын кенин өз алдынча иштетип кете алганы Кыргызстанга чоң ишенич жаратканын бүгүн, 21-мартта Бишкектин Ала-Тоо аянтында Ноорузга арналган майрамдык иш-чарада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Ал кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, экономика жаатындагы жетишкендиктер тууралуу айтты. Кумтөр алтын кени Кыргызстандын башкаруусуна өткөнүн былтыркы жылдын тарыхый окуясы жана элдин жеңиши деп атады: "Тышкы башкаруу киргизилгенде эсебинде болгону 48 миллион доллар болсо... Читать дальше...

Дэвид Бекхэм 71 млн. окурманы бар "Инстаграмын" украиналык дарыгерге берди

Azattyk.org 

Англиянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы мүчөсү Дэвид Бекхэм “Инстаграмдагы” расмий баракчасын украиналык дарыгерге бергенин 20-мартта жарыялады. Балдар дарыгери Ирина Кондратова футболчунун баракчасындагы сторис аркылуу өзү жетектеген Харьков шаарынын перинаталдык борборунан сүрөт жана видеолорду жарыялай баштады. Бекхэмдин “Инстаграм” баракчасында 71 миллиондон ашуун окурманы бар. Мындан тышкары ал 56 миллион окурманы бар “Фейсбук” баракчасын да украиналык дарыгерлер пайдаланышса болорун билдирди. Читать дальше...

Көкбөрү: Чолпон-Атада финалдык оюндар өтүүдө (видео)

Azattyk.org 

Бүгүн, 21-мартта Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда Нооруз майрамына арналган республикалык мелдештин финалдык оюндары өтүүдө. Биринчи лиганын финалын “Бакубат-Талас” командасы утту.  Финалда “Ийгилик” командасы менен беттешип, 4:1 эсебинде жеңип алды. Нооруз турниринде Биринчи лигада быйыл жалпысынан 21 команда ойноду. КӨКБӨРҮ | Бакубат - Ийгилик | 1-лига. ФИНАЛ   Ал эми Жогорку лиганын  финалында “Ынтымак” жана “Сары-Өзөн” командалары беттешет. Оюн саат 15:30да башталат. Оюнду... Читать дальше...



Москва

Шапки женские на Wildberries — скидки от 398 руб. (на новые оттенки)


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Пётр Чайковский

В Воткинске 7 мая отметят День рождения Петра Чайковского




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Сотрудники Росгвардии задержали автомобилиста  с наркотиками в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России