Пакистандагы жардыруу үчүн жоопкерчиликти «ИМ» тобу алды
Пакистандын Пешавар шаарындагы шииттердин мечитинде 4-мартта болгон жардыруу үчүн жоопкерчиликти «Ислам мамлекети» террордук тобу өз мойнуна алды. Аталган топ жарыяган билдирүүдө жанкечтинин жардыруусунан кеминде элүү киши мерт болуп, 200дөн ашууну жаракат алганы белгиленген. Пакистандын полициясы буга чейин кандуу калаба 56 адамдын өмүрүн алып, жүздөгөн адам жарадар болгонун билдирген. Маалыматка ылайык, эки жанкечти мечитте жума намазы окулуп жатканда алгач туш келди ок чыгарып, андан кийин өздөрүн жардырып жиберишкен. Читать дальше...