Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 13.03.2022

Кыргызстан сом менен рублдин курсун долларга карап аныктоого өттү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев “Орус рублинин кыргыз сомуна карата расмий курсун аныктоо тартибин убактылуу өзгөртүү жөнүндө” токтомго кол койду. Бул тууралуу башкы каржы көзөмөл мекемесинин сайтында кабарланды. Ага ылайык, сом менен рублдин курсу мындан ары кросс-курс ыкмасында аныкталат. Бир валюта менен экинчи валютанын катышы үчүнчү валютанын негизинде чечилген ыкма кросс-курс деп аталат. Улуттук банк рубль менен доллардын курсун мындан ары “Блумберг” маалымат... Читать дальше...

Украинанын ири полигону аткыланды

Azattyk.org 

13-мартта Польша менен чектеш жайгашкан Украинанын аскердик базасы аткыланып, 35 киши набыт болду. Польшанын президенти Анжей Дуда эгер Орусия химиялык курал колдонсо, ал Украинадагы "согуштун эрежесин" өзгөртөрүн эскертип, НАТО аны көз жаздымда калтырбай турганын билдирди. Ал арада Орусияда согушка каршы митингдерде 600дөн ашуун киши кармалды.



Орусияда согушка каршы митингдерде 600дөн ашуун киши кармалды

Azattyk.org 

13-мартта Орусиянын бир нече шаарларында Украинадагы согушка каршы митингдер өтүп жатат. Маалыматка ылайык саат 17:00гө карата 35 шаарда 620 киши кармалган. Орусиянын борбору Москвада 280 киши, Санкт-Петербургда 136 киши, Екатеринбургда 64 киши кармалганы белгилүү. Орусиянын ички иштер министрлиги кармалгандардын саны боюнча расмий маалымат бере элек. Москванын Манеж аянтын полициянын жана  гвардиянын кызматкерлери  курчоого алган. Алар темир тосмолордун ичинде жүргөндөрдүн документтерин текшерип жатат. Читать дальше...

Чек ара чырынын сыры барбы?

Azattyk.org 

Отуз жылдан бери көкөйгө көк таштай тийген чек ара маселеси Кыргызстан менен Тажикстандын карапайым калкы жана элдик дипломатия катышмайынча жөнгө салынышы кыйын экени, чыр-чатактар айдан-айга, жылдан-жылга улана берери коомчулукка беш колдой белгилүү. Мисалы, мен ошондой чыр-чатактарды алдын алып, өз убагында териштирип жөнгө сала турган «Мамлекеттер аралык элдик дипломатиялык комиссия» түзүүнү жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тиешелүү органдарга сунуш кылганмын. Бул комиссияга кандай адамдар мүчө боло турганы... Читать дальше...

Кара-Сууда ок чыгарган жаран кармалды

Azattyk.org 

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, окуя 12-мартта Кара-Суу шаарында болгон. Жаңжалда травматикалык тапанчадан эки жолу ок атылып, андан бир адам башынан жана бутунан жаракат алган.  Чатакка ортодогу карыз себеп болгону айтылууда. Окуя тууралуу видео интернетке тарады. Анда эки жаран уруша кетип, бири аны көздөй ок атканын көрүүгө болот.  Шектүү жаран кармалып, тергөө иштери жүрүүдө. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-беренесинин ("Оор кылмышка аракеттенүү") негизинде кылмыш иши козголгон. Читать дальше...

Украинада америкалык журналист окко учту (видео)

Azattyk.org 

Орусиянын аскерлери басып алган Украинанын Ирпень шаарында америкалык The New York Times басылмасынын 51 жаштагы кабарчысы Брент Рено орусиялык аскерлер аткан октон набыт болду. Анын кесиптеши, АКШнын дагы бир журналисти жаракат алды. Бул тууралуу 13-мартта Киев полициясынын жетекчиси Андрей Небитов маалымдады. “Баскынчылар орусиялык аскерлердин Украин жергесинде кылып жаткан мыкаачылыгын чагылдырабыз деп келген эл аралык басылмалардын журналисттерин өлтүрүп жатышат. Бүгүн Ирпенде белгилүү The... Читать дальше...

Поляк президенти Орусия химиялык курал колдонсо, согуш эрежеси өзгөрөрүн эскертти

Azattyk.org 

13-мартта Польшанын президенти Анжей Дуда Би-Би-Сиге маек берип жатып Орусия химиялык курал колдонсо, согуштун эрежелери өзгөрөрүн эскертип, НАТО аны көз жаздымда калтырбай турганын айтты. Буга чейин НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусия тараптан химиялык курал колдонулушу ыктымал экендигин эскерткен. Анын айтымында, Москванын "Украинада химиялык жана биологиялык лабораториялар иштеп жатат" деген билдирүүсүн Орусиянын өзүнүн ошондой куралды колдонууну актаган аракети катары сыпаттоого болот. Читать дальше...



Украинадагы согушка сырттан барган топтор

Azattyk.org 

Украинадагы согушта эки тарапта тең чет элдиктер курал кармап, согуштук операцияларга аралашып жатканы маалым болду.    Орусия сириялык согушкерлерди жалдап жатканы тууралуу алгач эл аралык басылмалар жазып чыккан. Украин бийлиги дагы чет өлкөлүк жарандарды эл аралык легионго кошулуп, орус армиясына каршы согушууга чакырган. Президент Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин 11-марттагы жыйынында чет өлкөлүк жарандарга Украинадагы согушта Орусияны колдогон күчтөрдүн катарында күрөшүүгө уруксат берүү идеясын колдоду. Читать дальше...

Жапайы аңчылыкка үч жылдык мораторий киргизүү сунушталууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда айрым жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга үч жылдык мораторий киргизүү сунуш кылынууда. Тийиштүү мыйзам долбоору 11-мартта Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланып, коомдук талкууга коюлду. «Жаныбарлар дүйнөсүнүн айрым объекттерине аңчылык кылууга мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзам кабыл алынса кулжа, аркар, тоо эчки, теке, элик, бугу, марал, доңуз сыяктуу жапайы шартта жашаган жаныбарларга аңчылык кылууга 2023-2026-жылдарга тыюу салынат. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде жазылгандай... Читать дальше...

Беларуста өлүкканалар Украинадагы согушта каза болгон орус аскерлеринин сөөгүнө толду

Azattyk.org 

“Азаттыктын” беларус кызматына жергиликтүү тургундар кабарлагандай, согушта каза болгон орусиялык аскерлердин сөөгү алгач Беларустагы өлүкканаларга алынып келип, ал жактан Орусияга учак же поезд менен ташылууда. “Өлүктөрдүн саны аябай көп. Мозырь станциясындагы жүргүнчүлөр поездге жүктөлүп жаткан сөөктөрдүн көптүгүн көрүп нес болушту”, - деди Гомель облусундагы Мозырь шаарынын тургуну. Башка күбөлөр да Гомель жана Наровеле облустарындагы өлүкканалар да аскерлердин сөөгүнө толуп жатканын айтышууда. Читать дальше...

Кыргыз-немис кызматташтыгы боюнча талкууга диаспора өкүлдөрү катышты

Azattyk.org 

Кыргыз-немис кызматташтыгын арттыруу маселесин талкуулаган жолугушууга  Германиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышканын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 11-мартта Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Берлинде диаспора өкүлдөрү, активисттер жана Кыргыз-немис маданий борборунун мүчөлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Элчи эки өлкө ортосундагы саясий жана соода-экономикалык мамилелерди активдештирүү, Кыргызстандын экономикасынын... Читать дальше...

Ирак: АКШ консулдугунун жанында бир нече ракета жарылды

Azattyk.org 

13-мартка караган түнү Ирактын түндүгүндө, АКШнын консулдугуна жакын жерге бир нече ракета түшкөнүн күрд автономиясынын расмий органдары билдиришти. Жалпысынан Эрбил шаарынын аймагына 14 ракета атылган, алар америкалык башкы консулдуктун тегерегиндеги аймакка түшкөн. Натыйжада жергиликтүү Kurdistan 24 телеканалынын имараты жабыркап, жергиликтүү аэропорттун иши  үзгүлтүккө учурады. Бул чабуулдан кийин АКШ баштаган эл аралык коалициянын аскердик учактары аймактын үстүнөн көзөмөл иретинде айланып учушту. Читать дальше...

Украина: Яворов шаарында Орусиянын ракеталык аткылоосунан кеминде тогуз адам каза болду

Azattyk.org 

Украинанын батышындагы Яворов шаарында Орусиянын ракеталык аткылоосунан тогуз адам каза болду. Бул тууралуу 13-мартта Львов облустук администрациясы билдирди. Дагы 57 адам жараат алганы кабарланды. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, шаардагы аскердик полигонго жалпысынан 30 ракета атылды. Буга чейин сегиз ракета түшкөнү айтылып жаткан. Украинанын Польша менен чек ара тилкесинен 25 чакырым аралыкта, 360 чарчы чакырым аянтта жайгашкан бул полигондо украин аскерлери НАТО менен биргеликте машыгуу өткөрүп турчу. Читать дальше...

Бишкекте кесип тандоо боюнча форум өтүүдө

Azattyk.org 

Бүгүн, 13-мартта Бишкекте мектеп окуучуларына жана абитуриенттерге кесип тандоодо туура багыт берүүгө арналган чоң форум өтүп жатат. Кыргызстанда мындай форматта алгачкы жолу уюштурулган иш-чараны School Club билим берүү борбору өткөрүүдө. Ага 500гө чукул окуучу  жана мектепти быйыл аяктап жаткан жаштар чакырылган. Түрдүү тармактагы тогуз спикер тажрыйбасы менен бөлүшөт. Алардын арасында Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Нуржигит Кадырбеков, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: тараптар ок атышпоону макулдашты

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу менен коштолгон эки окуядан кийин эки тараптын расмий өкүлдөрү жолугуп, абалды талкуулады. Чек арада коопсуздукту сактоону, курал колдонбоону макулдашканы кабарланды. 12-мартта Тажикстандын "Гулистон" өткөрмө бекетинде өткөн жолугушууга УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев, Тажикстандын УКМКсынын Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали, президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согд облусунун губернатору Ражжабой Ахмадзода катышты. Читать дальше...

Украин-орус сүйлөшүүлөрү үзгүлтүксүз жүрүп жатканы айтылды

Azattyk.org 

Буга чейин үч жолу Беларустун аймагында өткөн украин-орус сүйлөшүүлөрү азыр онлайн форматта уланып жатканын 12-мартта "Коммерсант" басылмасына Украинанын президенттик кеңсесинин башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк билдирди. Анын айтымында, видеоформаттагы сүйлөшүүлөр үзгүлтүксүз жүрүп жатат жана атышууну токтотуу жолдору боюнча он чакты сунуш каралууда.   “Айрым юридикалык форматтар иштелип чыккандан кийин төртүнчү жолугушуу белгиленет. Балким эртең, а балким бүрсүгүнү” деген Подоляк орус тарап... Читать дальше...

14-марттын аба ырайы

Azattyk.org 

14-мартта түнкүсүн Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында, күндүз кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоолордо кар жаайт. Түнкүсүн кээ бир жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 2...7, күндүз 9…14; Талас жергесинде түнкүсүн 1...6, күндүз 9…14; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3... Читать дальше...

Украинанын Польша менен чектеш аймагындагы аскердик полигону аткыланды

Azattyk.org 

Орусиянын аскерлери бүгүн 13-мартта эртең менен Украинанын Польша менен чектеш аймагында жайгашкан аскердик базасына жалпысынан сегиз ракета атканын “Азаттыктын” украин кызматы билдирди. Львов облустук аскердик администрациясы “Оккупанттар Яворов шаарындагы Эл аралык тынчтык орнотуу жана коопсуздук борборуна абадан чабуул жасашты. Баштапкы маалымат боюнча, сегиз ракета менен аткылашты” деп билдирди. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн академиясынын маалыматына караганда, “мерт кеткендер жок, жараат... Читать дальше...


Музыкальные новости
Rammstein

Минкульт Калининградской области отказался отменять шоу «Tribute Rammstein»





Rss.plus
ЛокоТех

Более 100 студентов посетило СЛД Курск в рамках акции «Неделя без турникетов»




Семь человек пострадали в ДТП на трассе Москва – Санкт-Петербург

Свыше 350 точек торговли вербой заработали в Подмосковье

В Йошкар-Оле призёров конкурсов о родном крае наградили поездкой в Москву

"Такие - не видят в русских людей". Поплавская подсказала, как решить проблему "ценных специалистов"




“Акаев президент болгондо менин калпагымды кийгизишкен”

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу - экономика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Шамшыбек Мамыров. Ал маегинде студенттик демократиялык кыймылдарга бийликтин мамилеси, Акаевге кийгизген калпактын ээси,  “Улуу үркүндү” эскерүү, мамлекет башчысынан колдоо таппаган милицияны реформалоо аракеттери тууралуу айтып берди.  - Шамшыбек мырза, 1990-жылы 27-октябрда Акаев президент болуп шайланганда анын башына кийгизген калпактын ээси көп. Сиз ошол окуяларга күбө болгонсуз. Ошол калпактын тагдырын билесизби? Читать дальше...

“Акаев президент болгондо калпагымды бергем”

Azattyk.org 

“Бийлик сырлары” берүүбүздүн бул жолку коногу - экономика илимдеринин кандидаты, коомдук ишмер Шамшыбек Мамыров. Ал маегинде студенттик демократиялык кыймылдарга бийликтин мамилеси, Акаевге кийгизген калпактын ээси,   “Улуу үркүндү” эскерүү, милицияны реформалоо аракеттери тууралуу айтып берди.

Эки оттун ортосунда калган Баку, Путинге ачууланган олигархтар

Azattyk.org 

Украинадагы согуш, Орусияга салынган санкциялар дүйнөлүк маалымат каражаттары кайрылган негизги тема. Бакунун позициясы Deutsche Welle 10-мартта “Эки оттун ортосунда же эки үстөлгө отуруу аракети” деген макалада Азербайжандын позициясына токтолгон. "Киевге жаны ачыганын билдирип, гуманитардык жардам бергени менен, Баку бейтараптуулукту сактап турууга, кайсы бир тараптын таламын талашпоого аракеттенүүдө", - деп башталат макала. Азербайжан бийлиги азырынча так позициясын билдире элек. Согуш башталгандын... Читать дальше...

Украина: Львов шаарында да жарылуу болгону кабарланды

Azattyk.org 

13-мартка караган түнү Украинанын Львов шаарында эки жолу катуу жарылуу болгонун жергиликтүү басылмаларга таянып “Би-Би-Си” билдирди. Маалыматта айтылгандай, түнү менен Львовдо жана өлкөнүн башка да шаарларында асмандан сокку урулушу ыктымалдыгын эскерткен атайын белгилер угулуп жатты.    Орусия 24-февралда Украинага кол салгандан бери өлкөнүн батыш четине жакын жайгашкан Львов шаарында атышуу болгон эмес, бирок абадан коргонуу белгилери берилип турган. 2-мартта Бириккен Улуттар Уюму Украинага... Читать дальше...

НАТО Орусия Украинада химиялык курал колдонушу ыктымал экенин эскертти

Azattyk.org 

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг Орусия Украинага каршы химиялык курал колдонушу ыктымал деген кооптонуусун билдирди. Германиянын Welt am Sonntag гезитине 12-мартта курган маегинде ал “Соңку күндөрү биз химиялык жана биологиялык курал боюнча лабораториялар тууралуу акылга сыйбас билдирүүлөрдү угуп жатабыз” деп айтып, Кремль “актоого мүмкүн эмес нерселерди актоо үчүн жалган шылтоо ойлоп табууда” деп кошумчалады. Ошону менен катар НАТОнун башкы катчысы “Эми Орусия мындай калпка таянып өзү химиялык... Читать дальше...

Казакстанда сот оппозиционер активистти камактан бошотуудан баш тартты

Azattyk.org 

Казакстанда сот оппозиционер активист Жанболот Мамайды камактан бошотуудан баш тартты. Бул тууралуу анын жактоочулары билдирип, 12-мартта Мамайдын 15 күндүк жаза мөөнөтү аяктаганын, бирок ага карата жаңы айыптар тагылганына байланыштуу коё берилбегенин маалымдашты. Казакстанда мыйзамсыз деп эсептелген “Казакстан демократиялык партиясынын” лидери 25-февралда уюштурган акциясы үчүн камалган. Ал иш-чара, уюштуруучулардын айтымында, быйыл январда өкмөткө каршы митингдерде курман болгон кеминде 227 адамды эскерүүгө арналган. Читать дальше...



Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин поздравил работников скорой помощи с профессиональным праздником



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

НОПРИЗ

Удмуртский проект победил в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

"Спартак" обыграл "Локомотив" в 26-м туре чемпионата России

Якутянин победил на первенстве России по настольному теннису

"Динамо" и "Зенит" назвали стартовые составы на матч 26-го тура РПЛ


Новак Джокович

Кто отец Дианы Джокович?



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Песков: возможное изъятие активов РФ будет солидным гвоздем в гроб западной экономики



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России