Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 19.03.2022

Кудайдын отун уурдаган баатыр

Azattyk.org 

Прометей сууктан азап чеккен айры бут пенде балдарына кудайлардын отун уурдап келген. Ал үчүн Зевстин каарына калып, аскага кадалган, адам чыдагыс азаптарга туш келген. Бул ирет кыргыз аңгемесинин классиги Аман Саспаевдин “Прометей жана Зевс” аңгемеси тууралуу кеп кылабыз. Аксарай турмушу Прометей деле башкаларчылап көк асманда кайгы-капаны билбей кылымдап тынч жашай берсе болмок. Каалаганы даяр, оюн десе оюн, зоок десе зоок, жыргап гана күн өткөрмөй. Бирок эриккенде кудайлар да жерге түшүп эки аяктуу пенделерин көрүп... Читать дальше...

Николаевде казармага урулган соккудан ондогон аскерлер өлгөнү кабарланууда

Azattyk.org 

Украинанын түштүгүндөгү Николаев шаарында орус күчтөрүнүн аскердик казарманы бутага алган аба соккуларынан ондогон украин аскерлери мерт болду. Бул тууралуу 19-мартта жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана күбөлөр билдиришти. Орус армиясы чабуул койгон маалда "казармада 200дөй аскер уктап жатканын" "Франц-пресс" жаңылыктар агенттиги 19-мартта 22 жаштагы украиналык жоокерге шилтеме кылып жазды. "Кеминде элүүдөй сөөктү алып чыгышты. Уранды алдында дагы канча киши бар экенин билбейбиз", - деп айтып берген өзүн Максим деп тааныштырган жоокер. Читать дальше...

Өзбекстан орусиялык IT-адистерди имерүүдө

Azattyk.org 

Орусиянын эски согуш ыкмасы Le Monde гезити 17-марттагы санында Орусиянын согуш тактикасын талдап,  шаарларды курчоого алып, бомбалоо ыкмасы Европада кайра жанданды көрүнөт деп жазды. “Бул биринчи кезекте карапайым тургундардын жүрөк үшүн алуу, душманды багынып берүүгө мажбурлоо үчүн жасалат, ошол эле маалда мындай согуштук аракеттер жалпы коомдун нааразылыгын пайда кылат”, - деген оюн ортого салды Антуан Ревершон. “Өрттөнгөн үйлөр, таш-талканы чыккан ооруканалар, эл жашаган кварталдарга жааган ракета... Читать дальше...



Украинада Мариупол үчүн кармаш күчөдү

Azattyk.org 

Орусиянын Украинага басып киргенине 24 күн болду. Ишемби күнү орус күчтөрү бир нече жумадан бери курчоодо турган Мариуполго кире баштаганы кабарланды. Украин президенти Зеленский Орусияны маңыздуу жана кечигүүсүз сүйлөшүүгө чакырды.

Орусия Украинада үндөн ылдам ракетасын колдонгонун билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги биринчи жолу Украинанын батыш бөлүгүндө үндөн ылдам уучучу "Кинжал" ракетасын колдонгонун билдирүүдө. Бул тууралуу министрликтин расмий өкүлү Игорь Конашенков 19-марттагы брифингде айтып чыкты. "18-мартта "Кинжал" авиациялык комплексинин гипер ылдамдыктагы аэробаллистикалык ракеталары менен Ивано-Франковск облусунун Делятин калктуу пунктундагы украин күчтөрүнүн ракеталары жана авиациялык ок-дарылары сакталган жер төлөдөгү ири кампасы жок кылынды", - деп билдирди Конашенков. Читать дальше...

Айдоочулар Орусиянын бажычылары товарды өткөрбөй жатканына даттанууда

Azattyk.org 

Орусиянын бажы кызматкерлери Кыргызстандан барган жүк ташуучу автоунаалардын айдоочуларынан жүктөлгөн товарларды түшүрүүнү талап кылып жатат. Антпесе автоунааларды Орусиянын аймагына өткөрбөй жатышканын айрым айдоочулар социалдык тармактарга жарыяланган видеолорунда билдиришти. "Бардыгын түшүртүп жатат. Башка тандоо беришпейт. Же түшүр, же артка кет деп айтып жатышат. Кечти утурлай түшүрүп бүтөбүз. Андан соң инспектор келип, мунун баарын видеого тартат дешти. Мына ушундай, айдоочулар. Жолго чыкпаганыңар жакшы"... Читать дальше...

Ошто Орусияны колдогон акцияга мэрия уруксат бергени маалым болду

Azattyk.org 

19-мартта Ош шаарындагы Токтогул паркында Орусиянын саясатын колдогон акция болуп өттү. Иш-чаранын катышуучулары колуна “Кыргызстан батыштын колониясы эмес!”, Биз Россия менен!”,”Биз мигранттар менен!”, “Батыштын саясаты элдин азабы”, “Россиянын коопсуздугу биздин коопсуздук” деген жазууларды кармап турду. Катышуучулар эки-үч саат туруп тарап кетишти. Митингди өткөрүүгө Ош шаардык мэриясы уруксат бергенин шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдков “Азаттыкка” билдирди: “Булар Ош шаардык мэриясынан уруксат алыптыр.



Түркмөнстанда жаңы президент ишке киришти

Azattyk.org 

Дүйнөдөгү эң жабык мамлекеттердин бири деп саналган Түркмөнстанды узак жылдардан бери башкарып келген Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 19-мартта ант берип, президенттик кызматка киришти. Ант берүү аземи баш калаа Ашхабаддагы "Рухиет" сарайында өттү. 40 жаштагы Сердар Борбор Азиядагы бул өлкөнүн эгемендик тарыхындагы үчүнчү президент болуп калды. Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат агенттиги бул күндү "артка кайткыс демократиялык өзгөрүүнүн башталышы" деп мүнөздөдү. Түркмөнстандын... Читать дальше...

Экология, салт жана заманбап мода

Azattyk.org 

Бишкекте BURANA FASHION WEEK 2022 деп аталган мода жумалыгынын 6-сезону ачылды. Мында 20дан ашык кыргызстандык дизайнерлер эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына койду.

Орус олигархтарынын байлыгы Украинаны оңдоого жумшалышы ыктымал

Azattyk.org 

Евробиримдиктин жетекчилиги учурда бул маселени талкуулап жатканын Bloomberg өз булактарына таянып жарыялады. Талкууда аталган маселе биримдиктин бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан чечилери маалым болду. Евробиримдиктин өкүлү Урсула фон дер Ляйен азырынча санкцияга тушуккан активдерди жүгүртүү токтотулганын билдирген. Евробиримдик, АКШ жана башка айрым өлкөлөр Орусияга карата көптөгөн оор санкцияларды киргизди. "Кара тизмеге" орусиялык ондогон ишкерлердин байлыктары туш болду. Алардын арасында "Роснефттин" ээси Игорь Сечин... Читать дальше...

Украинадагы согуш 112 өспүрүмдүн өмүрүн алды

Azattyk.org 

Орусия Украинага басып кирген 24 күндүн ичинде 112 өспүрүмдүн өмүрү кыйылды. Бул тууралуу Украинанын Башкы прокуратурасы 19-мартта билдирди. Маалыматка ылайык, өлкөдө согуш башталгандан бери 140тай бала жараат алды. Согушта каза тапкан балдарды эскерүү максатында бир күн мурда Украинанын батышындагы Львов шаарындагы аянтка 109 бош коляска коюлган. Бириккен Улуттар Уюмунун 17-мартка чейинки эсебине ылайык, Украинада 24-февралдан бери кеминде 816 жай тургун мерт болду жана 1300дөн ашууну жараат алды. Читать дальше...

Орус күчтөрү Мариуполго кирип жатканы кабарланды

Azattyk.org 

Ишемби күнү Украинанын бир нече жумадан бери курчоодо турган Мариупол шаарына орус күчтөрү кирип жатканы кабарланды. Айрым маалымат каражаттары Азов деңизинин жээгинде жайгашкан бул шаардын көчөлөрүндө атышуу болуп жатканын жазышууда. Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Вадим Денисенко "Азовсталь" аттуу ири металлургия комбинаты үчүн айыгышкан кармаш жүрүп жатканын ишемби күнү украин телеканалдарына курган маегинде айтты. Украинанын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, Мариупол... Читать дальше...

Бажынын мурдагы башчысы үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адилет Кубанычбеков үй камагына чыкты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы 19-мартта кабарлады. Адилет Кубанычбеков 18-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен абактан бошотулган. Чечимге ылайык, бажынын мурдагы төрагасы 17-апрелге чейин үй камагында болот. Буга ишти тергеген УКМКнын өтүнүчү себеп болгон. Анткени Кубанычбеков өзүнө тагылган айыпты моюнга алып, мамлекетке келтирилген зыянды кайтарган. Читать дальше...

Миталип Мамытов: Ой кирдегенде мээ ууланат

Azattyk.org 

“Азаттыктын” “Сыябан-маегинин” кезектеги коногу - медицина илимдеринин доктору, академик, Кыргыз Республикасынын баатыры Миталип Мамытов. Советтик жана кыргызстандык белгилүү нейрохирург кыргыз медицинасындагы реформалар, Орусия менен Украинанын согушунун тармакка таасири, ден соолуктун кадыры, мээге жасаган жүздөгөн операциялардан кийинки өкүтү, кубанычтары тууралуу ойлору менен бөлүштү.

Зеленский Орусияны маңыздуу сүйлөшүүгө чакырды

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 19-мартта Фейсбукка жарыялаган кайрылуусунда Орусиянын бийлигин жаңы сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө чакырды. Ал тынчтыкты көздөгөн, Украинанын коопсуздугун камсыз кыла турган "акыйкат жана маңыздуу" сүйлөшүүлөр Орусия үчүн өз катасынын кесепетин азайта турган "жалгыз мүмкүнчүлүк" экенин айтты. Украин бийлиги Орусия кол салганга чейин деле маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө басым жасап келгенин кошумчалады. "Менин сөзүмө бардыгыңыздардын, өзгөчө Москвадагылардын кулак салышын каалайм. Читать дальше...

Аба ырайы: Жаан карга айланат

Azattyk.org 

Эртең, 20-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын болот. Тоолордо кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз 1...6, Таласта түнкүсүн -2...-7, күндүз 0...+5, Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү -1...+4, күндүз 8...13, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз 1...6, Нарын облусунда түнкүсүн -5...0, күндүз 1...6, Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -19...-14, күндүз -2...+3 градус болот. Бишкекте түнү мезгил-мезгил менен суу кар жаайт. Абанын табы түнкүсүн -1…-3... Читать дальше...

Украинадан 173 кыргызстандык кайтып келди

Azattyk.org 

Украинадагы кырдаалдан улам ал жактан кетүүнү каалаган Кыргызстандын жарандарын эвакуациялоо уланууда. Бул иштин алкагында бүгүн, 19-мартта Польшадан Бишкекке чартердик каттам менен 95, ал эми Чехиянын борбору Прага аркылуу 35 кыргызстандык жаран Бишкекке, 43 жаран Ошко учуп келди. Бул Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ), Польша жана жарандардын мекенине кайтып келүүсүн уюштурууга көмөктөшүүчү Европалык чек ара кызматынын "Фронтекс" агенттиги менен биргеликте уюштурган экинчи эвакуациялык каттамы болду. Читать дальше...

Чукул билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлүүдө

Azattyk.org 

Кыргызгидромет эскерткендей 19-20-март күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы сакталып, айрым аймактарда жаан-чачын, тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши мүмкүн. Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Мындан тышкары тоолуу жолдордо кар көчкү күтүлөт. Бишкек-Ош автоунаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Бишкек-Талас жолундагы Өтмөк ашуусунда... Читать дальше...


Музыкальные новости
НОПРИЗ

Удмуртский проект победил в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023





Rss.plus
Спартак

«Спартак» набрал больше всех очков в играх с командами из верхней половины таблицы РПЛ




Все парки Московской области обработали от клещей

Над "Тарковым" стебутся авторы Helldivers 2 и DayZ

БАМ — наша семейная гордость

Нижний Новгород может стать городом, где выступят певцы «Новой «Фабрики звёзд»




Өтмөк ашуусундагы чектөөлөр алынды

Azattyk.org 

Талас облусундагы Өтмөк ашуусунда чектөөлөр алынды. Учурда бардык автоунаалар өткөрүлүп жатканын 19-мартта "Азаттык" радиосуна Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол тейлөө мекемесинин кызматкерлери жолго кум чачып жатышат. Унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо талабы сакталууга тийиш. 18-мартта аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам, ашууда машиналардын тыгыны пайда болгон. Буга байланыштуу жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынган. Читать дальше...

ЭВФ: Орусиядагы кризистен коңшулары да жабыркайт

Azattyk.org 

Украинадагы согуш өзгөчө Орусиядан мунай импорттогон өлкөлөргө кедергисин тийгизет. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур “Азаттыкка” маегинде билдирди. Ал мындай шартта Борбор Азия кандай чараларды көрүшү керектигин айтты. - Жихад мырза, көпчүлүктүн көңүлү Украинага кадалып турат. Эл аралык валюта фонду (ЭВФ)Москвага салынган эл аралык санкциялар орус экономикасындагы рецессияга себеп болорун ишарат кылып жатат. Айрым эксперттер Орусия дефолт болушу мүмкүн дешет. Читать дальше...

LG Electronics Орусиянын базарынан кеткенин жарыялады

Azattyk.org 

Түштүк Кореялык LG Electronics Орусияга товарын сатпай турганын, орус базарынан кеткенин интернеттеги сайтында жарыялады. Турмуш-тиричилик техникаларын өндүргөн компания Украинадагы согуштан жабыркагандарга гуманитардык жардам берүүнү колдой турганын билдирүүдө. Йель университетинин маалыматына караганда, Орусия агрессиясын баштагандан бери 400дөн ашуун чет өлкөлүк ишканалар Орусиядагы ишин чектеп же толук токтотту. Алардын арасында өнөр жай товарларын сатуучу OBI, косметика жана парфюм даярдоочу Estee Lauder Companies... Читать дальше...

Львовдо согушта балдарды өлтүрүүгө каршы акция өттү

Azattyk.org 

Львов шаарынын борборунда 109 бешик араба коюлду. Булар Орусия Украинага бастырып киргенден берки чарчап калган наристелерди эскерүү үчүн коюлганын "Азаттыктын" украин кызматы кабарлады. "Согуш баасы" деп аталган акциянын максаты - дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бейкүнөө балдардын бөөдө өлүп жатканына буруу. Иш-чараны Львов шаардык кеңеши уюштурду. Маалыматка ылайык согуш башталгандан бери 109 бала чарчап калган. 18-мартта Львов шаарындагы авиазаводго төрт ракета атылып, бир киши жараат алган. Читать дальше...

Бишкек-Нарын-Торугарт жолу ачылды

Azattyk.org 

Бүгүн, 19-мартта саат 12:00дөн тарта Бишкек - Нарын - Торугарт жолу бир тараптуу ачылды. Жолду кеңейтүү иштери уланууда. Жолго түшкөн көчкүнүн 32 300 метр кубу тазаланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Ал эми Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Жакыпбек Жумаев учурда аймакта жол көзөмөл кызматынын алты посту иштеп жатканын билдирди. Ушул тапта көчкүдөн өтө албай турган 200гө жакын жүк ташуучу автоунаа бар. Читать дальше...

Кесипти жүрөктү угуп, акыл калчап танда

Azattyk.org 

13-мартта Бишкекте мектеп окуучуларына жана абитуриенттерге кесип тандоодо туура багыт берүүгө арналган чоң форум өттү. Иш-чарага катышкан 500 окуучу жана мектепти быйыл аяктап жаткан жаштарга ар тармактагы ийгиликтүү адамдар презентация жасашты. "Азаттык+" командасы да бул иш-чарага катышып келди.



Москва

Что можно отметить в этот день


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Джиган запретит дочери Ариеле встречаться с определенной категорией парней




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Московские школьники стали победителями всероссийской олимпиады по математике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


Елена Рыбакина

Елена Рыбакина рассказала о проблемах на турнире в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России