Бишкекте хоккей боюнча чемпионат башталды
3-мартта Бишкектеги "Бишкек Арена" спорт комплексинде хоккей боюнча IV дивизиондогу I Дүйнө чемпионаты башталды. Ага Кувейт, Малайзия, Кыргызстан, Иран жана Сингапурдун командалары катышууда. Оюндар 8-мартка чейин уланат. Мелдеш жыйынтыгында көч башын жетектеген команда III дивизиондо ойноого жолдомо алат.