Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 10.03.2022

Кыргыз-тажик чек арасында дагы ок атышуу болду

Azattyk.org 

11-мартка караган түнү саат 2:50 чамасында кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын кезектеги ок атышуусу орун алды. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирди. Маалыматка ылайык Баткен районунун Эки-Таш аймагындагы Баткен-Исфана авто жолунун боюнда Тажикстандын чек ара кезмети жолдон өткөн автоунааларды ташбараңга алган. "Кыргызстандын чек арачыларынын автоунааларга таш ыргытпоо талабын тажик чек арачылары тоготкон эмес. Ал эми кыргыз чек арачылары тажик аскер кызматкерлеринин мыйзамсыз... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасы: ок атуунун чоо-жайы иликтене баштады

Azattyk.org 

10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган чатак катталды. Такталбаган аймактагы окуядан кийин эки тараптын чек арачылары жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугуп, абалды талкуулап, мындан ары курчутпоону макулдашты. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына караганда, ок атышууга жеткен чек ара жаңжалы 10-март күнү түш ченде болгон. Мекеменин билдирүүсүндө Тажикстандын чек арачылары Баткен районунун Тескей аймагындагы тактала элек тилкеде буга чейинки багытын өзгөртүп, чек аранын башка тилкесин кайтарууга өткөнү... Читать дальше...



Москвага үнү жетпеген аскер туткундары

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы “аскердик операциясында”  милдеттүү аскерге чакырылгандар бар экенин моюнуна алды. Министрлик алардын айрымдары колго түшкөнүн ырастады. Бирок Украинадагы туткундалган аскерлердин так санын атаган эмес. Украинада туткундалган айрым аскерлер аларды аскер жетекчилиги алдап согушка тартканын айтып, баскынчылык согушту токтотууга чакырууда. Конашенков: Милдеттүү аскер кызматындагылар оорукта болчу Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы “аскердик операцияга”... Читать дальше...

Украина: Орусиянын чабуулу 100 миллиард доллар чыгым алып келди

Azattyk.org 

Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийдин экономика боюнча кеңешчиси Олег Устенко Орусиянын 15 күндөн берки чабуулу  инфраструктурага, имараттарга, башка мүлктөргө 100 миллиард доллар чыгым алып келгенин билдирди. Бейшембиде эл аралык онлайн конференцияга катышкан Устенко өлкөдөгү бизнестин жарымы согуштан улам жабылганын, калгандары толук кандуу иштебегенин айтып, Орусияга көбүрөөк финансылык санкция салууга, мунай менен газга толук эмбарго киргизүүгө чакырды. Орус куралдуу күчтөрү 24-февралда... Читать дальше...

БУУ Украинадан 2,3 миллиондон көп киши качып чыкканын билдирди

Azattyk.org 

Улуттар уюму Орусиянын кол салуусу башталган эки жумадан бери Украинадан 2,3 миллиондон көп киши качканын билдирди. Соңку 24 саатта эле 161 миң 700 киши чет өлкөгө агылды. Качкындар боюнча жогорку комиссариат 10-мартта тараткан маалыматта айтылгандай, агенттик чукул иштер үчүн 500 миллион долларга муктаж. Азыркыга чейин 300 миллиондой доллар чогутулду, анын көбү жеке адамдардан же уюмдардан түштү. Улуттар уюмунун Миграция боюнча агенттиги Украинадан үчүнчү өлкөлөрдүн 109 миң жараны да жер которгонун кошумчалады. Читать дальше...

Украинада орус армиясы төрөт үйүнө сокку урду

Azattyk.org 

Кара деңиздин жээгиндеги Мариуполь шаарында төрөт үйүнө жана балдар ооруканасына орус армиясы сокку уруп, андан кеминде үч киши набыт болду. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында курал колдонгон чыр-чатак катталды. Өкмөт Кыргызстанда доллар менен насыя алгандарга жардам берет.

Харрис: Орусия “акылга сыйбаган масштабда кыргын салып жатат”

Azattyk.org 

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Орусия Украинада “акылга сыйбаган масштабдагы кыргын салып жатат” деп айыптады. Москванын баскынчылыгына байланышкан согуш кылмыштарын эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырды. 10-мартта Варшавадагы сапары учурунда Харрис курчоодо калган Мариуполь шаарында орус аскерлеринин төрөтканага сокку урганы катуу кыжырдануу жаратканын айтты. “Сөзсүз иликтөө жүрүшү керек, барыбыз байкоо салууга тийишпиз. Дүйнө Орусиянын агрессиясын жана мыкаачылыгын көз жаздымда калтырбайт”, - деп билдирди вице-президент. Читать дальше...



Абрамович баштаган орусиялык олигархтарга санкция салынды

Azattyk.org 

Британия “Челси” футбол клубунун ээси Роман Абрамовичке, олигарх Олег Дерипаска жана орусиялык бир катар белгилүү бизнесмендер менен мамлекеттик компаниялардын жетекчилерине санкция салды. "Кара тизме" британ өкмөтүнүн сайтына чыкканын  “Свобода” радиосу маалымдады. Санкцияларга илингендердин арасында "Роснефть", "Газпром", "Транснефть» ишканаларынын, эки банктын башчылары бар. Ошол 7 кишинин жалпы байлыгы 20 миллиард долларга жетерин Reuters агенттиги билдирди. Санкцияларга кабылгандар Британиянын аймагына кире алышпайт... Читать дальше...

Боршайком талапкер Атазовдун каттоосуна байланышкан маселени карады

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Свердлов округу боюнча талапкер Шайлообек Атазовдун талапкер катары каттоосуна байланышкан маселени 10-марттын кечинде карады. Жыйынтыгында Атазовдун каттоосун күчүндө калтыруу чечими чыгарылды.   Ага каршы аталган округдан шайлоого катышкан дагы бир талапкер Аскар Алмаз уулу арызданып, аны добуш сатып алууга айыптаган.  Укук коргоо органдары арыз боюнча териштирүү жүргүзүп, добуш сатып алуу фактысы аныкталбагандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдиришти. Читать дальше...

Улуттук банк валюта базарына 59,30 миллион доллар чыгарды

Azattyk.org 

Кыргыз сомунун курсун туруктуу кармоо үчүн Улуттук банк 10-мартта валюта базарына дагы 59,30 миллион доллар чыгарды. Анын 39,85 миллиону накталай сатылганын башкы каржы мекемесинен кабарлашты. Буга чейин 4-мартта каржы базарына 55,35 миллион доллар чыгарып, анын 26,80 миллионун накталай саткан. Улуттук банк жыл башынан бери ушуну менен беш жолу интервенция жасап, 284,30 миллион долларды каржы базарына чыгарды. Украинадагы согуштан улам орус экономикасы басымга учураган сайын кыргыз сомунун куну түшүп жатат. Читать дальше...

Интернеттеги баңги бизнеси

Azattyk.org 

Бишкекте баңгизат азык-түлүктөй эле интернет аркылуу кеңири тарап жатат. Алардын “Телеграм” каналынын даректери көчөлөрдө, үйлөрдүн дубалдарында кадам сайын кездешет. Андан "мефедрон", "спайстан" баштап героинге чейин сатып алса болот. Дарыгерлер синтетикалык баңгизатты өспүрүм окуучулар көп колдоно баштаганын айтышууда. Жөнөкөй кызыгуунун арты айыккыс илдеттерге себеп болуп, аягы өлүм менен аякташы мүмкүн. "Азаттык" Кыргызстандагы баңгизаттын онлайн тарашын иликтеп чыкты.

Air Astana Орусияга айрым каттамдарын убактылуу токтотту

Azattyk.org 

Казакстандын Air Astana жана FlyArystan компаниялары Орусияга айрым каттамдарды убактылуу токтотту. Компания муну “өндүрүш маселеси” менен түшүндүрдү. Азыр Air Astana Нур-Султан-Алматы-Москва багыты боюнча каттамдарды ишке ашырып жүрөт. Башка шаарларга каттамдары жок. Буга чейин эл аралык санкциялардан улам Орусиянын "Аэрофлот" жана S7 Airlines компаниялары эки өлкө ортосундагы каттамдарын токтоткон. Казакстандык SCAT жана Qazaq Air компаниялары Орусияга каттамдар жадыбал боюнча аткарылып жатканын билдирди. Читать дальше...

Транспорт министрлиги: “Аэрофлот” каттамдарын келерки аптада улантат

Azattyk.org 

Орусиянын “Аэрофлот” компаниясы Кыргызстанга каттамдарын келерки аптадан баштап улантат. Бул тууралуу 10-мартта Жогорку Кеңеште транспорт жана коммуникация министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди: “Бүгүнкү күндө “Авиа Траффик Урал” жана “Аэрофлот” авиакомпаниялары макулдугун беришти – эмки жумадан баштап, буюрса, уча баштайт. Ошондо абал ордуна келет жана башка чечимдер боюнча да тапшырмалар берилди. Өкмөттө иш жүрүп жатат”, - деди Тиллаев. "Аэрофлоттун" расмий сайтында азырынча каттамдарды жандантуу тууралуу маалымат жок. Читать дальше...

Кайра шайлоо: БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкектеги бир мандаттуу Свердлов округундагы кайра шайлоодо эң көп добуш алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарды. Мындай чечимге "добуш сатып алуу" фактысы негиз болгону айтылды. Муртазалиев дооматтарды четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттап жатат. Былтыркы парламенттик шайлоодо бул округда "баарына каршы" добуш бергендер басымдуу болгондуктан кайра шайлоо дайындалган эле. БШК 9-марттагы жыйынында Абдурахманхажи Муртазалиевдин... Читать дальше...

HRW: Орусияда согушка каршы чыккандарды куугунтуктоо күч алды

Azattyk.org 

Орус бийлиги согушка каршы митингдерге чыккан миңдеген жаранды кармап, Орусиянын Украинага каршы согуш ачканына нааразыларды куугунтуктап жатат. "Хьюман Райтс Вотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму орусиялык полицияны “ашыкча күч” колдонгону үчүн айыптады. Айрым учурларда кармалгандар “кыйноолорго тете, адамдын ар-намысын кемсинткен ырайымсыз мамилеге” туш болгону айтылат. “Күч түзүмдөрүнүн зомбулугу орус бийлигинин башкача ой жүгүрткөндөрдүн үнүн басуу, коркутуу үчүн эмнелерге даяр экенин көргөзөт”, - деп белгиледи HRW. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арачыларынын сүйлөшүүсү аяктады

Azattyk.org 

Бүгүн, 10-мартта кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган окуя боюнча эки тараптын чек арачыларынын сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Баткен облусу менен Тажикстандын Согд облусунун чек ара кызматкерлери сүйлөшүүнүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимге келишкен: - Ар бир тарап курал колдонулган окуя боюнча иликтөө жүргүзөт. Алдын ала жыйынтык эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын башчыларынын 12-мартка пландалган жолугушуусунда айтылат.... Читать дальше...

Кулеба: ок атууну токтотуу боюнча жылыш болгон жок

Azattyk.org 

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба орус тышкы мекемесинин башчысы Сергей Лавров менен кездешүүдө ок атууну токтотуу жаатында жылыш болбогонун билдирди. Анталиядагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Кулеба Лавров орус аскерлери курчоого алган Мариуполь шаарынан элди чыгаруу үчүн гуманитардык коридор түзүлөт деген милдеттенме албаганын айтты. Министр Киев согушту токтотуу үчүн Москва менен байланышты уланта берерин кошумчалады. Сергей Лавров Орусиянын сүйлөшүүлөрдү улантуу ниети бар экенин, Беларус... Читать дальше...

Анталияда украин-орус тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүсү башталды

Azattyk.org 

Расмий маалыматка караганда, Мариуполдогу төрөткана менен балдардын ооруканасын бомбалоодон кеминде үч киши, арасында ымыркай кыз каза тапты, жарадар болгон 17 кишинин арасында дарыгерлер бар. Шаардык кеңеш "Телеграм-каналына" "орус күчтөрү Мариуполдун калкын атайлап, ырайымсыз жок кылып жатканын", орус армиясынын тогуз күндөн берки блокадасында 1 миң 200 тургун өмүр менен кош айтышканын жазды. Бул маалыматты көз карандысыз булактардан тастыктоого мүмкүн боло элек. Эксперттер Мариуполдогу кан... Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

«Если прищуриться, мы похожи на The Beatles» // Евгений Цыганов о своей карьере музыканта





Rss.plus
Никол Пашинян

В ходе беседы у костра Никол Пашинян подчеркнул необходимость пропаганды здорового образа жизни




Нижний Новгород может стать городом, где выступят певцы «Новой «Фабрики звёзд»

Подмосковный нарколог объяснил опасность шашлыка с алкоголем

Исполнилось 100 лет со дня рождения Донатаса Баниониса

В Новой Москве в лесу нашли человеческий скелет




Доллар менен насыя алгандарга жардам берүү планы иштелип чыгууда

Azattyk.org 

Өкмөт коммерциялык банктардан өндүрүш максатында доллар менен насыя алган кардарларга жардам берүү планын түзүп жатат. Бул тууралуу 10-мартта Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди: “Соода жүгүртүүгө эмес, өндүрүшкө алган насыяларын толугу менен конвертация кылуу механизмин Улуттук банк менен бирге иштеп чыгып жатабыз азыр. Кайсы курс экенин белгилейбиз, 85 же 90 сом менен конвертация кылабыз. Калган акчасын бюджеттен толуктап беребиз”. Читать дальше...

Октябрь окуясы боюнча сот 18-мартка жылды

Azattyk.org 

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча соттук отурум 18-мартка жылды. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу жараянга келе албаганы себеп болгон. Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылы октябрь айындагы окуялар боюнча ишти 2021-жылы 8-октябрда карай баштаган. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда. Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун иши өзүнчө бөлүнгөн. Читать дальше...

Жогорку Кеңеште өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланып жатат

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеште бүгүн 10-мартта өлкөдөгү азыркы социалдык-экономикалык абал талкууланып жатат. Парламенттин жыйынына экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө. Министр Орусияга карата киргизилген санкциялардын кыйыр таасири Кыргызстанга да тийип жатканын, каатчылыкка каршы атайын план иштелип чыгып, валюта рыногун жөнгө салуу жана баалардын өсүшүн көзөмөлдөө чаралары каралып жатканын айтты. Амангелдиевдин билдиришинче, кырдаалды жөнгө салуу үчүн 5,5 миллиард сом бөлүү каралууда. Читать дальше...

Наристени зордуктаган кылмышкердин жаза чарасы кайра каралды

Azattyk.org 

Ош облусунун Кара-Суу районунун 30 жаштагы тургуну алты жаштагы кызды зордуктаганы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 10-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Алгач айыпталуучу 20 жылга соттолгон, бирок райондук прокуратура өкүмгө макул эместигин билдирип, “жазасы жасаган кылмышынын оордугуна дал келбегендиги үчүн” деп апелляциялык сунуштама келтирген. Ош облустук соту айыпталуучуну Жазык кодексинин 154-беренеси (зордуктоо) боюнча айыптуу деп таап, өмүр бою эркинен ажыратты. Читать дальше...

Экономика министрлиги: Кыргызстанда баалар туруктуу турат

Azattyk.org 

Кыргызстандын Экономика министрлиги өлкөдө баалар туруктуу деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Жогорку Кеңеште сомдун куну кетип жатканына байланыштуу экономикалык абал боюнча маалымат берип жатып экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдирди: “Үч жумадан бери баалар туруктуу турат. Карап көрсөңөр, динамика 5 пайыздын ичинде гана. Доллар кымбаттаганы менен ички баалар туруктуу турат. Баалар туруктуу турганы, бардык милдеттенмелерибиз өз убагында төлөнүп берилип жатканы – өкмөттүн туруктуу иштегени”. Читать дальше...

Улуттук банк эсептик ченди 14 пайызга көтөрдү

Azattyk.org 

Улуттук банк эсептик ченди 14 пайызга жогорулатты. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланды. "Тышкы чөйрөдөгү өнүгүүнү жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн 14,0 пайызга чейин жогорулатуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим Кыргызстандагы инфляциянын учурдагы динамикасына тышкы таасирлердин тийгизген терс таасирлерин азайтуу максатында кабыл алынды", - деп айтылат билдирүүдө. Улуттук банк кандайдыр бир тобокелдиктер келип чыккан шартта жүргүзүлүп... Читать дальше...



Москва

звезды шоу-бизнеса посетили весеннюю неделю моды estet fashion week


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Москва взяла Гран-при премии «Умный город» за цифровизацию горхозяйства



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Серёга

«Вспомните фильмы, на которых они росли»: рэпер Серега допустил негативное влияние кино на Пугачеву




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Результаты забега на 5 км на Московском полумарафоне. Аплачкина и Голоктионов установили рекорды соревнований

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


WTA

Как Рыбакиной стать второй ракеткой мира: расклад от WTA



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Game News

Garry's Mod is removing 20 years' worth of Nintendo-related items from its Steam Workshop following takedown request: 'It's Nintendo. Need more be said?'



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России