Коомдук ишмер Шералы Назаркуловдун көз жумганына 20 жыл болду
2002-жылы Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы саясий ачкачылык кармап жатып кайтыш болгон Шералы Назаркулов 7-февралда эскерилди.
Бишкектеги иш-чарага маркумдун жакындары жана Акыйкатчынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков катышты. Расмий бийликтен өкүлдөр барган жок.
Эскерүү иш-чарасы Назаркулов узак мөөнөттүү ачкачылык акциясына отурган жерде - Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин имаратынын жанындагы аянтчада жыл сайын өткөрүлүп келет.
Анын жарандык активдүү позициясы көзү өткөндөн кийин бааланып, «Эрдик» медалы ыйгарылган. Ысымы Бишкектеги №80 орто мектепке берилген.
Шералы Назаркуловдун өлүмүнөн туура 40 күндөн кийин Аксыда бийликтин аткан огунан дагы алты адамдын өмүрү кыйылган. Ал тарыхта Аксы окуясы деген аталыш менен калган жана 2005-жылдагы март, 2010-жылдагы апрель окуяларынын башаты болгону айтылып келет.(ZKo)