Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 02.03.2022

Абрамович “Челси” футбол клубун сатууну чечти

Azattyk.org 

Орусиялык олигарх Роман Абрамович англиялык "Челси" футбол клубун сата турганын жарыялады. Ишкер клубду сатуудан түшкөн акча Украинадагы согушта жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлө турган кайрымдуулук фондуна жумшаларын билдирди. "Мен ар дайым клубдун кызыкчылыгына карап, чечим кабыл алчумун. Ошондуктан мындай кырдаалда мен клубду сатууну чечтим. Анткени бул команданын кызыкчылыгында деп эсептейм", - деп айтылат Абрамовичтин билдирүүсүндө. Британиядагы маалымат каражаттары жазгандай, Абрамович... Читать дальше...

Абраимович “Челси” футбол клубун сатууну чечти

Azattyk.org 

Орусиялык олигарх Роман Абрамович англиялык "Челси" футбол клубун сата турганын жарыялады. Ишкер клубду сатуудан түшкөн акча Украинадагы согушта жабыркагандарга жардам берүү үчүн түзүлө турган кайрымдуулук фондуна жумшаларын билдирди. "Мен ар дайым клубдун кызыкчылыгына карап, чечим кабыл алчумун. Ошондуктан мындай кырдаалда мен клубду сатууну чечтим. Анткени бул команданын кызыкчылыгында деп эсептейм", - деп айтылат Абрамовичтин билдирүүсүндө. Британиядагы маалымат каражаттары жазгандай, Абрамович... Читать дальше...

БУУга мүчө-өлкөлөр Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюцияны жактырды

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 2-марттагы чукул сессиясында Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюция көпчүлүк добуш менен жактырылды. Москванын Украинага карата согушун тез арада токтотуусун жана Украинанын аймагынан жоокерлерин чыгарып кетүүсүн талап кылган документти жыйынга катышкан 193 өлкөнүн өкүлдөрүнүн 141и колдоду. БУУнун таблосунда көрүнгөндөй, Орусия, Беларус, Түндүк Корея, Эритрея, Сирия резолюцияга “каршы” добуш беришти. Армения, Кытай, Конго, Куба, Индия, Ирак... Читать дальше...



Байден: Путин чоң ката кетирди

Azattyk.org 

Кошмо штаттардын президенти Жо Байден 1-мартта Конгрессте кайрылуу жасады. АКШ президенти Жо Байден шейшембинин кечиндеги кайрылуусунда Путин өтө чоң ката кетиргенин айтып, украин элине тилектештигин билдирди. Байден Конгресстеги жылдык кайрылуусунун негизги бөлүгүн Орусиянын Украинага басып киришине арнады. Ал өз сөзүндө Путин Украинага кол салуу менен жер жүзүндөгү эркин дүйнөнү чөгөлөтүүгө аракет жасап, бирок катуу жаңылышканын белгиледи. Байден украиналыктардын кайратына таазим этти Жо... Читать дальше...

Орусия 500дөй аскери өлгөнүн моюнга алды

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерде 498 жоокери каза болгонун, 1597 и жаракат алганын 2-мартта моюнга алды. Орус тарап ошондой эле Украинанын 2 870 жараны өлгөнүн, 1 533 аскердик объектиси талкаланганын кошумчалады. Украинанын Коргоо министрлиги 2-мартка карата орус армиясынын жоготуулары 5840 жоокерди түзөрүн маалымдаган. Бул категориянын ичинде өлгөндөр, жок кылынгандар, колго түшкөндөр, жарадарлар кошо саналат. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлеринин санын ушуга чейин айтпай келген. Читать дальше...

Украин бийлиги эки миңдей жайкын тургун каза болгонун билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын аскердик чабуулунан жети күндүн ичинде Украинанын эки миңдей жайкын тургуну каза болду. Бул тууралуу Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы “Фейсбуктагы” баракчасында кабарлады. Мекеме канча аскер каза болгонун тактаган жок. Бул маалыматтар азырынча көз карандысыз булактар аркылуу да ырастала элек. Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча башкармалыгынын өкүлү Элизабет Троссел 24-февралдан 1-мартка чейин 136 адам өлгөнүн, анын 13 балдар экенин маалымдаган. Ал маалыматтар... Читать дальше...

Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматова шайланды

Azattyk.org 

Омбудсмен болуп 41 жаштагы юрист Атыр Абдрахматова шайланды. Жогорку Кеңештин акыйкатчыны шайлоо  тууралуу жыйынында депутаттар өлкөдөгү миграция, сөз эркиндиги, абак жайлардагы кыйноо маселесин көтөрүштү. 41 жаштагы Атыр Абдрахматова буга чейин жарандык активист катары белгилүү болгон. БШКнын мүчөсү болуп иштеген. Ал Кыргызстандын эгемендик тарыхында аялдардан шайланган алгачкы акыйкатчы болуп калды.   Абдрахматованын программасы Төрт талапкердин ичинен Атыр Абдрахматова парламент депутаттарынын 50 добушуна ээ болду. Читать дальше...

Украинадагы согушта курман болгон Нарынбаев

Azattyk.org 

Социалдык тармактарда Украинадагы согушта этностук казак жоокеринин курман болгондугу тууралуу маалымат кызуу талкууга түштү. 1-мартта Астрахан облусунун губернатору казак жигиттин каза болгонун расмий бышыктады. Бул аймактан согушка аттанып, мерт кеткендердин саны алда канча көп болушу мүмкүн экени айтылууда. Аймакта жыш отурукташкан башка улуттардын учурда абалы кандай? "Азаттыктын" казак кызматынын видеосу.



Киев курчоодо, Харьковго сокку урулууда

Azattyk.org 

Орусия Украинанын бир катар шаарларына сокку урууда. Украин кризисинин айынан Кыргызстандын дары-дармек базарында кырдаал оорлоду. Жогорку Кеңеш Атыр Абдрахматованы Кыргызстандын акыйкатчысы кылып шайлады.

Украинадан 800 миңден ашуун адам чыгып кетти

Azattyk.org 

Орусия согуштук аракеттерди баштагандан бери Украинанын аймагынан 830 миңдей адам чыгып кетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы билдирди. Украиналык качкындарды негизинен Европа Биримдигине мүчө мамлекеттер жана Молдова кабыл алып жатат. Мунун алдында Польшанын президенти Анжей Дуда алардын өлкөсүнө 500 миңдей киши качып өткөнүн маалымдаган. Орусия 24-февралда Украинага басып кирген. Бир аптадан бери орус армиясы Украинанын бардык... Читать дальше...

"Украинадагы кырдаалдан улам Дания менен келишим үзүлдү"

Azattyk.org 

Бийчи Атай Өмүрзаков "Фейсбуктагы" баракчасына Даниядагы өнөктөшү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди. Бул кырдаал боюнча бийчи "Азаттыкка" маек курду. - Атай мырза, аз убакыт мурун Фейсбуктагы баракчаңызга "Өлкөңүз агрессорду колдоду" деген жүйө менен Дания сиз менен кызматташуу жөнүндө келишимин үзгөнүн жаздыңыз. Бул эмне болгон келишим эле? Себеби боюнча кандай пикир айтышты? - Ал келишим декабрь айында эле түзүлгөн болчу. Биз... Читать дальше...

Өмүрзаков: «Дания Украинадагы кырдаалдан улам келишимди токтотту»

Azattyk.org 

Бийчи Атай Өмүрзаков Фейсбуктагы баракчасына Даниядагы өнөктөшү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди. Өмүрзаков мындай билдирүүнү социалдык тармактардагы баракчаларына жазды. Бул кырдаал боюнча бийчи «Азаттыкка» маек курду.

Кармаштын чордонунда калган Харьков

Azattyk.org 

Орусия Украинанын бир катар шаарларын аткылоону улантып жатат. Харьков шаарында курман болгондордун саны 20дан ашты. Киевдеги телемунарага тийген ракеталык соккудан кеминде беш киши набыт болду. Орус армиясы стратегиялык Херсон шаарын өз көзөмөлүнө алганын билдирди. Украин бийлиги ал маалыматты четке какты. Украинадагы экинчи чоң шаар Харьков калаасында куткаруучулар Орусиянын ракеталык соккусуна кабылган көп кабаттуу үйдөн жашоочулардын сөөктөрүн алып чыгып жатышат. Аларга жергиликтүүлөр жардам берүүдө. Читать дальше...

Евробиримдик Орусиянын жети банкын SWIFT системасынан өчүрдү

Azattyk.org 

Европа Биримдиги SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан Орусиянын ВТБ, "Россия", "Открытие", Новикомбанк, Промсвязьбанк, Совкомбанк жана ВЭБ деп аталган банктарынын баарын өчүрдү. Бул тууралуу маалымат уюмдун расмий журналында жарыяланды. Евробиримдиктин жетекчилиги ошондой эле Европалык каржылык институттарды орусиялык банктарга евро банкнотторун сатууга тыюу салды. Буга чейин АКШ жана Европа Биримдиги орусиялыкбанктарга санкция салынганын билдиришкен. Читать дальше...

ТИМдин өкүлү Украина боюнча комментарий берди

Azattyk.org 

Элчини кеңешүүгө чакыртып алуу ар бир өлкөнүн укугу экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматтык департаментинин директору Нурлан Сүйөркулов билдирди. Анын айтымында, азыркы тапта украиналыктар жана бул өлкөнүн жетекчилиги өтө кыйын учурду башынан өткөрүп, оор чечимдерди кабыл алууда. «Ошондуктан Кыргызстан кайым айтышууга барбайт жана ал нерсе азыр эч орунсуз», - деди ТИМдин өкүлү. Ошондой эле Сүйөркулов маалыматтык чөйрөдөгү ар кыл кызыл кулактыкка (спекуляция) жол бербөө керектигин айтып... Читать дальше...

Эгемендикти туу туткан дарыгер атуул эле

Azattyk.org 

Көзү тирүү болсо, дарыгер жана атуул Султангазы Бакир уулу Орозобеков 70ке чыкмак. Замандашынын эскерүүсү. Биз, кичүүлөр, аны ар дайым сыйлап, “Султан байке” деп кайрылчубуз. Ал өз жашынан да улуу акылгөй, кыраакы, мээримдүү инсан эле. Болгону 56 жашында гана дүйнө салганын эстесем, кээде түтөп кетем (менин атам да 53 жашында эле кете бергенин кошо эстейм)... Медицина илимдеринин доктору, профессор Султангазы Бакир уулу Орозобеков эгемендик доорунда Кыргызстандын стоматологдорунун кесиптик ассоциациясын (жамаатын) түзүп... Читать дальше...

Украин-орус сүйлөшүүсүнүн экинчи айлампасы да Беларуста өтөт

Azattyk.org 

Украина менен Орусиянын делегацияларынын согуштук аракеттерди токтотуу боюнча сүйлөшүүсү 2-марттын кечинде Беларустун аймагында өткөрүү пландалып жатат. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңешчиси Алексей Арестович билдирди. Мурдараак Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Киев ок атышууну токтотуу үчүн сүйлөшүүнү улантууга даяр экенин билдирип, бирок алар Орусиянын талаптарына макул болбой турганын айткан. Ал Москва Украинанын бийлигинен Крымдын аннексиясын, “Донецк... Читать дальше...

Акыйкатчы кызматына Атыр Абдрахматова тандалды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын акыйкатчысы (омбудсмен) кызматына Атыр Абдрахматованын талапкерлигин жактырды. Бул кызматка Турсунбек Акун, Маматурайым Момунов жана Бакытбек Узенбаев да көрсөтүлгөн. Парламенттин 2-марттагы жыйынында депутаттар көпчүлүк добуш менен Абдрахматованы тандашты. Добуш берүү жашыруун жүргүзүлүп, жыйынтыгы төмөнкүчө болду: Атыр Абдрахматова -50; Маматурайым Момунов - 9; Бакытбек Узенбаев - 13; Турсунбек Акун - 2; Баарына каршы - 3. Ушул эле күнү Абдрахматова акыйкатчы... Читать дальше...

Депутат Айдарбеков Эл аралык комитеттин төрагасы болуп шайланды

Azattyk.org 

Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды. Депутат Жанарбек Акаев “Альянс” фракциясынын лидери болуп шайлангандыгына байланыштуу комитет төрагалыгын өткөрүп берген. "Альянс" фракциясынын буга чейинки лидери Алтынбек Сулайманов 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. 45 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков 2018-2020-жылдары Тышкы иштер министрлигин башкарган.


Музыкальные новости
Эстрада

Смешарики и «Академия Эстрада Тинс» выпустили трек «Попурри»





Rss.plus
2ГИС

Каршеринг BelkaCar и картографический сервис 2ГИС запустили серию совместных маршрутов




Дискуссии о будущем местного самоуправления во Владимирской области

РИА «Новости»: брата арестованного Курбонова ранее привлекали за хулиганство

В РФ наладят производство биосовместимых зубных имплантатов

Baza: в Москве подросток сделал огнемет и решил сжечь дачу соседей




Өмүрзаков: Украинадагы кырдаалдан улам даниялык өнөктөштөр келишимди үздү

Azattyk.org 

Бийчи Атай Өмүрзаков даниялык өнөктөштөрү Кыргызстан Украинадагы кырдаалда Орусияны колдойт деп буга чейин түзүлгөн келишимди үзгөнүн билдирди.  Өмүрзаков Даниянын циркинде өтө турган иш-чарага түзүлгөн келишим токтотулганын "Азаттыкка" билдирди.  Мурдараак "Фейсбукка" минтип жазган эле:  "Бүгүн Даниядан телефон чалышып, биздин келишим үзүлгөнүн билдиришти. Биз пандемиядан улам эки жыл иштеген эмеспиз, эми бир канча жылга тыюу салды. Эми жумуш издейин, артисттик кесип мен жана окуучуларым үчүн бүттү. Читать дальше...

Германия Иранды жаңы өзөктүк келишимди артка жылдырбоого чакырды

Azattyk.org 

Германиянын канцлери Олаф Шольц Ирандын бийлигин өзөктүк программа боюнча келишим боюнча маселелерди эртерээк чечүүгө чакырып, аны тез арада жаңылоо керектигин билдирди. “Биз Венада макулдашуу кабыл алынышын каалайбыз. Чечим кабыл алуу үчүн мезгил келди. Аны артка жылдырбаш керек, эми жылдырганга да болбойт”,-деди Шольц 2-мартта Иерусалимде Израилдин премьер-министри Нафтали Беннет менен менен жолугушкандан кийин. Тегерандын өзөктүк программасы боюнча Венадагы сүйлөшүүлөрдө Ирандын делегациясынын... Читать дальше...

Евробиримдик Орусияга көмөктөшкөнү үчүн Беларуска санкция салды

Azattyk.org 

Европа Биримдиги Орусиянын Украинага кол салуусуна жардам бергени үчүн Беларуска да санкция киргизүүнү жактырды. Кезектешип төрагалык кылуу тартиби менен учурда уюмду жетектеп жаткан Франция 2-мартта тараткан билдирүүдө санкция Украинага чабуул жасоодо роль ойноп жаткан аткаминерлерге тиешелүү экени айтылат. Чектөөлөр мындан сырткары экономиканын айрым секторлоруна, айрыкча жыгач, болот жана калий сатуу тармагына тиешелүү болот. 27 өлкөдөн турган Евробиримдик 2020-жылы президенттик шайлоонун... Читать дальше...

Газ менен жүрө турган автобустарды насыяга алууга уруксат берилди

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш Бишкек шаарына газ менен жүрүүчү 1500 автобусту насыяга алууга уруксат берди. Келишимге ылайык, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы жалпы суммасы 33 млн. доллар турган каражатты 12 жылга берип жатат. Анын 25 миллиону кредит, калганы грант. 2-мартта парламенттеги талкуу маалында депутаттар газ эмес, электр менен жүрө турган автобустарга басым жасоо зарылдыгын айтышты. Мындан тышкары Кыргызстандын өзүндө чыгарыла баштаган "Тулпар" ишканасынын автобустарына да көңүл буруу зарылдыгы белгиленди. Читать дальше...

Навальный орусиялыктарды Украина менен согушка каршылык билдирүүгө чакырды

Azattyk.org 

Орусиялык оппозициялык саясатчы, абакта жаткан Алексей Навальный жарандарды акцияларга чыгууну жана Украина менен согушууга каршылык билдирүүгө чакырды. Билдирүү анын атынан социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда 2-мартта жарыяланды. “Эгер согушту токтотуу үчүн түрмөлөр менен автозактарды толтуруу керек болсо, толтуралы. Мен 100 жыл мурдагы чын-төгүнү белгисиз окуялар кол салууга себепчи болгонун көрүп туруп, унчукпай коё албайм”,-деп жазды ал. Навальный Орусиянын аймагында, чет жакта орус жарандарын тынымсыз нааразылыктарды өткөрүүгө үндөдү. Читать дальше...

Жогорку Кеңеш акыйкатчылыкка талапкер тандап жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 2-марттагы жыйынында акыйкатчылыкка талапкерлер депутаттарга программаларын тааныштырууда. Буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитет акыйкатчылыкка Атыр Абдрахматованын, Турсунбек Акундун, Маматурайым Момуновдун, Бакытбек Узенбаевдин талапкерлигин жактырган. Кыргызстандын акыйкатчысы кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турат. Токон Мамытов парламенттик шайлоого катышкандыгына байланыштуу кызматын тапшырган.



Москва

«1418»: выставка секции «Арт-фото» ТСХР в зале «Лаврушинский`15»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт ко дню адыгского флага привлек молодежь Черкесска




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России