Аялдан чыккан алгачкы композитор келбес жайга кетти
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Жылдыз Малдыбаева 75 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу 8-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Жылдыз Малдыбаева Кыргызстанда аялдардан чыккан алгачкы композитор эле. Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, билим берүүнүн отличниги наамдарын да алган, “Даңк” медалынын ээси.
Өмүр жолу
Ал 1946-жылы 6-июлда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында төрөлгөн.
П. Шубин атындагы музыкалык мектепти жана Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын бүтүргөн.
1966-жылы У. Гажибеков атындагы Баку консерваториясында белгилүү композитор Кара Караевдин классынан билим алган. Эки жылдан кийин Кыргыз мамлекеттик Б. Бейшеналиева атындагы искусство институтуна которулуп, 1972-жылы бүтүргөн.
1969-жылдан тарта Кыргыз мамлекеттик В. В. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (И. Арабаев атындагы университет) иштейт. Институттун алдында "Мурас" вокалдык-аспаптык ансамблин уюштуруп, элдик жана обончулардын, композиторлордун ондогон ырларын иштеп чыккан.
“Биздин мезгил”, “Арноо”, “Манас келди”, “Рахмат турмуш”, “Бишкек”, “Ысык-Көл” деген лирикалык, патриоттук ырларды жараткан. Ондогон камералык-аспаптык чыгармаларынан фортепиано үчүн 24 прелюдиясы, үч бөлүмдүү сонатасы, токкатасы, он миниатюрасы жана виолончел, гобой, фагот, флейта үчүн чыгармалары да угуучуларга белгилүү.
Малдыбаева СССРдин эл артисти, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, кыргыз профессионал музыка искусствосунун негиздөөчүсү Абдылас Малдыбаев менен Кыргыз ССРнин эмгек сиңирген артисти Батипа Малдыбаеванын кызы.
Жылдыз Малдыбаеванын туура бир жыл мурун "Азаттыкка” курган акыркы маегин бул жерден угуңуз:
"Кечигип берилген сыйлыгынын акыбетин көрбөй..."
Малдыбаеванын чыгармалары дүйнөнүн белгилүү оркестрлеринде ойнолуп, кыргыз музыкасынын атын даңазалап келген. Анын сюиталары, симфониялык, камералык-аспаптык, камералык-аваздык, вокалдык, хор үчүн жазылган чыгармалары музыка сүйүүчүлөргө кеңири белгилүү.
Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев "анын үй-бүлөсү, бала-бакырасы, болгон дүйнөсүнүн баары чыгармачылык эле" деп эскерди.
“Эженин чыгармалары музыкалык мектептерде, окуу жайларында көп аткарылып жүрөт. Дайыма жаңы изденүүлөр менен чыгармачылыгын толуктап турчу. Үй-бүлө күткөн жок, жалгыз бой өттү. Анын үй-бүлөсү, бала-бакырасы, болгон дүйнөсүнүн баары чыгармачылык эле”.
"Классикалык музыкага көңүл бурулбай калды. Жеңил музыка болуп калбадыбы, ал элге бачым сиңет",-деп айткан композитор “Азаттыкка” курган маектеринде.
“Азыр баары эле акчага кызыгып калышпадыбы. Композиторлор каржылык жагынан начар абалда. Себеби, мурда Маданият министрлиги угуу өткөрүп каржы жагынан бир аз жардам берчү. Акча жок, өкмөт бербей жатат деп шылтап коюшат. Биз негизинен бекер иштеп атабыз. Жазып атабыз, жазып атабыз бирок ага төлөнбөйт. Азыркы заманда кантип жашаш керек, ошону да өйдө жактагылар түшүнүш керек го. Эмгек деген бааланышы керек. Азыр телеканалдар көбөйбөдүбү. Ошондо чет өлкөлөрдөгү музыканы угузуп атышпайбы. Бизди болсо баалашпайт. Чет өлкөдө симфония жазсаң эмгегиңдин баасы 10 миллион доллар. Бизде миллион эмес эч нерсе жок. Иштегенге стимул болуш керек да. Анан жашоого дагы", - деген эле Жылдыз Малдыбаева.
Композитор Акимжан Жээнбай Малдыбаева кечигип берилген сыйлыгынын акыбетин да көрбөй кетти деп кайгырды.
“Кыргыз профессионалдык музыкасына зор эмгек жасаган адамдан айрылдык. Өткөн жылы гана мамлекет тарабынан баа берилип, Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына татыган. Ошол сыйлыгынын акыбетин көрсө болот эле. Эң өкүнүчтүүсү бизде өнөр адамдарын шылдыңдагандай эле мамиле болуп калгандай. Качан адам өлгөндө же өлөрүндө сыйлык берип жатышат. Жылдыз Малдыбаевага сыйлыкты 30-40 жыл мурун эле беришсе болмок. Ал Мукаш Абдраев, Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов өңдүү атактуу композиторлор менен замандаш болуп иштеди. Жөнөкөй чыгармалардан баштап симфониялык чыгармаларга чейин кайрылды. Айрыкча, эстрада жанрындагы чыгармалары менен көпчүлүккө таанылды”.
2017-жылы балдарга арналган музыкалык чыгармаларын топтоп, "Ырлар" деген аталыштагы китебин чыгарган. Ошондо:
“Кыргыздын ырлары бар да, ошон үчүн мына бул балдар үчүн ырларды чыгардым, үйрөтүш керек. Бакчага барсам, тарбиячылар орусча сүйлөп отурушат. "Крокодил Гена" менен. Кыргыз тилин ошол жерден башташ керек да”, - деп айтканы бар.