Сеидбек Атамбаев суракка чакырылган журналисттер маселесин көтөрдү
Жогорку Кеңештин 2-февралдагы жыйынында депутат Сеидбек Атамбаев ар кандай кылмыш иштеринин алкагында журналисттердин суракка чакырылып жатканын сынга алды. Ал буга байланыштуу көп кайрылуу түшүп жатканын айтып, басма сөз өкүлдөрүнө макам берүүнү сунуштады.
Мунун алдында Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук прокуратурасы Kaktus.media сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжал тууралуу маалыматка байланыштуу кылмыш ишин козгогон.
Көзөмөлдөөчү орган тараткан маалыматта "2022-жылдын 27-январында сайттагы макалада Кыргызстандын аскер кызматкерлери тажик тарапка биринчилерден болуп ок атып провокация кылды делген чындыкка дал келбеген маалымат чагылдырылган. Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси (“Согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн башка өлкөгө агрессиясын жаратуу же согуштук жаңжалды баштоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу”) менен кылмыш ишин козгогон. Белгиленген аракеттин мыйзамдуулугуна баа берүү үчүн Бишкек шаардык прокуратурасы тергеп жатат" деп жазылган.
Буга чейин Kaktus.media талаш-талкуу, нааразылык жараткан маалымат тууралуу түшүндүрмө берген. Анда ал кабар Тажикстандын Asia Plus басылмасынын көчүрүп жарыяланган маалымат (перепечатка) экендиги белгилүү болгон.
"Бул басылманын жалгыз максаты – тажик тарап кандай маалыматтык саясат жүргүзүп жатканын, Тажикстандын бийлиги катардагы жарандарына кандай маалымат таратканын кыргыз коомчулугуна көрсөтүү болчу. Учурда маалыматтык согуш жүрүп жатканы анык. Ага каршылык көрсөтүү үчүн экинчи тарап кандай иш-аракеттерди жасап жаткандыгын так билүү керек. Жарыяланган материалда, маалымат булагына шилтеме берилген. Башка басылмадан алынган (ПЕРЕПЕЧАТКА) маалымат боюнча оюбузду так жеткире албагандыгыбыз – биздин катачылык. Ошого байланыштуу бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайбыз", - деп жазылган басылманын түшүндүрмөсүндө.
Ушул тушта Бишкек шаардык милиция Temirov LIVE аттуу Youtube каналынын журналисти Болот Темиров менен анын командасындагы төкмө акын Болот Назаровду баңгизатка байланыштуу айыптап, териштирип жатат.
Бир аптадан ашык убакыт мурун аталган каналда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.
Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров менен Болот Назаров кармалып, коомчулуктун нааразылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.