Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 15.03.2022

"Биринчи каналдын" согушту жектеген журналистине айыппул салынды

Azattyk.org 

Москванын Останкино соту "Биринчи каналдын" жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникованы нааразылык акцияларына чакырганы үчүн 30 миң рубль айыпка жыкты. Журналист түз ободогу кечки жаңылыктар программасында согушка каршы плакат менен чуркап чыккандан кийин атактуу болду. Бирок ал кадамына чейин интернетке коюлган видео үчүн административдик жоопко тартылды. Ага түз эфирде Путинди айыптап, согушту жектеген аракети үчүн кылмыш иши козголгону азырынча ырастала элек. Соттон Mediazona телеканалы түз алып көрсөттү. Читать дальше...

Санкциялардын таасири: Кризистен чыгуунун жолдору барбы?

Azattyk.org 

Украинадагы согуштун, ага байланыштуу Орусияга батыш өлкөлөрү салган экономикалык санкциялардын кесепети Кыргызстанга да тийе баштады. Буга байланыштуу кыргыз өкмөтү антикризистик чараларды иштеп чыкты. Кыргыз экономикасын алдыда кандай тобокелдиктер күтүп жатат жана андан чыгуунун кандай жолдору бар? Бүгүн ушул маселени “Арай көз чарай” талкуулайбыз.

Өкмөт өнөктөштөр менен өз ара кызматташуу кеңешин түздү

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен кызматташуу боюнча координациялык кеңеш түзүлдү. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, кеңеш жалпы координациялоону жүргүзүү, өнөктөштөрдүн тышкы жардамын пайдалануу жана пландаштыруу боюнча макулдашылган чечимдерди кабыл алат. "Кеңеш тышкы жардамды ишке ашыруунун натыйжалуулугу боюнча сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыздоочу... Читать дальше...



Орусия президент Байденге, америкалык аткаминерлерге жекече санкция салды

Azattyk.org 

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын президенти Жо Байденге, анын уулу Хантерге, АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкенге жана башка жогорку даражалуу америкалык аткаминерлерге каршы жекече санкцияларды жарыялады. "Санкциялык тизмеге киргендерге Орусияга кирүүгө тыюу салынды", - деп жазылган министрликтин расмий сайтында. Тизмеде АКШнын Мамлекеттик департаменттинин мурдагы башчысы Хиллари Клинтон, Байдендин басма сөз катчысы Жен Псаки, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан... Читать дальше...

Орусия Адам укугу боюнча Европа сотуна катышуудан баш тартат

Azattyk.org 

Орусия Европа Кеңешине бул уюмдан чыкканы тууралуу кабарлама берди. Бул тууралуу 15-мартта Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын мурдагы вице-спикери, Мамлекеттик Думанын депутаты Петр Толстой билдирди. Орусия уюмдан чыккан соң орус жарандары Адам укуктары боюнча Европа сотуна кайрыла алышпайт. Ошондой эле Москва өлүм жазасынан баш тартуу сыяктуу милдеттемелерге байланбайт. Орусия 1996-жылы Европа Кеңешине кирген. Быйыл 24-февралда  Украинага басып киргенине байланыштуу уюм Орусиянын мүчөлүгүн токтоткон. Читать дальше...

Украинада Fox News телеканалынын эки кызматкери окко учту

Azattyk.org 

Америкалык Fox News телеканалынын 55 жаштагы оператору Пьер Закржевски жана телекабарчы Бенжамин Холл Украинадагы аткылоодо каза тапты.  Алар бир күн мурун Киевдин жанындагы окуяларды чагылдырып жүргөндө ожаракат алганын телеканал билдирди. "Биз анын Украинада дүйшөмбү күнү кечинде телекабарчы Бенжамин Холл менен бирге ооруканада каза болгонун тастыктайбыз", - деп билдирди Fox News. Аскердик оператор  Пьер Закржевский 14-мартта Горенка айылын (Киев облусу) аткылоо ок тийген. Оператор менен кабарчы  бараткан автоунаа аткыланып... Читать дальше...

Министр Бейшеналиевдин талкуу жараткан реформасы

Azattyk.org 

Саламаттык сактоо министрлигиндеги реформа, министр Алымкадыр Бейшеналиевдин иш-аракеттери күндүн темасынан түшө элек. Министрди сындагандар ал мамлекеттик кызматкердин этикасын сактабай жатканын, айрым кадамдары мыйзамсыз экенин айтууда. Ошол эле маалда анын кадамдарын колдогондор да бар. Министр бир катар таанымал дарыгерлерди сындап, иштен алды. Мамлекеттик ооруканаларда жайгашкан бир нече менчик медицина борборлорун имараттан чыгарууда чыр чыкты. Министр менен Исманкуловдун чыры Министр... Читать дальше...

Депутат Ташиевдин кылмыш иши кыскарды

Azattyk.org 

Украинада абал оор бойдон калууда. Расмий Бишкектин өз аскерлерин Украинага жөнөтүү планы жок экенин бүгүн 15-мартта Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевге козголгон кылмыш иши кыскарды.



БУУ: Украиналык качкындардын саны 3 миллионго жетти

Azattyk.org 

Орусия "атайын аскердик операция" деген аталышта согуш баштагандан бери Украинадан 3 миллиондон ашык адам чыгып кеткенин Франциянын AFP маалымат агенттиги 15-мартта БУУнун Качкындар иштери боюнча Жогорку башкармалыгына шилтеме берип, маалымат таратты. Эл аралык миграция уюму да бул маалыматты тастыктап, согуш болуп жаткан аймактардан качкан украиналыктардын саны 3 миллиондон ашканын, анын 1,4 миллиону жаш балдар экенин билдирди. БУУнун Качкындар иштери боюнча башкармалыгынын маалыматы боюнча... Читать дальше...

Руслан Казакбаев Орусиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-мартта Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Орусиянын Бишкектеги элчиси Николай Удовиченко менен жолугушту. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда кыргыз-орус кызматташтыгынын соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар алдыда боло турган жогорку деңгээлдеги саясий иш-чаралар, анын ичинде Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине төрагалыгынын алкагындагы форум тууралуу сүйлөштү. Ошондой... Читать дальше...

Жашыл энергияга жол тапкандар

Azattyk.org 

Борбор Азия соңку жылдары энергетикалык каатчылыкка батты. Чөлкөмдөгү эң чоң суу сактагыч Токтогулда суунун көлөмү 8 миллиард метр кубдан түшүп кетти. Жыл санап көмүр тартыштыгы күчөп, табигый газ менен мунайдын баасы да өсүүдө. Мындай жагдай элди энерго үнөмдүү турак-жай салып, энергиянын альтернативдүү булактарына өтүүгө мажбур кылууда. “Данистенин” бул чыгарылышында дал ошол жаңы кубатка жол тапкандар тууралуу баяндап беребиз.

Журналист Овсянниковага оор берене менен иш козголгону кабарланды

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети "Биринчи каналдын" түз ободогу "Время" программасында согушка каршы плакат көтөрүп чыккан жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянниковага карата тергөөгө чейинки териштирүүнү баштады. Бул тууралуу ТАСС агенттиги тергөө комитетиндеги булакка таянып  билдирди. Орусиянын Тергөө комитети муну азырынча расмий ырастай элек. ТАССтын маалыматына караганда, текшерүү Кылмыш-жаза кодексине "армия тууралуу фейк маалыматтарды таратуу" деген жаңыдан кирген берененин негизинде жүргүзүлүүдө. Читать дальше...

Украинадагы кыргызстандыктар Стамбул аркылуу эвакуацияланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугу билдиргендей, Украинада жашаган 100дөн ашык кыргызстандыктар Молдова, Румыния, Болгария жана Түркия аркылуу Кыргызстанга чыгарылды. Айрымдарынын тиешелүү документтери жок болгондугуна байланыштуу, Башкы консулдук тарабынан ар тараптуу ыкчам жардам  көрсөтүлгөн.  Украинанын аймагынан чыгып кеткен кыргызстандыктарга Европа өлкөлөрү өз мекенине кайтуу үчүн 15 күндүк "жашыл коридор" бергенин дүйшөмбүдө Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Читать дальше...

Алматыда Орусияны сындаган эки жаран соттолду

Azattyk.org 

Орусияны сындаган Алматынын эки тургунун беш жылдан эркинен ажыратуу тууралуу 14-мартта Алмалы райондук соту чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады. Блогер Маргулан Боранбай менен жарандык активист Данат Намазбаев  Орусиянын Украинага баскынчылыгын, орус бийлигинин саясатын сындап келишкен. Соттун билдирүүсүндө «2018-жылдан бери соттолуучулар социалдык тармактардагы баракчаларында орус элинин улуттук ар-намысына шек келтирип, улуттук жана социалдык кастыкты козутууга чакырык таштаган» деп жазылган. Читать дальше...

"Батукаев иши": Жогорку сот Атамбаевге карата өкүмдү күчүндө калтырды

Azattyk.org 

Жогорку соттун 15-марттагы чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаевага, дарыгер Абдухалим Раимжановго жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Калыбек Качкыналиевге карата Бишкек шаардык жана Биринчи май райондук сотунун өкүмдөрү өзгөртүлдү. Жогорку соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Жолдубаева Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-бөлүгү (1997-ж. редакциясы) менен кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине... Читать дальше...

Сахнада кубулган, жашоодо шашкан талант эле...

Azattyk.org 

Кыргыз эл артисти, белгилүү актер Мукамбет Токтобаев - театр, кино өнөрүнүн эң жарык жанган жылдыздарынын бири эле. 1980-жылдары улуттук академиялык драма театрда Токтоболот Абдымомуновдун "Машырбек үйлөнөт" комедиясы коюлуп, башкы каарман Машырбекти Мукамбет Токтобаев укмуш ойногон. Ошондогу көрүнүш азырга чейин эсимде. Актер сахнада миң кубулуп, Машырбектин жойпулугун, аксымдыгын, кошоматтанганын кыймылы менен эле эмес, ички күч-кубат (энергия), жан дүйнөсү (актердук өнөрдө внутренний-психологический моторика) аркылуу берилип аткарган. Читать дальше...

Украин-орус сүйлөшүүсүнүн төртүнчү айлампасы өтүүдө

Azattyk.org 

Украина менен Орусиянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн төртүнчү айлампасы  тыныгуудан кийин 15-мартта кайрадан улантылды.   Украинанын делегациясынын мүчөсү, парламенттеги “Эл кызматчысы” фракциясынын башчысы Давид Арахамия сүйлөшүү онлайн өтүп жатканын айтып, башка эч кандай комментарий берген эмес. Бул тууралуу ага шилтеме берип украиналык "Правда" басылмасы жазды. Буга чейин президент Владимир Зеленский сүйлөшүүлөрдүн ушул айлампасынан согушту токтотуу боюнча жыйынтык күтүп жатканын айткан: ... Читать дальше...

Сот Шайырбек Ташиевдин ишин кыскартканы белгилүү болду

Azattyk.org 

Жалал-Абад шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаттары Шайырбек Ташиевге, Жеңишбек Токторбаевге жана дагы эки адамга козголгон кылмыш ишин кыскартты. Соттун тиешелүү токтому быйыл 21-февралда чыкканы 15-мартта белгилүү болду. Маалыматты Жалал-Абад шаардык сотунун басма сөз кызматы ырастады. Аларга 2013-жылы мурдагы Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу” жана “Бийликти күч менен тартып алууга же конституциялык түзүлүштү күчкө салып өзгөртүүгө эл... Читать дальше...

Жасалма диплом чуусу: тизмеде төрт депутат, эки судья бар

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) "жасалма диплому бар" деп шек саналган Жогорку Кеңештеги төрт депутаттын атын азырынча ачык жарыялай элек. Атайын кызмат алардан сырткары тизмеде кеминде эки судья, министрлик-мекемелерде, күч түзүмдөрүндө жана жергиликтүү администрацияларда иштеген ондогон адам бар экенин билдирген. Мындай текшерүү январь айында башталган жана Кочкордо дипломуна байланыштуу сурак чакырылган мугалим асынып алгандан кийин коомчулукта талаш-талкуу көбөйгөн. УКМК мамлекеттик... Читать дальше...


Музыкальные новости
Джиган

Рэпер Джиган вызвал Тимати на поединок после публичных насмешек в свою сторону прямо во время шоу





Rss.plus
Сергей Собянин

Собянин: Москва завершает переход на новый стандарт экстренной медпомощи




Эстафета поколений и победителей. В Ульяновске отметили юбилейный праздник спорта

Заключительный этап олимпиады школьников стартовал в Подмосковье

В Челябинске больше чем на год перекроют одну из ключевых улиц

В школах Московской области завершился День добрых дел




Песков "1-каналдын" редакторунун аракетин "бейбаштык" деп атады

Azattyk.org 

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "Биринчи каналдын" редактору Марина Овсянникованын согушка каршы плакат менен түз эфирге чыккан жоругун “бейбаштык” деп атады. Бул тууралуу "Медуза" агенттиги кабарлады. Агенттиктин журналистинин "Биринчи канал" чынында эле согуш тууралуу жалган айтып жатабы" деген суроосуна Песков: "Жок, андай эмес" деп жооп берди. "Биринчи канал бул бренд, биздин башка алдыңкы орусиялык телеканалдардай эле сапаттуу, өз убагында, өтө ыкчам жана калыс маалыматтарды берген негизги телеберүү. Читать дальше...

Мурдагы судьянын үйү театрга айланды

Azattyk.org 

Улуттук макамга ээ болгон “Манас” театрына мамлекет тарабынан имарат берилди. Бул имарат Жогорку соттун мурдагы судьясы Камил Осмоналиевге таандык болгон. Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган кезде жогорудагы үйү мамлекеттин балансына өткөн. “Манас” театрынын кеңсеге ээ болушу менен өлкөдөгү имараты жок театрлардын маселеси кайрадан козголду.

"Франция менен Кыргызстан орток тарыхты жазууда"

Azattyk.org 

Февралдын соңунда Кыргызстан менен Франциянын дипломатиялык мамиле түзгөнүнө 30 жыл болду. Эки өлкө ортосундагы карым-катнаш, кызматташуунун перспективалары, Кыргызстандагы франкофония жөнүндө Франциянын Бишкектеги толук ыйгарымдуу элчиси Франсуа Делаус мырза маек курду. Интервью 10-февралда жазылган.

БШКнын Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечими күчүндө калды

Azattyk.org 

Бүгүн, 15-мартта Бишкектин административдик соту Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карады.  Адвокат Таалайгүл Токтакунова "Азаттык" радиосуна билдиргендей, сот Муртазалиевдин арызын канааттандырган жок. "Сот биздин арызды канааттандырган жок. Демек, Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгаруу боюнча БШКнын чечими күчүндө калды", - деди жактоочу. Ошондой эле ал Жогорку сотко кайрылуу боюнча маселе кеңешкенден кийин белгилүү болорун кошумчалады. Читать дальше...

Өкмөт бюджетти колдоо үчүн 160 миллион доллар насыя алат

Azattyk.org 

Кыргыз өкмөтү бюджетти колдоо үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 160 млн. доллар насыя алууну пландап жатат. Буга байланыштуу макулдашуу 14-мартта парламенттин тийиштүү комитетинде каралды. Финансы министринин орун басары Жибек Дүйшееванын белгилешинче, бул каражат энергетика, азык-түлүк коопсуздук, айыл-чарба тармагына жумшалат. Депутат Дастан Бекешев өзүнүн Телеграм  каналына жарыялаган документтерге ылайык, Кыргызстан бул каражатты эки транш менен алат. Биринчисин 2022-жылы жана экинчисин 2023-жылы ала турганы көрсөтүлгөн. Читать дальше...

“Эйр Манас” Орусияга каттамдарын убактылуу токтотту

Azattyk.org 

Кыргызстандын “Эйр Манас” авиакомпаниясы 15-марттан тарта ушул айдын аягына чейин Орусияга каттамдарын убактылуу токтотту. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги кабарлап, анын себебин түшүндүргөн жок. “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы “Эйр Манастын” бир эле учагы бар экенин, ал чартердик каттамдарды гана тейлеп жатканын билдирди. Мекеменин маалыматы боюнча, ушул күндөрү Бишкек-Москва багыты боюнча жергиликтүү “Авиатрафик”, Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы каттамдарды аткарууда. Читать дальше...



Москва

“Вилла Ливадия” - последние 6 апартаментов в уникальном комплексе у моря


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В столице открыт сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Фрэнк Синатра

Таунхаус Фрэнка Синатры впервые выставлен на продажу




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

"Спартак" обыграл "Локомотив" в 26-м туре чемпионата России

"Динамо" и "Зенит" назвали стартовые составы на матч 26-го тура РПЛ


Елена Рыбакина

Прямая трансляция матчей Рыбакиной и Путинцевой за выход в 1/8 финала турнира в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Интернет

ИТ Альянс объявляет о графике работы в майские праздники



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России