Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 18.03.2022

Жо Байден менен Си Цзиньпин Орусиянын Украинага кол салышын талкуулашты

Azattyk.org 

АКШнын президенти Жо Байден менен Кытайдын лидери Си Цзиньпин видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, Орусиянын Украинага кол салышы жана ага карата Бээжиндин позициясы жөнүндө сөз кылышты. Ак үйдүн маалымдашынча 18-марттагы сүйлөшүү эки саатка жакын убакытка созулду. Сүйлөшүүнүн башка деталдары айтылган жок. Анын алдында АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен брифинг учурунда Байден сүйлөшүүдө “эгер Кытай орус агрессиясына колдоо көрсөтсө анын арты оор болорун" эскертмек деп айткан. Кытайдын тышкы иштер... Читать дальше...

Москвада Крымдын аннексиясынын сегиз жылдыгы белгиленди

Azattyk.org 

Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда Крымдын жана Севастополдун аннексияланышынын сегиз жылдыгына карата митинг-концерт өттү. Алып баруучулар ал окуяны “өзүнүн түпкү тамырына кайтуу” деп чечмелеп жатышты. Концерттин алып баруучулары Орусия азыр Украинага жасаган чабуулу жөнүндө да сөз кылып, аны “согуш” деп атабай, “атайын операция” деп комментарийлеп жатышты. Алар орус аскерлери Украинада “нацизм” менен күрөшүп жатканын айтышты. Иш-чарада Донецкидеги жикчилдердин талаа командири, каза болгондон... Читать дальше...

Орусиядагы кризис: Борбор Азияда эмне күтүлөт?

Azattyk.org 

Украинадагы согуштун жана Орусияга киргизилген санкциялардын кесепети тууралуу Эл аралык валюта фондунун Жакынкы Чыгыш жана Борбор Азия боюнча департаментинин башчысы Жихад Азур "Азаттыкка" маек курду.



Украина: Львовго катуу сокку урулду

Azattyk.org 

Украинада Львов шаарына сокку урулууда. Чабуул Киевде да күч алды. Оштогу Карл Маркс орто мектебинин эки окуучу кызы көп кабаттуу үйдөн бой таштады. Улуу Британия кыргызстандык эмгек мигранттарына эшигин ачты.

Жасалма диплом чуусу: "Бүтүн Кыргызстанга" айтылган доомат

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери Адахан Мадумаров баштаган айрым депутаттарды жасалма дипломдорду аныктоо өнөктүгүнө шек келтирип жатат деп айыптады. Атайын кызмат жогорку билими тууралуу жасалма документ алып жүрөт деп шектелгендердин арасында аталган партиянын тизмеси менен шайлоого барган кээ бир талапкерлер бар экенин айтып, аты-жөнүн жарыялады. Мунун алдында Башкы прокуратуранын өкүлдөрү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кимдир бирөөнүн ысымы ачык аталбасын билдирген. Читать дальше...

Орусиядагы өзбекстандык мигранттардын акча которуулары кыскарды

Azattyk.org 

Март айынын биринчи жарымында мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу Орусиядан Өзбекстанга акча которуу кескин кыскарды. Бул тууралуу Өзбекстандын Борбордук банкынын төрагасы Мамаризо Нурмуратов журналисттерге билдирди. Ал муну кризис маалында мигранттар акча жөнөтө албай жатышы мүмкүн деп түшүндүрүп, бирок сумманы так атаган жок. 2021-жылы эмгек мигранттары Өзбекстанга жалпы 8,1 млрд. доллар которгон. Дүйнөлүк банктын эксперттери Орусиядагы экономикалык кырдаалга байланыштуу 2022-жылы бул сумма 21% кыскарышы мүмкүндүгүн билдирген. Читать дальше...

ИИМ оң рулдуу унааларды каттоого алуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө баштады

Azattyk.org 

"Унаа" мамлекеттик мекемесинде оң рулдуу унааларды каттоо фактысы боюнча кызматтык иликтөө башталганын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, унааларды каттоо боюнча социалдык тармактарга чыккан 40ка чукул материалдардын негизинде алардын мыйзамдуулугун аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. "Комиссия оң рулдуу же шектүү транспорт каражаттарын каттоодо же кайра каттоодо мыйзам бузуу фактыларын иликтеп, аныкталган фактылардын жыйынтыгын укук коргоо органдарына өткөрүп берет", - деп айтылат маалыматта. Читать дальше...

Болгария, Эстония, Латвия жана Литва Орусиянын дипломаттарын кетирет

Azattyk.org 

Болгария өлкөдөгү орус дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн 10 кызматкери персона нон-грата деп жарыяланды. Бул тууралуу Болгариянын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Өлкөдөн чыгып кетүү үчүн аларга 72 саат берилди. Азырынча кайсы рангдагы дипломаттарды кетирүү пландалып жатканы белгисиз. Болгар сырткы саясат мекемеси өз маалыматында алар “дипломатиялык макамга шайкеш келбеген аракеттери үчүн” кетирилерин маалымдады. Адатта мындай мүнөздөмө чалгындоо иштерине шектелген дипломаттарга карата колдонулат. Читать дальше...



Нарын: көчкү түшкөн жол ачыла элек

Azattyk.org 

17-мартта түшкөн кар көчкүгө байланыштуу Бишкек-Нарын-Торугарт автожолу убактылуу жабык, качан ачылары белгисиз. Учурда техника карды тазалап жатат. Нарын облусунун үч району менен автоунаа каттамы токтоп турат.

Акылбек Жапаров Жалал-Абаддагы алтын кендерге барды

Azattyk.org 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусундагы бир катар алтын кендерине барды. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров Иштамберди кенин иштетип жаткан "Фул Голд Майнинг Компани" жабык акционердик коомунун учурдагы ишмердүүлүгү жана өнүктүрүү пландары менен таанышты. Ишкана жумушчулардын 91% жергиликтүү тургундар экенин билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы ишкананын жетекчилери менен пикир алышуусунда жумушчулардын эмгек акысын жогорулатуу, турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу... Читать дальше...

Исфана шаары Раззаков болуп өзгөртүлдү

Azattyk.org 

Баткен облусундагы Исфана шаарынын аталышы Раззаков болуп өзгөртүлдү. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 18-мартта кол койду. Исфана шаарына мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун атын ыйгаруу тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш 16-марттагы жыйынында дароо үч окууда кабыл алган. Раззаков шаары - Баткен облусундагы Лейлек районунун борбору. Үч тарабынан Тажикстан менен чектешет. 2009-жылдагы эл каттоонун жыйынтыгына ылайык шаарда 30 миңге жакын эл жашайт. Белгилүү мамлекеттик ишмер,... Читать дальше...

Германиянын канцлери Шольц Путинди Украинага чабуулду токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Германиянын канцлери Олаф Шольц Орусиянын президенти Владимир Путин менен 18-мартта телефондон сүйлөшүп, дипломатиялык чечимдерди камсыздоо  жана гуманитардык кризисти алдын алуу үчүн Москваны Украинага чабуулун токтотууга чакырды. Шольцтун кеңсесинин билдирүүсүндө эки лидер “Украинада уланып жаткан согушту токтотуу жөнүндө” дээрлик бир саатча сүйлөштү. Телефондук байланыштын мындан башка деталдары айтылган жок. Кремль өз билдирүүсүндө “орус тарап өз принциптеринин алкагында чечимдерин издөөгө даяр экендигин айтты” деп кабарлады. Читать дальше...

Турак жай кооперативине нааразылар көбөйдү

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги акыркы эки айда эле каржылык пирамидаларды уюштуруу боюнча 111 иш козголуп, 91 иш соттун кароосуна жиберилгенин маалымдады. Анын кесепетинен 133 адам жабыркап, алардын тарткан зыяны 61 миллион сомдон ашкан. "Шарты жеңил дегенине кызыкканбыз" Базарда соода кылып иштеген Айзада Ырысдөөлөтова үй алуу үчүн S-LINE кооперативине мүчө болгон. Ош шаарынан батир алуу үчүн мүчөлүк акыга 218 миң сом, турак жайдын алгачкы 25 пайыздык төлөмү катары 750 миң сом төккөн. Келишим боюнча 2021-жылы апрелде анын кезеги жетип... Читать дальше...

Бишкек – Ош жолунда жүк ташуучу машинелердин өтүшүнө чектөө кирди

Azattyk.org 

Бишкек-Ош  жолунун "Сосновка" постунда жана Өтмөк ашуусунда оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди. Чектөө аба ырайы калыбына келгенге чейин болот. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, учурда Төө-Ашуу жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар калың жаап жатат. Ашууларда жолду тазалоого барды техника тартылып, автоунаалардын коопсуз өтүүсү үчүн атайын материалдар төгүлүүдө. Мекеме айдоочуларды дөңгөлөктүн чынжырын алып жүрүүгө... Читать дальше...

Адвокат Жоошев Фарид Ниязовдун сотуна катышпай турганын билдирди

Azattyk.org 

Алмазбек Атамбаевдин бийлиги учурунда президенттик аппаратты жетектеген Фарид Ниязовдун адвокаты Замир Жоошев ал коргоп жаткан адамдын мындан аркы соттук жараяндарына катышпай турганын билдирди. “Адилетсиз чечимдерди уга берип тажадым. Ошондуктан Фарид Ниязовдун уруксаты менен бул иш боюнча соттук отурумдарга катышуудан баш тартам. Анткени сот эмес, циркке катышуудан тажадым. Бул - менин укугум”, - деди Жоошев. 18-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Фарид Ниязовду үй камагына чыгаруу туралуу... Читать дальше...

Орусия Киевге жана Львовго чабуулун күчөттү

Azattyk.org 

Украинанын Львов шаарынын мэри Андрей Садовый орусиялык авиация 18-марттын таңынан бери шаардык аэропорт жайгашкан районго улам чабуул жасап жатканын маалымдады. Ал Телеграм-каналда авиа оңдоочу заводго бир нече ракета түшкөнүн жазды. Курмандыктардын саны азырынча белгисиз. Кийинчерээк украин аба күчтөрү Львов шаарына Кара деңиздеги орусиялык суу астындагы кемесинен алты ракета атылганын кабарлашты. Алардын экөөнү абадан коргонуу системалары атып түшүргөн. Киев шаардык администрациясы 18-мартта... Читать дальше...

Саламаттык сактоо министрлиги Түркиядан дары-дармек алып келүүнү макулдашты

Azattyk.org 

Кыргызстан Түркиядан дары-дармек жана медициналык шаймандарды алып келүүнү макулдашты. Мындай келишим саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Түркияга иш сапарынын алкагында жетишилген. "Бул Украинада болуп жаткан кырдаалга байланыштуу дары-дармек рыногун толуктоого мүмкүнчүлүк берет", - деп жазылган Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалыматта. Бейшеналиев 17-мартта Түркияда кесиптеши Фахреттин Кожа менен жолугушкан. 14-мартта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында доллардын... Читать дальше...

БУУ Ооганстандагы миссиясынын мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

БУУнун Коопсуздук кеңеши уюмдун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын мөөнөтүн келерки жылдын мартына чейин узартты. Бул боюнча резолюцияга кеңештин 12 мүчөсү колдоп добуш берди, Орусия карманды. Миссиянын мандатынын мөөнөтү бейшемби күнү бүткөн эле.  Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы өздөрү түзгөн өкмөттү эл аралык коомчулук тааный электигине карабай миссиясын узартууга макул болгон БУУнун Коопсуздук кеңешинин чечимин кубаттады. БУУнун тиешелүү миссиясы гуманитардык кырдаал... Читать дальше...


Музыкальные новости
Rammstein

Минкульт Калининградской области отказался отменять шоу «Tribute Rammstein»





Rss.plus
#123ru.net

Заместитель генерального директора сети клиник «Евроонко» выступил на конференции онкологов в Белгороде




Москвичка избила грудного ребенка за непрекращающийся плач

Красная армия всех сильней: во второй игре четвертьфинала ЦСКА разгромил астраханское «Динамо»

В Хабаровске завели дело по факту контрабанды медали «Золотая Звезда»

Минздрав: большая часть оборудования в скорых стала отечественной




Орусиядан дан азыктарын алып келүү маселеси талкууланды

Azattyk.org 

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Орусияга жасаган иш сапарынын алкагында "Бириккен дан компаниясы" ишканасынын башкы директору Дмитрий Сергеев менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Москвадагы жолугушууда Кыргызстанга дан жеткирүү маселеси, анын көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү жана "Бириккен дан компаниясынын" Кыргызстандагы филиалынын ишине көмөк көрстөтүү боюнча биргелешкен аракеттер талкууланды. "Бириккен дан компаниясы" ... Читать дальше...

Болгариянын мурдагы премьер-министри кармалды

Azattyk.org 

Болгарияда мурдагы премьер-министр, “Жарандар Болгариянын европалык өнүгүүсү үчүн” деп аталган оңчул партиянын лидери Бойко Борисов кармалды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги ал Европа Биримдигинин прокуратурасынын каражаттарды ашыкча пайдалануу боюнча иликтөөлөрүнүн алкагында кармалганын маалымдады. Борисов менен чогуу мурдагы финансы министри Владислав Горанов, парламенттин финансылык комиссиясынын экс-жетекчиси Менда Стоянова жана өкмөттүк маалымат кызматынын мурдагы жетекчиси Севдалиан Арнаудова да кармалды. Читать дальше...

Сот Ошурахунованы "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актады

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту укук коргоочу Динара Ошурахунованы "Майда бейбаштык" беренеси боюнча актады. Сот Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 126-беренесинде көрсөтүлгөн жосунсуз жоруктардын белгиси жоктугуна байланыштуу ишти кыскартты. Ага карата экинчи берене - "Укук коргоо органдарынын талаптарына баш ийбөө" боюнча сот 25-мартка белгиленди.  18-марттагы жараяндын жүрүшүндө айыптоочу тарап Ошурахуновага 5500 сом айып пул салууну өтүнгөн. Укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова... Читать дальше...

Кыргызстанда иштөөгө уруксат алгандардын 54% кытайлыктар түздү

Azattyk.org 

Өткөн жылы чет өлкөлүк жарандардын жумушка орношуусуна уруксат берүүдөн түшкөн каражат 169,8 млн. сомду түздү. Бул 2020-жылга салыштырмалуу 16% көп. Мындай кабарды Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Азаттыкка" билдирди. Маалыматка караганда,  2021-жылы Кыргызстан 16 610 чет элдиктин иштөөсүнө уруксат берген. Алардын арасында 95 өлкөнүн жарандары бар. Кыргызстанга иштөөгө уруксат алгандардын 54% же 6 миңге жакынын Кытайдын жарандары түзөт. Кийинки орунда Түркия (17% же 1814)... Читать дальше...

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” Латвия менен Литвада бюро ачат

Azattyk.org 

“Эркин Европа/Азаттык радиосу” корпорациясы Латвиянын борбору Рига шаарында жана Литванын борбору Вильнюста жаңы бюро ачат. Бул тууралуу корпорациянын жетекчилиги кабарлады. Балтика өлкөлөрүндөгү бюролордо “Азаттыктын” орус жана беларус кызматынын, “Настоящее Время” телеканалынын кызматкерлери иштешет. Корпорациянын президенти Жейми Флай “Орусиянын жана Беларустун бийлиги көз карандысыз журналистиканын үнүн басууга аракет кылганына карабай, жаңы бюролор ушул өлкөлөрдөгү аудиторияга багытталып иштей турганын” маалымдады. Читать дальше...

Аба ырайы: кар аралаш жамгыр жаайт

Azattyk.org 

Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 19-20-март күндөрү Кыргызстандын туруксуз аба-ырайы сакталат. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан карга айланат. 19-мартта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден... Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»


WTA

Потапова проиграла Фернандес во втором круге турнира WTA в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Подключение системы отопления в Московской области



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России