Путин "фейк маалымат" тараткандарга каршы мыйзамга кол койду
Орусиянын президенти Владимир Путин орус армиясынын Украинанын аймагындагы аракеттери тууралуу фейк-маалыматтарды тараткандарга кылмыш жоопкерчилигин киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Кремл кабарлады. Мыйзам долбоорун Мамлекеттик Дума 4-мартта жактырган. Жума күнкү жыйында парламент документти үч окуудан дароо бекиткен. Мыйзам Кылмыш кодексине жаңы берене киргизет. Армиянын аракеттери тууралуу таратылган маалыматты сот “жалган” деп тапса, айыппул же үч жылга чейин колонияга кесилет. Читать дальше...