Кыргызстан Тажикстандын студенттер тууралуу дооматын четке какты
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайларда тажикстандык студенттерге "атайлап тоскоолдук жасалып жатат" деген дооматты негизсиз деп билдирди.
Мекеме берген маалыматта "эгер студент келишимде каралган шарттарды толук аткарбаса, башкача айтканда, контракттык төлөмдөн же академиялык карызы болсо окуу жай сөзсүз түрдө карыздары жоюлмайынча анын документтерин бере албайт. Бул Тажикстандын жарандарына эле эмес, Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү жалпы талап. Андан башка жасалма тоскоолдуктар жок" деп айтылат.
Мунун алдында Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстанда билим алып жаткан тажик студенттери кодулоого кабылганын айтып чыккан. Анда “тажикстандык студенттер өз мекениндеги окуу жайларга которулуу үчүн керектүү документтерин кайтарып алуу үчүн кайрылганда Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жасалма жолдор менен создуктуруп жатышат” деп билдирген. Мындан сырткары чек арадан тажик студенттерин өткөрбөй койгон учурлар катталып жатканы жазылган.
Кыргызстандын жогорку окуу жайларында Тажикстандын 1500дөн ашуун жараны билим алат. Алардын көпчүлүгү Ош мамлекеттик университетинде, Кыргыз-түрк "Манас” университетинде, Борбор Азиядагы Америка университетинде жана Баткен мамлекеттик университетинде билим алышат.
Былтыр апрелдеги чек ара жаңжалынан кийин расмий Дүйшөмбү Бишкекке тажик студенттерине окуусун улантууга шарт түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Министрлер кабинети ал өтүнүчтү канааттандырган.
Ош мамлекеттик университетинен өткөн жылдагы апрель окуясынан кийин 100дөй тажикстандык студент башка жакка которулуп кеткен. Учурда бул окуу жайда коңшу өлкөдөн келген 402 студент билим алып жатат.
Баткен мамлекеттик университетинде 202 тажикстандык студент аралыктан окуп жатат.