Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2022

Ураимовдун камалышы, сөз эркиндигинин абалы

0
Ураимовдун камалышы, сөз эркиндигинин абалы

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоого” шек саналып камалды. Атайын кызмат буга анын социалдык тармактарда жазган билдирүүсү негиз болгонун билдирди. Соңку окуя сөз, ой эркиндиги, саясий куугунтук тууралуу талкууну кайра козгоду.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Мирлан Ураимов 8-февралда кармалып, тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Анын кармалышы социалдык тармактардагы билдирүүлөрү менен байланыштуу экенин бышыктады. Муну менен катар жарандарды чагымчылыкка алдырбоого чакырды.

"УКМК социалдык тармактарда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган, Конституцияга каршы келген ар кандай чагымдарга жана чакырыктарга алдырбоого чакырат. Бул жагдай ушул учурда өлкөбүз кабылган коркунуч жана чакырыктарды эске алуу менен Кыргызстандын туруктуулугун бузууга кызыкдар күчтөрдүн "көктөн издегени жерден табылгандай" эле болот", - деп жазылган.

Ураимовдун камалышы тууралуу Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров маселе көтөрдү.

Ал жалпы жыйында президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, күч кызматкерлеринин кармоо операциясын сынга алды.

“Улуттук коопсуздук комитети болобу, милиция болобу, сөзсүз түрдө караңгы киргенде үйүнө бастырып барып, бала-чакасын коркутуп алып кетмей адатын качан коет? Мындай замандан биз өтпөдүк беле. Бул күндөр кетпеди беле. Ал качпайт, кетпейт эч жакка. Суракка чакырса убагында барат. Ушул тажрыйбаны токтотпойсуңарбы! Же бул бир кишинин мисалында башкаларга ишарат берип, коркутуубу? Түн киргенде барып, баса калып кармаган тажрыйбага качан келип калдык? Кыргызстанда мындай болчу эмес эле го. Өзүнүн пикирин айтып койгон кишини жасалма жол менен баса калган болбойт. Ураимовго тагылып жаткан күнөөлөрдүн бир да пайызы жукпайт”, - деди Мадумаров.

Атайын кызмат Ураимовдун камалышына анын кандай билдирүүлөрү негиз болгону тууралуу кеңири маалымат бере элек.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 9-февралдагы басма сөз жыйынында "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, активисттин камалышынын, коюлган айыптын мыйзамдуулугу текшерилерин билдирди:

"Социалдык тармактардын биринде комментарий жазган экен. Президенттин наамына, Коопсуздук кызматынын төрагасынын дарегине аттарды коюп, чакырык жасаган экен. Бул боюнча коопсуздук кызматы 207-берененин 3-бөлүгү менен кылмыш ишин козгоп, кечинде убактылуу кармоочу жайга киргизиптир. Анын мыйзамдуулугун прокуратура бүгүн карайт. Ал чакырыкка байланыштуу экспертиза алындыбы, ошонун негизинде кылмыш иши козголдубу, баары бизде такталып жатат. Бир эле жамандап коюу боюнча албетте кылмыш ишин козгоо туура эмес. Бирок эгер оюнун түпкүрүндө чакырык, же мамлекеттин коопсуздугуна шек келтире турган кандайдыр бир аракеттер болсо, сөзсүз түрдө жооп бериши керек".

Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири катары таанылган. Социалдык тармактарда негизинен Адахан Мадумаровдун билдирүүлөрүн жана ал тууралуу жазылган пикирлерди бөлүшүп келген.

Жарандык активист Адил Турдукулов соңку окуяны оппозицияга карата кысым катары сыпаттап жатат.

"Бүтүн Кыргызстан "көчө оппозициясынан" арылып, парламенттик фракция болуп түзүлдү. Элдин колдоосуна ээ болду. Алардын бийликке карата сын пикирлери күчтүүрөк. Ар кандай амалдарды таап, аларды коркутуу, алсыз кылуу аракети катары кабылдаса болот. Ошол эле Нарматованын мандатынын алынышы, Мадумаровдун күн сайын суракка чакырылышы аларды колдогон партия мүчөлөрүнө дагы басым жасалып жатканын "Бүтүн Кыргызстан" партиясын алсыратуу аракети катары караса болот. Экинчиден, дегеле ошол соцтармактарга чыккан, бийликке жакпаган блогерлерге карата басым болуп жатканын баарыбыз эле көрүп жатабыз. Бул жерде тандалма саясат бар. Анткени бийликти колдогон, оппозицияны ашата сөккөн, аймак аралык ажырымга жол берген блогерлерге эч кандай басым жасалбайт".

Ураимовдун камалышы саясий куугунтук тууралуу талкууну козгоду. Өлкө жетекчилери мындай дооматтарды такай четке кагып келет.

Өткөн аптада парламентте Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлиги каралып жатканда, ал сот системасын реформалоо тууралуу ой-пикири менен бөлүшүп жатып, саясий куугунтук токтошу керектигин билдирген.

"Саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге жана жада калса бийликке сын айткан карапайым адамдарга карата жүргүзүлгөн сот жараяндарынын баары тез аранын ичинде токтотулушу керек. Сот бийлигин ар кандай саясий топтордун куралына айлантпоого аракет кылышыбыз керек".

Социалдык тармактарда жазгандары, калтырган пикирлерине байланыштуу камалган, соттолгон учурлар буга чейин дагы катталган. Туура бир жыл мурда Жогорку сот интернеттеги комментарийи үчүн кылмыш жообуна тартылган адвокатка карата өкүм чыкканын билдирген.

Анда аты-жөнү ачык аталбаган жактоочуга 2018-жылы кылмыш иш козголгону, "улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 300 миң сом айып пул салынганы айтылган.

Бир жыл мурда окутуучу Гүлзат Алиева дагы ушундай мазмундагы айып менен кармалып, көп өтпөй үй камагына чыккан. 2020-жылы февралда Сыдыман деген ат менен таанымал блогер Элмирбек Сыдыманов дагы "улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу" беренеси менен кармалып, үй камагына бошотулган.

Бул берене менен 2019-жылы жарандык активист Афтандил Жоробеков кармалып, кийин кайра кое берилген, ал эми окутуучу Темир Болотбек Жогорку соттон акталган.





Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин. Главное за день





Москва

Откровение артиста госцирка Бурятии Саяна Дондокова - Театр и дети, Культура и Россия, интервью


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: фронтовики и труженики тыла внесли бесценный вклад в защиту Родины



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Концерт в честь 9 мая завершился в Петрозаводске совместным исполнением песни «День Победы»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Федерация бокса России почтила память героев в День Победы в Чехове

Поцарапанному пандой Катюшей киперу подарили футболку с извинениями

Футбольный турнир «Вызов» для студентов станет частью праздничных мероприятий ко Дню Победы


WTA

Саснович пробилась во второй раунд турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Олег Газманов рассказал, как его друзья-иностранцы относятся к Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России