Путин "дос эмес өлкөлөр" үчүн газдын акысын төлөө тартибин бекитти
31-мартта Орусиянын президенти Владимир Путин "дос эмес мамлекеттер" үчүн газдын акысын төлөөнүн жаңы тартибин аныктаган жарлыкка кол койду. Жарлыктын толук тексти Кремлдин сайтына жарыяланды. Путиндин айтымында, Орусиядан газ алган Батыш өлкөлөрү көгүлтүр отундун акысын төлөө үчүн "Газпромбанкта" рубль эсебин ачышы керек. Алар газдын акысын чет элдик валюта менен жөнөтсө, анда "Газпромбанк" аны Москва биржасында алмаштырып, рубль түрүндө кардардын эсебине салат. Бул эреже 1-апрелден тарта күчүнө кирет. Читать дальше...