Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2022

Новости за 07.03.2022

Гостомелдин бийлиги орус аскерлери шаар мэрин атып өлтүргөнүн билдирди

Azattyk.org 

Орус аскерлери Киевдин түндүк-батышындагы Гостомел шаарчасынын мэрин атып өлтүрүштү. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, маркум ошол маалда курчоодо калган элге нан таратып жүргөн. Шаардык кеңеш "Фейсбуктагы" баракчасына Юрий Прилипко менен кошо эки кызматкер Иван Зоря менен Руслан Карпенко окко учканын жазды. Аэродромдун жанында жайгашкан Гостомел орус армиясы басып кирген 24-февралдан бери туруштук берип жатат. 16 миңдей калкы бар шаардын басымдуу жашоочулары качып чыкты. Ушул... Читать дальше...

Орус өкмөтү "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесине 50 мамлекетти киргизди

Azattyk.org 

Орус өкмөтү "дос эмес өлкөлөрдүн" тизмесин түздү. Ага Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Канада, АКШ, Жапония, Швейцария, Микронезия, Сан-Марино, бардыгы болуп 50 мамлекет кирди. Тизмеге Украинадагы согушка байланыштуу Орусияга каршы санкция салган же аларды колдогон өлкөлөр камтылган. Президент Владимир Путин буга чейин кол койгон буйрукка ылайык, дос эмес мамлекеттердеги кредиторлор алдында бересеси бар орусиялык компаниялар менен жарандар карызын валюта эмес, рубль менен төлөй алышат. “Кара... Читать дальше...

"Кыргызстан Украинадагы согуштун кесепетин тарта баштады "

Azattyk.org 

Орусия-Украина согушунун экономикалык кесепеттерин жеңилдетүү үчүн Кыргызстандын өкмөтү өлкөгө валюта алып келүүнүн альтернативалык жолдорун табышы керек. Бул тууралуу Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Экономисттин айтымында, Орусияга салынган санкциялардын кесепетинен акчанын куну кетип, мигранттардын которгон акчасы кескин азайып, эл жакырланып, экономикалык абал начарлап кетиши ыктымал. - Украинада жүрүп жаткан Орусия-Украина... Читать дальше...



Украина: 1,5 миллион качкын Европага агылды

Azattyk.org 

Орусиянын кол салуусунан Украинада үй-жайын таштап, өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон адамдардын саны бир жарым миллионго жетти. Расмий Киев Орусияны гуманитардык коридор боюнча айыптады. “Улуттар аралык кастыкты козутту” деген берене менен кылмыш иши козголгон Next TV телеканалынын журналисттери жана эсепчиси Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте сурак берди. Каналдын директору эки айга камалды. Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл бекеттеринде товар өткөрүүнүн... Читать дальше...

Украинадагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо уланууда

Azattyk.org 

Соңку эки күндө (5-6-мартта) Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин жардамы менен бул өлкөдөн дагы 80 кыргыз жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу 7-мартта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 5-мартта Львов шаарынан Польшанын аймагына автобус менен 35 кыргызстандык чыгарылды. 6-мартта 45 кыргыз жараны Молдова-Румыния-Болгария маршруту аркылуу Түркиянын чек арасынан өттү. Бүгүн 7-мартта Түркияга Молдова аркылуу 25 кыргызстандык жөнөтүлгөнү жатат. 4-мартта... Читать дальше...

Жоокерлерди сүрөгөн барабанчы Саннирабига

Azattyk.org 

Саннирабига Бектурган кызы Бишкектеги жаза аткаруу кызматына караган аскердик бөлүктүн оркестринде барабанчы. Ал Кыргыз улуттук консерваториясынын урма аспаптары бөлүмүн аяктаган. Ал окуган бөлүмгө кыздар тапшырбайт. Ошондуктан барабанды бир гана эркектер ойнойт деген стереотипти сындыргысы келет.

Нарын - тоо койнундагы шаар

Azattyk.org 

Нарын тоо арасындагы чакан шаар. Ал баш калаа Бишкектен 365 чакырым алыстыкта, Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 2024 метр бийиктикте жайгашкан. “Данисте” бул жолу Нарын шаарынын турмушу менен тааныштырат.

Сөз эркиндиги жана жоопкерчилик: Next TV кызматкерлери сурак берди

Azattyk.org 

Next TV телеканалынын айрым кызматкерлери 7-мартта Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) сурак берип чыкты. Атайын кызмат өткөн аптанын аягында "улут аралык кастыкты козуткан" деген берене менен кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директорун камакка алган. Ал арада президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жалган маалымат таратпоо тууралуу эскертти. Соңку окуяларды медиа коомчулук сөз эркиндигине кысым катары баалап жатат. Улуттук коопсуздук комитетине 7-мартта Next TV телеканалынын эки кабарчысы... Читать дальше...



Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны бошотулду

Azattyk.org 

Тажикстандын өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргыз жараны Замирбек Досматов бошотулду. Бул тууралуу бүгүн 7-мартта “Азаттык” радиосуна анын агасы Мунарбек Досматов билдирип, иниси Кыргызстанга кайтып келгенин маалымдады. Досматов кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга байланыштуу кармалганы айтылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги ал 23-февралда кармалганын ырастаган жана ага коюлган айып негизсиз экенин тастыктаган документтер даярдалып жатканын билдирген. Элчилик тактаган маалыматка караганда... Читать дальше...

HRW: талибдер маалымат каражаттарынын кызматкерлерине кысымды күчөттү

Azattyk.org 

Хьюман Райтс Уотч эл аралык укук коргоо уюму (HRW) Ооганстандын “Талибан” башкарган бийлигин алыскы аймактарда цензураны жана маалымат каражаттарынын кызматкерлерине каршы кысымды күчөткөнү үчүн айыптады. “Борбор шаардан башка жерлердеги журналисттердин абалы оорурак көрүнөт. Өзгөчө аялдардын абал кейиштүү”, - деп айтылат уюмдун 7-марттагы билдирүүсүндө. Укук коргоочулар талибдер Кабулдагы бийликти басып алган былтыркы августтан бери Ооганстанда окуяларды чагылдыруу барган сайын кыйындап баратканын белгилешет. Читать дальше...

Дүйнө жүзүндө COVID-19дан каза тапкандар 6 миллиондон ашты

Azattyk.org 

Дүйнө жүзүндө COVID-19 илдетинен каза тапкандар 6 миллиондон ашты. Мындай маалымат коронавирус пандемиясынын башталышынын үч жылдыгына карата АКШдагы Жонс Хопкинс университети жарыялаган маалыматта 7-мартка карай вирустан 6 миллион 97 кишинин көз жумганы айтылат. Салыштыруу үчүн айтсак, Испаниядагы Барселона шаарынын калкы мындан аз. Соңку төрт айда эле илдет миллион кишинин өмүрүн алды. Ушу тапта негизинен "омикрон" штаммы жайылууда. Талдоочулардын айтымында, пандемия учурунда бир катар... Читать дальше...

Токтогул сыйлыгы: талант менен таасирдин талашы

Azattyk.org 

Адабият, искусство жана архитектура тармагындагы ишмерлерге берилчү Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээлери жакында белгилүү болору күтүлүүдө. Токтогул сыйлыгы боюнча социалдык тармактардагы талкуулар эки-үч ай мурун эле кызуу башталган. ​Айрымдар бул сыйлыкты таланттуулар эмес, таасири барлардын тааныштары алып жатат деп нааразы. Сыйлык кандай критерийлер менен берилет? Жобосу кандай, алар өзгөртүүгө муктажбы же жокпу? Бул суроолорду Эл артисти, Токтогул сыйлыгын ыйгаруучу комиссиянын... Читать дальше...

Лавров менен Кулеба Анталияда жолугушат

Azattyk.org 

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Анталияда жолугушат. Бул тууралуу дүйшөмбүдө Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу маалымдады.  "Кечээ президентибиз Режеп Тайып Эрдоган Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө бул маселени күн тартибине койду. Лавров Анталиядагы жолугушууга катышууга даяр экенин билдирди. Кулеба да жыйынга катышарын айтты. Жолугушууну 10-март күнү Анталияда өткөрөбүз деп ишенем. Бул иш-чара бурулуш жасайт деген үмүттөнөбүз",-деди Чавушоглу. Читать дальше...

Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды

Azattyk.org 

Динара Кемелова тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Кемелова буга чейин Түштүк Кореядагы элчилик кызматты аркалаган. Өткөн айда мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Динара Кемелова 2019-жылга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары болуп иштеген.

Киев Москваны "реалдуу гуманитардык коридор" түзүүгө чакырды

Azattyk.org 

Украина Москваны эл аралык коомчулуктун пикирин бурмалоого аракеттенүүдө деп айыптады. 7-мартта Орусиянын Коргоо министрлиги ок атышууну убактылуу токтотуп, Киев, Мариуполь, Харьков жана Сумы шаарларындагы элдин чыгып кетүүсү үчүн гуманитардык коридор ачарын билдирген. Билдирүүдө эл кайсы маршрут менен чыга алары айтылат. Ага ылайык, Киевден орус аскерлери басып алган аймактар аркылуу Беларуска көздөй гана чыкса болот. Украин вице-премьер-министри Ирина Верещук орус тараптан сунуш түшкөнүн тастыктап, Киев маршруттарга макул эместигин айтты. Читать дальше...

Өнүгүүгө салым кошкон аялдар сыйланды

Azattyk.org 

Президент Садыр Жапаров 7-мартта өлкөнүн ар тармакта өнүгүшүнө салым кошуп жаткан айымдар менен жолугушуп, аларды майрам менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын катышуучуларына президенттин энчилүү кол сааттары тапшырылды. Президент жолугушууга эл арасында кадыр-баркка ээ болуп, күнүмдүк турмушта чыныгы баатырдыкты көрсөткөн өз кесибинин мыкты өкүлдөрү чакырылганын белгилеген. Жолугушууга биринчи айым Айгүл Жапарова да катышты.

Улан Жусупов Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп дайындалды

Azattyk.org 

Улан Жусупов Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия  Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Жусупов Тышкы иштер министрлигинин үчүнчү саясий департаментинин директору болуп иштеп келген. Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы элчилик кызматы 2021-жылдын октябрь айынан бери бош турган. Буга чейин элчи болуп иштеген Эдил Байсалов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган.

Дүйнөлүк биржаларда мунай менен газ кескин кымбаттады

Azattyk.org 

Дүйшөмбүдө дүйнөлүк биржаларда чийки заттар кескин кымбаттады. Адистер кымбаттоо Орусиянын Украинага кол салуусу жана Москвага каршы киргизилген санкциялардын кесепети деп айтууда. Европада газдын бир миң кубометри 3000 долларга сатылууда. Бул тарыхый рекорд болуп калды. Мунайдын Brent түрүнүн бир баррели 130 долларга жетти. Бир нече жылдан бери баа мындай чекке көтөрүлө элек болчу. Баалар АКШ Орусиянын чийки мунайын алуудан баш тартышы мүмкүн деген маалыматтардын фонунда өсүүдө. Алюминий, жез... Читать дальше...

Эл аралык кылмыш сотунда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды

Azattyk.org 

Эл аралык кылмыш сотунда Орусиянын Украинага каршы согушу боюнча угуулар башталды. Москванын териштирүүнү четке какканына, орусиялык юристтердин Гаагага барбай койгонуна карабай, Улуттар уюмунун жогорку соту ишти кароого киришти. Украина Орусиянын 24-февралда баштаган согуштук аракеттерин дароо токтоттурууну көздөйт. Киев президент Владимир Путиндин согушту ачуу шылтоосун четке кагууда. Кремль “Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга, жайкын тургундарга каршы бир топ кандуу кылмыштардын... Читать дальше...


Музыкальные новости
НОПРИЗ

Уральские проекты победили в Международном профессиональном конкурсе НОПРИЗ на лучший проект – 2023





Rss.plus
Выставка

Выставка работ победителей фотоконкурса «Созвездия "Семья"»




Синоптик допустил заморозки и снег в Московской области между майскими праздниками

Как по списанному: на отправленных в утиль машинах Минздрава делали миллионы

Как Владимир Кузьмин умудрился трижды сыграть свадьбу с одной женщиной

Андрей Воробьев: «День добрых дел» объединил учащихся Подмосковья




"Батукаев ишин" кайра кароо кийинкиге жылды

Azattyk.org 

"Батукаев иши" боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызын кароо башка күнгө жылды. Буга сотко Башкы прокуратуранын өкүлү келбегени себеп болгонун Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев билдирди. "Дагы бир жолу соттук отурум жылды. Анткени прокурор Медер Абдышев сотко келген жок. Кызыгы бул иш Жогорку сотто Башкы прокуратуранын жаңы жагдайлар ачылды деген өтүнүчүнүн негизинде каралып жатат. Бирок соттук отурумга өздөрү келген жок. Мыйзамга ылайык... Читать дальше...

Бишкекте Орусияга тилектештик билдирген акция өттү

Azattyk.org 

7-мартта Бишкектеги Орусиянын элчилигинин алдында өткөн тилектештик акциясына он чакты адам чыкты. “Sputnik Кыргызстан” басылмасынын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, акцияга чыккандар колуна “Фашизмге жок!, “Неонацизмге жок!”, “Z” деген жазууларды кармап турушту. Бул күндөрү дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө Орусияга каршы акциялар өтүп жатат. 5-мартта Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына чыгып, Украинадагы согушту токтотууну талап кылган жарандык активисттердин бирин милиция кармап кеткен. Читать дальше...

Башкы прокуратура Баткен мэриясында ири жемкорлук аныкталганын билдирди

Azattyk.org 

Баткен мэриясынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголгонун 7-мартта Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, кылмыш иши Баткен шаарынын И.Раззаков көчөсүндөгү тротуардын курулушунда аткарылбай калган жумушту мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча козголгон. Тергөөнү облустук прокуратура жүргүзүп, иш сотко өткөрүлдү. Маалым болгондой, 2019-жылы Баткен шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери менчик ишкана 2 млн 964 миң сомго тротуар оңдогону тууралуу акт түзүп, ишти кабыл алышкан. Читать дальше...

Жаз жарышы: дыйканды кыйнаган кымбатчылык

Azattyk.org 

Кыргызстанда жазгы талаа иштери быйыл эрте башталды. Өлкөнүн түштүк аймагында дыйкандар жерин айдатып, эгин-тегин себилип баштаганына эки аптадан ашты. Өлкө түндүгүндө дыйканчылык талааларында даярдык иштери кызуу жүрүүдө. Бул жылы дыйкандарды санаага салган бир катар оорчулуктар бар. "Жерди айдап даярдоо былтыркыдан эки эсе кымбат" Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну Абдикарим Мырзабаев жыл сайын 6 гектар суулуу жерге жүгөрү эгет. Ал быйыл үрөн, жер семирткич жана жер айдоо иштери эки эсеге кымбаттаганын айтып берди. Читать дальше...

Орусиядан кеминде 150 журналист чыгып кетти

Azattyk.org 

Украинага куралдуу кол салуу башталгандан бери Орусиядан бери дегенде 150 журналист чыгып кетти. Бул тууралуу “Агентство” басылмасы билдирди. Маалыматка караганда, алар негизинен өлкөдө иш жүзүндө аскердик цензура киргизилгенине байланыштуу кетип жатышат. 4-мартта президент Владимир Путин кол койгон мыйзамга ылайык, "куралдуу күчтөрдү колдонуу тууралуу жалган маалымат таратуу" үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралат. Бул Украинага басып кирүүнүн "атайын операция" деген расмий формулировкасынан күмөн санаган... Читать дальше...

Москва убактылуу "гуманитардык коридор" ачарын билдирди

Azattyk.org 

Орусиянын Коргоо министрлиги дүйшөмбү күнү убактылуу ок атышпоо режимин жарыялап, Киев, Мариупол, Харьков жана Сумы шаарларынан карапайым элдин чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридор ачарын билдирди. Маалыматка караганда, коридорлор “гуманитардык кырдаалдан” улам жана француз президенти Эммануэл Макрондун орус мамлекет башчысы Владимир Путинге жеке өтүнүчү менен түзүлүүдө. Билдирүүдө эл кайсы маршрут менен чыга алары айтылат. Ага ылайык, Киевден орус аскерлери басып алган аймактар аркылуу Беларуска көздөй гана чыкса болот. Читать дальше...



Москва

Юные керамисты школы №2120 выиграли три Гран-при конкурса «Мир дому твоему!»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: в Москве начался сезон фонтанов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Джиган

Младшая дочь Оксаны Самойловой и Джигана пошутила, что их сын приемный — как отреагировала звездная мама: «Чисто классика»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В Москве завершился Кубок России по спортивному программированию

Спортсменка из Бутово выиграла «золото» на турнирах по художественной гимнастике

Команда Орловской области стала победителем хоккейного турнира среди команд Черноземья


WTA

Свёнтек разгромила Кырстю и вышла в 1/8 финала турнира WTA-1000 в Мадриде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Кубок

Хоккейный турнир за Кубок Каменского стартовал в Воскресенске



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России