Балдар арасында кургак учук жугузгандар көбөйдү
24-март - дүйнөдө кургак учук менен күрөшүү күнү катары белгиленип келет. 2020-жылы дүйнөдө 10 миллионго чукул адамда бул инфекция аныкталып, 1,5 миллион адам көз жумган. Ал эми 66 миллион киши оорудан айыккан. Адистердин айтымында, Кыргызстан кургак учукту эң көп жуктурган өлкөлөрдүн сап башында турат. Адистердин эсебинде, кургак учук боюнча Кыргызстан кооптуу зона, жылына бул оору жети миңдей адамдан аныкталат. Акыркы жылдарда балдар арасында кооптуу дартты жугузуп алгандар арбыды. Ооруну дарылоо жана аныктоо жаатында эл аралык уюмдар... Читать дальше...