Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 27.03.2022

Баткен милициясы: подполковник Мухамадиевге анын жээни бычак сайган

Azattyk.org 

Баткендин ички иштер башкармалыгы облустук милициянын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевдин өлүмүнө байланыштуу анын жээни, мурда бир нече жолу соттолгон Н.С. аттуу жаран жана анын шериктери кармалганын билдирди. Жекшембинин кечинде жарыяланган расмий билдирүүгө ылайык, подполковник Мухамадиевдин көкүрөгүнөн жараат алып, каза болгондугу тууралуу маалымат милицияга 27-мартта саат 11:17лер чамасына келип түшкөн. Белгисиз адамдар Мухамадиевдин сөөгү салынган  Honda Odyssey  үлгүсүндөгү автоунааны... Читать дальше...

Талибдер балдар менен кыздарды оюн-зоок жайларына чогуу киргизбейт

Azattyk.org 

Талибдер Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы бардык оюн-зоок борборлорунда эркектер менен аялдардын чогуу болушуна тыюу салды. Мындай чектөөнү "Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) түзгөн өкмөттөгү Ыйманды алга сүрөө жана адеп-ахлаксыздыктын алдын алуу боюнча министрлиги 27-мартта жарыялады. Ага ылайык, аялдар менен кыздар Кабулдагы оюн-зоок борборлоруна жекшембиден шейшембиге чейин гана бара алышат. Бул жайлар эркектер жана балдар үчүн шаршембиден ишембиге чейин ачык болот. Министрлик... Читать дальше...

Театрдагы демократия, атактуу режиссердун акыркы аманаты

Azattyk.org 

1989-жылдын жазында Ленинграддын (азыркы Санкт-Петербург) Пулково аэропортуна түштүм. Дароо эле Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна (ЛГиТМИККе) багыт алдым. Жолдо баратып Питердеги актерлор үйүндө «Театр күнүңөр менен куттуктайбыз!» деген жазууну көрдүм. Кызыгып кирсем, кооз фойеде ошо кездеги театр, кинонун дөө-шаалары, СССРдин Эл артисттери, даңазалуу О.Басилашвили, О.Лебедев, А.Лавров, А.Фрейндлих , М.Боярский, И.Скляр, Т.Доронина, Л.Чурсина өңдүү атактуулар жүрөт. Читать дальше...



Кыргыз улуттук драма театры үч жылдык оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

Azattyk.org 

Үч жылдан бери оңдоп-түзөө иштери бүтпөй жабык турган Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры көрүүчүлөргө эшигин ачты. Маданий жайдын ачылышы скульпторчу Тамила Маматова жасаган атактуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун ачуу менен башталды. Театрдын жаңы сезону Жалил Садыковдун "Төлгө" драмасы менен башталганы турат. Аны режиссёр Назым Меңдебаиров коюуда. Бул 27-март - эл аралык театр күнүнө туш келди. Борбордун так ортосунда жайгашкан академиялык драма... Читать дальше...

Кыргызстандык кыздар Алматыда нано спутник учурушту

Azattyk.org 

Кыргызстандык кыздар алгачкы жолу асманга нано спутник учурушту. Алар спутниктин моделин даярдашкан. Ал 3000 метр бийиктикке учуп, аба датчиктери боюнча маалымат чогултту. Спутник Кыргызстанга алып келинет. Ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан барган 200дөн ашык окуучу технология тармагындагы окууларга катышууда. БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) UniSat долбоору үч өлкөдө ишке ашып жатат. Алматыдагы долбоорго катышууга Кыргызстандан космос жана технологияга... Читать дальше...

Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасына орун басар болгону кабарланды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев кызматтан кетип, анын ордуна Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев дайындалганы кабарланды. Бул тууралуу ишенимдүү булактар билдирди. Ал маалыматты Жогорку Кеңештеги айрым депутаттар ырасташты. Азырынча өкмөттөгү кадрдык өзгөрүү боюнча президенттин расмий жарлыгы жарыялана элек. Бакыт Төрөбаев да бул маалымат тууралуу комментарий берген жок. Маалыматтарга ылайык, кызматтан бошотулган Азиз Алиев жаңыдан... Читать дальше...

Баткен: подполковник Мухамадиевдин өлүмүнө шектүү кармалды

Azattyk.org 

Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиевди өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү Баткен шаарынын 34 жаштагы тургуну, мурда соттолуп чыккан. 26-мартта Мухамадиев менен шаардагы кафелердин биринде жолугуп, экөөнүн ортосунда чыр чыккан.  Шектүү милиция кызматкерине бычак сайган. Анын кесепетинен подполковник каза болгон. Учурда кылмышка шектүү милициянын убактылуу кармоо жайында. Тергөө уланып жатканы кабарланды. Читать дальше...

Аба ырайы: Жаан, кар жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет билдиргендей, 28-мартта өрөөндөрдө маал-маалы менен жамгыр, бир катар аймактарда кар жаайт.  Тоолуу райондордо, ашууларда жолдор тайгак болот. Кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз 9…14; Талас облусунда түнкүсүн -3...+2, күндүз 8…13; Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…0, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5... Читать дальше...



Бишкекте журналист Арзыгүл Галымбетова эскерилди

Azattyk.org 

Бишкектеги Максим Горький атындагы сейилбакта Баткен облустук телеканалынын журналисти, Akipress агенттигинин аймактык кабарчысы Арзыгүл Галымбетованын арбагына багышталып куран окулду. Эскерүүгө журналисттер, маркумдун кесиптештери, активисттер жана “Чек ара” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү келди. Кесиптештери ал чек ара маселелерин, аткезчилик, коррупцияга каршы күрөшүү темаларын байма-бай чагылдырып келгенин белгилешти. 37 жаштагы Арзыгүл Галымбетованын сөөгү 26-мартта Баткен шаарында жерге берилди. Читать дальше...

Баткен: милиция башчысынын орун басары киши колдуу болду

Azattyk.org 

Баткен облустук милициясынын башчысынын орун басары Аскарали Мухамадиев киши колдуу болгону кабарланууда. Бул тууралуу облустагы ишенимдүү булактар кабарлашты. Маалыматка ылайык, 47 жаштагы Мухамадиевди 27-мартта бычактап кетишкен. Учурда окуянын жагдайлары иликтенип жатат. Облустук ички иштер башкармалыгы Мухамадиевдин өлүмүн ырастады. Анын кандай жагдайда каза тапканын тактаган жок.   Аскарали Мухамадиев 1974-жылы Баткен облусунда туулган. Ал милицияда 2000-жылдардын башынан бери иштеп келген.

Бишкекте курулуштун дубалы урап, үч киши жаракат алды

Azattyk.org 

Бишкектин Жаш Гвардия көчөсүндөгү жаңы салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы урап, жанындагы эки кабаттуу турак жайдын чатырын тешип кетти. Анын кесепетинен үч адам жаракат алганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, окуя өткөн түнү болгон. Курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдүн кум кышынан (пескоблок) тургузулган дубалы ураган. Натыйжада жанында жайгашкан үйдүн чатыры талкаланып, 64 жаштагы кожойкени басып калган. Ага медициналык жардам көрсөтүлдү. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат. Читать дальше...

“Улуттук кызыкчылыктын жоктугу келечекти талкалайт”

Azattyk.org 

“Сыябан-маектин” кезектеги коногу - белгилүү сүрөтчү, “Көчмөндөр оюнунун”, Бишкек шаарынын эн белгилеринин, баш калаа байрагынын автору, Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын ээси Майрамкул Асаналиев. Сүрөтчү өзүнүн чыгармачылыгын тыгыз байланыштырган “Манас” эпосундагы баалуулуктар, даанышмандардан алган сабагы, улуттук өзөк, эс тутум, маданиятка мамиле, сөздүн кадыры тууралуу ойлору менен бөлүштү. Сүрөтчү өзү багып келаткан кыргыз тайганынын таржымалын баяндады.

“Усубалиев менен Кулматовдун тирешинен жабыр тарткам”

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, дипломат Рысбек Качкеев “Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу болду. Ал маегинде кантип коммунист болгону, жогорку кызматтарга жетпей калганынын себеби, Усубалиев, Карыпкулов жана Кулматовдун кармашы, Кеминден кантип депутат болгону, бошотуп койгонуна карабай үч ай элчи болуп иштегени тууралуу айтып берди. - Рысбек агай, коммунист Рысбек Качкеев Фрунзе жылуулук борборунан комсомолдук кызматка келип, андан кийин Бишкек шаардык партия комитетинде инструктор болуп иштептирсиз. Читать дальше...

“Москва Усубалиевдин ордуна Кулматовду даярдап жүргөн”

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, дипломат Рысбек Качкеев “Бийлик сырлары” берүүбүздүн коногу болду. Ал кантип коммунист болгону, жогорку кызматтарга жетпей калганынын себеби, Усубалиев, Карыпкулов жана Кулматовдун кармашы, бошотуп койгонуна карабай үч ай элчи болуп иштегени жөнүндө кеп кылат.



Москва

Лучшей певицей жанра поп-опера по версии премии WOMAN AWARD стала Натали Орли


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: Развиваем систему здравоохранения



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Виктор Цой

У могил Горшка и Виктора Цоя на Богословском кладбище появилась защита от вандалов




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

Мирра Андреева установила новый рекорд на турнирах WTA-1000



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Новости 24 часа

Шапки женские вязаные на Wildberries, 2024 — новый цвет от 392 руб. (модель 466)



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России