Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 11.03.2022

Чехия: Украинадан качкан кыргызстандыктар

Azattyk.org 

Согуш башталгандан бери украин жерегесинде жашаган Кыргызстандын 400дөй жараны үчүнчү өлкөлөргө чыгып кетүүгө үлгүрдү. Алар Польша, Венгрия, Чехия жана башка мамлекеттер аркылуу мекенине кайтууда. Бирок ортодо жарандардын документтериндеги алешемдиктердин жана авиабилеттин айынан ара жолдо кармалып калгандар арбын. "Азаттыктын" журналисттери Чехиянын Кутна Хора шаарында убактылуу башпаанектеп турган мекендештерден кабар алып келди.

Бутага алынган төрөт үйү, бурмаланган маалыматтар

Azattyk.org 

Украинанын Мариупол шаарындагы төрөт үйүн орусиялык күчтөр аткылаганын актоого аракет жасап, ар кандай бурмаланган маалыматтар таратылууда. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров төрөт үйү чын эле аткылоого алынганын ырастап, "бирок анда төрөт абалындагы аялдар же жаш бөбөктөр болгон эмес" деп ишендиргенге аракет кылды. Эл аралык медиада төрөт үйүнө сокку урулушун согуш эрежелерине сыйбаган жеткен жексур, жырткычтык катары айыпташууда. Лавров: Төрөт үйүндө "Азов" отряды болгон Украинанын... Читать дальше...

АКШ Орусияга жаңы экономикалык чараларды жарыялады

Azattyk.org 

Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Вашингтон Орусияга жаңы экономикалык чараларды киргизип жатканын жарыялады. Ал АКШ Орусиянын "соодадагы эң ыңгайлуу мамлекет" (PNTR ) макамынан ажырата турганын 11-марттагы кайрылуусунда белгиледи. Ал бул макамдын жокко чыгарылышы Орусиянын АКШ менен бизнес жүгүртүүсүн кыйындата турганын, "Чоң жетиге" кирген башка мамлекеттер менен макулдашылганын кошумчалады. "Эркин дүйнө Путинге каршы туруу үчүн биригип жатат", - деди Байден. Бул макамдын алынышы менен... Читать дальше...



Cotton Campaign Өзбекстандын пахтасына киргизилген бойкот алынганын жарыялады

Azattyk.org 

Cotton Campaign укук коргоо коалициясы Өзбекстанда өндүрүлгөн пахта жана текстиль продукцияларына киргизилген бойкот алынганын жарыялады. Уюм өткөн жылы Өзбекстанда жарандарды мажбурлап пахта тердирүү көрүнүшүн токтотуу батыгында жылыштар болгонун 10-мартта билдирди. Cotton Campaign соңку чечимин өзүнүн өнөктөшү "Адам укуктары боюнча өзбек форумунун" баяндамасын эске алуу менен кабыл алды. Аталган форум 2021-жылы Өзбекстанда жарандарды пахта талааларында күчтөп иштетүү көрүнүшү катталбаганын өз баяндамасында белгилеген болчу. Читать дальше...

Суракта жүргөн мугалим өз жанын кыйды

Azattyk.org 

Нарында мектеп мугалими өз өмүрүнө кол салып, асынып алган окуя катталды. Маркум мугалимдин дипломуна байланыштуу райондук прокуратура иликтөө жүргүзүп жаткан. Нарын облустук милициясынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова мектеп мугалиминин өлүмүн милиция териштирип жатканын ырастады. “Милицияга Ак-Чий айылынын 54 жаштагы тургуну үйүнүн сарайында муунуп каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тергөө тобу барып, маркумдун денесине сыртынан кароо жүргүздү. Читать дальше...

Отузга чейинки курак эмнеге маанилүү?

Azattyk.org 

Жашообуздагы эң маанилүү окуялардын 80% 20-30 жаш аралыгында болорун билчү белеңиз? Дал ушундай пикирин клиникалык психолог Мэг Жей "Маанилүү жылдар" китебинде айтат. Жаштар бул куракта эмнелерди эске алышы керек, жеке капиталды кандай жөндөмдөр менен чогултуп, жеке жашоосунда өнөктөш тандоодо эмнелерге көңүл бурушу зарыл? Эмне үчүн 20 жаштан 30 жашка чейинки аралык эң маанилүү жылдар болушу мүмкүн?

Лукашенко ЕАЭБ жана ЖККУ лидерлерин Москвага чогултууну сунуштады

Azattyk.org 

Беларусту узактан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко Москвада Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жолугушуусун өткөрүү керектигин айтты. Ал мындай демилгени жума күнү Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунда көтөргөнүн Орусиянын TASS жана RIA Новости сыяктуу бир катар мамлекеттик маалымат каражаттары жазып чыкты. "Биз ЖККУда, ЕАЭБде жолугуп, биригишибиз керек. Сиз биз бирге болушубуз керек деп айтып келесиз го. Читать дальше...

Кыргызстан менен Өзбекстан Украинадагы чыңалууну тез арада токтотуу керектигин белгилешти

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Өзбекстан Украинада чыңалууну тез арада токтотуу керек деп эсептешет. Бул тууралуу бүгүн 11-мартта эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Абдулазиз Камиловдин жолугушуусунда айтылганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуу Түркиянын Анталья шаарында эл аралык дипломатиялык форумдун алкагында өттү. Эки министр согуштук аракеттерди токтотуу, конфликтти саясий-дипломатиялык каражаттар менен жөнгө салуу максатында сүйлөшүүгө кайтуу зарылдыгын белгилешти. Читать дальше...



Орусия Meta компаниясына кылмыш иши ачты

Azattyk.org 

Орусиянын Тергөө комитети Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээлик кылган америкалык Meta компаниясына каршы кылмыш ишин ачты. Мындай маалымат 11-мартта комитеттин расмий сайтына жарыяланды. Анда иш "экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга ачык чакырык" жана "террорчул аракеттерге кол кабыш кылуу" беренелери менен тергелип жатканы айтылган. Ал арада Орусиянын Башкы прокуратурасы Meta компаниясын "экстремисттик уюм" деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылды. Маалыматка ылайык, прокуратура... Читать дальше...

Орусия дан өсүмдүктөрүн экспорттоого тыюу салды

Azattyk.org 

Орусия согуштук аракеттерин жайылтып, Украинанын башка аймактарында да чабуулга өтүп жатат. Кыргыз-тажик чек арасында 11-мартка караган түнү эки өлкөнүн чек арачылары кайра ок атышты. Орусия Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө 31-августка чейин дан өсүмдүктөрүн жана кумшекерди экспорттоого тыюу салды.

"Азаттыктын" украин кызматынын кабарчысы Киевдин сыртында ракета чабуулунан жарадар болду

Azattyk.org 

11-марттын таңында орусиялык күчтөрдүн Киевдин четиндеги ракета чабуулунан бир нече адам жарадар болду. Алардын арасында "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун украин кызматынын кабарчысы Марьян Кушнир да бар. Чабуулдан так канча киши жараат алганы такталууда. Каза тапкандар жок. Дарыгерлер журналист Кушнирге контузия деген диагноз коюшту. Кушнирдин айтымында, окуя таңкы саат 3төр чамасында Киевден чыгышты көздөй 35 чакырым алыстыктагы Барышевка шаарчасында болгон. Журналист украин күчтөрүнүн коштоосунда аймактагы кырдаалды чагылдырып жүргөн. Читать дальше...

Талас: Добуш сатып алууга шектүүлөрдүн иши сотто каралууда

Azattyk.org 

Таласта парламенттик шайлоо маалында добуш сатып алууга шектелген эки адамдын иши сотто каралып жатат. Бул тууралуу 11-мартта "Азаттыкка" облустук соттун маалымат катчысы Эрбол Балыбаев билдирди. Ишти Талас шаардык соту кароодо, кезектеги отурум 15-мартка белгиленди. 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоого №21 бир мандаттуу Талас округунан катышкан Бактыбек Чойбековдун пайдасына добуш сатып алууга шектелген эки адамга карата Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добушун сатып алуу” деген беренесинин негизинде иш козголгон. Читать дальше...

Украинанын Мариуполь шаарына гуманитардык коридор ачылат

Azattyk.org 

Украинанын Мариуполь жана Запорожье шаарларынын ортосунда гуманитардык коридорлор ачылат. Бул тууралуу Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук 11-мартта билдирди. "Алар төмөнкү багыттар боюнча иштейт: Донецк облусунун Мариуполь шаарынан Запорожье шаарына чейин. Ал Портовское, Мангуш аркылуу өтүп, Никольское, Республика, Розивка, Билмак, Полохе, Орехов аймактарын айланып, Запорожьеге жетет. Бул машрут миналардан тазаланышы керек. Гуманитардык жардам жүктөлгөн автобустар Запорожьеден Мариуполго жөнөп кетет. Читать дальше...

Башкы прокуратура жанын кыйган мугалим тууралуу билдирүү жасады

Azattyk.org 

Башкы прокуратура Кочкор районунда жанын кыйган мугалим суракта басымга кабылган деген маалыматты четке какты. Маалыматка ылайык, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүндө коррупцияга каршы, билим берүү жана башка мыйзамдардын аткарылышына пландуу текшерүү башталган. Анын жүрүшүндө, мугалимдердин жогорку билими тууралуу дипломдору да кошо каралып, шек жараткан Ак-Чий орто мектебинин эки мугалиминин дипломдорунун аныктыгын тактоо үчүн жогорку окуу жайларга кат жиберилген. Ишеналы Арабаев атындагы... Читать дальше...

Бишкектин ири дүкөндөрү негизги азыктарга чектөө киргизишти

Azattyk.org 

Бишкектеги белгилүү гипермаркеттер айрым негизги товарларды сатууда чектөөлөр киргизилгенин маалымдады.   “Фрунзе” гипермаркети сатып алуучуларга кайрылып, “Бардык товарлар жетиштүү болуусу үчүн суроо-талап жогору болгон товарларга убактылуу чектөө киргизүүгө мажбур болуп жатабыз. Товарлардын запасы керектүү көлөмдө дайыма толукталууда” деп билдирди. Globus дүкөндөр түйүнүнүн администрациясы “Эң зарыл товарлардын тартыштыгына жол бербөө үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Ошондуктан айрым чектөөлөрдү киргизүүдөбүз” деп маалымдады. Читать дальше...

БУУ: Украинадан 2,5 миллион киши чыгып кетти

Azattyk.org 

Орусия кол салгандан бери Украинадан чет өлкөгө качкан адамдардын саны 2,5 миллионго жетти. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча комиссары Филиппо Гранди 11-мартта билдирди. Анын айтымында, согуш башталгандан бери Украинанын өзүндө дагы жүз миңдеген жарандар жер которду. "Украинанын ичинде 2 миллиондой киши жер которду деп болжоп жатабыз. Миллиондогон адамдар маанисиз согуштан улам үйүн таштоого аргасыз болду", - деп жазды Твиттерге Филиппо Гранди. БУУнун Миграция боюнча эл аралык уюмунун маалыматына ылайык... Читать дальше...

Украинанын элчиси Бишкекте калган себебин түшүндүрдү

Azattyk.org 

Кыргызстандын Украинадагы кырдаал боюнча позициясы туруктуу болуп баратат. Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко маалымат жыйынында билдирип, президент Владимир Зеленскийдин аны Бишкектен кеңешүү үчүн чакыртып алуу чечимине комментарий берди. Элчи Украинанын президенти Владимир Зеленский чакыртып аларын жарыялагандан кийин Бишкектен кеткен эмес. "Бул дипломатиялык механизмдер чечим кабыл алуу үчүн көп убакытты талап кылат. Бирок алар өзгөрүшү мүмкүн, анткени өлкөнүн позициясы өзгөрүп жатат. Читать дальше...

Исманкуловдун илгерки иштери козголду

Azattyk.org 

Алмазбек Исманкуловдун менчик медициналык борбору Бишкектеги №6 оорукананын имаратын бошотуп бере элек. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ага дагы эки күн убакыт берилгенин билдирди. Ал арада Исманкулов менен Билим берүү министрлиги мындан 25 жылдай мурда Улуттук университетке деп алынган ири суммадагы насыя тууралуу соттошуусу аягына чыга электиги маалым болду. Аталган мекеме Исманкуловдун карызы 28 миллион долларга жеткенин айтып жатат. Дарыгер менен анын жактоочулары комментарий бере элек. Читать дальше...

Навальный орус жарандарын каршылык акциясына чакырды

Azattyk.org 

Орусиялык оппозициялык саясатчы, абакта жаткан Алексей Навальный жарандарды ушул дем алышта акцияга чыгууга жана орус күчтөрүнүн Украинадагы чабуулдарына каршылык көрсөтүүгө чакырды. Анын мындай билдирүүсү 11-мартта Instagram социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыяланды. Навальный орус президенти Владимир Путинди "Орусиянын эли гана тез токтото аларын", митингдер ар бир шаардын башкы аянтында 13-мартта өтө турганын белгиледи. "Бул оор марафон. Чарчап-чаалыкканга чейинки күрөш. Коркуу жана камоо менен коштолот. Читать дальше...


Музыкальные новости
Сергей Трофимов

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ





Rss.plus
ВДНХ

Сергей Трофимов выступит с летним концертом в Зеленом Театре ВДНХ




Перечислены самые популярные города для майских выходных

В Москве задержан подросток, подозреваемый в пропаганде терроризма

Минэкологии устанавливает обстоятельства появления свалки в Богородском округе

Медведев: Россия может асимметрично ответить на закон властей США о конфискации




Тажикстанда ун кымбаттады

Azattyk.org 

Тажикстанда ун кымбаттап, 50 килограммдык бир кап ундун баасы 270-280 сомониден 290-325 сомониге (20-30 доллар) чейин жогорулады. Дүйшөмбүдөгү "Саховат" базарына барган "Азаттыктын" тажик кызматынын ("Озоди" радиосунун) кабарчылары баалардын жогорулаганына карабастан, соодагерлердин көбү дүкөндөрүн жаап, ун сатпай калганына күбө болушту. Мындан улам ун дүкөндөрүнүн алдында шаар тургундарынын узун кезеги жаралды. "Сатуучулар ун жок калганын билдирип жатышат. Бул жерде дайыма кап-кап ун турчу, азыр жок. Читать дальше...

Казакстандан Украинага гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Казакстандыктар чогулткан 40 тонна гуманитардык жардам 11-мартта Нур-Султандан Украинага жөнөтүлдү. Казакстандагы украин элчиси Петр Врублевский дары-дармек жана башка керектүү каражаттар жүктөлгөн эки фура 10 күндөн кийин Украинга жетерин айтты. Ал Украинага көмөк көрсөтүү акциясына өтө көп адам салым кошконун айтып, казак элине ыраазычылык билдирди. Элчиликтин маалыматына караганда, бул Казакстандын Орусиянын кол салуусуна туш болгон Украинага кара жол менен жөнөткөн алгачкы гуманитардык жардамы. Читать дальше...

“Маданиятсыз жетекчилер жемкорлукту күчөттү”

Azattyk.org 

Ар замандын өз баатырлары болот. Кекиртегине бычак такалып, өмүрү устаранын мизинде турса да калыстыктан тайбай, акыйкатты айткан кашкөй эр азаматтары болот. Казактын чыгаан уулу, жазуучу, сценарист, кинорежиссёр, публицист Эрмек Турсунов – ошондой саналуу инсандардын бири. Казакстандын Улуттук телерадиокорпорациясын башкарып турганда жогору жактагылардын буйругун аткарбай койгондугу үчүн куугунтукталган. Жалган жалаа жаап, кызмат ордунан колуна кишен салып кармап кетишкен. Кийин үч жыл чет өлкөдө жүрүүгө мажбур болгон. Читать дальше...

Коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду

Azattyk.org 

Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. 12-марттан тартып мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде коюлбайт. Өкмөттүн 11-марттагы маалыматына караганда, беткап боюнча талапты жоюу тууралуу чечим Коронавирус инфекциясына каршы республикалык штабдын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өткөргөн жыйынында кабыл алынды. Тийиштүү мекемелер сөзсүз беткап тагынуу талабы коюлган алгоритмдерин жана нускамаларын өзгөртүшү керек болот. Читать дальше...

БШК Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы 27-февралда өткөн Биринчи май округундагы кайра шайлоону уткан Элвира Сурабалдиевага депутаттык мандат тапшырды. Бул тууралуу боршайкомдун басма сөз кызматы билдирди. Элвира Сурабалдиева 2015-жылы КСДП партиясынын тизмеси менен депутат болуп келген. 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышкан. 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин вице-премьер-министр болуп төрт ай иштеген. Сурабалдиева 2021-жылы 28-ноябрда өткөн шайлоого катышкан эмес. Читать дальше...

Орусия Украинадагы эки аскердик аэродромду талкалаганын билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги орус күчтөрү Украинанын Луцк жана Ивано-Франковск шаарларындагы эки аскердик аэродромду "иштен чыгарганын" билдирди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз өкүлү Игорь Конашенков 11-мартта айтты. Ал Орусия Украинага басып киргенден бери украин армиясынын 3213 аскердик инфраструктурасы жок кылынганын кошумчалады. Коргоо министрлигинин соңку билдирүүсүн көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек. Бирок Луцк жана Ивано-Франковск шаарларынын айрым тургундары... Читать дальше...



Москва

Весенние субботники прошли на предприятиях «Московского» филиала ООО «ЛокоТех-Сервис»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: С 28 апреля до 12 мая городские службы будут работать в усиленном режиме



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

НОПРИЗ

В Москве наградили победителей Международного профессионального конкурса НОПРИЗ на лучший проект – 2023




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Учитель из Бутово стала «Гуру физкультуры»

Шествие трубачей и уроки танцев: что ждет посетителей парков Москвы в майские праздники

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию


WTA

Самсонова победила Осаку и вышла в третий круг турнира WTA 1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России