Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 29.03.2022

Европанын төрт мамлекети орусиялык дипломаттарды чыгарарын жарыялады

Azattyk.org 

29-мартта Нидерланд, Бельгия, Ирландия жана Чехия тыңчылыкка шектелген орус дипломаттарын чыгарарын билдиришти. Нидерланддын Тышкы иштер министрлиги тыңчылык кызматкерлеринин функцияларын аткарып жүргөн 17 орусиялык дипломат чыгарыларын билдирди. «Себеби, дипломат катары аккредитациядан өткөн кызыкчылыгы бар адамдар жашыруун чалгын кызматкерлеринин ишин аткарып жүрүшкөн»,-деп жазылат мекеменин билдирүүсүндө. Дипломаттар Нидерланддан эки жума ичинде чыгып кетиши керек. Тышкы иштер министри Вопке Хукстардын айтымында... Читать дальше...

Кыргыз жарандыгына өтүүнү каалагандар көбөйгөнү кабарланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын жарандыгын алууну каалагандар соңку эки жылда кескин көбөйгөнүн 29-мартта “Азаттыктын” эфиринде Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Улукбек Шүкүрбеков маалымдады. Шүкүрбеков Кыргызстан башка өлкөнүн жарандыгын алган өз жарандарын каттоого алууну да көздөп жатканын кошумчалады: “Эки жыл мурун Кыргызстандын жарандыгын кабыл алуу жана жарандыктан чыгуу 50/50 болуп калган. Азыр 90% кабыл алуу, 10% чыгуу болуп жатат. Мисалы, Орусиядан жана башка жактардан чыгып, кыргыз... Читать дальше...

"Түндүк-Түштүк" автожолунун Жумгалдагы тилкесинин абалы талкууланды

Azattyk.org 

Нарында Түндүк-Түштүк автожолунун Жумгал районунун аймагы аркылуу өтүүчү айрым жерлериндеги көйгөйгө байланыштуу бүгүн 29-мартта жыйын өткөнүн “Нарын медиа борбору” кабарлады. Маалыматка караганда, ылай аралаш жолдон өтүү көйгөйү курч болуп жаткан маселе Жумгал райондук мамлекеттик администрациясында Нарын облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган жыйында айтылды. Анда жолдун начар абалы, чөгүп кеткен тилкелери тууралуу айтылып, ыкчам чара көрүү керектиги белгиленди. Читать дальше...



Көп кыргызстандык Орусиядан кайтып жатканы маалымдалды

Azattyk.org 

Орусиянын жарандыгын алган кыргызстандыктар арасында кайра мекенине кайтып, кыргыз жарандыгын алуу үчүн кайрылып жаткандар көп болууда. Бул тууралуу 29-мартта “Азаттыктын” эфиринде Жарандык маселелери боюнча комиссиянын жооптуу катчысы Улукбек Шүкүрбеков маалымдады. Бирок, Шүкүрбеков билдиргендей, жарандык маселеси боюнча мыйзамдын 6-беренесинде “башка жарандык” деген түшүнүк бар жана эгер жарандыгын берген башка өлкө мекениндеги каттоодон баш тартууну талап кылбаса кыргызстандыктар өз өлкөсүнүн да жараны болуп эсептеле берет. Читать дальше...

Amnesty International уюму лидерлерди сынга алды

Azattyk.org 

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму саясий лидерлерди жана чоң компаниялардын жетекчилерин материалдык кирешени адамдардан жогору койду деп сынга алды. 29-мартта жарыяланган адам укуктарына арналган жылдык баяндамасында уюм саясий лидерлер жана чоң ишкерлер пандемияны ооздуктоо үчүн куру убадаларды бергени белгиленген. Amnesty International уюмунун башкы катчысы Аньес Калламардын айтымында, лидерлер теңсиздикти жоюу багытында жакшы иштерди аткарууну убада кылып, андан соң «саткындык... Читать дальше...

Купуя маалыматтар кандай сакталат? Эл каттоонун тартиби

Azattyk.org 

Кыргызстанда эгемендикти алгандан бери үчүнчү жолу эл каттоо өтүп жатат. Ар он жылда өтүп келген өнөктүк бул жолу COVID-19 пандемиясынан улам өз мезгилинен 3 жылга кеч өтүүдө. Өнөктүктө өлкөнүн эл жана турак жайлар статистикасы жаңыланат. Бул эл каттоодо кандай жаңылыктар бар жана уюштуруу иштери кандай жүрдү? “Азаттыктын” суроолоруна Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Зайнидин Жумалиев жооп берди. - 25-мартта өлкө боюнча эл жана турак жайларды каттоо башталды. Бул өнөктүк кандай уюштурулду... Читать дальше...

"Жерге-Талдан журт которткон тагдыр жолум"

Azattyk.org 

Жаш курагым жетимиштин босогосуна келгенде журналисттик жана жазуучулук тагдырыма туш келген кайгылуу да, кубанычтуу да окуялар тууралуу баян жазууну туура көрдүм. Буга кыргыз адабиятын өзбек тилине которууга өмүрүн арнап жакында эле ааламдан өткөн маркум Турсунбай Адашбаевдин «Кыргызстанда өзбек, Өзбекстанда кыргыз болдум» деп айткан армандуу сөзү түрткү болду десем да болот. Анткени бул чебер калемгер экөөбүздүн тагдырыбыз көп жагынан окшош экен. Мен Тажикстандан Кыргызстанга келип эки элдин адабий алакасына кызмат кылып жүргөн болсом... Читать дальше...

Футбол: Намангандагы кубокто Кыргызстан Тажикстанга утулду

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Өзбекстандын Наманган шаарында өтүп жаткан “Навруз кубогу-2022” эл аралык турниринде 3-орун үчүн оюнда Тажикстанга (1-0) утулуп калды. Оюндун жүрүшүндө Кыргызстандын курама командасынын эки, Тажикстандын эки оюнчусу кызыл карта алып, оюндан четтетилди. Турнирге төрт улуттук команда катышкан. Кыргызстан 25-мартта Өзбекстан менен ойноп, 3-1 эсебинде утулган. Финалдык оюн бүгүн, 29-мартта болуп, анда Өзбекстан менен Уганда ойнойт. Кыргызстандын... Читать дальше...



"Улут лидери" мыйзамы Назарбаевдерди коргой алабы?

Azattyk.org 

Казак бийлиги экс-президент Нурсултан Назарбаевдин маркум инисинин уулу Кайрат Сатыбалдынын камакка алынганы "Улут лидери" жөнүндөгү мыйзамга каршы келбей турганын билдирди. Анткени туңгуч президенттин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн кол тийбестик укугуна ээ жана алардын мүлкү мыйзам менен корголот. Кайрат Сатыбалды "Элбашы жөнүндө мыйзам" менен корголобу? Казакстандын Юстиция министри Канат Мусин дүйшөмбүдө "Азаттык" радиосунун казак кызматынын журналистинин суроосуна жооп берип жатып, Назарбаевдин маркум инисинин уулу... Читать дальше...

Жыгач устанын жомок дүйнөсү

Azattyk.org 

Жыгач уста Улукбек Байгараев талаа түздөн таап келген тал-теректер менен жаныбарлардын сөлөкөттөрүн жасайт. Ал эмгектери аркылуу жаратылышта болуп жаткан көйгөйлөрдү чагылдырып, аны коргоого чакырат.

Китеп талкуу: энелерди даңктаган Досалиева

Azattyk.org 

26-мартта Бишкектеги соода борборлорунун биринде чыгаан журналист, илимпоз, саясат таануучу Бүбүкан Досалиева эскерилип, окурмандар анын “Энелер жөнүндө баллада” китебин талкуулады.

Таласта сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган фермерлер акцияга чыкты

Azattyk.org 

29-мартта сүттүн баасын көтөрүүнү талап кылган элүү чакты таластык фермер нааразычылык акциясына чыкты. Алар менен президенттин Талас облусундагы өкүлү Бакытбек Нарбеков жолукту. Фермерлер учурда бир литр сүттү 30 сомдон өткөрүп жатканын, бирок азык түлүктүн баасы көтөрүлгөнүн билдиришти. Президенттин облустагы өкүлү элдик комиссия менен сүттүн баасын жана сапатын текшерүү керек экенин, ортомчуларды азайтуу максатында бардык райондорго сүт ташыган унааларды алуу зарылдыгын айткан. Талас облусунда жеке менчик алты сүт завод иштейт. Читать дальше...

Прокуратура Биримдик-Кут конушундагы 1,79 гектар жер мамлекетке кайтарылганын билдирди

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Биримдик-Кут конушунда 1,79 гектар жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылганын билдирди. Маалыматка ылайык, 1,79 гектар жер мектеп салуу үчүн пландалып, бирок үчүнчү тараптын жеке кызыкчылыгында, коммерциялык багытта иштетилип келген. "Социалдык объектинин жерин мамлекетке кайтаруу максатында, райондук көзөмөл органы прокурордук акты келтирип, анын негизинде 58 млн. 175 миң сомдук 1,79 га жер тилкеси Лебединовка айыл өкмөтүнө кайтарылып... Читать дальше...

Ата-энесинен ажыраган балдардын пенсиясы эки эсе көбөйтүлүп төлөнүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда томолой жетим балдардын пенсиясы эки эсе көбөйтүлүп төлөнүп жатканын бүгүн 29-мартта “Кабар” улуттук маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда Социалдык фонддун төрагасынын биринчи орун басары Теңизбек Абжапаров билдирди: “2021-жылдын 1-октябрынан баштап 3 миң сомго жеткиргенбиз. 2022-жылдын 1-январынан тартып атасынан да, энесинен да айрылган балдардын пенсиясын 6 миң сомго жеткирдик. Бир үй-бүлөдө үч бала болсо ар бирине 6 миң сомдон төлөнө турган буйрук чыгып, ошонун негизинде төлөп баштадык”. Читать дальше...

Дастан Бекешов “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам боюнча Конституциялык сотко кайрылды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамын Баш мыйзамга каршы келет деп табуу үчүн Конституциялык сотко кайрылды. Бул тууралуу депутат Твиттердеги баракчасына жазды. Экс-депутат Гүлшат Асылбаева автор болгон мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр 23-августта кол коюп, ал ошол эле күнү күчүнө кирген. Документ кабыл алынганына жарым жыл болсо да, аны ишке ашыруу жол-жобосу дагы деле так эмес. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты... Читать дальше...

Бишкек менен Ош шаарларынын депутаттары отурган кичиавтобуска бак кулады

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөн семинардан келе жаткан Бишкек жана Ош шаарынын депутаттары отурган кичиавтобуска шамалдан улам бак кулады. Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Мээрим Керимканованын айтышынча, кырсык Аламүдүн районундагы ГЭС-5 конушунда болгон, жабыркагандар жок. Кыргызгидромет 29-мартта күндүн экинчи жарымында Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору тууралуу шашылыш кабар тараткан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип... Читать дальше...

Анкара: түрк тилдүү мамлекеттердин энергетика боюнча маселелери талкууланууда

Azattyk.org 

28-мартта Түркиянын баш калаасы Анкарада уюштурулган Эл аралык конгрессте элчи Кубанычбек Өмүралиев Кыргызстандын энергетика жаатында потенциалын жана энергиянын жаңы булактары боюнча билдирүү жасады. "Энергетика - өлкөлөрдүн экономикалык коопсуздугунун ажырагыс бир бөлүгү. Ошондой эле жарандарыбыздын жашоо сапатын жана бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн маанилүү маселе. Андыктан бул конгрессте кызматташууну жакшыртуу боюнча айтыла турган билдирүүлөр өтө маанилүү. Кыргызстан чоң энергетикалык потенциалга ээ. Читать дальше...

Пакистанда бийликке каршы митингге миңдеген адам чыкты

Azattyk.org 

28-марттын кечинде Пакистандагы оппозициячыл партиялардын миңдеген тарапташтары Исламабадда митингге чыгышты. Ушул эле күнү парламенттеги оппозиция өкүлдөрү премьер-министр Имран Ханды өлкө экономикасын натыйжалуу тескей алган жок деген жүйө менен кызматтан кетүүсүн талап кылып, ишенбөөчүлүк жарыялоо сунушун көтөрүштү. Парламенттин вице-спикери Касим Сури депутаттардын сунушу боюнча добуш берүү жума соңунда өтөрүн билдирди. Хан оппозицияны парламенттеги өзүнүн «Техрик-и-Инсаф» партиясынын өкүлдөрүнүн добуштары менен жеңе аларын айтууда. Читать дальше...


Музыкальные новости
Денис Мацуев

Денис Мацуев выступит на фестивале "Владивостокские сезоны" в рамках ВЭФ-2024





Rss.plus
Арцах

Спецвыпуск журнала «Стратегии развития» посвященный героям Великой Отечественной войны и Специальной военной операции




В Москве открылась выставка фотографий «Магия природы»

Гендиректор «Ахмата» Айдамиров: «Мы не вылетим!»

Кобелев: «Зенит» вышел на матч с «Рубином» не мобилизованным»

Зерновая сделка России и Китая: США и Австралию оттесняют с рынка




USAID Кыргызстанга коронавирусту ыкчам аныктай турган атайын жабдыктарды тапшырды

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине коронавирусту жана кургак учукту ыкчам аныктай турган атайын жабдыктарды тапшырды. Агенттиктин маалыматына караганда, GeneXpert диагностикалык системасы 40 мүнөт ичинде коронавирус инфекциясын так изилдөөгө мүмкүндүк берет. Мурдагыдай 4-5 саат күтүү зарылчылыгы жок. Мындан тышкары, GeneXpert менен кургак учукту аныктоо боюнча тест жүргүзсө да болот. Тапшырылган жабдыктардын жалпы баасы болжол менен 6 миллион сомду түздү. Читать дальше...

Акыйкатчы абактагы наристелер үчүн тийиштүү шарт түзүлбөгөнүн билдирди

Azattyk.org 

Абакта апасынын жанында жашап жаткан наристе балдар үчүн тийиштүү шарт түзүлбөгөнүн 28-мартта аялдар колониясына барып келген акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирди. Омбудсмендин кеңсеси маалымдагандай, балдарга памперс жана манеж да жетишпейт. Акыйкатчы Абдрахматова абактагы шарт менен таанышып, аялдардын арыз-пикирлерин укту жана акысыз жардам берүүчү адвокаттардын ишмердүүлүгү менен аялдар көтөргөн маселелер боюнча жакын арада мониторинг жүргүзүлөрүн айтты. Кыргызстан боюнча аялдардын жалгыз абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Читать дальше...

Казакстанда "дядя Вованы жардамга чакырган" алып баруучуга кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Алматынын полиция департаменти "Европа плюс" радиосунун мурдагы алып баруучусу Любовь Панованын сөздөрү боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки териштирүү башталганын кабарлады. Панова социалдык тармактарда орус агрессиясына каршыларга одоно жооп берип, "жардамга" кайсы бир «Вова байкени" чакырарын жазган. Казакстандык колдонуучулар анын сөздөрүн Орусиянын лидери Владимир Путинге кайрылуу катары кабыл алышкан. "Европа плюс" радиосу алып баруучунун социалдык тармактагы позициясынын радионун саясатына тиешеси жок экенин билдирип... Читать дальше...

Өтмөк ашуусу убактылуу жабылат

Azattyk.org 

Өтмөк ашуусу көчкүлөрдү атып түшүрүү ишине байланыштуу 30-мартта толук жабылат. 29-марттан баштап оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлганын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын Талас облусундагы бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жеңил унаалар өтүп жатат. 30-мартта көчкүлөрдү атып түшүрүү иштерине байланыштуу ашуу толук жабылат. Чектөөнүн мөөнөтү азырынча белгисиз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүшү мүмкүн экенин билдирип... Читать дальше...

Элдик курултай жөнүндө мыйзам долбоору талкууланууда

Azattyk.org 

Бишкек шаарында "Элдик курултай жөнүндө" конституциялык мыйзам долбоорун жазуу боюнча жумушчу топ коомдук угуу өткөрдү. Анда "Элдик курултай - коомдук өкүлчүлүк, кеңешүүчү, байкоочу орган катары коомдук өнүгүүнүн багыттары боюнча сунуштарды берет" деп жазылган. Мыйзам долбоору 22 беренеден турат. Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында төмөндөгүдөй курултайлар өткөрүлөт. 1. Жергиликтүү айыл аймагынын курултайы; 2. Райондун жана шаардын курултайы; 3. Облустун, Бишкек жана Ош шаарларынын курултайы; 4. Читать дальше...

30-марттын аба ырайы

Azattyk.org 

30-мартта түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, Баткен, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн -1...-3, күндүз 8…13; Талас жергесинде түнкүсүн -2...-4, күндүз 6…11; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 4…9; Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6... Читать дальше...



Москва

Что можно отметить в этот день


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певица

«Надо меньше есть!» Певица Ортман раскрыла секрет поддержания хорошей формы




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


Новак Джокович

Шикарный и практичный стиль Елены Джокович из базовых вещей



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Дух разделения в Святой Руси, или Можно ли лишиться сана за отпевание Навального*



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России