Салман Хандын "Дүйнө мектеби" китеби кыргыз тилине которулду
Атактуу агартуучу жана ишкер, 2012-жылы дүйнөдөгү 100 таасирдүү адамдын катарына кирген Салман Хандын “Дүйнө мектеби” китеби кыргыз тилине которулду.
Китеп каалаган адамга, каалаган жеринде дүйнөлүк деңгээлдеги акысыз жеткиликтүү билим берүү феномени жөнүндө. Окуя мурдагы инженер жана хедж фонддун венчур капиталисти Салман Хандын математикадан кыйналган жээни Надяга онлайн сабак өтүшү менен башталат.
Китепти кыргыз тилине Алтынай Токтоматова которгон. Ага Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева баш сөз жазып, кыргыз тилинде жарык көргөн бул китеп билим алууда калыптанып калган көз карашты түп-тамырынан өзгөртөрүн белгилеген.
Китептин автору Салман Хан АКШнын Жаңы Орлеанына келип отурукташкан мигранттардын үй-бүлөсүндө 1976-жылы 11-октябрда төрөлгөн. Ал математика, электротехника, компьютердик илим боюнча магистрдик даражага ээ.
Бүгүнкү күндө миллиондогон окуучулар, ата-энелер жана мугалимдер Салман Хан негиздеген Хан Академиясынын акысыз видеосабактарын жана программаларын колдонушат. (MZh)